Карабахтагы тынчтык орнотуучулар. Россия оор милдетти аркалоодо

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТоолуу Карабахтагы россиялык тынчтык орнотуучу
Тоолуу Карабахтагы россиялык тынчтык орнотуучу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Армения-Азербайжан чырынын аймагында РФтин тынчтык орнотуу операциясы аткарчу милдеттеринин масштабы, күч инфраструктурасын түптөөдөгү татаалдыктар, коопсуздук байланыш, транспорттук коммуникацияны камсыздоо тутуму өзгөчө.

13-ноябрда үч тараптуу макулдашууга ылайык, Тоолуу Карабахка россиялык тынчтык орнотуучулардын (15-өзүнчө мотоаткычтар бригадасынан) эки миңдик тобунун дээрлик жарымы киргизилди. Алар штаттык согуштук техника, анын ичинде Ми-24 жана Ми-8, БТР-82А сооттолгон транспортерлор, "Тигр" жана "Тайфун" сооттолгон автомобилдери менен жабдылган.

Тынчтык орнотуучу операциялар башталгандан бери Ульяновскиден Эребуни авиабазасына Ил-76 учагы 56 ирет каттап, 800 аскер кызматкери, 119 курал жана аскердик техникалар жеткирилди. Степанакертке аскердик бөлүктөрдү алып баруу уланууда, бул мейкиндик жана мезгилдик ири аскердик операциянын, Түштүк Кавказдын тарыхынын жаңы баскычынын башталышы гана.

Тоолуу Карабахтын Чанахчи айылындагы аскерлер - Sputnik Кыргызстан
Карабахтагы кошуундар Азербайжанга караган аймактан чыгып кетип жатат
Тынчтык орнотуучулардын контингентин тегин жерден эң жогорку деңгээлдеги аскердик жетекчи (2018-жылдан бүгүнкү күнгө дейре – Түштүк аскердик округ командачысынын орун басары), дасыккан генерал (Сирияда да тажрыйба топтогон), Россиянын баатыры Рустам Мурадов тескеп жаткан жок. Россиялык аскер кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо, жаңжалдардын алдын алуу үчүн Азербайжан жана Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы менен тынымсыз өз ара байланышта иштөө уюштурулган.

Степанакертте жайгашкан россиялык контингенттин штабы армян жана азербайжан тарап менен биргеликте Тоолуу Карабахтагы тынчтык орнотуучу операцияларын параметрлерин тактайт.

Россия КМШ аймагындагы коопсуздукту сактоо үчүн өзгөчө жоопкерчиликти сезет, ал эми 15-мотоаткычтар бригадасы мурда КМШ, БУУ, ЕККУнун, зарыл болсо Шанхай кызматташтык уюмунун кызыкчылыгында эл аралык тынчтык жана коопсуздукту сактоо операцияларына катышуу үчүн атайын түзүлгөн. Жогорку натыйжалуулукту көрсөткөн россиялык тынчтык орнотуучулар 11-ноябрда Лачин коридорун, андан соң Тоолуу Карабахтын аймагындагы бардык чектешкен чийиндерди өз көзөмөлүнө алды.

Анын тегерегинде транзиттик транспорттун коопсуз кыймылын камсыз кылуу, жай тургундарга каршы мыйзамсыз аракеттерди бөгөттөө үчүн 10 көз салуучу пост орнотулган. "Түндүк" жана "Түштүк" жоопкерчилик аймактарында 16 көз салуучу пост түзүлгөн.

Чектешкен чийиндерде аскердик полициянын бөлүктөрү да (тынчтык орнотуучу контингенттин курамында) күзөтмөкчү. Аталган чаралар туруктуулукту бекемдөөгө, жай турмушка өтүүгө, качкындардын өз үйлөрүнө кайтышына өбөлгө болот.

Катаал күндөр

Тынчтык орнотуу операциясынын алдыдагы беш (кеминде эле) жылы кыйла күч-аракетти талап кылат. Жаңжал аймагына аскердик контингентти киргизүү – иштин жарымынчалык да эмес.

