Бахарак айылындагы Элдик демократиялык партиянын мүчөсү үй-бүлөсү менен. Түндүк Афганистан, Бадахшан аймагы, Бахарак уезди. 1980-жыл, март айы.

Тиктешкен моджахед, орусча сөгүнүп аман калган жоокерлер... "Афганчылардын" окуясы

2521
(жаңыланган 15:27 15.01.2021)
20-кылымдын ортосунан баштап АКШ жана СССР ортосундагы “Чоң оюн” күчөйт. Эки держава тең Борбордук Азия менен Түштүк Азияда стратегиялык зор мааниге ээ болгон Афганистанда таасирин кеңейтүүгө умтулган.

Москва Кабулда позицияларын чыңдамак болуп, 1979-жылы 25-декабрда СССР жарандык согуш жүрүп жаткан Афганистанга 40-армиясын киргизет. Кремль тарапкерлерине болушуп бул согушка аргасыздан катышкан эле. Абалдан пайдаланып АКШ жана анын өнөктөштөрү отко май чачышат. “Чоң оюндун” ушул кандуу жаңы этабы 9 жыл 1 ай 18 күнгө созулду. Афганистандагы жарандык согуш Тажикстандагы беш жылга созулган кан төгүүгө алып келди. Ал эми Кыргызстан үчүн эки өлкөдөгү жарандык согуштун кесепети Баткен согушуна айланды. Колумнист Алмаз Батилов Афганистандагы жарандык согуштун чоо-жайын расмий Бишкек ийне-жибине чейин талдашы зарыл деп эсептейт. Анткени көп билинбегени менен Кыргызстандын коопсуздугу бул өлкө менен тыгыз байланышта. “Чоң оюн” дагы да бүтө элек.

Фотографии ветерана афганца Чолпонбека Беккелдиева времен Афганской войны
© Фото / из личного архива Чолпонбека Беккелдиева
Гвардиялык 149 - мотоаткычтар полкунун прапорщиги Чолпонбек Беккелдиев. Түндүк Афганистан. Баглан аймагы. Баглан шаары.1988-жыл, жаз.

КРдин Куралдуу күчтөр, күч түзүмдөрү жана оорукта эмгектенген ардагерлер кеңешинин жооптуу катчысы, гвардиянын запастагы подполковниги Чолпонбек Беккелдиевдин маалыматына таянсак, бул согушка 13 477 кыргызстандык офицер, прапорщик жана жоокер катышкан. Алардын ичинен 248 мекендешибиз каза болуп, 1,5 миңи ар түрдүү жаракат алган. Төрт боордошубуз дайынсыз жоголгон. Назарыңыздарга афган согушунун ардагерлери жана алардын жакындарынын маегин сунуштайбыз.

Биринчи мусулман батальонунун аскери Эркин Узюров

Фотографии ветерана афганца Эркина Узюрова времен Афганской войны
© Фото / из архива семьи Узюровых
Советтик армиянын жоокери Эркин Узюров Казакстандагы Жамбул облусунда аскердик кызматын өтөп жүргөн учур. Шаар тибиндеги Гвардейский поселогу. 1979-жыл

Узюров жакында эле узакка созулган оорудан каза болду. Анын 1979-жылы 27-декабрда Афганистандын диктатору Аминди бийликтен түшүрүүгө кандайча катышканын жубайы Жүмагүл эже төмөнкүчө айтып берди:

— 1978-жылы жолдошум Токмок шаарындагы айыл чарбасын механизациялоо жана электрификация техникумун бүтүрөт. Андан соң Советтик армияга чакырылып, Казакстанда аскердик кызматын өтөй баштайт. 1979-жылы жазында биринчи мусулман батальонунун катарына кирген экен. Аны менен чогуу кыргызстандык жоокер Батыр Мирзаев болуптур. Командачылык аларды атайын аскердик даярдыктан аябай машыктырып, БТР менен БМПны айдаганды үйрөтүптүр. Ошол эле жылы декабрь айынын башында бул батальон Афганистанга жиберилип, алар өлкө башчысы Аминдин ордосу “Тадж-Бек” сепилин кайтарышат. Ошондуктан афган армиясынын жоокерлеринин формасын кийишкен экен. 27-декабрда аларга карай ок мөндүрдөй жаап, күйөөмдүн кээ бир полктоштору окко учат, айрымдары оор жарадар болушат. Айлалары кеткенде орусча сөгүнүп кыйкырышкан экен. Ошондон кийин ок атуу токтоптур. Көрсө Аминдин ордосуна чабуул койгон МККнын офицерлери аларды жергиликтүү аскерлер экен деп жаңылып аткылашыптыр. Советтик жоокерлер гана орусча таза, так сөгүнөт деп ок атканын токтотушкан экен. Бири-биринин чоо-жайын түшүнгөн соң “Тадж-Бек” сепилине чогуу чабуул коюп, Аминди бийликтен кулатышат. Жолдошум орусча сөгүнгөндүн пайдасы тийип, аман калдык деп эстеп күлүп калчу. Андан кийин Кабулда СССРдин коргоо министринин биринчи орун басары маршал Сергей Соколовду кайтарат. Андан соң афган армиясында советтик кеңешчи подполковник Вячеслав Расиндин айдоочусу болот. Аны менен тил табышып, күнү-түнү чогуу жүрүшөт. Бир ирет БМПда кетип баратып, минага жарылып контузия алыптыр. 24-мартта Расин ага Асадабад шаарына барарын айтат. Жолдошум чогуу учканга даярданып, аэропортко чейин келет. Бирок Вячеслав тик учакка отурарда Эркинди калтырып кеткен экен. Тилекке каршы, ошол күнү вертолёт кырсыктап Расин каза болот. Ошентип күйөөм дагы бир ажалдан аман калат. Вячеславды эстегенде көзү жашылданып калчу. Март айынын аягында командачылык жолдошумду Союзга кетирет. Көпкө чейин биринчи мусулман батальонунда кызмат өтөгөнүн айтпай жүрдү, мамлекеттик сыр эле. Жолдошум полктошу Батыр Мирзаевди далай ирет издеди, таппай койду. Батыр да каза болгонун жакында эле уктум.

