Ми-28Н тик учагы. Архив

Сириядан Кавказга карай: россиялык Ми-28НМ жана Ми-26Т2В тик учактары сыналууда

171
(жаңыланган 10:29 11.12.2020)
Россиянын тик учактары Сириядагы чөл жана Кавказдын аскалуу шарттарында технологиялык жана географиялык бийиктиктерди багындырууда. Катаал сыноолор бул машиналардын согуштук дараметинин өсүшүнө өбөлгө болот.

РФтин Коргоо министрлиги бийик тоолуу, анан да кар жамынган Приэльбрусьеде Ми-28НМ жана Ми-26Т2В тик учактарын сыноо программасын бекитти. Учуучу аппараттарга туш тарапка соккон аба, бийиктиги бири-биринен кескин айырмаланган тоолордо оңой-олтоң эмес. Бирок технологиялык чынжырчанын мүчүлүштүктөрү жоюлду. Мурдараак бул аймакта россиялык "Ансат" (көп буталуу жеңил) жана Ми-171А2 (терең заманбапташтырылган Ми-8) тик учактары сыноодон өткөн. Бул машиналардын өзгөчөлүктөрүнө, дараметине аскерий баяндамачы Александр Хроленко токтолгон.

Сокку уруучу Ми-28НМ тик учагы Сирия Араб Республикасынын аймагында согуш шартында сыналып, "ардагер" Ми – 24 менен катар учкан. Бир нече машина ушул тапта РФтин Аба-космостук күчтөрүндө сынамык эксплуатациядан өтүүдө. Россиялык учкучтар 2028-жылга дейре Ми-28НМ тик учактарынан 100 бирдик алат.

Ми-26Т2В оор аскердик-транспорттук тик учагынын сериялык өндүрүшү мамлекеттик сыноолор аяктаган соң келерки жылы башталат. РФ Коргоо министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн бирдиктүү арктикалык модификациядагы Ми-26 иштелип чыкты.

Арктикалык деңиз жээгиндеги аймакта пайдаланууга ылайыкталган оор тик учактын биринчи сынамык үлгүсү 2022-жылы пайда болот. Бул алп тик учак кеңири тааныштырууга деле муктаж эмес. Мурунку модификациядагы Ми-26 Эльбурс чокусунда (5600 метрден бийик) сыноо убагында талкаланган армиялык Ми-8АМТШ тик учагынын сыныктарын ташууда уникалдуу операциялардын жүрүшүндө тоолордо жүк көтөрүмдүүлүгү боюнча жети жолу дүйнөлүк рекорд койгон.

Ми-28НМ жана Ми-26Т2В тик учактарынын экспорттук потенциалы кыйла жогору. Адистердин да көңүлүн бурдурат, эң оболу, башынан россиялык авиатехниканы (Ми-28Э версиясын) пайдаланып келген өлкөлөрдө жогору бааланат.

Жаңы Ми-28НМ технологиялык ырааттуулугун (үзгүлтүксүздүгүн) сактап калуу менен тик учак паркын бириктирүү жана заманбапташтырууга жол берет. Россияда баштапкы жарандык жана аскердик модификациядагы Ми – 26дан 350 бирдик чыгарылган. Жаралган мекенинен тышкары "Роствертолдун" бурама канаттуу алп учактары дүйнөнүн ар кыл бурчунда пайдаланылып келет.

Мыкты түнкү "мергенчи"

Жаңы муундагы сокку уруучу Ми-28НМ (заманбапташтырылган түнкү машина) аскердик тик учагы өзүнөн мурдагы Ми-28Н машинасынан бардык аба шарттарында, күнү-түнү буталарын кыйрата алчу өркүндөтүлгөн жөндөмү менен гана айырмаланбайт. "Учуучу танк" тегерекке көз салуу үчүн винттеринин үстүндө орнотулган уникалдуу радиолокациялык станция, россиялык өндүрүштөгү күчтүү кыймылдаткычтар, башкаруу тутуму, ошондой эле душмандын абадан коргонуу системаларынын (лазердик станция аларды басуу үчүн элестүү буталарды жаратат) мизин кайтара алчу заманбап ракеталар менен жабдылган.

Башкы конструктор Виталий Щербиндин айткандарына караганда, Ми-28НМ тик учагы жаңы ракета менен душмандын абадан коргонуу тутуму турган аймакка баш бакпастан жердеги буталарды жок кыла алат.

"Хризантема-В" тик учак ракетасынын сыноолору аяктады. Ал Россияда эң кубаттуу деп саналган танкка каршы ракета 1,2 м зооттолгон болотту тешип өтүүгө жөндөмдүү. Түз мээлөөчү автоматтык түзүлүштөгү "аба – аба" / "аба – жер бети" тибиндеги көп буталуу ракета жагдайы азырынча сыр бойдон.

Кыйратуучу спектрде жай ылдамдыктагы аба объектилери (учкучсуздар) бар. Сокку уруучу ыкчам тик учак бөлөк учуучу аппараттарга бута көрсөткүчтөрүн бере алат. Ошону менен бирге эле фронттук авиациянын курамында, атайын операцияларда, душмандын тылында чалгындоо топторуна колдоо көрсөтөт.

Америкалык Forbes басылмасы жаңы Ми-28НМ машинасынын радиусу (450 чакырым) жана саатына 300 чакырым ылдамдыгына, 2300 граммдык жүк көтөрүмдүүлүгү, эң башкысы, бортунда "Циркон" тибиндеги гипер үндүү канаттуу ракеталарды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө аябай тынчсызданууда.

