Микрофонго сүйлөп жаткан адам. Архив

Сөгүнүүнү тыйган мыйзамды кайтаралыбы? Оозуна ээ боло албагандар кандай жазаланмак

564
Колумнист Эламан Карымшаков тилинен жаңылгандарга чара көрө турган мыйзам керекпи же жөн эле койгон жакшыбы деп суроо салды. Жаза колдоно турган норма эки жыл иштеп, кайра жоюлуп кеткен.

Эстрада ырчысы Курал Чокоевдин сөгүнүп, уят сөздөрдү сүйлөп даярдаган автордук программасы коомчулуктун сынына кабылды. Шоуго ырчылар Кайрат Примбердиев менен Кайрат Кыргыз конок катары катышкан. Маданий кызматкерлеринин адаттан тыш жоругу көпчүлүккө жага бербеди. Мындан улам аларды жектеп, чара колдонуу талабы менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылып жатышты. Министр Нуржигит Кадырбеков "мына сага" деп Чокоевдин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алды. Ал эми Примбердиевдин "Эмгек сиңирген артист" наамынан ажыратууну президенттин аппаратына сунуштады. Ошондой эле мамлекеттик маданий иш-чараларга эки ырчыны белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо аракетин көрүүдө.

Ушул жаңылыкты окугандан кийин сөгүнгөндөрдү жазага тартуу мыйзамы эсиме түштү. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев коомдук жайда тартип бузгандарга чара колдонуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп, 2017-жылдын башында күчүнө кирген. Ага ылайык, оозуна ээ боло албагандар майда бейбаштык жасады деп саналып калган.

Бул норма Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 364-беренесине киргизилип, сегиз саатка кара жумушка кесүү менен 1500 сом айып пул салуу же болбосо беш суткага камоо жазасы каралган.

Тилекке каршы дейбизби же бактыга жарашабы, бул мыйзамдын өмүрү кыска болуп, эки жыл эле жашады.

2019-жылдын 1-январында жаңы кодекстер күчүнө кирери менен бул норма алып салынган. Ага ылайык, коомдук жайда сөгүнгөндөргө эмес, түкүргөндөргө чара колдонула баштады.

Азыр Жоруктар кодексинен да, Бузуулар кодексинен да Жеенчороевдин мыйзамын кезиктирүү мүмкүн эмес.

Жоруктар кодексинин 119-беренесине майда бейбаштык деген бөлүм бар. Ага зомбулук же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу, коомдук тартипти же жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуу киргизилген. Мындай жорук жасагандарга 30-60 миң сом айып пул салынат же алты айдан бир жылга чейин камалат.

Ал эми Бузуулар кодексинин 81-беренесинде коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча нормалар каралган.

Көчөлөрдө, стадиондордо, скверлерде, коомдук транспортто жана башка коомдук жайларда баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды колдонгондор же спирт ичимдиктерин ичкендер, адамдык кадыр-баркты, коомдук адеп-ахлакты мазактагандар жана мас болуп жүргөндөр жазага тартылат. Жеке жактарга 5 500 сом, юридикалык тараптарга 17 000 сом айып салуу каралган.

Жыйынтыктап айтканда, азыр коомдук жайда сөгүнгөндөргө карата бийлик чара колдоно албайт. Бирок адаштырбаңыз, сизди бирөө сөксө милицияга арыз жаза аласыз. Ал эми жаныңыздагы адамдардын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатса айла жок...

Эми элестетип көрөлү, эгер 2017-жылы кабыл алынган мыйзам күчүн жоготпогондо Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев мамлекет тарабынан берилген наамдардан гана айрылбастан жазага да тартылмак. Тагыраак айтканда, милиционерлер бул эки ырчынын жана программанын башка катышуучуларынын эшигин каккылап бармак. Сот чечими менен балким микрофон кармаган колдор сегиз саат кара жумуш жасап, 1 500 сом айып төлөмөк же беш сутка абакта отуруп чыкмак.

Ушул сыяктуу жаза 2018-жылдын февраль айында Бишкектеги түнкү клубдун диджейине колдонулган. Жылаңачтанып алып музыка койгон диджей кыздын видеосу социалдык тармакка тарап кеткенден кийин милиция аны кармап, беш күнгө камаган. Ал эми клубдун администратору 1 500 сом айып төлөп, сегиз сааттык коомдук жумушка тартылган.

Оозуна алы жетпегендерге чара көрө турган мыйзамды кайра кайтарыш керекпи же жөн эле койгон жакшыбы? Пикириңизди калтырыңыз, баарлашалы.

564
Белгилер:
сөгүнүү, чара, жаза, тыюу салуу, мыйзам, ырчы
Тема боюнча
Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевге чара көрдү
Вашингтондогу Капитолийдин имаратынын алдында полиция менен кагылышуу учурунда Трампты колдогон демонстранттар көздөн жаш агызуучу газ булуту менен капталыпп жатыша

Ыркы кеткен АКШнын кооптуулугу артабы? Сереп

140
(жаңыланган 10:44 13.01.2021)
АКШ чындап эле дүйнөдөгү эң күчтүү, гегемонизмге талаптанган держава экени талашсыз, бирок бул – жакындагы окуяларга чейин эле ичинде ырк кеткен держава.