Фотографии ветерана афганца Эркина Узюрова времен Афганской войны
© Фото / из архива семьи Узюровых
Биринчи мусулман батальонун кыргызстандык жоокерлери. Сол жактан Батыр Мирзаев жана Эркин Узюров. Афганистан. Кабул шаары.1980-жыл, январь айы

СССРдин МККнын курамындагы чек ара кызматынын 5-мотоманёврдук тобунун БМП-2 айдоочусу, ага сержант Жаныбек Кожошев

Фотографии ветерана афганца Жаныбека Кожошева времен Афганской войны
© Фото / из личного архива Жаныбека Кожошева
СССРдин МККнын курамындагы чек ара кызматынын 5-мотоманёврдук тобунун БМП-2 механик айдоочусу, ага сержант Жаныбек Кожошев (сол жакта) полктошу менен. Түндүк Афганистан, Фарьяб чөлкөмү. 1989-жыл, февраль айы

Тиктешүү

— 1988-жылы күзүндө совет өкмөтү Меймене аймагынын калкына гуманитардык жардам иретинде азык-түлүк жана кийим-кече берген. Гумжардамды алып бараткан автоунаа бир кыштактын жанындагы көпүрөдөн оодарылып кетиптир. Ушул автоунаага жардам бергиле деп командир буйрук берди. БМП-2нин механик айдоочусу болчумун. Бизди бир БТР коштоп барды. Айыл коктунун ичинде экен. Бир сааттын ичинде оодарылган автоунааны трос менен сүйрөтүп тургузуп, кайра бөлүгүбүзгө жөнөдүк. Тартип боюнча механик-айдоочу бара жаткан учурда БМПдан башын чыгарып айдайт. Бир маалда 20-30 метр аралыкта дөңсөөдө эки моджахед отурганын көрдүм. Бирөөсү жонундагы мылтыкты алып мага кезегендей болду, экөөбүз эки мүнөткө жакын тиктештик. БМПдагы командирим капитан Александр Завьялов байланыш менен "байкадыңбы?" деп сурады. "Ооба" дедим. "Анда, балам, эч коркпостон алдыга айдай бер" деп дем берди. Анын деми менен согушкерлерди байкамаксан болуп жолумду улантып, бөлүккө келдик. Келгенден кийин Завьялов ошол жерде баш-аягы он чактыдай согушкер бар экенин айтып, алар бизге кол салгысы келгенин же тиги моджахед жөн эле тап бергенин ойлонуп жүрдү. Афганистан эсиме түшсө ушул окуя кылт этет. Моджахед менен тиктешип калган ошол ирмемде мен, жалпы баарыбыз, өмүр менен өлүмдүн кыл көпүрөсүндө туруптурбуз. Анын оюнда эмне турганын билбейм, эмне үчүн ок чыгарбаганы да кызык. Эмнени ойлоду болду экен?..

Фотографии ветерана афганца Жаныбека Кожошева времен Афганской войны
© Фото / из личного архива Жаныбека Кожошева
СССРдин МККнын курамындагы чек ара кызматынын 5-мотоманёврдук тобунун БМП-2 механик айдоочусу, ага сержант Жаныбек Кожошев (сол жактан биринчиси 1-катарда) полктоштору менен Түндүк Афганистан, Фарьяб аймагы. 1988-жыл

66-өзүнчө мотоаткычтар бригадасынын экинчи мотоаткычтар батальонунун алтынчы мотоаткычтар ротасынын жоокери Бактыбек Абдыкадыров

Фотографии ветерана афганца Бактыбека Абдыкадырова времен Афганской войны
© Фото / из личного архива Бактыбека Абдыкадырова
66-өзүнчө мотоаткычтар бригадысынын аскери Бактыбек Абдыкадыров (сол жакта) каракалпак полктошу менен. Кунар аймагы. Асадабад шаары. 1982-жыл.

Ит минген маймыл

— Биздин аскердик бөлүк Түштүк Афганистандын Кунар аймагынын борбору Асадабад шаарында жайгашкан эле. Бул чөлкөмдүн климаты субтропикалык. Ошондуктан ушул аймакта жапайы маймылдар көп. Бир маймылды полктошторубуз колго көндүрүп багып, Райка деп ат коюп алышкан. Ал батальондун штабында жашачу. Райка батальонубуздун толук кандуу мүчөсү жана сүймөнчүгү эле. Кылык-жоругун карап отуруп согушту да унутуп койчубуз. Штабга Союздан каттар келчү. Ал жерге барып үйдөн келген каттарды окуйбуз. Кээ бир полктошторубуз ооруп же жараат алып ооруканада дарыланганына байланыштуу штабда каттар толуп кетет. Райка бизди туурап катты ачып окумуш болуп, кээ бир учурда адам сыяктуу кейигенсип аны ыргытат. Биз аны мындай жоругу үчүн урушсак, кичинекей балага окшоп кылыктанып качат. Штабда итибиз да бар эле. Райка анын үстүнө чабандес болуп мингенин көрүп каткырыгыбыз таш жарчу. Бул биздин тынч кездеги, аз да болсо согуш үнүнөн оолак болгон сейрек ирмемдерибиз эле.