Аппарат бул артыкчылыктары менен эле чектелбейт. Анын заманга бап жаңыртылышы менен бүт аскердик маалыматтык тутуму алмашкан. Башкаруусунун экинчи топтому кокус экипаж мүчөлөрүнүн бири жарадар болсо, машинанын өз алдынчалыгын кыйла арттырат.

Ошону менен бирге эле Ми-28НМ тик учагынын кабинасы 20 миллиметрге чейинки калибрдеги зооттолгон аппараттарды тешип өтчү октон да корголгон. Ташуучу винттин канаттары композиттик материалдардан жасалып, 30 миллиметрлик калибрдеги дүрмөт тийсе да белгиленген жерине чейин учуп-кайтышына жол берет.

"Түнкү аңчынын" жаңы кыймылдаткычы (ВК-2500) планетанын кайсы бурчу болбосун, кандай гана температурадагы аба болбосун, иштөөгө ыңгайлаштырылган. Заманбапташтырылган автоматтык башкаруу тутуму, өрткө каршы корголушу менен айырмаланат. Бул өзгөчөлүгү учуштун коопсуздугун жогорулатып, тейлөөнү жеңилдетип жана техникалык мүнөздөмөлөрүн арттырат.

Биринчи капиталдык ремонтко чейинки күчү жана ресурсу (саатына 2000ден 3000 циклге чейин) кыйла өстү. Мындай курал коргоо технологиялары жаатындагы Россиянын лидерлигин баса белгилеп, Батыштагы "өнөктөштөрүн" кооптондурат.

Көрүнөө артыкчылыктары

Кеңири фюзеляждуу Ми-26 россиялык аскердик-транспорттук оор тик учагы – планетадагы эң чоң жана кубаттуу аппарат. Ми-26Т2В жаңы модификациясы күнү-түнү учуу мүмкүнчүлүгү, заманбап авионикасы, 25 тоннага чейин жүк көтөрүмдүүлүгү (эң көп учуш массасы 56 тоннага чейин) менен өзгөчөлөнөт. Учуш ыраактыгы – саатына 270 чакырым ылдамдыкта, 4600 метрге чейинки бийиктикте - 800 чакырым. Дүйнөдө теңдеши жок, жакында пайда болору арсар.

Тик учак куралданган жана жабдылган десантчыларды (82 кишиге чейин), ички фюзеляжында жана тышкы асмасында жүк ташууга ылайык. Ми-26 абаны 70 пайызга чейин тазалоочу даражадагы чаңдан коргоочу түзүлүшкө ээ. Андыктан Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия жана Африка өлкөлөрү үчүн бул мүнөздөмөсү абдан маанилүү.

Жаңы Ми-26Т2В "Витебск" борттук коргонуу жана санарип башкаруу комплекстери менен жабдылган. Радиоэлектрондук жабдуусу автоматтык режимде багытына карай учууга, белгиленген жерине жетип жана конууга, негизги же запастык аэродромго кайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Ми-26 кабинасынын көлөмү жана жүк көтөрүмдүүлүгү мотоаткычтар дивизиясынын аскердик техникасын жана жүгүн ташууга мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. 12 м Х 8,25 м өлчөмүндөгү жүк ташуучу бөлүмүнө ири габариттик автомобилдер оңой эле батып кетет. РФ Коргоо министрлиги мындай машинадан 10дон кем эмес бирдик сатып алууга ниеттенет.

Ми-26 тик учагы – аскердик жана жарандык милдеттердин кеңири спектрин чечүүчү универсалдык инструмент. Кызыктуу модификациялар тизмегине үңүлсөк, Ми – 26MS – тийиштүү жабдуулар менен жабдылган медициналык, Ми – 26ТЗ – бир убакта төрт учакты тейлей алган кошумча бак орнотулган май куйгуч, Ми – 26ПП – тоскоолдуктарды жаратуучу (радиоэлектрондук күрөш), Ми – 26НЕФ-М – тышкы асмасында гидроакустикалык станциясы бар кемелерге каршы, Ми – 27 – күчтөрдү башкаруунун аба пункту болгон тик учак.

Ми-26нын уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн иш жүзүндө америкалыктар да баалаган. АКШнын афган кампаниясында 2009-жылы талибдер ок жаадырып турганда Chinook CH-47 тик учагы конууга аргасыз болгон. Андан соң америкалык учкучтар ошондой эле машина менен да алып кете алышкан эмес.

РФтин транспорттук компаниясынын Ми-26 тышкы асмасында CH-47 (12 тонналык) тик учагын оңой эле көтөрүп, 110 чакырым аралыктагы базага жеткирген. Албетте, бул эл аралык рекорд эмес, анткени россиялык бурама канаттуу алп учак 14 жолу андай "эрдик" көрсөткөн. Анын ичинде 4100 метрлик бийиктикке 25 тонна жүк көтөргөн. Курчаган мейкиндикте жана жакынкы келечекте технологиялык атаандаштык жаралары күтүлбөйт.

171
Белгилер:
система, комплекс, Кавказ, Сирия, сыноо, тик учак, Россия
Тема боюнча
Суверенитетти коргоо: россиялык С-500 абадан коргонуу тутумун кимдер сатып алат?
Стволдуу замбирек орнотулган өзү жүрүүчү Спрут-СД. Архив

"Мындай нерсе жок эле": РФ кандай танк чыгарууга белсенди?

