Циркон гипер үндүү ракетасын сыноо. Архив

РФтин аскердик-деңиз тармагындагы жыл жыйынтыгы: "Циркон" жана 40 кеме

49
(жаңыланган 10:40 25.12.2020)
Россиялык флот 2020-жылды кыйла күчтүү, сан жагынан да, сапаты боюнча да бир топ өсүү менен узатууда.

РФ Аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемелери, авиациясы жана жээктеги бөлүктөрү жакын жана ыраак жээкте Россиянын коопсуздугун камсыз кылууда. Бул үчүн заманбап курал жана техника, трансконтиненталдык логистика жана космостук чалгындоонун маалыматтарына ээлик кылат.

Дүйнөлүк океандын белгиленген райондорунда РФтин суу түбүнбөгү ракеталык атомдук крейсерлери пландуу жана үзгүлтүксүз кызмат өтөөдө. Бул багыттагы жылдын жыйынтыктарына аскерий баяндамачы Александр Хроленко сереп салган.

Россиянын Аскердик-деңиз күчтөрү 2020-жылы 40 чакты суу үстүндөгү, суу түбүндөгү кайык жана камсыздоочу кемелүү болду. Анын ичинде башкы "Князь Владимир" суу түбүндөгү атомдук крейсер да бар. Эске салсак, ал "Борей-А" долбооруна таандык, ракетага каршы коргоо тутумдарын жиреп өтүүчү каражаттардын заманбап комплекси менен жабдылган "Булава" континенттер аралык баллистикалык ракеталары менен куралданган.

Америкалык Military Watch аналитикалык басылмасы "Борейлер" тууралуу: "Жаңы кемелер төрт кошумча ракеталык блоктор менен жабдылган. Жалпы жонунан континенттер аралык баллистикалык ракеталары 16ны түзөт. Ар биринде 6-10 өзөктүк курал ташыйт", — деп жазат. Ананчы, Россия "чиркейден коругуч" эмес, гипер үндүүлөргө басым жасалган ракеталык-өзөктүк флот курууда.

2020-жылы сатып алган жети күчтүү аскердик кеме жана 955А, 885М долбоорлорунун суу түбүндөгү эки атомдук кайыктарынан тышкары, алыскы деңиз аймактарына ылайыкталган кемелерден 16ны куруу жана 19ду заманга ылайыкташтыруу иштери уланып келет. Ошондой эле "Борей-А" долбоорунун стратегиялык субмариналары, "Ясень-М" көп буталуу атомдук, 636.3 долбоорунун дизелдик-электрдик суу түбүндөгү кайыктарынын курулушу да кызуусунда.

Курулуп жана заманбапташтырылып жаткан алыскы деңиз аймактарына багытталган аскердик кемелердин жалпы саны 41 бирдикти түзөт, бул келечек үчүн дурус башат. Флот келерки жылы өз курамын суу түбүндөгү төрт кайыкты (анын ичинде "Борей-А" долбоорунун суу түбүндөгү атомдук стратег-ракета ташуучу "Князь Олег" жана "Генералиссимус Суворов" да бар), алты суудагы кеме, 20дан ашуун катер жана камсыздоочу кеме, ошондой эле ондогон жаңы учуучу аппарат менен толуктайт.

РФтин Аскердик-деңиз флотунун курамында жыл аралыгында жаңы мотоаткычтар дивизиясы жана жээктеги ракеталык бригада (саны жагынан жээктеги "Бал" жана "Бастион" ракеталык комплекстери Россиянын Коргоо министрлиги тарабынан аныкталган керектөөнүн 74 пайызына жеткирилди) түзүлдү.

Кара деңиз флотунун (суудагы абалды автоматтык жарыктандыруунун жаңы тутуму жана башкаруу системасынын жакшыртылышы), ошондой эле Каспий флотилиясынын (Каспийдеги жаңы база) да аскердик инфраструктураларынын өнүгүү арышы жаман эмес.

Севастополь жана Калининградда горизонт чегинен тыш аба буталарын табуучу "Яхрома" радиолокациялык станцияларынын курулушу да башталып жатат.

Кадамга жараша жооп

РФтин 2018-2020-жылдарга карата 551 миллиард рубль көлөмүндөгү мамлекеттик куралдануу программасы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Аскердик-деңиз флотунда заманбап куралдануу деңгээли 63%дан ашты (РФ Куралдуу күчтөрү боюнча жалпысынан 70,1%га чамалады). Белгилей кетсек, Россия куралдануу жарышына камчыланууга умтулбайт. Узап бараткан жылы аскерий чыгымдар боюнча дүйнөдө 8-орундан 9-орунга жылып, АКШ, Кытай, Сауд Аравиясы, Индия, Улуу Британия, Германия жана Япониядан кийин турат.