Фотографии ветерана афганца Бактыбека Абдыкадырова времен Афганской войны
© Фото / из личного архива Бактыбека Абдыкадырова
66-өзүнчө мотоаткычтар бригадысынын жоокери Бактыбек Абдыкадыров (оң жактан биринчи) каракалпак полктоштору менен. Түштүк Афганистан Кунар аймагы. Асадабад шаары. 1982-жыл.

501-өзүнчө оор батальондун зенит аткычы Алмазбек Аралбаев

Фотографии ветерана афганца Алмаза Аралбаева времен Афганской войны
© Фото / из личного архива Алмаза Аралбаева
501-өзүнчө оор батальондун зенит аткычы Алмаз Аралбаев (оң жакта биринчи) Жеңиш Мырзакулов, Марсбек Осоров. 1988-жыл, 8-июль. Фрунзе шаары

Ажалы жок командир

— 1988-жылы апрель айында Кундуз шаарына бара турчу автоколоннаны БТР-80 менен коштоп келе жаткан учурда моджахеддер кол салышты. Ротабыздын командири ага лейтенант, теги фин Хайнукайнендин ийинин үч ок тешип кетти. Тилекке каршы, ысымы эсимде жок, бою эки метрге жакын, олбурлуу жигит эле. Эгерде бою орточо болгондо ок башына тийип өлмөк экен. Согушкерлерди тынбай аткылап, курчоодон чыгып кеттик. Хайнукайненди Пули-Хумри шаарындагы аскердик госпиталга жеткиздик. Эртеси анын ал-акыбалын сурап коёлу деп барсак, абалы шүгүр экенин, калган аскердик кызматты жакшы өтөгүлө деген агалык кеңешин берди. Бир аз убакыттан кийин аны Кабул аркылуу Кавказдагы аскердик госпиталга дарыланууга алып кетишти. Биздин да аскердик мөөнөтүбүз бүтүп, Союзга кеткенге буйрук чыкты. Май айында ал "жигиттер, кандайсыңар? СССРге кеткенге даярданып жатасыңарбы? Аман-эсен үйгө жеткиле. Мен Кавказда дарыланып жатам, майыптык боюнча армиядан кетем го" деп кат жазды. Тилекке каршы, командирибиздин кийинки тагдырын билбейбиз. Ийиндешип согушкан адамдарың жакын болуп калат экен, кандай болду экен деп көп ойлоном...

  • 501-өзүнчө оор батальондун зенит аткычы Алмазбек Аралбаев (оң жактан үчүнчү, биринчи катарда) Афганистандан кеткенге чейин 100 күн калганда. Биринчи катарда оң жактан биринчи читалык полктошу Сергей Грибанов. Ал апрель айынын аягында курман болгон. 1988-жыл, март айы. Түндүк Афганистан. Пули-Хумри шаары
    501-өзүнчө оор батальондун зенит аткычы Алмазбек Аралбаев (оң жактан үчүнчү, биринчи катарда) Афганистандан кеткенге чейин 100 күн калганда. Биринчи катарда оң жактан биринчи читалык полктошу Сергей Грибанов. Ал апрель айынын аягында курман болгон. 1988-жыл, март айы. Түндүк Афганистан. Пули-Хумри шаары
    © Фото / из личного архива Алмаза Аралбаева
  • Алмазбек Аралбаев (оң жакта) Арсен Садуев (Дагестан, Казбек району). Түндүк Афганистан. Пули-Хумри шаары. 1988-жыл.апрель айы.
    Алмазбек Аралбаев (оң жакта) Арсен Садуев (Дагестан, Казбек району). Түндүк Афганистан. Пули-Хумри шаары. 1988-жыл.апрель айы.
    © Фото / из личного архива Алмаза Аралбаева
  • 501-өзүнчө оор батальондун зенитка аткычы Алмазбек Аралбаев (биринчи ылдый жактан) полктоштору менен. Түндүк Афганистан. Кундуз аймагы. 1987-жыл.март айы.
    501-өзүнчө оор батальондун зенитка аткычы Алмазбек Аралбаев (биринчи ылдый жактан) полктоштору менен. Түндүк Афганистан. Кундуз аймагы. 1987-жыл.март айы.
    © Фото / из личного архива Алмаза Аралбаева
1 / 3
© Фото / из личного архива Алмаза Аралбаева
501-өзүнчө оор батальондун зенит аткычы Алмазбек Аралбаев (оң жактан үчүнчү, биринчи катарда) Афганистандан кеткенге чейин 100 күн калганда. Биринчи катарда оң жактан биринчи читалык полктошу Сергей Грибанов. Ал апрель айынын аягында курман болгон. 1988-жыл, март айы. Түндүк Афганистан. Пули-Хумри шаары
2521
Белгилер:
командир, кол салуу, штаб, согуш, армия, Афганистан, СССР
Тема боюнча
Согуш токтойт деген үмүт акталбай калды... Афган согушунун эстен кеткис ирмемдери
Абадан ташталган 7 млн тонна бомба. Вьетнам согушуна катышкан кыргызстандыктар
1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш. Майданда кан төккөн кыргызстандыктар
Стволдуу замбирек орнотулган өзү жүрүүчү Спрут-СД. Архив

"Мындай нерсе жок эле": РФ кандай танк чыгарууга белсенди?

