Түркиянын аскер кызматкерлери. Архив

Түркия эмнеликтен Азербайжанга аскердик күч киргизүүдө? Ой толгоо

277
Тынчтык орнотуу шылтоосу менен Азербайжанга түркиялык аскердик күчтөрдүн киргизилиши Анкаранын Түштүк Кавказ жана Каспий жээгиндеги аймакка аскердик-саясий таасирин күчөтүүгө, Түркиянын жалпы эл аралык аренадагы ордун бекемдөөгө умтулуусун чагылдырат.

Мындай милдеттерди ишке ашыруу үчүн бир жыл жетишсиз экени шексиз. Биз НАТОнун постсоветтик мейкиндикте орун алышын жайылтуунун кезектеги чыгыш нугундагы кызыктуу баскычына күбө болуп турабыз. Түркиянын бул кадамын аскерий серепчи Александр Хроленко талдаган.

Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар 21-ноябрда өлкөнүн кургактагы күчтөрү даярдыктан өткөнүн, жакында Азербайжанга Аскер-аба күчтөрү тарабынан жеткириле турганын жар салган.

Аскер жетекчиси өз сөзүндө "Түркиянын эл аралык аренада лидерлиги" жөнүндө да камтып, ага бет алган багытта "түркиялык куралдуу күчтөрү республиканын тарыхындагы эң чыңалган убакты баштан өткөрүп жатканын" кошумчалаган.

Азербайжандагы түркиялык аскердик контингенттин сандык жана сапаттык курамы азырынча сыр бойдон. Түркиянын аскердик бөлүктөрү Азербайжанда Анкара менен Бакунун аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгынын алкагында мурдатан эле дээрлик туруктуу жайгашып келерин белгилей кетели.

Тоолуу Карабахта окту токтотууну көзөмөлдөөчү россиялык-түркиялык борбордун алкагындагы иштер үчүн офицерлердин кезектеги тобун жөнөтүү президенттик буйрукту жана түркиялык парламентте талкууну талап кылбаган чыгар.

Анкара менен Москва 11-ноябрда Тоолуу Карабахтагы элдешүүнү көзөмөлгө салуу боюнча борбор жөнүндө меморандумга кол койгон. Анан да бул документте биргелешкен тынчтык орнотуу күчтөрүн түзүү туурасында кеп да жок. Бирок мындан ары Азербайжан жана Түркиянын президенттери Ильхам Алиев жана Режеп Тайип Эрдоган түркиялык күчтөрдүн катышуусундагы "биргелешкен тынчтык орнотуу миссиясы" тууралуу бир нече ирет билдиришкен. Ошону менен бирге эле Москванын "кан күйгөн" аймакка түркиялык күчтөрдү киргизбөө өтүнүчүн Анкара менен Баку этибарга да албады.

Азербайжан территориясындагы Түркиянын кургактагы күчтөрүнүн Россия менен ондогон адистерден куралган мониторинг борборунун алкагындагы өз ара аракеттенүүдөн бөлөк башка бир нерсеге даярданып жатканы айкын.

Ийгилик арбитражы

Түркиянын Түштүк Кавказда Россия менен масштабдуу жаңжалды тутантууга стратегиялык себеби жок (андайда ийгиликке жетери күмөн, анан да Анкара үчүн кесепети оор болору турулуу иш).

Азербайжан менен эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташтык же "тынчтык орнотуучу миссия" өңдүү ыңгайлуу шылтоо менен аймакка ырааттуу кирүү – кыйла натыйжалуу жана коопсуз. Экинчи жагынан да Бакунун жардамы Карабахтагы куралдуу жаңжалга болгон түркиялык көмөккө акы да болушу мүмкүн.

Тоолуу Карабахтагы түркиялык аскердик күчтөрдүн аракеттери үч тараптуу (Азербайжан, Армения, Россия) эч кандай макулдашууда каралган эмес.

