Түркия менен Батыштын ортосундагы алака кыйынчылыкка кептелди. Евробиримдик Чыгыш Жер ортолук деңиздеги бургулоочу иштерден улам Анкарага каршы санкцияларды киргизди, америкалыктар россиялык зениттик-ракеталык тутумдарды сатып алууга кысым көрсөтүүдө. Бул НАТОдогу ички жагдайга кандай чагылары туурасында Галия Ибрагимова ой толгогон.
"Түркия бир тараптуу Евробиримдикке каршы чагымчылдыктарды уюштуруп, риториканы күчөтүүдө. Чыгыш Жер ортолук деңизде, Кипрдин экономикалык аймагында Анкара мыйзамдуу болбосо да бургулоо иштерин жүргүзүүнү улантып келет", — деп билдирет Евробиримдиктин жакында эле аяктаган саммитинин катышуучулары.
Анкаранын активдүүлүгүн басаңдатуу үчүн европалыктар түркиялык аткаминер жана ишкерлерге каршы санкцияларды көбөйтүп, Евробиримдик өлкөлөрүнө киришине тыюу салып, алардын европалык активдерин тоңдурушууда.
Түркияга каршы санкциялар былтыр жайында эле жарыяланган. Ага ошол эле – Чыгыш Жер ортолук деңиздеги газ кендерин мыйзамсыз чалгындоо иши себеп катары көрсөтүлгөн. Бирок ал деле Режеп Тайип Эрдоганды токтото алган эмес. Жайында ал бургулоо иштерин уланта турганын жар салган.
Кысымды күчөткөнү менен Брюссель баары бир бардык жолду тороп салбайт (маневр үчүн орун калтырат). Саммиттин жыйынтыгы боюнча расмий билдирүүдө "позитивдүү түркиялык-европалык күн тартибинин" маанилүүлүгүн баса белгилейт.
"Санкциялар Европанын туруктуулугун көрсөтөт. Бирок бул – түпкү максат эмес, Анкаранын жүрүм-турумун өзгөртүү үчүн инструмент. Биз дайым диалогго ачыкпыз жана конструктивдүү иштөөгө даярбыз", — деп белгилейт Эммануэль Макрон.
Француз лидеринин сөздөрү Париж менен Анкаранын ортосундагы күзүндө күч алган тирештин уландысы катары бааланды. Мухаммед пайгамбардын каррикатурасын окуучуларга көрсөткөн география мугалими Самуэль Пати өлтүрүлгөндөн кийин Макрон исламдын кризиске кабылганын жана мамлекеттин светтик баалуулуктарын коргоо зарыл экенин билдирген. Эрдоган ага "психикалык саламаттыгын текшертүүгө" кеңеш берген.
Макронду европалык өлкөлөрдүн лидерлери колдоп чыгып, мусулмандардын теракты аркылуу динге ишенгендердин сезимдеринин кемсинтилгенин түшүндүрүү аракетин сынга алган. Франциялык-түркиялык полемика америкалыктар кийлигишпесе, кезектеги санкциялар согушуна айланып кете жаздаган.АКШнын мамлекеттик катчысынын аскердик-саясий иштер боюнча жардамчысы Кларк Купер европалыктарга Түркия альянстын маанилүү аскердик-стратегиялык өнөктөшү экенин эскерткен.
"НАТОго мүчө өлкөлөргө Түркияны батыш орбитасында калуу зарыл. Чыгыш Жер ортолук деңизде жана Кара деңиздеги чагымчылдыктарга, албетте, көз жумуп коюуга болбойт. Бирок Европанын чыгыш флангадагы (тарабындагы) коопсуздугу мурдагыдай эле Түркиядан көз каранды. Америка түрктөрдүн альянстагы жүрүм-турумуна кепил болгусу келет. Антпесе Россия утат", — деп Вашингтондун позициясын билдирген Купер.
Океан ар жагынан айтылган элдештирүү пикирин европалыктар этият кабылдаган. Себеби Анкаранын россиялык С-400 учактарын сатып алышынан улам чыккан түркиялык-америкалык талаш былтыртан тарта уланып келет эмеспи.
Эрдоганды Москва менен түзгөн келишимден баш тартууга көндүрүүгө көшөрө аракет кылган, F-35 истребитель-бомбалоочу учактарын сатууга тыюу салуу менен опузалаган. Бирок Түркия бийлиги тирешти андан бетер курчутуп, Инжирлик жана Күрежик америкалык аскердик базаларын жабууну убадалаган.