Армениялык аскер кызматкерлери Тоолуу Карабахтагы азербайжан аскерлери тарапка артиллериялык куралдан ок атууда - Sputnik Кыргызстан
Тоолуу Карабахта тынчтык орнотуу: ким эмне үчүн күрөштү?
Бош жерде тез арада байкоо жана көзөмөл системасын түптөп, аскердик бөлүктөр жайгашкан жерлерде оптималдуу фортификациялык жайларды куруу зарыл. Он алты посттун ар биринде жогорку командачылык, корголгон арсеналдар, күйүүчү майдын кору, ошондой эле бардык тылдык инфраструктуралуу (ашкана, медициналык санитардык бөлүк, мончо-кир жуучу комплекс) талаа лагери бар ынанымдуу байланыш тутумун түзүү абзел. Ошону менен бирге эле экономикалык кызыкчылыкка жана аймактын жай жашоочуларынын кадыресе турмушуна зыян келтирбегидей болушу шарт. Кышкысын чатырларда жашоо оңой эмес, бирок 15-бригадада согуштук тажрыйбасы бар, куралдуу жаңжалдарда эл аралык гуманитардык укуктун жоболорун так билген келишимчилер кызмат өтөйт. Кесипкөйлүгү жана атайын даярдык Тоолуу Карабахтын катаал аба шартында россиялык тынчтык орнотуучулардын кызматынын жогорку сапатын жана бышыктыгын кепилдейт.

Аймакта жакынкы чыгыш согушкерлери (жалданма жана террорчулар) орун алганын эске алсак, прокси (ортомчулук) согуштардын кайталанышы да күтүлөт. Тынчтык орнотуучулардын аскердик тажрыйбасы да абдан маанилүү. Операция аймагында диверсиялык-террордук коркунучтар дайымкы даярдыкты, алдын ала ишти талап кылат. Балким "тоңдурулган жаңжалдын" жаңы конфигурациясында аймакты кысымга алгысы келгендер, россиялык тынчтык орнотуучуларды сынагысы келгендер четтен чыгар.

Түштүк Кавказдагы тынчтык орнотуучулардын мурдагы тажрыйбасы белгилеп тургандай, күзөт жана аскердик колонналардын жолуна мина коюлуп, радиобашкарылуучу фугастар төшөлүп, тоолуу аймактарда транспорттук блокада уюштурулушу мүмкүн. Оор куралданган (артиллериялар, тактикалык ракеталык комплекстер) тынчтык орнотуучулар болбосо, жоопкерчилик аймагындагы согуштук кагылыш жана жоготуулар тобокелдиги артат.

Карвачар шаарына жакын жолдогу аскер кызматкерлери. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Карабахтагы тирешти токтотуу келишими боюнча позициясын билдирди
Катаал реалдуулук 14 жылдык РФ тынчтык орнотуу операциясынын маалында грузин-абхаз жаңжалынын аймагында ар кандай кырдаалдарда жүздөн ашуун аскер кызматкери набыт болгон. Ар бир тынчтык орнотуучу миссия биринчи күндөн тарта ок жыттанат.

15-бригаданын аскер кызматкерлеринин ротациясы да (жылына эки ирет) өзүнчө аскердик операция катары уюштурулат. Анда ар бир бөлүк өз убактысын жана багытын билет. Азыркы реалдуулукту эске алуу менен Россия жана Түркия Азербайжанда жайгашып, Тоолуу Карабахтагы окту токтотуу режимине аралыктан көз сала турган биргелешкен борборду түзүүгө макулдашкан.

Түркиялык өнөктөштөргө жакпаса да, үч тараптуу макулдашууда Анкаранын россиялык тынчтык орнотуу операциясына катышуусу каралган эмес. Буга РФ Тышкы иштер министрлиги бир нече ирет басым жасаган. Карабахтагы кырдаалды мындан ары жөнгө салууну чет элдик күчтөрдүн кошулушу же согуштук аракеттердин кезектеги курчушу эмес, сүйлөшүү процесси кепилдейт.

Карабахта аткарылчу милдеттердин масштабы Россия Түштүк Кавказда тынчтык жана туруктуулук үчүн дагы бир ирет чоң жоопкерчиликти артынганын айгинелеп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0