Азербайжанда түркиялык аскер кызматкерлеринин болушу юридикалык жактан постфактум бекитилген, себеби РФтин белдүү аскердик серепчилеринин маалыматы боюнча, сентябрдын аягынан тарта азербайжан аймагында 1500 чакты түркиялык аскер кызматкери болгон эмеспи. Түркиялык генерал жана офицерлер кеңешчи катары башкаруунун бардык вертикалында, атап айтканда, азербайжан армиясынын Башкы штабынан полктук бөлүктүн штабдарына чейин иштешти.

Анкаранын жаңжалдын Азербайжан тарабына көрсөткөн аскердик колдоосунан улам түркиялык армиянын Карабахта тынчтык орнотуучу катары роль алышына, чектешкен жерлерди чогуу күзөтүүгө катышуусуна таптакыр жол берилбейт. Анткен менен варианттары болушу мүмкүн. Иш жүзүндө Түркия Азербайжанда эбак ордун бекемдеп алган. Мындан ары түркиялык күчтөр эки тараптуу макулдашуунун негизинде аталган территорияда жылдап калат.

Бул эл аралык укук жоболорун бузбайт, бирок тынчтыкка да кепилдик бербейт. Анткени дүйнөнүн эч бир өлкөсү Тоолуу Карабах Республикасынын суверенитетин тааныган эмес, Баку менен Анкаранын Тоолуу Карабахтагы армян калкына карата каалаганын кыла аларына ынанып алышы ыктымал.

Түркия Тышкы иштер министрлиги жер-жерлерде кандайдыр кошумча байкоочу бөлүмдөрү туурасында билдирүүсү бар. Сириядан келген түркия тарапка ыктаган согушкерлердин Азербайжандан чыгарылышы боюнча маалыматтын жоктугу тынчсыздандырат. Мындай кырдаалда, министр Хулуси Акар айткандай, "азербайжан туугандардын ийгилигинин арбитражы" жетишкендиктерден башы айланбаса болгону.

Келечектин кыялы

Анкаранын "түрк дүйнөсүн" куруу боюнча глобалдык планы бар. Алдыда түркиялык кызыкчылык жана күчтөрүнүн Азербайжан чегинен тыш – Каспий аймагы жана Борбор Азия өлкөлөрүнө чагылышы да ажеп эмес.

Жетиштүү деңгээлде кубаттуу куралдуу күчкө, тагыраак, 355 миң аскер кызматкери, 2600дөн ашуун танк, 270 көп буталуу F-16 истребителине ээлик кылуу менен Global Firepower дүйнөлүк рейтингинде татыктуу 11-орундагы Түркия учак, учкучсуз аппарат, ракета, танк чыгаруу боюнча өз өндүрүшүн кызуу өркүндөтүү менен алек. Соңку 15 жыл ичинде түркиялык коргоо мекемелери 56дан 1500гө өстү. Ал эми өкмөтү 75 миллиард доллардан ашуун наркы бар аскердик-өндүрүштүк комплекстик программаларды тескейт. Анкара чет өлкөлүк куралды да көп сатып алууда. Түркия Республикасынын коргонуу бюджети 18 млрд. доллардан ашуун сумманы, 2020-жылдын бюджетинде жалпы чыгымдардын 13 пайызын түзөт.

Түркия Сириянын түндүгүндө, Ливияда аскердик инструменттерди кызуу пайдаланып келет. Башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгына карабастан Жер ортолук деңиздин маанилүү тилкелерине да көз артат (кызыкдар). Ошентип Азербайжан (мунайдын бир топ коруна ээ) Түркиянын белгилүү, экспансивдик жана агрессивдүү тышкы саясатын өнүктүрүүчү аянтчага айланып барат.

Мындай "агалык" жагдайы Анкаранын "аркасында" Эрдоганды бардык географиялык аймакта үндөбөй колдоп турган түндүк атлантикалык альянс турушу менен да кооптуу.