196
(жаңыланган 19:14 25.02.2021)
Кубаттуу, ыкчам жана кынтыксыз корголгон... Бир түрдүү зооттолгон "Бумеранг" платформасынын негизинде россиялык дөңгөлөктүү жаңы танк жаратууга камынды.

Шассинин өзгөчөлүктөрү анын ичинде ушундай эле жылмакай стволдуу замбирек орнотулган өзү жүрүүчү "Спрут-СД" өңдүү курал комплексин жыйноого мүмкүндүк берерин айтат РФтеги "Аскердик-өнөр жай компаниясынын" башкы директору Александр Красовицкий. Дөңгөлөктүү танкты Андрей Коц мүнөздөп чыккан.

Сирияда кереги тиет

Александр Красовицкийдин айтымында, зооттолгон "Бумеранг" платформасынын негизиндеги дөңгөлөктүү жаңы танкты иштеп чыгуу аяктап барат. К-16 зооттолгон транспортерун жылдын аягына чейин сыноо пландалган.

Инженерлер белгилегендей, бул аппаратты жасоодо илим жана техниканын эң акыркы жетишкендиктери пайдаланылды. Кийинки пландарда өзгөчө багыттагы жана бөлөк үлгүлөрдөгү техника – БМП К-17ни сыноо да бар. "Аскердик-өнөр жай компаниясынын" башкы директору "Бумеранг" платформасынын базасындагы дөңгөлөктүү танкын тез арада бүтүрүү өнөр жай үчүн маселе эместигин баса белгилейт.

Ушул сымал техникалар Советтер Союзунда да чыгарылган, россиялык армияда толук бурулчу мунарасында кубаттуу курал орнотулган дөңгөлөктүү танктар болгон эмес. Зооттолгон автомобилдердин тобун бейрасмий түрдө ушинтип атап коюшат.

Корголушу боюнча бул машиналар чынжырлуу танктарга жетпесе да, ыкчамдыгы, маневр жана жүрүш запасы боюнча алардан артык.

"Дөңгөлөктүү танктар аларга ылайык топурактуу өлкөлөрдө кеңири таралган, — дейт аскерий эксперт Алексей Леонков. — Мисалга Африкада. Атап айтканда, Түштүк Африка Республикасында дал ушундай дөңгөлөктүү танктарга басым жасашат. Алардын негизги артыкчылыгы — ылдамдык жана бир ремонттон кийинкисине чейинки жүрүш аралыгы. Эгер негизги танк он миң чакырымдан кийин бузулуп калса, анда замбиректүү зооттолгон автомобиль жүз миң чакырым жүрө алат".

Эксперттин айтымында, мындай техника ошол эле Сирияда күзөт өтөөгө көмөкчү болмок. Азыр ал жакта аскердик полиция "Тигр" жана БТР-82А зооттолгон автомобилдерин айдап жүрүшөт. Леонков зооттолгон транспортер өңдүү эле танк суу бөгөттөрүнөн да өтүп, жүрүп да, сүзүп баратып да ок атууга жөндөмдүү. Күчтүү куралдан улам аны рейддерде, ошондой эле жалпы операцияларда, атап айтсак, аскердик катарда, чалгында, чалгындоочу отрядда жана кайтарууда колдонууга болот.

Ири калибр

Болоттон жасалган танктар абдан бышык асфальт жолду да талкалап кетери жашыруун эмес. Жол катмарына дөңгөлөктүү техника зыян келтирбегендей болушу маанилүү. Дал ушул себептен зооттолгон оор техниканы атайын тартып келүүчү транспортерлор менен жеткирүүнү ылайык көрүшөт. Жүктөө жана түшүрүүгө бир топ убакыт кетет. Ал эми дөңгөлөктүү танк согуш талаасына дароо, эч кандай машакатсыз жана даярдыгы жок эле кирип кетет.

Келечектүү танктын негизги куралы катары атайын аба-десанттык күчтөр үчүн иштелип чыккан 125 мм замбиректүү курал бөлүгү каралган. Мындай жабдык өзү жүрүүчү "Спрут-СД" танкка каршы замбирегинде да орнотулат. Октоо автоматы жана 40 дүрмөттөн турган ок-дарысы менен турукташтырылган тутумдагы жылмакай стволдуу 2А75 Т-72 жана Т-90 танктарындагы 2А46М куралына окшош.

Өзү жүрүүчү аппарат тийиштүү калибрдеги ок-дарынын бардык түрү менен октолуп, анын ичинде танкка каршы коргонуу тутумундагы тескелүүчү ракеталарды да кое бере алат.

Ок бөлүгүнүн кошумча жабдылышы — 7,62 миллиметрлик калибрдеги танктык Калашников пулемету менен жупташтырылган курал. Мындай жабдууда замбиректик "Бумеранг" дүйнөдөгү эң күчтүү дөңгөлөктүү танкка айлана алат.

Батыш жана Чыгыштагы бул типтеги аскердик техниканын басымдуу бөлүгү 105 миллиметрге чейинки калибрге ээ.

Дөңгөлөктүү танктар менен НАТО жана Азия чөлкөмүндөгү бир нече өлкөлөр камсыздалган. Атап айтсак, Stryker платформасындагы америкалык M1128 MGS, ошондой эле франциялык AMX-10RC, япониялык MCV, италиялык Centauro танктары аталган мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндө бар.