Пентагонго аталган базалар "Ислам мамлекетине"* каршы Сирия жана Ирактагы аскердик операциялар үчүн керек. Ошону менен бирге эле Инжирлик жана Күрежик базалары НАТОнун Европадагы Ракетага каршы коргонуу тутумунун бөлүгү болуп саналат.
АКШнын жаңы шайланган президенти бул боюнча ооз ача элек. Антсе да Америка НАТОдон оолактоону токтоторун кыйыткан. Ошол эле убакта Ак үйдүн азыркы башчысы Дональд Трамп иштерди Байденге өткөрүп берерден мурун Жакынкы Чыгыш жана Афганистандагы натолук операцияларга Американын катышуусун кыскартууга белсенет. Бул боюнча өзү билдирген. "Американын душмандарына каршы туруу жөнүндөгү" мыйзамдын (CAATSA) алкагында АКШ россиялык С – 400 учактарын сатып алганы үчүн Анкарага каршы санкцияларды киргизген. Эрдоган муну "НАТОдогу өнөктөшүн сыйлабастык" катары баалаган.
"АКШ жана Евробиримдик менен биздин көз жаздымда калтырууга мүмкүн болбогон бекем саясий жана экономикалык байланыштарыбыз бар. Санкциялар чыгым алып келет. Биз өнөктөштөрүбүз калыстыгын көрсөтөрүн күтөбүз", — деп белгилеген Түркия президенти.
"Эрдоган менен НАТОнун ортосунда кандай мамиле түзүлбөсүн, түркиялык коомчулукта консенсус бар: альянстагы мүчөлүк пайдалуу, бул Түркияга көп мүмкүнчүлүктөрдү берет. НАТОсуз Эрдоганга татаал болмок, ливиялык же сириялык жаңжалга кийлигишүүсүн негиздөөдө кыйналмак", — деген оюн ортого салат Анкарадагы Саясий изилдөөлөр борборунун эксперти Орхан Гафарлы. Саясат таануучу альянстын Түркия жана ЕБ өлкөлөрүнө өз ара пикир келишпестиктерди жайгарууга мүмкүндүк бергенин дагы бир артыкчылык катары белгилейт.
"Анкаранын Греция, Кипр же Франция менен болгон жаңжалдарын эле алалычы. Алардын ырбап кетишин алдын алуу көбүнесе аталган өлкөлөрдүн НАТОго мүчө болушунан улам мүмкүн болууда. Альянс модераторлук ролду аткарат. Альянска мүчөлүк Анкарага да Греция, Кипр же Франциянын аракеттерин (эгер алар Түркияга каршы багытталса) бөгөттөөгө көмөктөшөт", — деп кошумчалайт ал. Ошону менен бирге эле талдоочу Эрдоган НАТОго мүчөлүктү өз алдынча саясат үчүн тоскоолдук катары көрбөстүгүн айтат.
"Макрон менен Эрдогандын тиреши ажырымга алып келбейт. Түркия менен Грециянын ортосунда дайым чыңалуу болуп келген. Бирок эки өлкө тең НАТОго мүчө болгондуктан ал ачык согушка чейин ырбаган эмес", — деп белгилейт "Обсерво" франциялык-россиялык аналитикалык борборунун директорунун орун басары Игорь Деланоэ.
Анын айтымында, 2016-жылкы Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин Эрдоган альянстан бир аз оолактаган. Анткен менен анын курамынан чыгуу маселеси азырынча көтөрүлбөйт."АКШ Анкаранын альянстан чыгуусуна жол бербейт. Дал Түркия аркылуу америкалыктар Кара деңиз аймагы жана Кавказдагы таасирин күчөтүүгө ниеткер", — дейт Деланоэ.
Адистин пикиринде, түркиялык-франциялык мамиле эртеби-кечпи жөнгө салынат. Анан калса бул өлкөлөрдүн арасында түбү тереңге такалган деле карама-каршылык жок. "Эрдоган менен Макрон тышкы саясат жаатында ийкемдүүлүктү көрсөтүп келишет. Мисалы, 2015-жылдын ноябры жана 2016-жылдын июлундагы Түркия менен Россиянын ортосундагы конфронтацияны эстеп көрүңүздөрчү. Андай жагдай тез эле жайгарылган.
Макрон көз карашын канча өзгөртүп, популизмге жакындыгын көрсөткөн. Париж менен Анкаранын ортосундагы жаңжал кандай болсо да чечилет", — деп боолголойт Деланоэ.
