Тоолуу Карабахтагы жаңжалда Азербайжанга кайсы курал көмөкчү болду?

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүБакудагы аскердик парад учурунда Азербайжан армиясынын аскердик техникасы.
Бакудагы аскердик парад учурунда Азербайжан армиясынын аскердик техникасы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азербайжан Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттердин жүрүшүндө беларустук жана россиялык өндүрүштөгү куралды, тагыраагы, артиллерия, залптык октун реактивдүү тутумдары, танк жана СССР убагынан берки арсеналдан зениттик ракеталык комплекстерди натыйжалуу пайдаланды.

Түркиялык жана израилдик учкучсуз аппараттар артиллерияларга көмөкчү болушту, чалгындоо-сокку уруучу контурдун түзүлүшүнө түрткү болду. Касташкан тараптын жоокердик духун солгундатуу үчүн бир топ видеоматериалдарды беришти, ошентсе да алар согуштук аракеттердин ийгилигин камсыздаган алар эмес. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко жакында эле октун үнү басылган аймакта эки тараптын куралдануусун талдап көргөн.

Бакуда "Эркиндик" аянтында 10-декабрда аскердик парад өттү. Тоолуу Карабахтагы жеңишке багышталган бул иш-чарага 150 чакты аскердик, анын ичинде жаңыдан пайдаланууга берилген заманбап техникалар да көрсөтүлдү.

Параддык катарда беларустук жана россиялык коргоо-өндүрүштүк комплекстердин өндүрүмдөрү кыйла басымдуулук кылды. Т-90С заманбап танкы, БМП-3 пехотасынын аскердик машиналары, БТР-82А зооттолгон транспортерлор, оор "Солнцепёк" от ыргыткыч (огнеметтук) тутумдары, "Смерч" (РФ өндүрүшү) жана "Полонез" залптык ок реактивдүү тутумдары, өзү жүрүүчү "Мста-С", "Акация", "Пион" артиллериялык орнотмолордун фонунда 1970-жылдардагы "Оса" жана "Шилка" абадан коргонуу зениттик ракеталык комплекстери бир кызык көрүндү. Болгондо да бортунда өздөрү кыйраткан аба буталарынын санын чагылдырган жылдыздары бар туура "Оса" комплекстери эле. Түркиялык өндүрүштөгү дөңгөлөктүү зооттолгон машиналар да парадга чыгарылды. Эркиндик аянтында көрүүчүлөр "УАЗ", "Урал", "КамАЗ" автомобилдерин да көрүштү. "Байрактар" да парадда "КамАЗдын" бортунда өтүштү. Иш-чара Бакунун асманында МиГ-29 истребителдери жана Су-25 штурмовиктери, РФте чыгарылган Ми-35, Ми-17 сокку уруучу жана аскердик-транспорттук тик учактарынын айланышы менен жыйынтыкталды.

Ми-28Н тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сириядан Кавказга карай: россиялык Ми-28НМ жана Ми-26Т2В тик учактары сыналууда
Азербайжан армиясынын параддык арсеналы куралды натыйжалуу пайдалануу, аскердик адистерди даярдык сапаты, күчтөрдүн тактикалык жана оперативдик машыгуулардын деңгээли жөнүндө дагы бир ирет акыл калчоого аргасыз кылат.

Азербайжан армиясынын куралдануу сапатынын көрүнүктүү артыкчылыгы жок, ал эми саны согуштук аракеттердин театры менен объективдүү чектелди. Түздүктө гана чабуул коюучу "лавада" гана жүздөгөн Т-90С танкты жайгаштырууга болот. Тоо этектеринде маневр үчүн мейкиндик тарыйт. Коргоо күчтөрүнүн тактикалык машыгуусу ыраакка ок атуучу артиллерия жана чалгындоо каражаттарында душмандын артыкчылыгына караганда кыйла мааниге ээ болушу мүмкүн.

Натыйжалуу жаңылануу

Куралдын тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрүнө караганда аны туура пайдалана билүү маанилүү болуп саналат. Карабахта Азербайжан тарап LORA (россиялык "Точка" ыкчам-тактикалык ракеталык комплекстин израилдик аналогу) ракеталык комплексин Акар дайрасындагы көпүрөдө бир ирет колдонду. Анткен менен Азербайжан армиясынын өзү жүрүүчү "Оса" абадан коргонуу тутумунун бортторунда армениялык учкучсуздар кыйраткан буталарын билдирген жылдыздар даана көрүнүп турат (20 чакты саналат).

Белгилүү бир операцияда заманбапташтырылган жана салыштырмалуу арзан "Осалар" жаңы чыгарылган "Лорадан" (Long-Range Artillery Missile) кыйла натыйжалуу.

Комплекстин даанасы 100 млн. доллар жана анын ракеталарынын бирдиги бир жарым миллион доллар турат. Келтирилген мисал тегин жерден эмес, себеби армениялык тараптын "Осалары" согуштук кырдаалда өзүн дурус көрсөтө алган жок. "Байрактар" тибиндеги учкучсуз аппараттар аларды жеңил эле таап, кыйраткан. Болбосо баары тескерисинче болушу керек эле. Бакунун маалыматтарына таянсак, 40 "Оса" комплекси, 5 "Тор" ЗРК, 4 "Куб" ЗРКсы, 14 "Застава" зениттик ракеталык комплекси талкаланган. Мында душмандын күчүн тоготпой коюубу же өзүн эр ойлоо, кайсынысы оор салмак басарын айтыш кыйын.