Россиялык тынчтык орнотуучулар Тоолуу Карабахта тынчтык жана тартипти калыбына келтирүү менен алек, ал эми Түркия Азербайжанда кандайдыр аскердик инфраструктура түзүү менен Түштүк Кавказ аймагындагы аскердик кийлигишүүгө болгон укугун бекемдөөнү көздөйт. Анкаранын Карабах долбоорун логистика гана кабатырга салат. Түркиялык Ыгдыр провинциясы жана "ири Азербайжандан" бир топ обочолонгон Нахичеван Автономдук Республикасы кошулган жерде Азербайжан жана Түркиянын кургактагы орток кичинекей тилкеси бар. Аскердик-аба күчтөрүнүн учактары менен күчтөрдү, курал-жарак жана ок-дарыны жеткирүү (өтө көп чыгымды талап кылат) үчүн Армения, Грузия (кыйла болжолдуу маршрут) же Иран менен макулдашууга тийиш.

Ошентип кандай геосаясий жагдайда болбосун, Түркияга Кавказ жана Жакынкы Чыгыштагы Россиянын бекем ордун эске алууга туура келет.

277
Белгилер:
Жаңжал, согуш, Ливия, Сирия, Тоолуу Карабах, Аскер, Азербайжан, Түркия
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал (55)
Тема боюнча
Түркиянын Карабахтагы тынчтык орнотуучулары: же бар, же жок болуу
Тынчтыкка карай жол. РФ аскерлери Карабахтын Лачын коридорун минадан тазалашты
Микрофонго сүйлөп жаткан адам. Архив

Сөгүнүүнү тыйган мыйзамды кайтаралыбы? Оозуна ээ боло албагандар кандай жазаланмак

549
Колумнист Эламан Карымшаков тилинен жаңылгандарга чара көрө турган мыйзам керекпи же жөн эле койгон жакшыбы деп суроо салды. Жаза колдоно турган норма эки жыл иштеп, кайра жоюлуп кеткен.

Эстрада ырчысы Курал Чокоевдин сөгүнүп, уят сөздөрдү сүйлөп даярдаган автордук программасы коомчулуктун сынына кабылды. Шоуго ырчылар Кайрат Примбердиев менен Кайрат Кыргыз конок катары катышкан. Маданий кызматкерлеринин адаттан тыш жоругу көпчүлүккө жага бербеди. Мындан улам аларды жектеп, чара колдонуу талабы менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылып жатышты. Министр Нуржигит Кадырбеков "мына сага" деп Чокоевдин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алды. Ал эми Примбердиевдин "Эмгек сиңирген артист" наамынан ажыратууну президенттин аппаратына сунуштады. Ошондой эле мамлекеттик маданий иш-чараларга эки ырчыны белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо аракетин көрүүдө.

Ушул жаңылыкты окугандан кийин сөгүнгөндөрдү жазага тартуу мыйзамы эсиме түштү. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев коомдук жайда тартип бузгандарга чара колдонуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп, 2017-жылдын башында күчүнө кирген. Ага ылайык, оозуна ээ боло албагандар майда бейбаштык жасады деп саналып калган.

Бул норма Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 364-беренесине киргизилип, сегиз саатка кара жумушка кесүү менен 1500 сом айып пул салуу же болбосо беш суткага камоо жазасы каралган.

Тилекке каршы дейбизби же бактыга жарашабы, бул мыйзамдын өмүрү кыска болуп, эки жыл эле жашады.

2019-жылдын 1-январында жаңы кодекстер күчүнө кирери менен бул норма алып салынган. Ага ылайык, коомдук жайда сөгүнгөндөргө эмес, түкүргөндөргө чара колдонула баштады.

Азыр Жоруктар кодексинен да, Бузуулар кодексинен да Жеенчороевдин мыйзамын кезиктирүү мүмкүн эмес.

Жоруктар кодексинин 119-беренесине майда бейбаштык деген бөлүм бар. Ага зомбулук же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу, коомдук тартипти же жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуу киргизилген. Мындай жорук жасагандарга 30-60 миң сом айып пул салынат же алты айдан бир жылга чейин камалат.

Ал эми Бузуулар кодексинин 81-беренесинде коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча нормалар каралган.