189
(жаңыланган 19:14 25.02.2021)
Кубаттуу, ыкчам жана кынтыксыз корголгон... Бир түрдүү зооттолгон "Бумеранг" платформасынын негизинде россиялык дөңгөлөктүү жаңы танк жаратууга камынды.

Шассинин өзгөчөлүктөрү анын ичинде ушундай эле жылмакай стволдуу замбирек орнотулган өзү жүрүүчү "Спрут-СД" өңдүү курал комплексин жыйноого мүмкүндүк берерин айтат РФтеги "Аскердик-өнөр жай компаниясынын" башкы директору Александр Красовицкий. Дөңгөлөктүү танкты Андрей Коц мүнөздөп чыккан.

Сирияда кереги тиет

Александр Красовицкийдин айтымында, зооттолгон "Бумеранг" платформасынын негизиндеги дөңгөлөктүү жаңы танкты иштеп чыгуу аяктап барат. К-16 зооттолгон транспортерун жылдын аягына чейин сыноо пландалган.

Инженерлер белгилегендей, бул аппаратты жасоодо илим жана техниканын эң акыркы жетишкендиктери пайдаланылды. Кийинки пландарда өзгөчө багыттагы жана бөлөк үлгүлөрдөгү техника – БМП К-17ни сыноо да бар. "Аскердик-өнөр жай компаниясынын" башкы директору "Бумеранг" платформасынын базасындагы дөңгөлөктүү танкын тез арада бүтүрүү өнөр жай үчүн маселе эместигин баса белгилейт.

Ушул сымал техникалар Советтер Союзунда да чыгарылган, россиялык армияда толук бурулчу мунарасында кубаттуу курал орнотулган дөңгөлөктүү танктар болгон эмес. Зооттолгон автомобилдердин тобун бейрасмий түрдө ушинтип атап коюшат.

Корголушу боюнча бул машиналар чынжырлуу танктарга жетпесе да, ыкчамдыгы, маневр жана жүрүш запасы боюнча алардан артык.

"Дөңгөлөктүү танктар аларга ылайык топурактуу өлкөлөрдө кеңири таралган, — дейт аскерий эксперт Алексей Леонков. — Мисалга Африкада. Атап айтканда, Түштүк Африка Республикасында дал ушундай дөңгөлөктүү танктарга басым жасашат. Алардын негизги артыкчылыгы — ылдамдык жана бир ремонттон кийинкисине чейинки жүрүш аралыгы. Эгер негизги танк он миң чакырымдан кийин бузулуп калса, анда замбиректүү зооттолгон автомобиль жүз миң чакырым жүрө алат".

Эксперттин айтымында, мындай техника ошол эле Сирияда күзөт өтөөгө көмөкчү болмок. Азыр ал жакта аскердик полиция "Тигр" жана БТР-82А зооттолгон автомобилдерин айдап жүрүшөт. Леонков зооттолгон транспортер өңдүү эле танк суу бөгөттөрүнөн да өтүп, жүрүп да, сүзүп баратып да ок атууга жөндөмдүү. Күчтүү куралдан улам аны рейддерде, ошондой эле жалпы операцияларда, атап айтсак, аскердик катарда, чалгында, чалгындоочу отрядда жана кайтарууда колдонууга болот.

Ири калибр

Болоттон жасалган танктар абдан бышык асфальт жолду да талкалап кетери жашыруун эмес. Жол катмарына дөңгөлөктүү техника зыян келтирбегендей болушу маанилүү. Дал ушул себептен зооттолгон оор техниканы атайын тартып келүүчү транспортерлор менен жеткирүүнү ылайык көрүшөт. Жүктөө жана түшүрүүгө бир топ убакыт кетет. Ал эми дөңгөлөктүү танк согуш талаасына дароо, эч кандай машакатсыз жана даярдыгы жок эле кирип кетет.

Келечектүү танктын негизги куралы катары атайын аба-десанттык күчтөр үчүн иштелип чыккан 125 мм замбиректүү курал бөлүгү каралган. Мындай жабдык өзү жүрүүчү "Спрут-СД" танкка каршы замбирегинде да орнотулат. Октоо автоматы жана 40 дүрмөттөн турган ок-дарысы менен турукташтырылган тутумдагы жылмакай стволдуу 2А75 Т-72 жана Т-90 танктарындагы 2А46М куралына окшош.

Өзү жүрүүчү аппарат тийиштүү калибрдеги ок-дарынын бардык түрү менен октолуп, анын ичинде танкка каршы коргонуу тутумундагы тескелүүчү ракеталарды да кое бере алат.

Ок бөлүгүнүн кошумча жабдылышы — 7,62 миллиметрлик калибрдеги танктык Калашников пулемету менен жупташтырылган курал. Мындай жабдууда замбиректик "Бумеранг" дүйнөдөгү эң күчтүү дөңгөлөктүү танкка айлана алат.

Батыш жана Чыгыштагы бул типтеги аскердик техниканын басымдуу бөлүгү 105 миллиметрге чейинки калибрге ээ.

Дөңгөлөктүү танктар менен НАТО жана Азия чөлкөмүндөгү бир нече өлкөлөр камсыздалган. Атап айтсак, Stryker платформасындагы америкалык M1128 MGS, ошондой эле франциялык AMX-10RC, япониялык MCV, италиялык Centauro танктары аталган мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндө бар.

РФтин коргоо министри мурунку он жылдыктын башында Рим менен

Centauro партиясын сатып алуу боюнча макулдашкан. Ал түгүл бир нече машина Россияга сыноо үчүн алып келинген, бирок иш ошол менен тык токтогон. Италиялык дөңгөлөктүү танктар аскердик техниканын ишенимдүүлүгү боюнча Россиянын талаптарына төп келген эмес.

