АКШнын жаңы шаланган президенти Жо Байден. Архив

Байден АКШны Европанын "камчысын чаптырабы"?

199
(жаңыланган 14:14 26.11.2020)
Европа өз кызыкчылыктарын коргоо боюнча жана өзүнүн геосаясий ролун бекемдөөгө тырышып келе жатып эле Вашингтонго алардын өз алдынчалыгына жол бербей турган күчтөрдүн кайтышын кызуу кубаттоодо.

Еврокеңешти тескеп турган Шарль Мишель Жо Байденге "бекем трансатлантикалык альянсты калыптандырууну" сунуштады. Эгер ал бийликти колго алып, Ак үйгө баш бакса (ушундай болору айкын болуп калды), европалык жетекчинин бул каалоосунун ишке ашышына бардык негиз бар. АКШнын мамлекеттик катчылыгына болжолдуу кудаланган талапкер Энтони Блинкен "глобалдык альянстардын коргоочусу" болуп саналат. Мындай сунуштун келечеги тууралуу Ирина Алкснис ой калчаган.

Европа АКШ президентинин ролунда дал Байденди көргөнүнө кубанары ал жактагы лидерлердин биринен бири озуп шайлоодогу жеңиши менен куттуктап жатканынан эле байкалган. Ал эми ФРГ өзү ачык билдиргендей эле "дагы төрт жыл Трамп менен иштешүүгө көңүлү жок болчу". Бир гана Европа үчүн эмнеге Кошмо Штаттардын жетекчилигине глобалисттер — Вашингтон башында турган бир полярдык дүйнөнү сактап калууга далбас ургандардын келишине кызыкдар экени түшүнүксүз. Себеби бул алардын өз алдынча болууга жана жарым вассалдык көз карандылыктан арылууга умтулуусуна каршы келет эмеспи. Европада америкалык маанайдагы күчтөр жеңип, өз өлкөлөрүн Кошмо Штаттарга курмандыкка чалабы деп болжоого болот эле. Бирок фактылар башканы көрсөтүүдө. Маселен, Германия өкмөтү АКШда "Түндүк агым – 2ге" каршы даярдалган экстерриториалдык санкциялардын ылайык келбестиги боюнча өз позициясын билдиргени бар.

Ошентип Европа өз кызыкчылыктарын коргоо боюнча жана өзүнүн геосаясий ролун бекемдөөгө тырышып келе жатып эле Вашингтонго алардын өз алдынчалыгына жол бербей турган күчтөрдүн кайтышын кызуу кубаттоодо. Балким мунун жандырмагын төрт жыл мурунку окуялардан издеген оңдур.

Ак үйгө келгенде Дональд Трамп АКШнын катыштыгы менен даярдалып жана ал түгүл кол коюлган эл аралык келишимдердин көпчүлүгүнөн баш тарткан. Айтылуу Трансатлантикалык соода жана инвестициялык өнөктөштүк боюнча макулдашуу да ошондой тагдырга кабылган. Дүрбөлөң түшө берчүлөр Америка ошол келишим аркылуу Европанын ресурстарынын баарын өзүнө алат деп коңгуроо кагышкан.

Бирок өз мамлекетине экономикалык пайда алып келген ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого ашыккан Трамп Америкага узак жылдар бою "алтын жумуртка уялап берчү" бул иштен эч буйдалбастан баш тарткан. Анан да бул макулдашуулардын баары чындыгында Кошмо Штаттарга дегеле пайдасыз экенин билдирген. Балким бизнесте дасыккан америкалык патриоттун айтканы жөндүү чыгар.

