Тоолуу Карабахта тынчтык орнотуу: ким эмне үчүн күрөштү?

© AFP / ARIS MESSINISАрмениялык аскер кызматкерлери Тоолуу Карабахтагы азербайжан аскерлери тарапка артиллериялык куралдан ок атууда
Армениялык аскер кызматкерлери Тоолуу Карабахтагы азербайжан аскерлери тарапка артиллериялык куралдан ок атууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясий жана аскерий серепчилердин 9унан 10-ноябрга караган түндөгү Тоолуу Карабахка байланыштуу окуяларды тыкыр талдоосу дагы узакка уланчудай.

Кептин кыскасы, бир сутка ичинде согуш тынчтык менен алмаштырылды, ал эми фронттун линиясы россиялык аскердик контингенттин жайгашкан жерине айланды. Бул маселе тегерегинде Ирина Алкснис ой толгогон.

Адегенде кеч күүгүмдө армян-азербайжан чек арасында россиялык аскердик тик учак атып түшүрүлүп, экипаждын эки мүчөсү набыт болгону тууралуу кабар келген. Балким, дал ушул нерсе кырдаалдын көз ачып-жумганча өзгөрүшү үчүн кыймылдаткыч күч болуп берди.

Баку чагылгандай тездик менен болуп өткөн окуя үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Каргашалуу кокустук болгонун моюнга алып, Ильхам Алиев кечирим сурап Владимир Путинге телефон чалган.

Андан соң россиялык президент атайын кайрылуу менен чыгып, Тоолуу Карабахта ок атууну толук токтотуу аймакка тынчтык орнотуучу россиялык контингентти киргизүү жөнүндө жогорку деңгээлде үч тараптуу билдирүүгө кол коюлганын маалымдаган.

Кыргызстан Карабахтагы тирешти токтотуу келишими боюнча позициясын билдирди

Таңга жуук Ульяновск-Чыгыш аэродромунан бортунда россиялык тынчтык орнотуучулар менен Ил-76 учуп чыккан. Түзүлгөн келишимдин чоо-жайы ушундай экен, Ереванда көз-ачып жумганча башаламандыктар башталды.

Митингчилер өкмөт үйү жана парламент имараттарын талкалап, ошондой эле Улуттук жыйындын спикери аёосуз сабалды. Документке кол койгон өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинянды оппозиция улутту сатты деп айыптоодо.

Еревандык оппозиционерлердин каары жана алардын кол коюлган макулдашуудан чыгуу талабын да түшүнүүгө болот. Анткени маңызында документ армениялык тараптын утулушун жана таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын территориясынын басымдуу бөлүгүнөн кол жууй турганын белгилейт. Бирок Армениянын мындан башка аргасы жок, ал эми эң кооптуусу – аскердик кырсыкка кабылары ыктымал эле.

Тоолуу Карабахтын президенти Араик Арутюнян белгилегендей: "Эгер согуштук аракеттер ошол ыргак менен улана берсе, саналуу күн ичинде бүтүндөй Арцахтан айрылып калмакпыз". Стратегиялык маанидеги Шуши калаасын армениялык аскердик күчтөр 7-ноябрда эле колдон чыгарып жибергенин моюнга алуусун толуктагандай эле болгон.

Эмнеликтен Баку макулдашууга кол коюп, республика үчүн талуу маселенин биротоло чечилишине кадам калганда согуштук аракеттерди токтотууга барды деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Азербайжан президенти өз өлкөсү үчүн улуттук баатырга айланды, бирок улуттук кызыкчылыктарды сатты деп нааразы болгондор да (Еревандагыдай көп болбосо да) жетиштүү санда.

Дасыккан мамлекеттик ишмер катары Ильхам Алиев чечим кабыл алууда себеп жана мотивдердин жыйындысына таянганы шексиз. Мисалы, бир нече апта оболу ал Карабахта жашаган армяндардын коопсуздугу жана укуктарынын корголушуна кепилдик берген. Бирок канчалык каалоосу күч болсо да бул убаданы аткара алары арсар, эки элдин тарыхындагы кайгылуу жана кандуу барактар муну тастыктап турат. Азербайжан лидери армяндардын дагы бир кыргыны үчүн жоопкерчиликти алгысы келбес.