Танк жана дрондордун мизин кайтарат

"Бумеранг" дөңгөлөктүү платформасы алгач ирет 2015-жылдагы Жеңиш күнүндөгү парадда элге көрсөтүлгөн. Бул негиздеги техника БТР тибиндеги советтик жана россиялык транспортёрлордон кыйла көлөмдүү жана күчтүү келет.

Шосседе 750 ат күчүндөй кубаттуулуктагы ЯМЗ-780 кыймылдаткыч саатына 100 чакырымга чейин күүлөнө алат. Мотордук бөлүгү алдында, бул десантты арт жагынан салып жана түшүрүүгө мүмкүндүк берет.

"Бумеранг" тобундагы машиналар керамика камтылып, кат-кат сооттолгон, ал эми бул гомогендик коргоого караганда алда канча ынанымдуу. Азырынча дөңгөлөктүү БМП К-17 бул топтогу эң күчтүү машина деп саналат, бул универсалдуу "Бумеранг-БМ" аскердик модулу менен аралыктан башкарылат. Машина тандалма ок-дарылар жана кошумча 500гө чейинки дүрмөт менен камсыздалган 30 миллиметрлик автоматтык замбирек, ошондой эле эки эселенген "Корнет" танкка каршы коргонуучу эки ракета менен камсыздалган.

Мындан олуттуу варианты да бар: К-17 үчүн болжолдуу аскердик модулдардын бири — мүнөтүнө120 ирет ок атуучу 57 миллиметрлик замбиректүү АУ-220М "Байкал". Анын дүрмөттөрүнүн күчү батыштагы акыркы үлгүдөгү бардык пехоталык машиналар менен күрөшкө жетишерлик деп айтылат. Мындан тышкары, 57 миллиметрлик калибри учкучсуз учуучу аппараттарды, анын ичинде чакан көлөмдүүлөрүн да 12 чакырымга чейинки аралыктан таамай жок кылууга мүмкүндүк берет.

189
Белгилер:
армия, Россия, техника, илим, Сирия, танк
Тема боюнча
Россия менен Евробиримдик мамилеси: Лавровдун билдирүүсү көңүл чордонунда
Абу-Дабидеги көргөзмөгө коюлган россиялык коргонуу комплексинин саамалыгы
Көп багыттуу F-35 Lightning II бомбалоочу истребители. Архив

F-35тин солгундашы. Истребителди кайрадан "кара булут чулгоодо"

188
(жаңыланган 20:33 23.02.2021)
Көп багыттуу F-35 Lightning II бомбалоочу истребители америкалык артыкчылыкты жана аскердик күчтүн жогорку технологиялык символу болууга тийиш эле, бирок бул аппарат жаатында АКШнын Аскердик өнөр жай комплексинин мүмкүнчүлүгү чектелүүдө.

Себеби "бешинчи муундагы" көзгө чалдыкпас учактын солгундашына күбө болуп келебиз. F-35тин америкалык паркынын үчтөн экиси кыймылдаткычтагы көйгөйүнөн улам уча албайт. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул аппараттын кемчилиги, келечегине сереп салган.

Учактын оголе көп орчундуу конструктивдик мүчүлүштүктөрү бар. Пентагон тарабынан белгиленген сыноодон өткөн жок, алигүнчө жалпы өндүрүшкө уруксат чыга элек. Ушул тапта АКШнын Аскердик аба күчтөрү F-35тен баш тартып, 4+ муундагы жөнөкөй  F-16 истребителин тандоого даяр.

Пентагондогулар F-35A учагына буюртманын көлөмүн адегенде 40 пайыздан ашуун, тагыраагы, 1 763төн 1050 учакка чейин кыскартууну сунуштаган. Аны менен катар эле АКШ Аскердик аба күчтөрү эски, бирок ынанымдуу F-16 Fighting Falcon учагына буюртма алуу жолун караштырууда.

F-35 бомбалоочу истребителин АКШ Аскердик аба күчтөрү беш жылдан ашуун убакыттан бери пайдаланып келет, бирок даярдыгынын төмөндүгү, майнапсыздыгы өнөкөткө айланган. АКШ коргоо министринин орун басары мурдараак F-35 Lightning истребителдеринин 36 пайызы гана учууга жарактуу экенин, калган машиналар "жарым-жартылай гана иштээрин" маалымдаган.

Бул аппараттардын даярдык даражасы азыраак деңгээлде Аскердик аба күчтөрү менен, ал эми көбүнесе стелс-каптагычы, кыймылдаткычы, навигация жана учкучтун өмүрүн тобокелдикке сала турган "оңдолгус" конструктивдүү кемчиликтерине жараша аныкталат.

F-35тин бирдигин 100 млн. долларга сатып алган АКШнын союздаштары жана өнөктөштөрүнүн (Улуу Британия, Норвегия, Израиль, Италия, Сингапур, Түштүк Корея, Япония) үмүтү акталган жок. Учак 5-муундагы көрсөткүчтөргө төп келбейт, аскердик даярдыкка дегеле караандабайт, башкача айтканда, багыты боюнча милдеттерин аткара албайт. Кызыгы, АКШнын Аскердик өнөр жай комплексинин "чийки" түзүлүшүн алууга кезек бүтпөйт.

Бириккен Араб Эмирлиги F-35тен 50 даана алууга келишим түзгөн. Израиль "чагылган" паркын үч эскадрилияга (40 машинага чейин) көбөйтүү ниетин билдирген. Мындай жагдайды АКШ менен "достукка" жамынган акы менен гана түшүндүрүүгө болот.