Ракеталык куралды колдонуудагы жаңы технологияларды өздөштүрүүдө да Аскердик-деңиз күчтөрүнда сапаттуу секирик бар, ошондой эле деңизге ылайыкталган "Циркон" гипер үндүү ракетасын бир нече ирет ийгиликтүү сынады. Бул кадам 2020-жылды "циркондук" деп атоого мүмкүндүк берет.

Коргоо министрлигинин коллегиясынын 21-декабрдагы кеңейтилген жыйынында РФ президенти Владимир Путин алдыда Аскердик-деңиз күчтөрүнүн суудагы кемелери жана суу түбүндөгү кайыктары гипер үндүү "Циркон" ракеталары менен кеңири масштабда кайра куралданарын жарыялады.

Коргоо министри Сергей Шойгу жылды жыйынтыктап жатып, Россиянын АДК кемелери 2020-жылы Дүйнөлүк океандын стратегиялык маанилүү райондорунун баарына 140 ирет сүзүп барганын, 28 мамлекеттин портторуна 122 каттам жасаганын белгиледи.

"Океандык калкан" масштабдуу машыгуулары да алкоого татыктуу, анын алкагында күчтөрдүн жана каражаттардын тобу РФтин улуттук кызыкчылыктарын бир убакта үч океан, тогуз деңиздин, анын ичинде Түндүк деңиз жолундагы акваторияларда РФтин улуттук кызыкчылыктарын майнаптуу коргой алууга жөндөмдүүлүгүн тастыктады.

Учурда флот жаңы аскердик чектерди жана жасалма интеллект элементтери бар техниканы өздөштүрүү багытында. Аскердик-деңиз флотунун, ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн башка түр жана типтеринин активдүү курулушу жана жакшыртуу менен Россия аргасыз алектенүүдө. РФ суверенитети, союздаштарынын кызыкчылыктары ынанымдуу, кепилденген коргоону талап кылат. Сергей Шойгунун маалыматына караганда, 2020-жылы "россиялык чек аралардын жанындагы америкалык аскердик учактардын чалгындоо жана көрсөтмө аракеттеринин интенсивдүүлүгү 15 пайызга өстү. АКШ Германиядагы аскердик бөлүктөрдү Польшага жана Балтий өлкөлөрүнө жайгаштырууну баштады. Арктикалык аймакта америкалык кемелердин келиши күч алууда. Бир эле убакта Россиянын батыш, түштүк жана чыгыш чек араларына жакын НАТОнун машыгуулары байма-бай өтчү болду. Август-сентябрь айларында аларга 55 аскердик учак, анын ичинде стратегиялык бомбалоочу учак, таамай курал ташуучу 12 кеме катышкан. РФ андай машыгууларга тыкыр көз салат, аларга ылайык чараларды көрүп жатат".

Анан, албетте, 22-декабрда Россия жана Кытайдын стратегиялык бомбалоочу алты учагы Тынч океандын акваториясын тегин жерден 10 саат күзөтүшпөдү. Бул – "өнөктөштөрдүн" чек арадагы агрессивдүү активдүүлүгүнө суверендүү державалардын кадыресе реакциясы.

49
Белгилер:
чек ара, ракета, аскер-деңиз флоту, Россия, кеме, курал
Тема боюнча
Тоолуу Карабахтагы жаңжалда Азербайжанга кайсы курал көмөкчү болду?
Сириядан Кавказга карай: россиялык Ми-28НМ жана Ми-26Т2В тик учактары сыналууда
Микрофонго сүйлөп жаткан адам. Архив

Сөгүнүүнү тыйган мыйзамды кайтаралыбы? Оозуна ээ боло албагандар кандай жазаланмак

427
Колумнист Эламан Карымшаков тилинен жаңылгандарга чара көрө турган мыйзам керекпи же жөн эле койгон жакшыбы деп суроо салды. Жаза колдоно турган норма эки жыл иштеп, кайра жоюлуп кеткен.

Эстрада ырчысы Курал Чокоевдин сөгүнүп, уят сөздөрдү сүйлөп даярдаган автордук программасы коомчулуктун сынына кабылды. Шоуго ырчылар Кайрат Примбердиев менен Кайрат Кыргыз конок катары катышкан. Маданий кызматкерлеринин адаттан тыш жоругу көпчүлүккө жага бербеди. Мындан улам аларды жектеп, чара колдонуу талабы менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылып жатышты. Министр Нуржигит Кадырбеков "мына сага" деп Чокоевдин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алды. Ал эми Примбердиевдин "Эмгек сиңирген артист" наамынан ажыратууну президенттин аппаратына сунуштады. Ошондой эле мамлекеттик маданий иш-чараларга эки ырчыны белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо аракетин көрүүдө.