Президент РФ В. Путин встретился с президентом Турции Р. Т. Эрдоганом - Sputnik Кыргызстан
Бакудагы парадга Эрдогандын келиши эмнени туюндурат?
Абадан коргонуу тутумунун эсептерин алуудан кеп козгобойлу, бирок Азербайжандын "Оса" комплекстери мурда белоруссиялык "Тетраэдр" ишканасынын жардамы менен заманга бап жакшыртылып, таптакыр жаңы сапаттарга ээ болгон. Белоруссиялык адистер электрониканы толук иштеп чыгып, зениттик ракеталык комплексин мурдагыдан да "кыраакы" жана ыраакка ок атуу жөндөмүн арттырды. Т382 ракеталары 20 чакырымга чейинки аралыктагы, 10 миң метрге дейре бийиктиктеги буталарды ("Байрактардын" жетер чеги – 8200 метр) кыйрата алат.

Анткен менен белорустар армения тарапка абадан коргонуу тутумун ушундай кылып жаңылоону сунуштаган, бирок Еревандагылар үнөмдөөнү чечишкен. Согушка чейин абадан коргонуучу заманбап тутумдары да жетишерлик эле. Акыркы жылдары Россия Арменияны "Бук-М1-2", "Тор-М2КМ", ошондой эле радиотехникалык чалгындоочу "Автобаза-М" жердеги комплекстери менен жабдыган.

Карабахтагы жаңжалда азербайжан менен армян тараптардын технологиялык тең салмагын түшүнүү үчүн бир нерсени эске салып кетким келет. Армения дүйнөдө төрт россиялык "Искандер-Э" (25 ракетадан турган топтому менен) ракеталык комплексин импорттогон өлкө болгон. 12 уникалдуу Су-30СМ (азырынча 4 даана) истребителин, оор ТОС-1А "Солнцепек" от ыргыткыч, "Смерч" залптык октун реактивдүү тутумун, тескелүүчү 9М113М танкка каршы ракеталарды сатып алды.

Ереван россиялык куралды 300 млн доллар өлчөмүндөгү РФтин мамлекеттик насыялары менен биргеликте жеңилдетилген россиялык ички баада алууда. Армениялык арсеналдар салыштырмалуу тез өтмө аскердик жаңжалда таш-талканын чыгара талкалоодон кабар берген эмес.

Түркиялык фактор

Ереван үчүн "Бузулгус бир туугандык" деген аталыштагы биргелешкен азербайжан-түркиялык аскердик окууларынан кабардар эле. Азербайжандын аймагында мезгил-мезгили менен өткөрүлүп, машыгууларга Нахичеван Автономдук Республикасын гана тургай, шаардын чет жакасындагы Гянжа, Күрдамир, Евлах жана Тоолуу Карабахка жакын калктуу пункттарды камтыган. Алдын ала "окторун кургатып", системалуу жоопту даярдашы керек болчу. Россия КМШнын башка көптөгөн өлкөлөрүн жабдыгандай эле бир нече жыл Т-90С, 118 БМП-3, 230 БТР-82 100 танк, 18 даана 152 ммлик калибрдеги "Мста-С" гаубицасы, 120 ммлик калибрдеги "Вена" өзү жүрүүчү 18 курал, 300 ммлик калибрдеги 18 "Смерч" залптык октун реактивдүү тутуму, 24 оор ТОС-1А "Солнцепёк" ок ыргыткыч тутуму менен ачык жабдыган. Бирок ошондой болсо да Россия Азербайжанды "бөтөнчө куралдандырбаганын" белгилей кетели. Белоруссиялык өнөктөштөр да "Полонез" ок ыргыткыч тутумун Бакуга эч кимден жаап-жашырбай эле саткан. Анткен менен душманды жеңүү согушка дейре эле металл жана башкы штабдын пландарында жаралат.

Форум Армия-2020. Демонстрационные полеты - Sputnik Кыргызстан
Орус куралы: биринчи сериялык Су-57 жана анын жетегиндеги "Охотник"
27-сентябрда Карабахтын асманында израилдик жана түркиялык учкучсуздар учуп, артиллерия күркүрөй атылганда, көп жылдык жаңжал ырбай турганынын бир божомолу болуп калган. Армения тарап мындайга чейрек кылымдан ашуун убакыттан бери даяр болууга тийиш эле. Андан кийинки согуштук аракеттер Азербайжан технологиялык жактан операцияга армяндардан дурусураак камынганын көрсөттү.

Азербайжан күчтөрү душмандын коргоо тутумунун чабал жактарын өжөрлүк менен издеп, таап жатты. Учкучсуздар кеминде эле психологиялык кысымга алып жатты. Армения тараптын логистикасы, тыл жана бүтүндөй аскердик уюшкандыгы мыкты эмес болуп чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0