F135 – майнапсыз кыймылдаткыч

Мурда "чагылгандардын" үндөн ыкчам ылдамдыкта стелс-каптагычы жана корпусу талкаланып кетери, кычкылтектин берилишиндеги үзгүлтүктөр (учкучтарга) жана F-35тин программалык камсыздоосундагы мүчүлүштүктөр туурасында кабарланган.

Инженерлер пайдалануунун жүрүшүндө анын кемчиликтерин жоюуга аракет кылышат, бирок алар улам арбып барат. АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн F-35A истребители F135 менен жабдылган, аны америкалыктар "дүйнөдөгү каалаган истребителге пайдаланылчу эң кубаттуу" кыймылдаткыч деп санашат. Бирок дал ошол жабдыгы F-35тин начар иштешинин негизги себеби болуп эсептелет. Машакаттуу F135тин бир саат учушуна 31 миң, ал эми "карыя" F-16 – 8 миң долларга чукул каражат сарпталат. Айтмакчы, Pratt&Whitney компаниясынын F135 кошумча кыймылдаткычтары жетишсиз, ал тургай жай убакта да тартыштык бар. Кокус согуш тутанып кетсе, абага F-35 учактарынын үчтөн бири көтөрүлөт, кийин душмандын абадан коргонуу каражаттарынан да эмес, металлдын ысып кетишинен эле күндөн-күнгө азаят.

F-16ны алмаштырууга да мезгил жетти

АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн согушка жарамдуулугун сактоо үчүн F-35тин үлүшүн кыскартууга аргасыз. Алар заманбапташтырылган F-16 Fighting Falcon (бул менен 1979-жылы куралданышкан, бүгүн мындай типтеги 790 истребитель бар) менен алмаштырылат. Төртүнчү муундагы F-16 көп функциялуу жеңил истребителинин учуш массасы – 21,8 тонна, илмегинин 9 бурчунда 7,7 тонна авиабомба жана ракета ташый алат. Радиусу – 1700 чакырым, максималдуу ылдамдыгы – саатына 2200 чакырым. Аймактык жаңжалдар үчүн дурус машина, бирок "бешинчи муундан" бир кадам артка чегинүү (технологиялык деградация) жакшы эмес. Пентагондо бул жаатта компромисс издөөдө.

Аскердик аба күчтөрүнүн штаб жетекчиси генерал кенже Чарльз К. Браун "антиквариатты" (F-16) сатып алууга каршы чыгып, F-35ке салыштырмалуу арзан-жөнөкөй, бирок F-16га караганда заманга төп бир моторлуу жеңил истребителдин жапжаңы классын иштеп чыгууга чакырды. Кенже Браун буларды "төрт жарым же бештен кем муундагы" машиналар деп сыпаттады.

Америкалык Аскердик аба күчтөрү F-16 Fighting Falcon истребителдерин аскердик учактарга алмаштыруунун жөндүүлүгүн баалоо үчүн изилдөө программасын баштады. Изилдөө каржылык 2023-жылдын башталышына чейин аягына чыгат. F-35 батыш дүйнөсүндө өндүрүлгөн "бешинчи муундагы" жалгыз истребитель болгондуктан ушундай машакат жаратууда. Ал менен шарттуу түрдө атаандашкан кансыз согуш доорундагы төртүнчү муундагы конструкциялар, тагыраагы, Boeing өндүрүшүндөгү F-15 жана F-18 истребителдеринин эскилиги жетти.

АКШнын европалык союздаштары бешинчи муундагы өз истребителин чыгарууга батына элек, ал эми үмүтү үзүлгөн Улуу Британия, Польша, Бельгия, Италия америкалык F-35ти сатып алууга инвестициялап келет.

"Чагылганды" иштеп чыгууга жалпы чыгымдар 400 млрд. доллардан ашып кетти, бирок бул улуттук бюджеттик каражаттарды туура эмес пайдалануунун башаты гана болду.

АКШнын Куралдуу күчтөр боюнча сенаттык комитетте F-35ти "коргоо жаатындагы сатып алуулардын бузулган тутумунун хрестоматиялык үлгүсү" деп атап, ал эми кезегинде белгилүү саясатчы, эски учкуч Жон Маккейн: "F-35 программасынын рекорддук көрсөткүчтөрү нарк, график жана өндүрүмдүүлүк жаатында жаңжал жана апаат болгон", — деп мүнөздөгөн. Анткен менен "Чагылган" АКШ жана анын союздаштарынын Аскердик аба күчтөрүнүн бышыктыгын дагы далай сынай турганы анык.

"Көзгө чалдыкпас" F-35 долбоорунун мындай "өнөкөт" ийгиликсиздеринен улам россиялык Су-57 истребителинин технологиялык жетишкендиктери өзгөчө айырмаланат. Бул – гипер үндүү ракеталарды өздөштүрүп жаткан дүйнөдө чыныгы бешинчи муундагы истребителдеринин карлыгачы. Америкалыктар россиялык куралдын артыкчылыгын аргасыз моюнга алууда.

188
Белгилер:
истребитель, долбоор, АКШ
Тема боюнча
"Баарын ойрон кылат": Пентагон Россияны "ооздуктоого" камынды
"Кайырмак да беришет бекен?". Украинага тартууланган үйлөмө кайыктар
ЖККУ мамлекеттеринин машыгуулары. Архив

ЖККУ машыгууларынын зарылдыгы. Быйылкыга эмнелер пландалган?