Глобалисттердин (анын ичинде америкалыктардын да) улуттук кызыкчылыкты карманарын боолголоо чоң жаңылыштык. Алар үчүн Кошмо Штаттар негизги эмиссиялык борбор жана планетанын эң күчтүү армиясы катары маанилүү болушу мүмкүн. Бирок дээрлик 330 миллион калкы бар эбегейсиз өлкө аларга жүк болор. Анын өнүгүшүнө салым кошуп, көйгөйлөрүн чечүүдөн көрө андан кечип койсо болор. Антсе да глобалисттердин нагыз кызыкчылыктары жана сезимдери деле дүйнө жарандары катары башка нерселерге байланган болушу мүмкүн. Ошол эле Энтони Блинкендин бала чагынын басымдуу бөлүгү Парижде өтүп, анын калыптанышына европалык өгөй атасы таасир эткен. Андыктан мамлекеттик катчылык кызматта ал АКШнын улуттук кызыкчылыктары менен гана иш алпарарынан шек саноолор кыйла мыйзам ченемдүү. Мындан улам Европанын позициясы да түшүнүктүү боло түшөт. Акыркы он жылдыкта ал өз көздөгөнүнө түп-тамырынан америкалык тереңдиктен ажыратылган мамлекеттин жардамы, ошону менен бирге эле "эркин дүйнөнүн лидери" жана жападан жалгыз күчтүү державанын алдында тизе бүгүү менен жетүүгө үйрөндү. Иран өзөктүк келишимин эле эстеңиздерчи, жарым-жартылай ал Обаманын президенттигинин эң чоң жеңиши деп да аталып жүрбөйбү. Бирок ал келишимге АКШга караганда Евробиримдик көбүрөөк кызыкдар эле. ЕБ дале көп мамилелерде Кошмо Штаттарга муктаж, маселен, өз армиясын түзүү далалаты азыр көрсөтүүгө тырышканчалык деңгээлде эмес. Бул жаатында америкалыктарга альтернатива болууга жакын арада жетишери мүмкүн эмес.

Евробиримдик үчүн Россияга геосаясий, экономикалык жана ошол эле аскердик тең салмак керек. Ал эми Москвада батыш багытында бир топ жагымдуу шарттар жаралууда, бул батыш европалык борбор калааларга жагары арсар. Натыйжада бир кызык жагдай байкалат: Европа көпчүлүктүн көзүндө АКШ үчүн чыгыштоо каражаттары гана сымал, бирок чындап келсе америкалыктарды аёо зарыл. Алар европалык айлакерликтин курмандыгына айланып, өз элитасы тарабынан сатылышы ыктымал.

 

199
Белгилер:
Дональд Трамп, Жо Байден, Батыш, Европа, АКШ, Россия
Тема боюнча
Батыш өзүн-өзү кыйратууга чамындыбы? Ой толгоо
Микрофонго сүйлөп жаткан адам. Архив

Сөгүнүүнү тыйган мыйзамды кайтаралыбы? Оозуна ээ боло албагандар кандай жазаланмак

581
Колумнист Эламан Карымшаков тилинен жаңылгандарга чара көрө турган мыйзам керекпи же жөн эле койгон жакшыбы деп суроо салды. Жаза колдоно турган норма эки жыл иштеп, кайра жоюлуп кеткен.

Эстрада ырчысы Курал Чокоевдин сөгүнүп, уят сөздөрдү сүйлөп даярдаган автордук программасы коомчулуктун сынына кабылды. Шоуго ырчылар Кайрат Примбердиев менен Кайрат Кыргыз конок катары катышкан. Маданий кызматкерлеринин адаттан тыш жоругу көпчүлүккө жага бербеди. Мындан улам аларды жектеп, чара колдонуу талабы менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылып жатышты. Министр Нуржигит Кадырбеков "мына сага" деп Чокоевдин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алды. Ал эми Примбердиевдин "Эмгек сиңирген артист" наамынан ажыратууну президенттин аппаратына сунуштады. Ошондой эле мамлекеттик маданий иш-чараларга эки ырчыны белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо аракетин көрүүдө.

Ушул жаңылыкты окугандан кийин сөгүнгөндөрдү жазага тартуу мыйзамы эсиме түштү. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев коомдук жайда тартип бузгандарга чара колдонуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп, 2017-жылдын башында күчүнө кирген. Ага ылайык, оозуна ээ боло албагандар майда бейбаштык жасады деп саналып калган.

Бул норма Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 364-беренесине киргизилип, сегиз саатка кара жумушка кесүү менен 1500 сом айып пул салуу же болбосо беш суткага камоо жазасы каралган.

Тилекке каршы дейбизби же бактыга жарашабы, бул мыйзамдын өмүрү кыска болуп, эки жыл эле жашады.

2019-жылдын 1-январында жаңы кодекстер күчүнө кирери менен бул норма алып салынган. Ага ылайык, коомдук жайда сөгүнгөндөргө эмес, түкүргөндөргө чара колдонула баштады.

Азыр Жоруктар кодексинен да, Бузуулар кодексинен да Жеенчороевдин мыйзамын кезиктирүү мүмкүн эмес.

Жоруктар кодексинин 119-беренесине майда бейбаштык деген бөлүм бар. Ага зомбулук же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу, коомдук тартипти же жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуу киргизилген. Мындай жорук жасагандарга 30-60 миң сом айып пул салынат же алты айдан бир жылга чейин камалат.