РФтин коргоо министри мурунку он жылдыктын башында Рим менен

Centauro партиясын сатып алуу боюнча макулдашкан. Ал түгүл бир нече машина Россияга сыноо үчүн алып келинген, бирок иш ошол менен тык токтогон. Италиялык дөңгөлөктүү танктар аскердик техниканын ишенимдүүлүгү боюнча Россиянын талаптарына төп келген эмес.

Танк жана дрондордун мизин кайтарат

"Бумеранг" дөңгөлөктүү платформасы алгач ирет 2015-жылдагы Жеңиш күнүндөгү парадда элге көрсөтүлгөн. Бул негиздеги техника БТР тибиндеги советтик жана россиялык транспортёрлордон кыйла көлөмдүү жана күчтүү келет.

Шосседе 750 ат күчүндөй кубаттуулуктагы ЯМЗ-780 кыймылдаткыч саатына 100 чакырымга чейин күүлөнө алат. Мотордук бөлүгү алдында, бул десантты арт жагынан салып жана түшүрүүгө мүмкүндүк берет.

"Бумеранг" тобундагы машиналар керамика камтылып, кат-кат сооттолгон, ал эми бул гомогендик коргоого караганда алда канча ынанымдуу. Азырынча дөңгөлөктүү БМП К-17 бул топтогу эң күчтүү машина деп саналат, бул универсалдуу "Бумеранг-БМ" аскердик модулу менен аралыктан башкарылат. Машина тандалма ок-дарылар жана кошумча 500гө чейинки дүрмөт менен камсыздалган 30 миллиметрлик автоматтык замбирек, ошондой эле эки эселенген "Корнет" танкка каршы коргонуучу эки ракета менен камсыздалган.

Мындан олуттуу варианты да бар: К-17 үчүн болжолдуу аскердик модулдардын бири — мүнөтүнө120 ирет ок атуучу 57 миллиметрлик замбиректүү АУ-220М "Байкал". Анын дүрмөттөрүнүн күчү батыштагы акыркы үлгүдөгү бардык пехоталык машиналар менен күрөшкө жетишерлик деп айтылат. Мындан тышкары, 57 миллиметрлик калибри учкучсуз учуучу аппараттарды, анын ичинде чакан көлөмдүүлөрүн да 12 чакырымга чейинки аралыктан таамай жок кылууга мүмкүндүк берет.

196
Белгилер:
армия, Россия, техника, илим, Сирия, танк
Тема боюнча
Россия менен Евробиримдик мамилеси: Лавровдун билдирүүсү көңүл чордонунда
Абу-Дабидеги көргөзмөгө коюлган россиялык коргонуу комплексинин саамалыгы
Көп багыттуу F-35 Lightning II бомбалоочу истребители. Архив

F-35тин солгундашы. Истребителди кайрадан "кара булут чулгоодо"

226
(жаңыланган 20:33 23.02.2021)
Көп багыттуу F-35 Lightning II бомбалоочу истребители америкалык артыкчылыкты жана аскердик күчтүн жогорку технологиялык символу болууга тийиш эле, бирок бул аппарат жаатында АКШнын Аскердик өнөр жай комплексинин мүмкүнчүлүгү чектелүүдө.

Себеби "бешинчи муундагы" көзгө чалдыкпас учактын солгундашына күбө болуп келебиз. F-35тин америкалык паркынын үчтөн экиси кыймылдаткычтагы көйгөйүнөн улам уча албайт. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул аппараттын кемчилиги, келечегине сереп салган.

Учактын оголе көп орчундуу конструктивдик мүчүлүштүктөрү бар. Пентагон тарабынан белгиленген сыноодон өткөн жок, алигүнчө жалпы өндүрүшкө уруксат чыга элек. Ушул тапта АКШнын Аскердик аба күчтөрү F-35тен баш тартып, 4+ муундагы жөнөкөй  F-16 истребителин тандоого даяр.

Пентагондогулар F-35A учагына буюртманын көлөмүн адегенде 40 пайыздан ашуун, тагыраагы, 1 763төн 1050 учакка чейин кыскартууну сунуштаган. Аны менен катар эле АКШ Аскердик аба күчтөрү эски, бирок ынанымдуу F-16 Fighting Falcon учагына буюртма алуу жолун караштырууда.

F-35 бомбалоочу истребителин АКШ Аскердик аба күчтөрү беш жылдан ашуун убакыттан бери пайдаланып келет, бирок даярдыгынын төмөндүгү, майнапсыздыгы өнөкөткө айланган. АКШ коргоо министринин орун басары мурдараак F-35 Lightning истребителдеринин 36 пайызы гана учууга жарактуу экенин, калган машиналар "жарым-жартылай гана иштээрин" маалымдаган.

Бул аппараттардын даярдык даражасы азыраак деңгээлде Аскердик аба күчтөрү менен, ал эми көбүнесе стелс-каптагычы, кыймылдаткычы, навигация жана учкучтун өмүрүн тобокелдикке сала турган "оңдолгус" конструктивдүү кемчиликтерине жараша аныкталат.

F-35тин бирдигин 100 млн. долларга сатып алган АКШнын союздаштары жана өнөктөштөрүнүн (Улуу Британия, Норвегия, Израиль, Италия, Сингапур, Түштүк Корея, Япония) үмүтү акталган жок. Учак 5-муундагы көрсөткүчтөргө төп келбейт, аскердик даярдыкка дегеле караандабайт, башкача айтканда, багыты боюнча милдеттерин аткара албайт. Кызыгы, АКШнын Аскердик өнөр жай комплексинин "чийки" түзүлүшүн алууга кезек бүтпөйт.