0
Эл аралык терроризм коркунучу жана НАТОнун деструктивдүү аскердик активдүүлүгү күчөп турган шартта Жамааттык коопсуздук келишим уюму коргонуу дараметин жогорулатып, биргелешкен машыгууларды байма-бай өткөрүп келет.

Уюмдун мүчөлөрүнө Европада АКШнын аскердик күчтөрүнүн кеңейиши, бир катар батыш өлкөлөрүнүн коалициялык жана улуттук потенциалынын өсүшү, Афганистан жана Сириядагы быкшып турган согуштук жаңжалдар, эл аралык терроризм жана регионалдык экстремизм кооптуулук туудурат. ЖККУнун иш-аракеттери, мүчө мамлекеттердин биргелешкен машыгуулары, Батыштын саясатынын эпкинине туруштук бериши тууралуу аскерий баяндамачы Александр Хроленко ой толгогон.

Жамааттык коопсуздук тутуму коркунучтарга акыл калчоо менен ыкчам чара көрөт. Эң оболу аскердик даярдык жаатында чогуу иш-аракеттерди өткөрөт. Бул боюнча ЖККУнун Биргелешкен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров Москва калаасындагы басма сөз жыйынында билдирди. Анын бул баасы орундуу.

Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы "Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жөнүндөгү келишимди" узартууга макул болду. Анткен менен Чыгыш Европада АКШнын ракетага каршы коргонуу тутуму чыңдалууда.

Румыниядагы (Девеселу) ракетага каршы коргонуу тутумдар базасына кошумча 2022-жылы Польшадагы (Редзиково) ушундай эле объекти ишке кирет. Дал ушул жайлардан 2000 чакырымдан ашуун ыраактыкка багытталган сокку уруучу "Томагавк" канаттуу ракеталары колдонулушу ыктымал.

Польша, Балтия өлкөлөрү, Болгария жана Румыниядагы алдыңкы базаларда аскердик күчтөрдү кабыл алуу жана жайгаштыруу үчүн Пентагондун курал-жарак, аскердик техника жана материалдык каражаттарын пландуу түрдө топтоо уланууда.

Вашингтон жана Варшаванын ортосундагы коргонуу багытындагы кызматташтыкты кеңейтүү туурасындагы макулдашууда Польшанын аймагында 20 миң америкалык аскер кызматкерин туруктуу жайгаштыруу үчүн инфраструктура объектилерин куруу камтылган.

Чар тараптан

ЖККУ өлкөлөрү бир эле убакта Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Кавказ багытындагы коркунучтарга жооп берүүгө аргасыз. 2021-жылдагы аскердик окуулар антитеррордук күрөшкө басым жасап, аскердик машыгууну жакшыртууга жана ЖККУнун коргонуу дараметин өстүрүүгө багытталган.

Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган "Аскердик бир туугандык 2021" биргелешкен ыкчам-стратегиялык машыгуулар кыйла маанилүү окуя болмокчу.

Иш-чара "Издөө-2021" чалгындоо күчтөрү жана каражаттарын тартуу менен, ЖККУнун бөлүктөрүнүн камсыздоо материалдык-техникалык камсыздоо ("Эшелон-2021"), уюмдун алкагында Ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдүн ("Өз ара аракет этүү-2021") биргелешкен машыгууларын Жамааттык күчтөрдүн ар кыл компоненттеринин даярдыгын атайын окуулар форматында бириктирет.

Жамааттык коопсуздуктун Борбор Азиялык чөлкөмүндөгү окуулардын жүрүшүндө Жамааттык күчтөр тобу ЖККУ аймагына эл аралык террордук уюмдардын согушкерлеринин киришине жол бербөө уламышы боюнча курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу заттарды ташуу каналдарын бөгөп, террорчулардын "жашыруун ячейкаларын" таап, жок кылат.

Иш-чаранын акыркы баскычында ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн "Бузулгус бир туугандык – 2021" биргелешкен окуусу РФ аймагына пландалган (аскерлер тынчтык орнотуу операция ыкмасы аркылуу кризистик зонада жаңжалдан кийинки жөнгө салуу сценарийине ылайык машыгышат).

Биргелешкен иштиктүү оюн ЖККУнун Москвадагы Кризистик чара көрүү (жооп кайтаруу) борборунда мүчө мамлекеттердин тийиштүү министрлик жана мекемелеринин ыкчам топтору менен өз ара аракетте уюмдун Башкы катчысынын жетекчилиги алдында өтмөкчү. Мында жамааттык коопсуздук факторлору майда-чүйдөсүнө чейин каралып, өнүгүшү божомолдонуп, көйгөйлөрдү чечүүнүн бардык баскычтарында таасир этүүнүн компенсациялык чаралары жана механизмдери аныкталат.

Ырбатууга басым жасашкандай...

Чыгыш Европа багытында америкалык топтордун улам көбөйтүлүп жаткан сокку уруучу-чабуул коюу мүмкүнчүлүктөрү Беларусь жана Россияга реалдуу коркунуч болуп саналат. "Алдыңкы катарда болууну күчөтүү" жана "Атлантикалык чечкиндүүлүк" операцияларында жана Балтия өлкөлөрүнүн аба мейкиндигин кайтаруу боюнча миссияга НАТОнун бириккен куралдуу күчтөрүнүн 12 миңден ашуун аскер кызматкери тартылган.