Көчөлөрдө, стадиондордо, скверлерде, коомдук транспортто жана башка коомдук жайларда баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды колдонгондор же спирт ичимдиктерин ичкендер, адамдык кадыр-баркты, коомдук адеп-ахлакты мазактагандар жана мас болуп жүргөндөр жазага тартылат. Жеке жактарга 5 500 сом, юридикалык тараптарга 17 000 сом айып салуу каралган.

Жыйынтыктап айтканда, азыр коомдук жайда сөгүнгөндөргө карата бийлик чара колдоно албайт. Бирок адаштырбаңыз, сизди бирөө сөксө милицияга арыз жаза аласыз. Ал эми жаныңыздагы адамдардын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатса айла жок...

Эми элестетип көрөлү, эгер 2017-жылы кабыл алынган мыйзам күчүн жоготпогондо Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев мамлекет тарабынан берилген наамдардан гана айрылбастан жазага да тартылмак. Тагыраак айтканда, милиционерлер бул эки ырчынын жана программанын башка катышуучуларынын эшигин каккылап бармак. Сот чечими менен балким микрофон кармаган колдор сегиз саат кара жумуш жасап, 1 500 сом айып төлөмөк же беш сутка абакта отуруп чыкмак.

Ушул сыяктуу жаза 2018-жылдын февраль айында Бишкектеги түнкү клубдун диджейине колдонулган. Жылаңачтанып алып музыка койгон диджей кыздын видеосу социалдык тармакка тарап кеткенден кийин милиция аны кармап, беш күнгө камаган. Ал эми клубдун администратору 1 500 сом айып төлөп, сегиз сааттык коомдук жумушка тартылган.

Оозуна алы жетпегендерге чара көрө турган мыйзамды кайра кайтарыш керекпи же жөн эле койгон жакшыбы? Пикириңизди калтырыңыз, баарлашалы.

549
Белгилер:
сөгүнүү, чара, жаза, тыюу салуу, мыйзам, ырчы
Тема боюнча
Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевге чара көрдү
Вашингтондогу Капитолийдин имаратынын алдында полиция менен кагылышуу учурунда Трампты колдогон демонстранттар көздөн жаш агызуучу газ булуту менен капталыпп жатыша

Ыркы кеткен АКШнын кооптуулугу артабы? Сереп

139
(жаңыланган 10:44 13.01.2021)
АКШ чындап эле дүйнөдөгү эң күчтүү, гегемонизмге талаптанган держава экени талашсыз, бирок бул – жакындагы окуяларга чейин эле ичинде ырк кеткен держава.

Тереңдеп бараткан ички саясий каатчылык Кошмо Штаттарды тышкы дүйнө үчүн дагы коркунучтуу кылат. Улутчул Трамптан реванш алган глобалисттик маанайдагы истеблишмент дүйнөлүк аренада колдон чыгаргандарынын эсесин толтурмакчы. Америкалыктардын көңүлүн ички көйгөйлөрдөн тышкы маселелерге бурууга аракеттенет. Дегеле жарадар жырткычтан баарын күтсө болот... Ушундай божомолдор соңку убакта Россияда көп жаңырууда. Ушул теманын тегерегинде Петр Акопов ой чубаган.

Булардын баары АКШ супер держава гана эмес, азырынча атаандашы жок дүйнөлүк гегемон, АКШдагы кандай гана маселе болбосун, дүйнөгө дүрбөлөң салчудай чагылат деген ойдон улам чыгууда. Ошондуктан АКШдагы каатчылык башкаларга оңдой берди болгону менен кубанарлык нерсе жок. Тескерисинче, бардык фронтторго чабуулга өткөнгө чейин жаңы сыноолорго даяр болууга тийишпиз.

"Капитолий басылгандан" кийин "эми дүйнөдөгү тынчтыкты ким коргойт, глобализация жолуна адамзатты ким илгерилетет? Күчтөнүп бараткан Кытай, Россия жана башка демократиялык жетишкендиктерге жана Батыш курган дүйнө түзүмүнө коркунуч туудурган өлкөлөрдү ким ооздуктайт?" деген маанайдагы ойлор жаралды.