Ушул жаңылыкты окугандан кийин сөгүнгөндөрдү жазага тартуу мыйзамы эсиме түштү. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев коомдук жайда тартип бузгандарга чара колдонуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп, 2017-жылдын башында күчүнө кирген. Ага ылайык, оозуна ээ боло албагандар майда бейбаштык жасады деп саналып калган.

Бул норма Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 364-беренесине киргизилип, сегиз саатка кара жумушка кесүү менен 1500 сом айып пул салуу же болбосо беш суткага камоо жазасы каралган.

Тилекке каршы дейбизби же бактыга жарашабы, бул мыйзамдын өмүрү кыска болуп, эки жыл эле жашады.

2019-жылдын 1-январында жаңы кодекстер күчүнө кирери менен бул норма алып салынган. Ага ылайык, коомдук жайда сөгүнгөндөргө эмес, түкүргөндөргө чара колдонула баштады.

Азыр Жоруктар кодексинен да, Бузуулар кодексинен да Жеенчороевдин мыйзамын кезиктирүү мүмкүн эмес.

Жоруктар кодексинин 119-беренесине майда бейбаштык деген бөлүм бар. Ага зомбулук же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу, коомдук тартипти же жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуу киргизилген. Мындай жорук жасагандарга 30-60 миң сом айып пул салынат же алты айдан бир жылга чейин камалат.

Ал эми Бузуулар кодексинин 81-беренесинде коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча нормалар каралган.

Көчөлөрдө, стадиондордо, скверлерде, коомдук транспортто жана башка коомдук жайларда баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды колдонгондор же спирт ичимдиктерин ичкендер, адамдык кадыр-баркты, коомдук адеп-ахлакты мазактагандар жана мас болуп жүргөндөр жазага тартылат. Жеке жактарга 5 500 сом, юридикалык тараптарга 17 000 сом айып салуу каралган.

Жыйынтыктап айтканда, азыр коомдук жайда сөгүнгөндөргө карата бийлик чара колдоно албайт. Бирок адаштырбаңыз, сизди бирөө сөксө милицияга арыз жаза аласыз. Ал эми жаныңыздагы адамдардын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатса айла жок...

Эми элестетип көрөлү, эгер 2017-жылы кабыл алынган мыйзам күчүн жоготпогондо Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев мамлекет тарабынан берилген наамдардан гана айрылбастан жазага да тартылмак. Тагыраак айтканда, милиционерлер бул эки ырчынын жана программанын башка катышуучуларынын эшигин каккылап бармак. Сот чечими менен балким микрофон кармаган колдор сегиз саат кара жумуш жасап, 1 500 сом айып төлөмөк же беш сутка абакта отуруп чыкмак.

Ушул сыяктуу жаза 2018-жылдын февраль айында Бишкектеги түнкү клубдун диджейине колдонулган. Жылаңачтанып алып музыка койгон диджей кыздын видеосу социалдык тармакка тарап кеткенден кийин милиция аны кармап, беш күнгө камаган. Ал эми клубдун администратору 1 500 сом айып төлөп, сегиз сааттык коомдук жумушка тартылган.

Оозуна алы жетпегендерге чара көрө турган мыйзамды кайра кайтарыш керекпи же жөн эле койгон жакшыбы? Пикириңизди калтырыңыз, баарлашалы.

427
Белгилер:
сөгүнүү, чара, жаза, тыюу салуу, мыйзам, ырчы
Тема боюнча
Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевге чара көрдү
Вашингтондогу Капитолийдин имаратынын алдында полиция менен кагылышуу учурунда Трампты колдогон демонстранттар көздөн жаш агызуучу газ булуту менен капталыпп жатыша

Ыркы кеткен АКШнын кооптуулугу артабы? Сереп

120
(жаңыланган 10:44 13.01.2021)
АКШ чындап эле дүйнөдөгү эң күчтүү, гегемонизмге талаптанган держава экени талашсыз, бирок бул – жакындагы окуяларга чейин эле ичинде ырк кеткен держава.

Тереңдеп бараткан ички саясий каатчылык Кошмо Штаттарды тышкы дүйнө үчүн дагы коркунучтуу кылат. Улутчул Трамптан реванш алган глобалисттик маанайдагы истеблишмент дүйнөлүк аренада колдон чыгаргандарынын эсесин толтурмакчы. Америкалыктардын көңүлүн ички көйгөйлөрдөн тышкы маселелерге бурууга аракеттенет. Дегеле жарадар жырткычтан баарын күтсө болот... Ушундай божомолдор соңку убакта Россияда көп жаңырууда. Ушул теманын тегерегинде Петр Акопов ой чубаган.