"Түндүк" (Латвия), "Түндүк-Чыгыш" (Польша), "Түштүк-Чыгыш" (Румыния) көп улуттуу дивизияларынын штабдары түзүлгөн. Румынияда көп улуттуу корпустун штабын уюштуруу макулдашылууда. Польшанын аймагында 2020-жылдын ноябрында АКШнын Кентукки штатынан келген кургактагы аскердик бөлүктөрүнүн 5-армиялык штабынын ишмердиги жандандырылган.

Литванын Куралдуу күчтөрүнүн Беларустун мамлекеттик чек арасына жакын жердеги "Пабраде" полигонуна америкалык танктык батальон жайгаштырылган. НАТО чалгындоо мүмкүнчүлүктөрүн чыңдап, өзөктүк потенциалды аскердик багытта колдонууну жактайт.

Европалык согуштук аракеттер театрында альянстын ыкчам жана аскердик даярдык иш-чараларынын саны эки эсе артты. Ал түгүл машыгууларга өзөктүк курал ташуучу америкалык стратегиялык бомбалоочу учактар да тартылды.

Окуулардын көпчүлүгүнүн сценарийинде Германиядан түндүк-чыгыш (ФРГ – Польша – Балтия өлкөлөрү) жана түштүк-чыгыш (ФРГ – Венгрия – Болгария) коридорлору аркылуу аскердик бөлүктөрдү көчүрүү, кийин аларды чабул коюучу көп улуттуу ири топтордо пайдалануу ниети камтылат.

НАТОнун ишмердигинин негизги багыттары Вашингтондун түздөн-түз көзөмөлүндө жана "россиялык агрессияны ооздуктоого" даярдык уюмдун дээрлик бардык доктриналык документтеринде бекитилген.

АКШ бийлигинин тышкы саясатынын негизги багыты – аскердик күчтүн эсебинен глобалдык лидерликти камсыздоо. Мамлекеттер аралык алакалардын жаңы "нормалары" пайда болгон карама-каршылыктарды чечүүдө күч ыкмаларын пайдалануу чегин төмөндөтөт.

Борбор Азия чөлкөмүндө ЖККУ өлкөлөрүнө исламдык террорчу топтор негизги кооптуулукту туудурат. Генерал-полковник Анатолий Сидоровдун маалыматында, "Талибан" кыймылынын катарында (Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердигине тыюу салынган террордук уюм) 70 миңге чукул согушкер бар, алардын 15 миңи Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен түндүк райондорунда аракет этишет.

Талибдер Афганистан Ислам Республикасынын территориясынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөйт. Өлкөнүн азыркы жетекчилигин кулатып, "Афганистан Ислам эмирлигин" кайра калыптандырууга умтулат.

Аймактык коопсуздукка "Ислам мамлекетинин" (Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердигине тыюу салынган террордук уюм) 4000дин тегерегиндеги согушкери бар афгандык филиалы коркунуч келтирет.

Айрыкча чыгыш жана түндүк провинцияларындагы отряддар активдешкен. Террорчулар Тажикстан жана Пакистан менен чектешкен райондорду көзөмөлдөөгө, ыңгайлуу плацдармдарды түзүүгө, кийин аларды Борбор Азия мамлекеттеринде кеңейтүүгө умтулушат.

Афганистанда ошондой эле "Өзбекстандын ислам кыймылы", "Аль-Каида", "Чыгыш Түркестандын ислам кыймылы" (2500гө жакын согушкер) террордук топтору да бар. Бул менен катар чет элдик (АКШ жана НАТО) аскерлердин дагы кыскарышы, афгандык күч структураларынын куралдуу оппозияга майнаптуу туруштук берүүгө жөндөмсүздүгү исламчылардын кызыкчылыгын жайылтууга жана алардын тарапташтарынын санын арттырууга ыңгайлуу шарт түзүп берүүдө.

Жамааттык коопсуздуктун Кавказ аймагында Грузия менен НАТОнун аскердик кызматташуусу күч алып, региондо АКШнын аскердик орун алышы, анын ичинде республиканын территориясынын жана Кара деңиз акваториясынын аба мейкиндигин көзөмөлдөө үчүн кеңейип келе жатканы байкалат.

Брюсселдеги жакындагы эле жолугушуулардын жыйынтыгында аталган өлкөнүн жетекчилиги жана Түндүк атлантикалык альянс тарабынан "НАТО – Грузия орчундуу чаралар топтому" толукталып, эки жак быйыл биргелешкен ыкчам жана аскердик даярдык машыгууларды, альянстын согуштук кемелеринин грузиялык портко карай алган сапарларын, улуттук армиянын НАТО стандарттарына жетишүүсү "аяктаганча" каржылык жардамды көбөйтүү боюнча макулдашты.

Ошол эле убакта Грузия, Молдова, Украина союзун түзүү демилгеси да ортого салынууда. Кошмо штаттардын Кавказда абалды ырбатууга жана туруксуздукту жаратууга басым жасаганы мыйзам ченемдүү түрдө чөлкөмдөгү коопсуздукка доо кетишине кептегени турат.

Тышкы кооптуулук жана коркунучтарга карабастан ЖККУнун аскердик кызматташтыгы коргонуучу мүнөздө гана жүрөт, Жамааттык күчтөрдүн жоопкерчилигиндеги аймактарда террордук топтор менен күрөштө Россия армиясы сириялык тажрыйбасын колдонууга аргасыз болбойт деген үмүт бар.

0
Белгилер:
саясат, кырдаал, Афганистан, НАТО, АКШ, машыгуу, ЖККУ
Тема боюнча
Россиялык "Армата" танкы чет өлкөгө талпынды. Кайда бет алат?
Генералдык штабдын башчысы Өмүралиев ЖККУнун башкы катчысы Зась менен жолукту