Бириккен Араб Эмирлиги F-35тен 50 даана алууга келишим түзгөн. Израиль "чагылган" паркын үч эскадрилияга (40 машинага чейин) көбөйтүү ниетин билдирген. Мындай жагдайды АКШ менен "достукка" жамынган акы менен гана түшүндүрүүгө болот.

F135 – майнапсыз кыймылдаткыч

Мурда "чагылгандардын" үндөн ыкчам ылдамдыкта стелс-каптагычы жана корпусу талкаланып кетери, кычкылтектин берилишиндеги үзгүлтүктөр (учкучтарга) жана F-35тин программалык камсыздоосундагы мүчүлүштүктөр туурасында кабарланган.

Инженерлер пайдалануунун жүрүшүндө анын кемчиликтерин жоюуга аракет кылышат, бирок алар улам арбып барат. АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн F-35A истребители F135 менен жабдылган, аны америкалыктар "дүйнөдөгү каалаган истребителге пайдаланылчу эң кубаттуу" кыймылдаткыч деп санашат. Бирок дал ошол жабдыгы F-35тин начар иштешинин негизги себеби болуп эсептелет. Машакаттуу F135тин бир саат учушуна 31 миң, ал эми "карыя" F-16 – 8 миң долларга чукул каражат сарпталат. Айтмакчы, Pratt&Whitney компаниясынын F135 кошумча кыймылдаткычтары жетишсиз, ал тургай жай убакта да тартыштык бар. Кокус согуш тутанып кетсе, абага F-35 учактарынын үчтөн бири көтөрүлөт, кийин душмандын абадан коргонуу каражаттарынан да эмес, металлдын ысып кетишинен эле күндөн-күнгө азаят.

F-16ны алмаштырууга да мезгил жетти

АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн согушка жарамдуулугун сактоо үчүн F-35тин үлүшүн кыскартууга аргасыз. Алар заманбапташтырылган F-16 Fighting Falcon (бул менен 1979-жылы куралданышкан, бүгүн мындай типтеги 790 истребитель бар) менен алмаштырылат. Төртүнчү муундагы F-16 көп функциялуу жеңил истребителинин учуш массасы – 21,8 тонна, илмегинин 9 бурчунда 7,7 тонна авиабомба жана ракета ташый алат. Радиусу – 1700 чакырым, максималдуу ылдамдыгы – саатына 2200 чакырым. Аймактык жаңжалдар үчүн дурус машина, бирок "бешинчи муундан" бир кадам артка чегинүү (технологиялык деградация) жакшы эмес. Пентагондо бул жаатта компромисс издөөдө.

Аскердик аба күчтөрүнүн штаб жетекчиси генерал кенже Чарльз К. Браун "антиквариатты" (F-16) сатып алууга каршы чыгып, F-35ке салыштырмалуу арзан-жөнөкөй, бирок F-16га караганда заманга төп бир моторлуу жеңил истребителдин жапжаңы классын иштеп чыгууга чакырды. Кенже Браун буларды "төрт жарым же бештен кем муундагы" машиналар деп сыпаттады.

Америкалык Аскердик аба күчтөрү F-16 Fighting Falcon истребителдерин аскердик учактарга алмаштыруунун жөндүүлүгүн баалоо үчүн изилдөө программасын баштады. Изилдөө каржылык 2023-жылдын башталышына чейин аягына чыгат. F-35 батыш дүйнөсүндө өндүрүлгөн "бешинчи муундагы" жалгыз истребитель болгондуктан ушундай машакат жаратууда. Ал менен шарттуу түрдө атаандашкан кансыз согуш доорундагы төртүнчү муундагы конструкциялар, тагыраагы, Boeing өндүрүшүндөгү F-15 жана F-18 истребителдеринин эскилиги жетти.

АКШнын европалык союздаштары бешинчи муундагы өз истребителин чыгарууга батына элек, ал эми үмүтү үзүлгөн Улуу Британия, Польша, Бельгия, Италия америкалык F-35ти сатып алууга инвестициялап келет.

"Чагылганды" иштеп чыгууга жалпы чыгымдар 400 млрд. доллардан ашып кетти, бирок бул улуттук бюджеттик каражаттарды туура эмес пайдалануунун башаты гана болду.

АКШнын Куралдуу күчтөр боюнча сенаттык комитетте F-35ти "коргоо жаатындагы сатып алуулардын бузулган тутумунун хрестоматиялык үлгүсү" деп атап, ал эми кезегинде белгилүү саясатчы, эски учкуч Жон Маккейн: "F-35 программасынын рекорддук көрсөткүчтөрү нарк, график жана өндүрүмдүүлүк жаатында жаңжал жана апаат болгон", — деп мүнөздөгөн. Анткен менен "Чагылган" АКШ жана анын союздаштарынын Аскердик аба күчтөрүнүн бышыктыгын дагы далай сынай турганы анык.

"Көзгө чалдыкпас" F-35 долбоорунун мындай "өнөкөт" ийгиликсиздеринен улам россиялык Су-57 истребителинин технологиялык жетишкендиктери өзгөчө айырмаланат. Бул – гипер үндүү ракеталарды өздөштүрүп жаткан дүйнөдө чыныгы бешинчи муундагы истребителдеринин карлыгачы. Америкалыктар россиялык куралдын артыкчылыгын аргасыз моюнга алууда.