АКШ чындап эле дүйнөдөгү эң күчтүү, гегемонизмге талаптанган держава экени талашсыз, бирок бул – жакындагы эле окуяларга чейин эле ичинде ырк кеткен держава. Аны бул абалга мурда дал күч берип турган нерсе, тагыраак, АКШнын улуттук мамлекеттик кызыкчылыктары менен ааламдашуу боюнча атлантикалык долбоорун ишке ашыруунун ортосундагы ажырым талкалады. Башкача айтканда, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин глобалдык дүйнө түзүмүн, жаңы типтеги дүйнөлүк улут үстүндөгү империя куруучунун ролун жүктөнгөн Кошмо Штаттар ичтен ыркы кетүүдө. Баары көз алдыбызда болуп отурат, бирок замандаштарга болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгын баалоо дайым татаал. Бул – өтө жаш мамлекет, беш жылдан кийин чейрек миң жылдыкка гана толот. Кыска тарыхынын туура жарымында ал өз көйгөйлөрү менен алектенген. XIX кылымдын аягында гана европалык колониялык державалардын ичинен эң чабалы, Испаниядан анын карибдик жана азиялык ээликтерин (Куба менен Филиппинди) тартып алууга чыгынган.

XX кылымдын башында Кошмо Штаттар дүйнөлүк мейкиндикке чыккан, анан да эки европалык жана дүйнөлүк согуштарга катышуудан улам адегенде батыш ааламынын гегемонуна айланып, кийин глобалдык үстөмдүккө белсенген.

Акыркы жарым кылымда АКШ улуттук мамлекеттен акырындап улут үстүндөгү атлантикалык элитанын глобалдык үстөмдүгүнүн долбоорун жүзөгө ашыруу базасына айланган.

Глобализаторлорго оңдой берди болгону менен алардын долбоору ишке ашпай калган. Жаңы Вавилонду куруу жолунда Кошмо Штаттар дүйнөлүк аренада – аскердик күч, каржылык, идеологиялык жана кадрдык таасирде, болгондо да тарыхый ченем боюнча абдан кыска (кылымга жетпеген) убакытта укмуштай ийгиликтерге жетише алган. Эми дал ошондой – алда канча ыкчам эле баарынан кол жууй турганы анык. Ооба, ушул тапта көпчүлүк муну элестете албайт чыгар, аны түшүнүү үчүн орус же кытай болуу керек.

Эгер жүз элүү жыл оболу кимдир бирөөнө дүйнөнүн азыркы саясий картасын көрсөтүшсө, АКШны дүйнөлүк гегемон деп атоо оюна да келбесе керек эле, себеби анын территориясы андан бери дээрлик көбөйгөн жок. Натыйжада ким дүйнөнү башкарары түшүнүктүү эмеспи. Германия Европаны тескегени менен эки дүйнөлүк согушта утулуп, АКШдан геосаясий жана аскердик көз карандылыкта экенин угуп таң калмак. Ал эми ошол эле Кытай аймактык жактан өзгөрбөгөнү менен ичтен бөлүнгөн жана жарым вассалдык өлкөдөн дүйнөнүн кубаттуу экономикасына айланганын, миң жылдап келген ордун кайтара алганын билип айран калмак. Бирок дүйнөнүн глобалдашуу шартында Кытай эми түнт болбойт, ал дүйнөлүк мейкиндикке чыкты. Эми аны токтотуу мүмкүн эмес.

Теориялык жактан Кошмо Штаттар азыркы каатчылыктан кийин сакталып да кала алмак. Ааламдашууну бир тараптуу башкарууга мүмкүн эместигин моюнга алып, гегемондун ролунан баш тартып, өз инфраструктурасын жана экономикасын калыптандыруу, башкача айтканда, улуттук мамлекетин бекемдөө зарыл болчу.

Трамп дал ушуга алып бара жаткан, көбүнесе ички туюмга салып, бирок туура багыт алган. Анткен менен глобалисттик маанайдагы америкалык элиталарга АКШнын мамлекет катары болушу менен иштери да жок, тагыраак, алар ички курамын жеңил эле өзгөртүп коюуга даяр.