Булардын баары АКШ супер держава гана эмес, азырынча атаандашы жок дүйнөлүк гегемон, АКШдагы кандай гана маселе болбосун, дүйнөгө дүрбөлөң салчудай чагылат деген ойдон улам чыгууда. Ошондуктан АКШдагы каатчылык башкаларга оңдой берди болгону менен кубанарлык нерсе жок. Тескерисинче, бардык фронтторго чабуулга өткөнгө чейин жаңы сыноолорго даяр болууга тийишпиз.

"Капитолий басылгандан" кийин "эми дүйнөдөгү тынчтыкты ким коргойт, глобализация жолуна адамзатты ким илгерилетет? Күчтөнүп бараткан Кытай, Россия жана башка демократиялык жетишкендиктерге жана Батыш курган дүйнө түзүмүнө коркунуч туудурган өлкөлөрдү ким ооздуктайт?" деген маанайдагы ойлор жаралды.

АКШ чындап эле дүйнөдөгү эң күчтүү, гегемонизмге талаптанган держава экени талашсыз, бирок бул – жакындагы эле окуяларга чейин эле ичинде ырк кеткен держава. Аны бул абалга мурда дал күч берип турган нерсе, тагыраак, АКШнын улуттук мамлекеттик кызыкчылыктары менен ааламдашуу боюнча атлантикалык долбоорун ишке ашыруунун ортосундагы ажырым талкалады. Башкача айтканда, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин глобалдык дүйнө түзүмүн, жаңы типтеги дүйнөлүк улут үстүндөгү империя куруучунун ролун жүктөнгөн Кошмо Штаттар ичтен ыркы кетүүдө. Баары көз алдыбызда болуп отурат, бирок замандаштарга болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгын баалоо дайым татаал. Бул – өтө жаш мамлекет, беш жылдан кийин чейрек миң жылдыкка гана толот. Кыска тарыхынын туура жарымында ал өз көйгөйлөрү менен алектенген. XIX кылымдын аягында гана европалык колониялык державалардын ичинен эң чабалы, Испаниядан анын карибдик жана азиялык ээликтерин (Куба менен Филиппинди) тартып алууга чыгынган.

XX кылымдын башында Кошмо Штаттар дүйнөлүк мейкиндикке чыккан, анан да эки европалык жана дүйнөлүк согуштарга катышуудан улам адегенде батыш ааламынын гегемонуна айланып, кийин глобалдык үстөмдүккө белсенген.

Акыркы жарым кылымда АКШ улуттук мамлекеттен акырындап улут үстүндөгү атлантикалык элитанын глобалдык үстөмдүгүнүн долбоорун жүзөгө ашыруу базасына айланган.

Глобализаторлорго оңдой берди болгону менен алардын долбоору ишке ашпай калган. Жаңы Вавилонду куруу жолунда Кошмо Штаттар дүйнөлүк аренада – аскердик күч, каржылык, идеологиялык жана кадрдык таасирде, болгондо да тарыхый ченем боюнча абдан кыска (кылымга жетпеген) убакытта укмуштай ийгиликтерге жетише алган. Эми дал ошондой – алда канча ыкчам эле баарынан кол жууй турганы анык. Ооба, ушул тапта көпчүлүк муну элестете албайт чыгар, аны түшүнүү үчүн орус же кытай болуу керек.

Эгер жүз элүү жыл оболу кимдир бирөөнө дүйнөнүн азыркы саясий картасын көрсөтүшсө, АКШны дүйнөлүк гегемон деп атоо оюна да келбесе керек эле, себеби анын территориясы андан бери дээрлик көбөйгөн жок. Натыйжада ким дүйнөнү башкарары түшүнүктүү эмеспи. Германия Европаны тескегени менен эки дүйнөлүк согушта утулуп, АКШдан геосаясий жана аскердик көз карандылыкта экенин угуп таң калмак. Ал эми ошол эле Кытай аймактык жактан өзгөрбөгөнү менен ичтен бөлүнгөн жана жарым вассалдык өлкөдөн дүйнөнүн кубаттуу экономикасына айланганын, миң жылдап келген ордун кайтара алганын билип айран калмак. Бирок дүйнөнүн глобалдашуу шартында Кытай эми түнт болбойт, ал дүйнөлүк мейкиндикке чыкты. Эми аны токтотуу мүмкүн эмес.