226
Белгилер:
истребитель, долбоор, АКШ
Тема боюнча
"Баарын ойрон кылат": Пентагон Россияны "ооздуктоого" камынды
"Кайырмак да беришет бекен?". Украинага тартууланган үйлөмө кайыктар
Кыргыз опера өнөрүндөгү өзгөчө үндүү тенор, СССРдин эл артисти, профессор Токтоналы Сейталиев. Архив

Ит-мышык менен коюндашып жетим өскөн. Легендага айланган Сейталиев тууралуу 9 факты

0
(жаңыланган 20:39 03.03.2021)
Быйыл кыргыз маданияты жана опера искусствосу оор жоготууга учурады. Республикада опера ырчыларынын арасында экинин бири аталган, алтын көмөкөйлүү ырчы Токтоналы Сейталиев көз жумду.

Убагында Сейталиевдин талантына суктанган дүйнөлүк маданияттын дөө-шаалары аны булбулга теңешкен. Жакынкы өлкөлөр гана эмес, алыскы Швейцария өңдүү мамлекеттерден да иштөөгө чакыруулар түшкөн.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз опера өнөрүндөгү өзгөчө үндүү тенор, СССРдин эл артисти, профессор Токтоналы Сейталиевдин өмүрүндөгү урунттуу учурларга токтолду.

Өмүр баяны. 1937-жылы Чүй облусунун Панфилов районунун Жайылма айылында карапайым колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Эмгек жолун колхоздо иштеп баштап, 1956-1957-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын алдындагы бир жылдык опера жана хор студиясын аяктаган. 1957-1962-жылдары № 15 Фрунзе жумушчу жаштардын кечки мектебинде окуу менен бирге хор артисти болуп иштеп жүрүп, 1960-жылы окууну аяктаган. Андан кийин 1962-1969-жылдары Курмангазы атындагы Мамлекеттик искусство институтунун (Алма-Ата шаары, Казак ССРи) вокал факультетин бүтүргөн (азыркы Курмангазы атындагы Казак мамлекеттик консерваториясы). Казакстанга окууга кетип жатканда ошол кездеги маданият министри Күлипа Кондучалова "кайра келесиң, калып калба" деп айткан экен.

Алматыдагы консерваториянын профессору, Казакстандын эл артисти Бекен Жилисбаев Сейталиевди бир көргөндө эле "ой, бул алтын үндүү ырчы турбайбы. Сейталиев консерваторияга булбул болуп келди, булбул болуп кайра кетти. Мен аны бузган жокмун, калганы өзүнүкү" деп айткан жайы бар. 1969-жылы Казакстандан кайтып келгенден кийин Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында солист болуп эмгектенген. 1969-2013-жылдар ичинде операнын солисти, алдыңкы сахна чебери, Кыргыз опера жана балет театрында вокал боюнча мастер-класстын жетекчиси болгон. 1995-2015-жылдар аралыгында Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын жеке ырдоо классында иштеген.

 Народный артист СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова, профессор Токтоналы Сейталиев с супругой. Архивное фото
© Фото / из семейного архива Сейталиевых
Токтоналы Сейталиев жубайы Гуланда Иманалиева менен

Ит-мышык менен коюндаш өткөн жетимчилик. Токтоналы Сейталиевдин бала чагы абдан оор болгон. Белгилүү ырчы Токтобек Асаналиевдин айтымында, Сейталиев 7-8 жашында эле томолой жетим калып, бир туугандары да жок, жалгыздыктын азабын жакшы эле тартыптыр.

"Токтанаалы Сейталиевич аксакалды кыргыздын жүзү, кыргыз ырчыларынын атасы десек болот. Бул кишинин тагдыры, басып өткөн жолу өтө кейиштүү, экинчи жагынан өкүнүчтүү окуялар менен да коштолот. Негизинен апасы көп бала төрөгөнү менен арасынан эр жетип чоңойгону жалгыз Сейталиев болгон экен. Бала кезинде ата-энеси эки кулагына сөйкө тагып, мурдун да көзөп аман-эсен жүрсүн деп ырымдашат. Кичине кезинен көзү да жакшы көрчү эмес экен.

"Апам менен атам өлүп, үйдө жалгыз калдым. Кенедей кепе, үй ичинде эч кандай оокат жок. Болгону эки ит жана бир-эки мышык бар. Төшөнчү да жок, самандын үстүнө жатып уктап калам. Эки итим болсо эки жагыма, мышыктар төшүмө жатып алчу. Ошентип ит-мышык менен чогуу чоңойгом. Эртең менен мен турган кезде алар да туруп кетчү", — деп айтып калчу байкуш киши. Бирок деги бир суук тийип, оорубаптыр. Анын башынан өткөнүн айтып отурса, уккан адам ыйлачу", — деди Асаналиев.

Токтоналы Сейталиев негизинен чечен улутун жакшы көрчү экен. Анткени чечендер анын жону катуу жокчулук коштогон, ичсе тамакка, кийсе кийимге жетпей жүргөн бала чагында көп жолу тамак-ашын берип, каралашыптыр. "Токтоналы ага бир аз эс тартканда айылына келген чечендер менен иштешип калат. Аларга "араба түртүшүп жардам берип жүрчүмүн. Чечендер хор менен көп ырдачу. Анан өздөрүнүн ырларын өздөрү ырдай албай калар эле. Ырдап келип эле жогорку ноталарды ала турган жерине келгенде мени карап калышчу. Андан ары мен созуп кетчүмүн" деп көп эскерчү", — деди Асаналиев.