Бирок азырынча тил табышууга эки жак тең кызыкдар эмес, андыктан Түркиянын Франция, ошондой эле жалпы НАТО менен тиреши улана берчүдөй.
*Россияда жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюм
Шассинин өзгөчөлүктөрү анын ичинде ушундай эле жылмакай стволдуу замбирек орнотулган өзү жүрүүчү "Спрут-СД" өңдүү курал комплексин жыйноого мүмкүндүк берерин айтат РФтеги "Аскердик-өнөр жай компаниясынын" башкы директору Александр Красовицкий. Дөңгөлөктүү танкты Андрей Коц мүнөздөп чыккан.
Александр Красовицкийдин айтымында, зооттолгон "Бумеранг" платформасынын негизиндеги дөңгөлөктүү жаңы танкты иштеп чыгуу аяктап барат. К-16 зооттолгон транспортерун жылдын аягына чейин сыноо пландалган.
Инженерлер белгилегендей, бул аппаратты жасоодо илим жана техниканын эң акыркы жетишкендиктери пайдаланылды. Кийинки пландарда өзгөчө багыттагы жана бөлөк үлгүлөрдөгү техника – БМП К-17ни сыноо да бар. "Аскердик-өнөр жай компаниясынын" башкы директору "Бумеранг" платформасынын базасындагы дөңгөлөктүү танкын тез арада бүтүрүү өнөр жай үчүн маселе эместигин баса белгилейт.
Ушул сымал техникалар Советтер Союзунда да чыгарылган, россиялык армияда толук бурулчу мунарасында кубаттуу курал орнотулган дөңгөлөктүү танктар болгон эмес. Зооттолгон автомобилдердин тобун бейрасмий түрдө ушинтип атап коюшат.
Корголушу боюнча бул машиналар чынжырлуу танктарга жетпесе да, ыкчамдыгы, маневр жана жүрүш запасы боюнча алардан артык.
"Дөңгөлөктүү танктар аларга ылайык топурактуу өлкөлөрдө кеңири таралган, — дейт аскерий эксперт Алексей Леонков. — Мисалга Африкада. Атап айтканда, Түштүк Африка Республикасында дал ушундай дөңгөлөктүү танктарга басым жасашат. Алардын негизги артыкчылыгы — ылдамдык жана бир ремонттон кийинкисине чейинки жүрүш аралыгы. Эгер негизги танк он миң чакырымдан кийин бузулуп калса, анда замбиректүү зооттолгон автомобиль жүз миң чакырым жүрө алат".Эксперттин айтымында, мындай техника ошол эле Сирияда күзөт өтөөгө көмөкчү болмок. Азыр ал жакта аскердик полиция "Тигр" жана БТР-82А зооттолгон автомобилдерин айдап жүрүшөт. Леонков зооттолгон транспортер өңдүү эле танк суу бөгөттөрүнөн да өтүп, жүрүп да, сүзүп баратып да ок атууга жөндөмдүү. Күчтүү куралдан улам аны рейддерде, ошондой эле жалпы операцияларда, атап айтсак, аскердик катарда, чалгында, чалгындоочу отрядда жана кайтарууда колдонууга болот.
Болоттон жасалган танктар абдан бышык асфальт жолду да талкалап кетери жашыруун эмес. Жол катмарына дөңгөлөктүү техника зыян келтирбегендей болушу маанилүү. Дал ушул себептен зооттолгон оор техниканы атайын тартып келүүчү транспортерлор менен жеткирүүнү ылайык көрүшөт. Жүктөө жана түшүрүүгө бир топ убакыт кетет. Ал эми дөңгөлөктүү танк согуш талаасына дароо, эч кандай машакатсыз жана даярдыгы жок эле кирип кетет.
Келечектүү танктын негизги куралы катары атайын аба-десанттык күчтөр үчүн иштелип чыккан 125 мм замбиректүү курал бөлүгү каралган. Мындай жабдык өзү жүрүүчү "Спрут-СД" танкка каршы замбирегинде да орнотулат. Октоо автоматы жана 40 дүрмөттөн турган ок-дарысы менен турукташтырылган тутумдагы жылмакай стволдуу 2А75 Т-72 жана Т-90 танктарындагы 2А46М куралына окшош.
Өзү жүрүүчү аппарат тийиштүү калибрдеги ок-дарынын бардык түрү менен октолуп, анын ичинде танкка каршы коргонуу тутумундагы тескелүүчү ракеталарды да кое бере алат.
Батыш жана Чыгыштагы бул типтеги аскердик техниканын басымдуу бөлүгү 105 миллиметрге чейинки калибрге ээ.