Ал эми Бузуулар кодексинин 81-беренесинде коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча нормалар каралган.

Көчөлөрдө, стадиондордо, скверлерде, коомдук транспортто жана башка коомдук жайларда баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды колдонгондор же спирт ичимдиктерин ичкендер, адамдык кадыр-баркты, коомдук адеп-ахлакты мазактагандар жана мас болуп жүргөндөр жазага тартылат. Жеке жактарга 5 500 сом, юридикалык тараптарга 17 000 сом айып салуу каралган.

Жыйынтыктап айтканда, азыр коомдук жайда сөгүнгөндөргө карата бийлик чара колдоно албайт. Бирок адаштырбаңыз, сизди бирөө сөксө милицияга арыз жаза аласыз. Ал эми жаныңыздагы адамдардын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатса айла жок...

Эми элестетип көрөлү, эгер 2017-жылы кабыл алынган мыйзам күчүн жоготпогондо Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев мамлекет тарабынан берилген наамдардан гана айрылбастан жазага да тартылмак. Тагыраак айтканда, милиционерлер бул эки ырчынын жана программанын башка катышуучуларынын эшигин каккылап бармак. Сот чечими менен балким микрофон кармаган колдор сегиз саат кара жумуш жасап, 1 500 сом айып төлөмөк же беш сутка абакта отуруп чыкмак.

Ушул сыяктуу жаза 2018-жылдын февраль айында Бишкектеги түнкү клубдун диджейине колдонулган. Жылаңачтанып алып музыка койгон диджей кыздын видеосу социалдык тармакка тарап кеткенден кийин милиция аны кармап, беш күнгө камаган. Ал эми клубдун администратору 1 500 сом айып төлөп, сегиз сааттык коомдук жумушка тартылган.

Оозуна алы жетпегендерге чара көрө турган мыйзамды кайра кайтарыш керекпи же жөн эле койгон жакшыбы? Пикириңизди калтырыңыз, баарлашалы.

581
Белгилер:
сөгүнүү, чара, жаза, тыюу салуу, мыйзам, ырчы
Тема боюнча
Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевге чара көрдү
Вашингтондогу Капитолийдин имаратынын алдында полиция менен кагылышуу учурунда Трампты колдогон демонстранттар көздөн жаш агызуучу газ булуту менен капталыпп жатыша

Ыркы кеткен АКШнын кооптуулугу артабы? Сереп

141
(жаңыланган 10:44 13.01.2021)
АКШ чындап эле дүйнөдөгү эң күчтүү, гегемонизмге талаптанган держава экени талашсыз, бирок бул – жакындагы окуяларга чейин эле ичинде ырк кеткен держава.

Тереңдеп бараткан ички саясий каатчылык Кошмо Штаттарды тышкы дүйнө үчүн дагы коркунучтуу кылат. Улутчул Трамптан реванш алган глобалисттик маанайдагы истеблишмент дүйнөлүк аренада колдон чыгаргандарынын эсесин толтурмакчы. Америкалыктардын көңүлүн ички көйгөйлөрдөн тышкы маселелерге бурууга аракеттенет. Дегеле жарадар жырткычтан баарын күтсө болот... Ушундай божомолдор соңку убакта Россияда көп жаңырууда. Ушул теманын тегерегинде Петр Акопов ой чубаган.

Булардын баары АКШ супер держава гана эмес, азырынча атаандашы жок дүйнөлүк гегемон, АКШдагы кандай гана маселе болбосун, дүйнөгө дүрбөлөң салчудай чагылат деген ойдон улам чыгууда. Ошондуктан АКШдагы каатчылык башкаларга оңдой берди болгону менен кубанарлык нерсе жок. Тескерисинче, бардык фронтторго чабуулга өткөнгө чейин жаңы сыноолорго даяр болууга тийишпиз.

"Капитолий басылгандан" кийин "эми дүйнөдөгү тынчтыкты ким коргойт, глобализация жолуна адамзатты ким илгерилетет? Күчтөнүп бараткан Кытай, Россия жана башка демократиялык жетишкендиктерге жана Батыш курган дүйнө түзүмүнө коркунуч туудурган өлкөлөрдү ким ооздуктайт?" деген маанайдагы ойлор жаралды.