Окууга тапшыруусу. Жетимчилик, жокчулук менен жүрүп окууга өтүүгө жашы да өтүп калган маалда опера ырчыларына сынак болгонун угуп, капыстан эле опера дүйнөсүнүн босогосун аттап калат. "Бир күнү бир жерден опера-балет театрына таланттуу жаштарды алып жатканын угуп калып, "окууга кетип жатам" десе айылдаштары эптеп колдо болгон аппак материалдан көйнөк-дамбал тигип беришип, азык болсун деп чоң түйүнчөккө ун салып жөнөтүшөт. Анан ошол унду көтөрүп алып театрдын эшигинин алдына келсе, аппак дамбал кийген, кулак-пулагынын баары тешик, чачы-башы өскөн "немени" имараттын ичине киргизбей коюшат. Айла жок эшикте турса ошол экзамен ала тургандардын бири көрүп калып, келген себебин сурайт. "Ырчы болууну каалайм. Келсем, эшиктен киргизбей жатат" деп бул киши жөнүн айтса тиги киши киргизип коёт. Ошентип кезегин күтүп карап отурса, сынакка келгендер улам ырдап чыгып кетишет. Арасында кыйраткан деле эч кимиси жок. Бир маалда комиссия "эч ким калган жокпу? Баары ырдап бүтүштүбү, эми жыйынтыгын чыгаралы", — деп сураганда: "Мен бармын", — деп чыгат.

"Чакырганда унду бирөө көтөрүп кетчүдөй болуп, аны кошо алып кирдим, сахнада да капкара болгон рояль туруптур. Барып, анын үстүнө унду койсом эле "буф" этип бети-башымдын баары агала болуп эле жатып калдым. Анан өзүм айылда ырдап жүргөндөй эле бакырып-өкүрүп ырдасам баары оозун ачып калды. Ошентип өтүп кеткем. Кийин Сайра Кийизбаева жанына чакырып, кайдан болосуң деп сураштырып отуруп, ата-энем жогун да билди. Өмүрүмдө биринчи жолу адамдардан ошондо камкордук көргөм. Сайра Кийизбаева ата-энеси жок балдарга жардам берүүчү фонддорго жаздыртып, костюм-шым, кийим-кечемди алып беришип, жата турган жеримди да даярдап берди. Ошентип кудайдын барманы менен окуп калдым", — деп кеп кылчу", — деди Асаналиев.

Народный артист СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова, профессор Токтоналы Сейталиев
© Фото / пресс-служба МКИСиМП КР
Токтоналы Сейталиев: апам менен атам өлүп, үйдө жалгыз калдым. Кенедей кепе, үй ичинде эч кандай оокат жок. Болгону эки ит жана бир-эки мышык бар. Төшөнчү да жок, самандын үстүнө жатып уктап калам

Чыгармачылыгы. Токтоналы Сейталиев 50 жылдык ишмердүүлүгүндө улуттук операнын ар кыл жана жогорку чеберчиликтеги татаал жана көп кырдуу образдардын бүтүндөй галереясын камтып, Вердинин "Дон Карлос", Пуччинин "Жанни Скикки" (Ринуччо), Доницеттинин "Любовный напиток" (Неморино), Бойтонун "Мефистофель" (Фауст), Гунонун "Фауст" (Фауст), Мусоргскийдин "Борис Годунов" (Юродивый), Вердинин "Риголетто" (Герцог), "Травиата" (Альфред) жана башка дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун опералык спектаклдеринде алдыңкы тенордук партияларын аткарган. 

Ал 1970-80-жылдары Азербайжан, Грузия, Латвия, Литва, Орто Азия жана Казакстан республикаларындагы жеке концертин активдүү коюп, советтик артисттердин концерттик бригадаларынын курамына кирип, Болгария, Польша, Сирия, Түркия, Алжир, Монголия, Швеция, Дания, Швейцария, Кипр, Иордания жана Японияга барган. Опералык ариялардан тышкары Сейталиевдин камералык репертуарына кыргыз жана орус композиторлорунун ырлары жана романстары кирген. Бойтонун "Мефистофель" операсын Асанкан Жумакматов Болот Миңжылкыев жана Токтонаалы Сейталиев үчүн койгон экен. 1984-жылы Москвада өткөн кыргыз маданиятынын күндөрү иш-чарасына Кыргызстандан "Мефистофель" операсын да алып барышат. Бул тууралуу Кыргыз эл артисти Сталбек Алмасбеков: "Москвадагы "Большой театрдын" залында алдыңкы катарда Болот Миңжылкыев менен австриялык жана советтик опера ырчысы Владимир Атлантов отурган болот. Ошондо Миңжылкыев Атлантовго тамашалап: "сен "до" нотасын алганда бир орундан кыймылдабайсың. Ал эми биздин Сейталиев "до" нотасын алганда бир колун өйдө көтөрүп алып сахнада басып жүрө берет" десе, Атлантов таарынып калат. Көп узабай сахнадан "Мефистофель" тартууланып Сейталиев "до" нотасын алып, сахнанын аркы башынан берки учуна чейин басып келди. Негизи мындайда басмак турсун, кыймылдай албай каласың. Эл укмуш кабыл алды. Жыйынтыгында дүйнөлүк маданият өкүлдөрү биздин өлкө тууралуу абдан жакшы ойдо калганын айтып, "Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги эки опера ырчысы бар экен" деп, Миңжылкыев менен Сейталиевди белгилешкен", — деди телеге берген маегинде.