Теориялык жактан Кошмо Штаттар азыркы каатчылыктан кийин сакталып да кала алмак. Ааламдашууну бир тараптуу башкарууга мүмкүн эместигин моюнга алып, гегемондун ролунан баш тартып, өз инфраструктурасын жана экономикасын калыптандыруу, башкача айтканда, улуттук мамлекетин бекемдөө зарыл болчу.

Трамп дал ушуга алып бара жаткан, көбүнесе ички туюмга салып, бирок туура багыт алган. Анткен менен глобалисттик маанайдагы америкалык элиталарга АКШнын мамлекет катары болушу менен иштери да жок, тагыраак, алар ички курамын жеңил эле өзгөртүп коюуга даяр.

Кытай, Россия, Германия жана башка өлкөлөрдөн айырмаланып Кошмо Штаттардын тамыры гана тургай, мамлекеттин негизги пайдубалын түзүп турган улуту жок. Ал эми ички өзөгү болбостон, дүйнөлүк гегемон тургай туруктуу мамлекет да болбойт. Дүйнөлүк үстөмдүктү кармап турууга күчү калбагандай эле азыр гегемон да жок. Вашингтондогу бийликке кайткан глобалисттер муну жакшы түшүнүшөт.

Обаманын тушунда эле алар союздаштар жана өнөктөштөр менен "лидерликти" бөлүшүп, глобалдашууга жоопкерчиликти бөлүштүрүү аракетин башташкан. Пайдасы, стратегиялык чечимдерди кабыл алууда таасири болбосо, чыгымын көтөрүүнүн кажети канчалык?

Азыр Байдендин администрациясы тышкы аренада эч кандай курчутуу, эч бир жаңжалсыз абдан кылдат аракетте болмокчу. Анткени бул АКШнын абалын гана начарлатып тим калбайт. Ал эми жаңы бийлик курчуп турган ички көйгөйлөрүнө чоң көңүл буруп жана көп күч жумшоого мажбур. Анан да жаңы бийлик "Трамптын акылга сыйбаган" башкаруусунан таптакыр айырмаланарын көрсөтүүсү зарыл. Бирок дал ошол "акылга сыйбас" киши бир дагы согуш отун тутанткан жок, ал түгүл ушул көктөмдүн аягына чейин Афганистандан куралдуу күчтөрдү толук чыгарууга милдеттенме алган.

Байдендин администрациясы оптимизм менен мессианизмди айгинелеп, "демократия саммитин" өткөрүп, "атлантикалык шериктештикти" бекемдеп, Кытайга каршы бирдиктүү фронтту топтоп, Россияга кысым көрсөтөт. Бирок бул чаралардын жыйынтыгы төмөн, ал эми дүйнөдө АКШга карата мамиле мээлүүн болмокчу. Дүйнө жүзү "америкалык кылым" дүйнөлүк аренада гана эмес, АКШнын өзүндө да аяктап баратканына биротоло ынанды.

120
Белгилер:
бийлик, реванш, Дональд Трамп, лидер, Дүйнө, кооптуулук, АКШ
Тема боюнча
Трамп Байдендин инаугурациясы алдында Вашингтонго өзгөчө кырдаал киргизди
Ким Чен Ын АКШны душман деп атап, Россия менен достошкусу келгенин айтты
Тапанча кармаган адам. Архив

Ак-Талаа: акимдин кабинетинде тапанча менен чуу салган киши кармалды

0
(жаңыланган 12:29 16.01.2021)
Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын администрациясына тапанча көтөрүп кирип айыл өкмөт башчыны коркуткан киши кармалды. Бул туурасында Нарын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Милицияга 12-январь күнү саат 16:30дар чамасында колуна тапанча кармаган белгисиз мас киши келип ызы-чуу салып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу барганда 41 жаштагы А.Е. аттуу жергиликтүү тургун газ-пневматикалык тапанчаны эч кандай тийиштүү документи жок көтөрүп жүргөнү аныкталган.

“Мас абалында келген киши коомдук тартипти бузуп, мамлекеттик администрациянын жетекчисинин кабинетине кирип куралы менен чапкан. Денесине зыян келтирип, сөгүнүп, сабап саларын айтып коркуткан. Ошол учурда ал кармалып, 14-январда Ак-Талаа райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалды”, — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

0
Белгилер:
Ак-Талаа району, коркутуу, кармоо, тергөө, милиция, мас
Тема боюнча
Жалал-Абадда көчө шыпырган аялды сабады деген шектүү кармалды
Бишкекте чет элдик жаранды коркуткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Видео
Бишкекте жол талашкан айдоочуга курал такап жаткан киши кармалды