АКШ чындап эле дүйнөдөгү эң күчтүү, гегемонизмге талаптанган держава экени талашсыз, бирок бул – жакындагы эле окуяларга чейин эле ичинде ырк кеткен держава. Аны бул абалга мурда дал күч берип турган нерсе, тагыраак, АКШнын улуттук мамлекеттик кызыкчылыктары менен ааламдашуу боюнча атлантикалык долбоорун ишке ашыруунун ортосундагы ажырым талкалады. Башкача айтканда, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин глобалдык дүйнө түзүмүн, жаңы типтеги дүйнөлүк улут үстүндөгү империя куруучунун ролун жүктөнгөн Кошмо Штаттар ичтен ыркы кетүүдө. Баары көз алдыбызда болуп отурат, бирок замандаштарга болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгын баалоо дайым татаал. Бул – өтө жаш мамлекет, беш жылдан кийин чейрек миң жылдыкка гана толот. Кыска тарыхынын туура жарымында ал өз көйгөйлөрү менен алектенген. XIX кылымдын аягында гана европалык колониялык державалардын ичинен эң чабалы, Испаниядан анын карибдик жана азиялык ээликтерин (Куба менен Филиппинди) тартып алууга чыгынган.

XX кылымдын башында Кошмо Штаттар дүйнөлүк мейкиндикке чыккан, анан да эки европалык жана дүйнөлүк согуштарга катышуудан улам адегенде батыш ааламынын гегемонуна айланып, кийин глобалдык үстөмдүккө белсенген.

Акыркы жарым кылымда АКШ улуттук мамлекеттен акырындап улут үстүндөгү атлантикалык элитанын глобалдык үстөмдүгүнүн долбоорун жүзөгө ашыруу базасына айланган.

Глобализаторлорго оңдой берди болгону менен алардын долбоору ишке ашпай калган. Жаңы Вавилонду куруу жолунда Кошмо Штаттар дүйнөлүк аренада – аскердик күч, каржылык, идеологиялык жана кадрдык таасирде, болгондо да тарыхый ченем боюнча абдан кыска (кылымга жетпеген) убакытта укмуштай ийгиликтерге жетише алган. Эми дал ошондой – алда канча ыкчам эле баарынан кол жууй турганы анык. Ооба, ушул тапта көпчүлүк муну элестете албайт чыгар, аны түшүнүү үчүн орус же кытай болуу керек.

Эгер жүз элүү жыл оболу кимдир бирөөнө дүйнөнүн азыркы саясий картасын көрсөтүшсө, АКШны дүйнөлүк гегемон деп атоо оюна да келбесе керек эле, себеби анын территориясы андан бери дээрлик көбөйгөн жок. Натыйжада ким дүйнөнү башкарары түшүнүктүү эмеспи. Германия Европаны тескегени менен эки дүйнөлүк согушта утулуп, АКШдан геосаясий жана аскердик көз карандылыкта экенин угуп таң калмак. Ал эми ошол эле Кытай аймактык жактан өзгөрбөгөнү менен ичтен бөлүнгөн жана жарым вассалдык өлкөдөн дүйнөнүн кубаттуу экономикасына айланганын, миң жылдап келген ордун кайтара алганын билип айран калмак. Бирок дүйнөнүн глобалдашуу шартында Кытай эми түнт болбойт, ал дүйнөлүк мейкиндикке чыкты. Эми аны токтотуу мүмкүн эмес.

Теориялык жактан Кошмо Штаттар азыркы каатчылыктан кийин сакталып да кала алмак. Ааламдашууну бир тараптуу башкарууга мүмкүн эместигин моюнга алып, гегемондун ролунан баш тартып, өз инфраструктурасын жана экономикасын калыптандыруу, башкача айтканда, улуттук мамлекетин бекемдөө зарыл болчу.

Трамп дал ушуга алып бара жаткан, көбүнесе ички туюмга салып, бирок туура багыт алган. Анткен менен глобалисттик маанайдагы америкалык элиталарга АКШнын мамлекет катары болушу менен иштери да жок, тагыраак, алар ички курамын жеңил эле өзгөртүп коюуга даяр.

Кытай, Россия, Германия жана башка өлкөлөрдөн айырмаланып Кошмо Штаттардын тамыры гана тургай, мамлекеттин негизги пайдубалын түзүп турган улуту жок. Ал эми ички өзөгү болбостон, дүйнөлүк гегемон тургай туруктуу мамлекет да болбойт. Дүйнөлүк үстөмдүктү кармап турууга күчү калбагандай эле азыр гегемон да жок. Вашингтондогу бийликке кайткан глобалисттер муну жакшы түшүнүшөт.

