Кадам сайын жарылбасын! Карабахтагы миналарды зыянсыздандыруу аракеттери

© Sputnik / Арам Нерсесян / Медиабанкка өтүү Карабахтагы зыянсыздандырылган миналар
 Карабахтагы зыянсыздандырылган миналар  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакындагы согуштук аракеттер аймагы жана Тоолуу Карабахтагы башка райондордогу миналарды зыянсыздандыруу иштери жүздөгөн чарчы чакырым аянттагы аймактарды жарылуучу предметтерден акырындап тазалоону болжойт.

Кооптуу жерлерди чарбалык багыттагы аянттарга айлантуу ири ресурстарды (миллиондогон доллар) жана ондогон жылдарга созула турган талбаган эмгекти талап кылат. Аскерий серепчи Александр Хроленко дал ушул көйгөй тууралуу ой толгогон.

Мина коюлган талаалар, жарылбай калган ок-дары жана колго жасалган жарылуучу түзүлүштөр жаңжалдан соңку аймактардын башкы көйгөйү болуп саналат.

Өмүргө дайым кооптуулук туудурган жагдайдан жакындагы эле мисал – 23-ноябрдагы Мадагиз айылынын четиндеги Азербайжан, РФ аскер кызматкерлери жана таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын Өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлер тобунун жарылышы. Жаңжал аймагында мындай кооптуулуктар тынчтык орнотуучуларды, саперлор жана куткаруучуларды күн сайын тооруйт.

Түркиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия эмнеликтен Азербайжанга аскердик күч киргизүүдө? Ой толгоо
Ереван шаарынын аэродромдоруна Россиянын Коргоо министрлигинин Минага каршы эл аралык борборунун 100дөн ашуун аскер кызматкери, ошондой эле 13 аскердик бирдик жана атайын техника жеткирилген. Инженердик бөлүктөр бүгүн Ереван — Горис — Степанакерт багыты боюнча марш жасоодо.

Саперлордун алдыңкы бөлүктөрү Тоолуу Карабахтагы жерлерди, жолдорду жана объектилердеги миналарды зыянсыздандырууга 23-ноябрда киришти. Артыкчылыктуу милдет – дислокация түйүндөрүндө, посттор ортосундагы тынчтык орнотуучулардын багыттарындагы жана инфраструктуранын айрым объектилериндеги миналарды тезинен зыянсыздандыруу.

Тилкелердин биринен эле россиялык саперлор 30 чакты танкка каршы миналарды зыянсыздандырышты. Адатта табылган ок-дарылар атайын полигондордо же жеринде жардыруу ыкмасы менен жок кылынат.

РФ Куралдуу күчтөрүнүн Минага каршы эл аралык борборунун адистери татаал жана оор ишке Бириккен Улуттар Уюмунун минага каршы ишмердигинин стандарттарына ылайык даярдалган. ИМП-С2 мина издөөчү жаңы техникага, "Уран-6" роботтук-техникалык комплекстерге ээ.

Издөөнүн заманбап каражаттары жана коргоочу шаймандары Тоолуу Карабахтагы россиялык аскер кызматкерлеринин саламаттыгы жана өмүрүнө тобокелдикти азайтканы менен толук сактабайт.

Вазийпанын татаалдыгы

Заманбап жергиликтүү жана аймактык жаңжалдар согуштук аракеттердин туруктуу мүнөзү жана оперативдик аймак, ага чектешкен территориялардагы мина коюлган талаалардын, тузак миналардын, жол бетиндеги фугастар жана башка "күтүүсүз учурлардын" кеңири колдонулушу менен айырмаланат.

Тоолуу Карабахтагы Россиянын тынчтык орнотуучулары - Sputnik Кыргызстан
Керексиз болуп... Батыш Карабахтагы абал жөнгө салынып жатканына неге нааразы
Тастыкталган, тыгыз, эшелондоштурулган тактикалык коргоону жаратуу үчүн чоң курамы жок күчтөр жана ресурстары жок (мисалга, фронттун жүз километрлик линиясына) жаңжалдашкан тараптар айрым тилкелерге бөлүктөрүн жана согуштук техникасын топтоп, ал эми "ачык жерлерин" миналанган талаалар менен жашырышат.

Карабахта негизинен советтик өндүрүштөгү, тагыраагы, танкка каршы ТМ-62, пехотага каршы ПМН-2 миналары пайдаланылган. Ошону менен бирге эле алардын жайгашуусунун схема-карталары тез түзүлүп, кийин жоголуп да кетет. Аба ырайынын катаал таасирлеринен улам миналар иштен чыгат, мина талаалары "жаңырат".

Балким, жаңы мина коюлган талааларды жаңжалдашкан тараптар эч көйгөйсүз зыянсыздандыра алар. Бирок мурдагы бардык мина коюлган талаалар так кайда жайгашканын эч ким билбейт. Согуштук кырдаалда жарылбай калган же калтырылган артиллериялык снаряддардын көптүгү да өзүнчө чоң көйгөй жаратат.

Карабах жергесинде көп миңдеген жарылуучу предметтер бар. Ошондуктан россиялык саперлордун он жылга созулчу талбаган эмгеги, БУУ жана башка гуманитардык уюмдардын ресурстарын активдүү тартуу – аймакты согуштан толугу менен чыгаруу үчүн минималдуу шарттар.

Мурда Азербайжан аймагын миналардан зыянсыздандыруу боюнча улуттук агенттигинин (ANAMA) башчысы Газанфар Ахмедов Карабахтагы Бакунун көзөмөлүнө өткөн аймактардагы минадан толук арылтууга он жылдан ашуун мезгил талап кылынарын билдирди.

Сирияда Армениянын 83 кишиден турган гуманитардык миссиясы 2019-жылдын алты айында 20 чакты гектарды мина, дүрмөт, авиабомба жана колго жасалган жарылуучу түзүлүштөрдөн куткарган. Абхазия жана Түштүк Осетиянын аймактарында (бул жерлерде саперлордун ишинин чети да оюла элек) бир топ жылдан берки миналарды зыянсыздандыруу боюнча согуштан кийинки тажрыйба Карабахта аткарылчу милдеттердин эбегейсиз көлөмдө экенин тастыктайт.

Биргелешкен аракеттер

Движение по Лачинскому коридору - Sputnik Кыргызстан
Тоолуу Карабахтагы тынчтык орнотуучу операциялардын рейтинги
БУУнун мина зыянсыздандыруу маселелери боюнча кызматы (UNMAS) өткөн жылы 19 өлкөдө (анын ичинде Ирак, Афганистан жана Сирия) 495 млн. доллар сарптаган. Балким, бул каражаттардын бир бөлүгү Тоолуу Карабахтын территориясындагы миналарды зыянсыздандырууга жумшалар.

UNMAS маалыматы боюнча миссия мында декабрдын башында башталмакчы. Эң оболу адистер тоо-токойдогу оор шарттардагы жумуштун көлөмүн баалашат. Мүмкүн саперлордун биргелешкен эл аралык аракеттери жаңжалдан кийинки аймакка качкындардын кайра кайтышын ылдамдатууга жол берер.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутериштин көз карашы да үмүт жандырат. Ал окту токтотуу гуманитардык уюмдун жаңжалдан жабыркаган тынч калкка кол сунууга мүмкүндүк берерин, Тоолуу Карабахта Россия менен кызматташуу жана өз ара аракеттешүүгө даярдыгын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0