Дөңгөлөктүү танктар менен НАТО жана Азия чөлкөмүндөгү бир нече өлкөлөр камсыздалган. Атап айтсак, Stryker платформасындагы америкалык M1128 MGS, ошондой эле франциялык AMX-10RC, япониялык MCV, италиялык Centauro танктары аталган мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндө бар.
РФтин коргоо министри мурунку он жылдыктын башында Рим менен
Centauro партиясын сатып алуу боюнча макулдашкан. Ал түгүл бир нече машина Россияга сыноо үчүн алып келинген, бирок иш ошол менен тык токтогон. Италиялык дөңгөлөктүү танктар аскердик техниканын ишенимдүүлүгү боюнча Россиянын талаптарына төп келген эмес.
"Бумеранг" дөңгөлөктүү платформасы алгач ирет 2015-жылдагы Жеңиш күнүндөгү парадда элге көрсөтүлгөн. Бул негиздеги техника БТР тибиндеги советтик жана россиялык транспортёрлордон кыйла көлөмдүү жана күчтүү келет.
Шосседе 750 ат күчүндөй кубаттуулуктагы ЯМЗ-780 кыймылдаткыч саатына 100 чакырымга чейин күүлөнө алат. Мотордук бөлүгү алдында, бул десантты арт жагынан салып жана түшүрүүгө мүмкүндүк берет.
"Бумеранг" тобундагы машиналар керамика камтылып, кат-кат сооттолгон, ал эми бул гомогендик коргоого караганда алда канча ынанымдуу. Азырынча дөңгөлөктүү БМП К-17 бул топтогу эң күчтүү машина деп саналат, бул универсалдуу "Бумеранг-БМ" аскердик модулу менен аралыктан башкарылат. Машина тандалма ок-дарылар жана кошумча 500гө чейинки дүрмөт менен камсыздалган 30 миллиметрлик автоматтык замбирек, ошондой эле эки эселенген "Корнет" танкка каршы коргонуучу эки ракета менен камсыздалган.Мындан олуттуу варианты да бар: К-17 үчүн болжолдуу аскердик модулдардын бири — мүнөтүнө120 ирет ок атуучу 57 миллиметрлик замбиректүү АУ-220М "Байкал". Анын дүрмөттөрүнүн күчү батыштагы акыркы үлгүдөгү бардык пехоталык машиналар менен күрөшкө жетишерлик деп айтылат. Мындан тышкары, 57 миллиметрлик калибри учкучсуз учуучу аппараттарды, анын ичинде чакан көлөмдүүлөрүн да 12 чакырымга чейинки аралыктан таамай жок кылууга мүмкүндүк берет.
Себеби "бешинчи муундагы" көзгө чалдыкпас учактын солгундашына күбө болуп келебиз. F-35тин америкалык паркынын үчтөн экиси кыймылдаткычтагы көйгөйүнөн улам уча албайт. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул аппараттын кемчилиги, келечегине сереп салган.
Учактын оголе көп орчундуу конструктивдик мүчүлүштүктөрү бар. Пентагон тарабынан белгиленген сыноодон өткөн жок, алигүнчө жалпы өндүрүшкө уруксат чыга элек. Ушул тапта АКШнын Аскердик аба күчтөрү F-35тен баш тартып, 4+ муундагы жөнөкөй F-16 истребителин тандоого даяр.
Пентагондогулар F-35A учагына буюртманын көлөмүн адегенде 40 пайыздан ашуун, тагыраагы, 1 763төн 1050 учакка чейин кыскартууну сунуштаган. Аны менен катар эле АКШ Аскердик аба күчтөрү эски, бирок ынанымдуу F-16 Fighting Falcon учагына буюртма алуу жолун караштырууда.
F-35 бомбалоочу истребителин АКШ Аскердик аба күчтөрү беш жылдан ашуун убакыттан бери пайдаланып келет, бирок даярдыгынын төмөндүгү, майнапсыздыгы өнөкөткө айланган. АКШ коргоо министринин орун басары мурдараак F-35 Lightning истребителдеринин 36 пайызы гана учууга жарактуу экенин, калган машиналар "жарым-жартылай гана иштээрин" маалымдаган.