Кытай, Россия, Германия жана башка өлкөлөрдөн айырмаланып Кошмо Штаттардын тамыры гана тургай, мамлекеттин негизги пайдубалын түзүп турган улуту жок. Ал эми ички өзөгү болбостон, дүйнөлүк гегемон тургай туруктуу мамлекет да болбойт. Дүйнөлүк үстөмдүктү кармап турууга күчү калбагандай эле азыр гегемон да жок. Вашингтондогу бийликке кайткан глобалисттер муну жакшы түшүнүшөт.

Обаманын тушунда эле алар союздаштар жана өнөктөштөр менен "лидерликти" бөлүшүп, глобалдашууга жоопкерчиликти бөлүштүрүү аракетин башташкан. Пайдасы, стратегиялык чечимдерди кабыл алууда таасири болбосо, чыгымын көтөрүүнүн кажети канчалык?

Азыр Байдендин администрациясы тышкы аренада эч кандай курчутуу, эч бир жаңжалсыз абдан кылдат аракетте болмокчу. Анткени бул АКШнын абалын гана начарлатып тим калбайт. Ал эми жаңы бийлик курчуп турган ички көйгөйлөрүнө чоң көңүл буруп жана көп күч жумшоого мажбур. Анан да жаңы бийлик "Трамптын акылга сыйбаган" башкаруусунан таптакыр айырмаланарын көрсөтүүсү зарыл. Бирок дал ошол "акылга сыйбас" киши бир дагы согуш отун тутанткан жок, ал түгүл ушул көктөмдүн аягына чейин Афганистандан куралдуу күчтөрдү толук чыгарууга милдеттенме алган.

Байдендин администрациясы оптимизм менен мессианизмди айгинелеп, "демократия саммитин" өткөрүп, "атлантикалык шериктештикти" бекемдеп, Кытайга каршы бирдиктүү фронтту топтоп, Россияга кысым көрсөтөт. Бирок бул чаралардын жыйынтыгы төмөн, ал эми дүйнөдө АКШга карата мамиле мээлүүн болмокчу. Дүйнө жүзү "америкалык кылым" дүйнөлүк аренада гана эмес, АКШнын өзүндө да аяктап баратканына биротоло ынанды.

139
Белгилер:
бийлик, реванш, Дональд Трамп, лидер, Дүйнө, кооптуулук, АКШ
Тема боюнча
Трамп Байдендин инаугурациясы алдында Вашингтонго өзгөчө кырдаал киргизди
Ким Чен Ын АКШны душман деп атап, Россия менен достошкусу келгенин айтты
Кыздар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив

Кыргызстандын балбан кыздары кезектеги окуу-машыгууга киришти

0
Кыргызстандык балбан кыздар жакынкы аралыкта Азия чемпионатына жана Олимпиадага лицензия берилүүчү ири мелдештерге даярданышууда.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова баштаган Кыргызстандын кыздар күрөшүнүн курама командасы Ысык-Көлдө окуу-машыгуудан өтүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Балбан кыздар жакынкы аралыкта Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык турнирлерге катышат.

"Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Ысык-Көлдө окуу-машыгуудан өтүп жатышат. Иш-чара Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылга карата кабыл алган календарлык планына ылайык өтүүдө. Спортчулар Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге даярданышат", — деп айтылат маалыматта.

18-январда старт алган иш-чара 7-февралга чейин уланат.

Окуу-машыгууга машыктыруучулар: Нурбек Изабеков, Байгазы Кенжебаев жана Розалия Тилегенова жетекчилик кылууда.

Чакырылгандардын арасында Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы сыяктуу эмгек сиңирген спорт чеберлери, сегиз спорт чебери, жана спорт чеберине талапкер алты балбан кыз бар.

Окуу-машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды.

0
Белгилер:
күрөш, машыгуу, Чолпон-Ата
Тема боюнча
Эркин күрөш. Өлкө биринчилигинде КРдин курама командасы аныкталат
Кыргызстандын мыкты боксчулары Украинада окуу-машыгуу өткөрөт