Алматы консерваториясында легендага айланганда. Мурда консерваториянын алдындагы эки жылдык даярдоо курсунда эле окуган Сейталиев профессионалдуу түрдө билим алуу үчүн Алматыга барып, атактуу опера ырчысы Бекен Жилисбаевдин классына кирип, ал кишинин колунда жети жыл сабак алган. Алар 1969-жылы окууну аяктаган алтын үндүү Сейталиевдин Казакстанда калып иштөөсүн суранышкан. Бирок улуу талант мекенине кайтып келе берген.

"Аскар Акаев президент болуп турганда Казакстандын камералык жана опера ырчысы Алибек Днишев келип, филармонияда концерт берди. Ошондо Токтоналы аке татынакай кийинип, кыпкызыл бабочкасын тагынып алып, бир кучак гүлүн көтөрүп сахнага чыгып куттуктаган. Аны көргөн Днишев: "Токтоналы Сейталиевич, азыркы убакка чейин Алма-Ата консерваториясында сиздин ырдаганыңыз, окууну кандай бүткөнүңүз легенда болуп айтылып жүрөт. Сиз окуп бүткөндөн кийин артыңыздан далай эле таланттар чыкты, бирок сиздей уламышка айланган бирөө да жок. Азыркыга чейин айтыласыз", — деп айткан", — деди Токтобек Асаналиев.

 Народный артист СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова, профессор Токтоналы Сейталиев с дочерью и супругой. Архивное фото
© Фото / из семейного архива Сейталиевых
Кызы Гүлмира Сейталиева Петр Чайковский атындагы Москва консерваториясын аяктайт. Кыргызстанда ага чейин аталган окуу жайды Айсулуу Токомбаева гана бүтүргөн

Тамашакөй адам. Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Кайымбек Кускаков жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде Сейталиевдин тамашакөйлүгүн эскерет.

"Театрда коллективдин ар кандай жыйындары өтүп турчу. Атын атабай эле коёюн, ошол кездеги маданият министри келип, жыйынга катышып калды. Чынын айтуу керек, өтө орой жана кекете сүйлөгөн адам экен. Аябай сүрүн көрсөттү. Бир кезде Токо (Токтоналы Сейталиев — ред.): "ай, ушу сенин үнүңдүн тембри аябай жакшы экен. Солист болуп бизге жумушка кирбейсиңби", — деди эле, театрдагы артисттердин баары "дуу" күлүп жиберишти. Отургандарды күлдүрүп, кайра заматта ыйлатып коё ала турган адам болчу. Өзүнүн 80 жылдыгында Током сахнада аябай жакшы сүйлөп, өткөн өмүрүнүн кызыктуу ирмемдерин айтып элди күлдүрүп, кайра "байкушум" деп байбичеси раматылык Гүланда (Гүланда Иманалиева — ред.) эжени эскерип, залда отургандарды ыйлатты", — деди Кускаков.

Үй-бүлөсү. Токтаналы Сейталиевдин чыгармачылыгынын ушундай бийик деңгээлге жетишине жубайы Гүланда Иманалиеванын ролу чоң болгон. Жолдошу Токтоналы Сейталиевдин аткарган ар бир партиясын жатка билгендигин үй-бүлөгө жакын адамдар айтышат. Консерваторияда Сейталиев вокалды окутса, жубайы маданияттан сабак берчү. Өмүрүнүн акыркы мезгилдеринде жубайы борбордогу атайын ооруканага жатып, катуу болуп калганда эле Токтоналы аганын да акыбалы начарлаганын кесиптештери эскеришет. Жубайы мындан үч жарым жыл мурда каза болгон. Эки талант эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Кызы Гүлмира Сейталиева Петр Чайковский атындагы Москва консерваториясын аяктайт. Кыргызстанда ага чейин аталган окуу жайды Айсулуу Токомбаева гана бүтүргөн. Азыр ал кызы Дубайда жашап, маданият чөйрөсүндө эмгектенет.

Сыйлыктары. Көп жылдык чыгармачыл ишмердигинде ал ардактуу жана илимий наамдар, мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктар, ошондой эле өкмөттүк сыйлыктарга татыган. 1995-жылы жеке ырдоо кафедрасынын профессору илимий наамы, Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясынын ардактуу профессору, 1993-жылы Эл аралык "Алтын көпүрө" (Казакстан) сыйлыгынын лауреаты, Россия Федерациясынын Илим, жогорку билим берүү жана техникалык саясат министрлигинин Жогорку билим берүү комитетинин чечими менен ырдоо кафедрасында доценттин илимий наамы, 1972-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1974-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, 1984-жылы СССРдин эл артисти ардактуу наамдары жана 1981-жылдагы концерттик программалары үчүн 1982-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Каза болушу. Легендага айланган профессор Токтоналы Сейталиев узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

0
Белгилер:
ыр, театр, сахна, Токтобек Асаналиев, Болот Миңжылкыев, опера, Токтоналы Сейталиев
Тема боюнча
Атасыз балалык, автоунаа минбеген дирижёр. Асанкан Жумакматов тууралуу 5 факты
Атасы "маскарапоздун окуусу" деп жактырган эмес. Насыр Давлесов тууралуу 8 факты