F-35тин бирдигин 100 млн. долларга сатып алган АКШнын союздаштары жана өнөктөштөрүнүн (Улуу Британия, Норвегия, Израиль, Италия, Сингапур, Түштүк Корея, Япония) үмүтү акталган жок. Учак 5-муундагы көрсөткүчтөргө төп келбейт, аскердик даярдыкка дегеле караандабайт, башкача айтканда, багыты боюнча милдеттерин аткара албайт. Кызыгы, АКШнын Аскердик өнөр жай комплексинин "чийки" түзүлүшүн алууга кезек бүтпөйт.
Бириккен Араб Эмирлиги F-35тен 50 даана алууга келишим түзгөн. Израиль "чагылган" паркын үч эскадрилияга (40 машинага чейин) көбөйтүү ниетин билдирген. Мындай жагдайды АКШ менен "достукка" жамынган акы менен гана түшүндүрүүгө болот.
Мурда "чагылгандардын" үндөн ыкчам ылдамдыкта стелс-каптагычы жана корпусу талкаланып кетери, кычкылтектин берилишиндеги үзгүлтүктөр (учкучтарга) жана F-35тин программалык камсыздоосундагы мүчүлүштүктөр туурасында кабарланган.
Инженерлер пайдалануунун жүрүшүндө анын кемчиликтерин жоюуга аракет кылышат, бирок алар улам арбып барат. АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн F-35A истребители F135 менен жабдылган, аны америкалыктар "дүйнөдөгү каалаган истребителге пайдаланылчу эң кубаттуу" кыймылдаткыч деп санашат. Бирок дал ошол жабдыгы F-35тин начар иштешинин негизги себеби болуп эсептелет. Машакаттуу F135тин бир саат учушуна 31 миң, ал эми "карыя" F-16 – 8 миң долларга чукул каражат сарпталат. Айтмакчы, Pratt&Whitney компаниясынын F135 кошумча кыймылдаткычтары жетишсиз, ал тургай жай убакта да тартыштык бар. Кокус согуш тутанып кетсе, абага F-35 учактарынын үчтөн бири көтөрүлөт, кийин душмандын абадан коргонуу каражаттарынан да эмес, металлдын ысып кетишинен эле күндөн-күнгө азаят.АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн согушка жарамдуулугун сактоо үчүн F-35тин үлүшүн кыскартууга аргасыз. Алар заманбапташтырылган F-16 Fighting Falcon (бул менен 1979-жылы куралданышкан, бүгүн мындай типтеги 790 истребитель бар) менен алмаштырылат. Төртүнчү муундагы F-16 көп функциялуу жеңил истребителинин учуш массасы – 21,8 тонна, илмегинин 9 бурчунда 7,7 тонна авиабомба жана ракета ташый алат. Радиусу – 1700 чакырым, максималдуу ылдамдыгы – саатына 2200 чакырым. Аймактык жаңжалдар үчүн дурус машина, бирок "бешинчи муундан" бир кадам артка чегинүү (технологиялык деградация) жакшы эмес. Пентагондо бул жаатта компромисс издөөдө.
Америкалык Аскердик аба күчтөрү F-16 Fighting Falcon истребителдерин аскердик учактарга алмаштыруунун жөндүүлүгүн баалоо үчүн изилдөө программасын баштады. Изилдөө каржылык 2023-жылдын башталышына чейин аягына чыгат. F-35 батыш дүйнөсүндө өндүрүлгөн "бешинчи муундагы" жалгыз истребитель болгондуктан ушундай машакат жаратууда. Ал менен шарттуу түрдө атаандашкан кансыз согуш доорундагы төртүнчү муундагы конструкциялар, тагыраагы, Boeing өндүрүшүндөгү F-15 жана F-18 истребителдеринин эскилиги жетти.
АКШнын европалык союздаштары бешинчи муундагы өз истребителин чыгарууга батына элек, ал эми үмүтү үзүлгөн Улуу Британия, Польша, Бельгия, Италия америкалык F-35ти сатып алууга инвестициялап келет.
"Чагылганды" иштеп чыгууга жалпы чыгымдар 400 млрд. доллардан ашып кетти, бирок бул улуттук бюджеттик каражаттарды туура эмес пайдалануунун башаты гана болду.
"Көзгө чалдыкпас" F-35 долбоорунун мындай "өнөкөт" ийгиликсиздеринен улам россиялык Су-57 истребителинин технологиялык жетишкендиктери өзгөчө айырмаланат. Бул – гипер үндүү ракеталарды өздөштүрүп жаткан дүйнөдө чыныгы бешинчи муундагы истребителдеринин карлыгачы. Америкалыктар россиялык куралдын артыкчылыгын аргасыз моюнга алууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күндүз өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап +13...+15 градус жылуу болот.