Обаманын тушунда эле алар союздаштар жана өнөктөштөр менен "лидерликти" бөлүшүп, глобалдашууга жоопкерчиликти бөлүштүрүү аракетин башташкан. Пайдасы, стратегиялык чечимдерди кабыл алууда таасири болбосо, чыгымын көтөрүүнүн кажети канчалык?

Азыр Байдендин администрациясы тышкы аренада эч кандай курчутуу, эч бир жаңжалсыз абдан кылдат аракетте болмокчу. Анткени бул АКШнын абалын гана начарлатып тим калбайт. Ал эми жаңы бийлик курчуп турган ички көйгөйлөрүнө чоң көңүл буруп жана көп күч жумшоого мажбур. Анан да жаңы бийлик "Трамптын акылга сыйбаган" башкаруусунан таптакыр айырмаланарын көрсөтүүсү зарыл. Бирок дал ошол "акылга сыйбас" киши бир дагы согуш отун тутанткан жок, ал түгүл ушул көктөмдүн аягына чейин Афганистандан куралдуу күчтөрдү толук чыгарууга милдеттенме алган.

Байдендин администрациясы оптимизм менен мессианизмди айгинелеп, "демократия саммитин" өткөрүп, "атлантикалык шериктештикти" бекемдеп, Кытайга каршы бирдиктүү фронтту топтоп, Россияга кысым көрсөтөт. Бирок бул чаралардын жыйынтыгы төмөн, ал эми дүйнөдө АКШга карата мамиле мээлүүн болмокчу. Дүйнө жүзү "америкалык кылым" дүйнөлүк аренада гана эмес, АКШнын өзүндө да аяктап баратканына биротоло ынанды.

141
Белгилер:
бийлик, реванш, Дональд Трамп, лидер, Дүйнө, кооптуулук, АКШ
Тема боюнча
Трамп Байдендин инаугурациясы алдында Вашингтонго өзгөчө кырдаал киргизди
Ким Чен Ын АКШны душман деп атап, Россия менен достошкусу келгенин айтты
Мончо. Архив

ИИМ: мончодогу зордуктоо тартылган видео боюнча башка өлкөгө сурам жөнөттүк

0
(жаңыланган 00:00 25.01.2021)
Жапа чеккен адам кыргызча сүйлөп жаткандыктан, социалдык тармактын колдонуучулары ал кыргызстандык экенин белгилешүүдө. Деген менен милиция окуя Кыргызстанга тиешеси жок деп ишенимдүү айтып жатат.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкек милициясынын маалымат катчысы Улан Жумаков жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого байланышкан видео Кыргызстандан сырт жакта болгонун, өлкөгө тиешеси жок экенин билдирди.

Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады. Жапа чеккен адам кыргызча сүйлөп жаткандыктан, социалдык тармактын колдонуучулары ал кыргызстандык деп айтышууда.

Бишкек милициясынын маалымат катчысы Улан Жумаков жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого байланышкан видео Кыргызстандан сырт жакта болгонун, өлкөгө тиешеси жок экенин билдирди
"Иликтөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган маалыматтарга ылайык, видео Кыргызстандан сырт жерде тартылган, бул факты биздин өлкөгө тиешеси жок. Кийинчерээк толук маалымат берилет. Баарыңыздарды чагымчылдыкка алдырбай, тастыкталбаган маалыматты таратпаңыздар", — деп Жумаков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Ал эми бул боюнча билдирүү тараткан ИИМ видео боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

"Иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыга электе окуяга тиешеси жок адамдын сүрөтү жана аудио социалдык тармактарга тарап жатат. Мындан улам шашылыш бүтүм чыгарбоогону өтүнөбүз. Кыргызстандан сырткары болгон бул окуя бир же эки эки жыл мурда тартылган. ИИМ ал боюнча башка өлкөгө иштин чоо-жайын билиш үчүн сурам жиберди", - деп айтылган ИИМ тараткан билдирүүдө.

Анткен менен кыргызстандыктар социалдык тармакта үрөй учурган бул окуя Кыргызстанда болгон деген божомолдорун айтып, пикирлерин калтырып жатат.

0
Белгилер:
мончо, зордуктоо, милиция, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Сурабалдиева педофилдер тууралуу маалымат база түзүүнү сунуштады
Кордолгон 13 жаштагы өспүрүм. Кыздын ата-энеси облустук сотко кайрылды