Карабах келишими: Азербайжан, Армения жана Россия лидерлери кандай чечимге келди

Өз кезегинде Москва Баку кулак салгыдай жүйө тапкандыр. Бирок дагы бир маанилүү – түркиялык фактор бар. Азербайжан президентинин чечим кабыл алышына таасир эткени анык. Түркиянын колдоосу Азербайжандын азыркы аскердик ийгиликтеринде эбегейсиз роль ойноду. Бирок алгандын бермейи бар. Алиев аймактагы негизги борборлорунун (башкача айтканда, Россия, Түркия жана Ирандын) ортосундагы күчтөрдү тең салмактап, бул менен өз өлкөсүнүн суверенитетин сактоого дайым умтулуп келген. Азербайжанды Анкаранын камчысын чапкычка айландырууга кызыкдар болбогону айдан ачык.

Карабахка Жакынкы Чыгыштан "Жебхат ан-Нусра"* жана башка радикалдуу топтордун согушкерлери келгенин айтпаганда да, бул баш кесерлер Азербайжандын өзүнө да чоң коркунуч туудурат. Дал ушул себептен мусулман мамлекеттер адатта башка өлкөлөргө караганда исламисттик экстремизмге каршы катаал күрөш жүргүзөт.

Согуштук аракеттердин токтотулушу жана түзүлгөн макулдашуу бул коркунучтарды, дегеле Азербайжанга жагымсыз жана кооптуу болгон айрым процесстерди шарт эле бүтүрүүгө мүмкүндүк берет. Ильхам Алиев Карабахтагы түркиялык тынчтык орнотуучулар жөнүндө жарыялоо менен Анкара тарапка формалдуу ишарат кылган. Болгону кол коюлган документте Түркия тууралуу дегеле аталбайт. Мындайда атып түшүрүлгөн россиялык тик учак окуясы жаңыча өңүткө өтөт. Азербайжанда макулдашууну үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар күчтөр (эң оболу түркиялык тарапка ыктаган) бар экенинде шек жок. Себеби сүйлөшүү процесси мурдатан башталып, анын жыйынтыктары боюнча маалымат тийиштүү чөйрөдө тарап келген. Атайын чагым уюштурулуп, анын "кылтагына" россиялык бийлик илинип, мына бүтөт деп калган маалда макулдашуудан баш тартып, Карабахта согуш уланат деп үмүттөнгөндөр болгонун да ойго алуу абзел.

Бирок Москва менен Баку туура нуктан тайбады: Азербайжан жоопкерчиликти өзүнө алды, Россия сабырдуулукту сактады. Тилекке каршы, Армения жаатында ушундайды айта албайсың.

Карабахтагы согуш бүттү: Пашинян, Алиев жана Путин келишимге кол койду

2018-жылы көчөгө чыккан эл Никол Пашинянды мамлекеттик бийликтин чокусуна чыгарган. Бүгүн ошол эле көчөлөрдөгү ошол эле масса аны кайра тытмалоого даяр. Анткени өлкөнү Европага жетелеген прогрессивдүү лидер башка жакка тушуктуруп баратканын, ал эми анын аскердик курулуш тармагындагы иши Арменияны утулууга учуратты. Айтмакчы, олбурлуу жаш жигиттер кан күйгөн жердеги армиянын катарына кошулуунун ордуна өкмөттүк имараттарды талкалоону туура көргөнү да актуалдуу батыш тенденцияларынын алкагында. Ошентсе да эгер Армения соңку бир-эки жылдагы окуялардан сабак албай турган болсо, анда башка өлкөлөр үчүн ушундай мисалга айланат.

Аймактагы жалпы кырдаал үчүн бир факты маанилүү. Армениялык жана азербайжандык күчтөрдүн ортосуна киргизилген россиялык контингент саны – жетишерлик символикалуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок державанын күчү жана таанылган аброю касташкан тараптардын ортосунда анын жоокерлеринин канчалык аздыгы менен өлчөнөт. Согуш отун өчүрүү үчүн анын жетиштүү болушу Кавказда "тынчтык орнотуучу" катары Россиянын макамын бекемдейт.

*Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердигине тыюу салынган террордук уюм

Жаңылыктар түрмөгү
0