Тереңдеп бараткан ички саясий каатчылык Кошмо Штаттарды тышкы дүйнө үчүн дагы коркунучтуу кылат. Улутчул Трамптан реванш алган глобалисттик маанайдагы истеблишмент дүйнөлүк аренада колдон чыгаргандарынын эсесин толтурмакчы. Америкалыктардын көңүлүн ички көйгөйлөрдөн тышкы маселелерге бурууга аракеттенет. Дегеле жарадар жырткычтан баарын күтсө болот... Ушундай божомолдор соңку убакта Россияда көп жаңырууда. Ушул теманын тегерегинде Петр Акопов ой чубаган.

Булардын баары АКШ супер держава гана эмес, азырынча атаандашы жок дүйнөлүк гегемон, АКШдагы кандай гана маселе болбосун, дүйнөгө дүрбөлөң салчудай чагылат деген ойдон улам чыгууда. Ошондуктан АКШдагы каатчылык башкаларга оңдой берди болгону менен кубанарлык нерсе жок. Тескерисинче, бардык фронтторго чабуулга өткөнгө чейин жаңы сыноолорго даяр болууга тийишпиз.

"Капитолий басылгандан" кийин "эми дүйнөдөгү тынчтыкты ким коргойт, глобализация жолуна адамзатты ким илгерилетет? Күчтөнүп бараткан Кытай, Россия жана башка демократиялык жетишкендиктерге жана Батыш курган дүйнө түзүмүнө коркунуч туудурган өлкөлөрдү ким ооздуктайт?" деген маанайдагы ойлор жаралды.

АКШ чындап эле дүйнөдөгү эң күчтүү, гегемонизмге талаптанган держава экени талашсыз, бирок бул – жакындагы эле окуяларга чейин эле ичинде ырк кеткен держава. Аны бул абалга мурда дал күч берип турган нерсе, тагыраак, АКШнын улуттук мамлекеттик кызыкчылыктары менен ааламдашуу боюнча атлантикалык долбоорун ишке ашыруунун ортосундагы ажырым талкалады. Башкача айтканда, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин глобалдык дүйнө түзүмүн, жаңы типтеги дүйнөлүк улут үстүндөгү империя куруучунун ролун жүктөнгөн Кошмо Штаттар ичтен ыркы кетүүдө. Баары көз алдыбызда болуп отурат, бирок замандаштарга болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгын баалоо дайым татаал. Бул – өтө жаш мамлекет, беш жылдан кийин чейрек миң жылдыкка гана толот. Кыска тарыхынын туура жарымында ал өз көйгөйлөрү менен алектенген. XIX кылымдын аягында гана европалык колониялык державалардын ичинен эң чабалы, Испаниядан анын карибдик жана азиялык ээликтерин (Куба менен Филиппинди) тартып алууга чыгынган.

XX кылымдын башында Кошмо Штаттар дүйнөлүк мейкиндикке чыккан, анан да эки европалык жана дүйнөлүк согуштарга катышуудан улам адегенде батыш ааламынын гегемонуна айланып, кийин глобалдык үстөмдүккө белсенген.

Акыркы жарым кылымда АКШ улуттук мамлекеттен акырындап улут үстүндөгү атлантикалык элитанын глобалдык үстөмдүгүнүн долбоорун жүзөгө ашыруу базасына айланган.

Глобализаторлорго оңдой берди болгону менен алардын долбоору ишке ашпай калган. Жаңы Вавилонду куруу жолунда Кошмо Штаттар дүйнөлүк аренада – аскердик күч, каржылык, идеологиялык жана кадрдык таасирде, болгондо да тарыхый ченем боюнча абдан кыска (кылымга жетпеген) убакытта укмуштай ийгиликтерге жетише алган. Эми дал ошондой – алда канча ыкчам эле баарынан кол жууй турганы анык. Ооба, ушул тапта көпчүлүк муну элестете албайт чыгар, аны түшүнүү үчүн орус же кытай болуу керек.

Эгер жүз элүү жыл оболу кимдир бирөөнө дүйнөнүн азыркы саясий картасын көрсөтүшсө, АКШны дүйнөлүк гегемон деп атоо оюна да келбесе керек эле, себеби анын территориясы андан бери дээрлик көбөйгөн жок. Натыйжада ким дүйнөнү башкарары түшүнүктүү эмеспи. Германия Европаны тескегени менен эки дүйнөлүк согушта утулуп, АКШдан геосаясий жана аскердик көз карандылыкта экенин угуп таң калмак. Ал эми ошол эле Кытай аймактык жактан өзгөрбөгөнү менен ичтен бөлүнгөн жана жарым вассалдык өлкөдөн дүйнөнүн кубаттуу экономикасына айланганын, миң жылдап келген ордун кайтара алганын билип айран калмак. Бирок дүйнөнүн глобалдашуу шартында Кытай эми түнт болбойт, ал дүйнөлүк мейкиндикке чыкты. Эми аны токтотуу мүмкүн эмес.

Теориялык жактан Кошмо Штаттар азыркы каатчылыктан кийин сакталып да кала алмак. Ааламдашууну бир тараптуу башкарууга мүмкүн эместигин моюнга алып, гегемондун ролунан баш тартып, өз инфраструктурасын жана экономикасын калыптандыруу, башкача айтканда, улуттук мамлекетин бекемдөө зарыл болчу.

Трамп дал ушуга алып бара жаткан, көбүнесе ички туюмга салып, бирок туура багыт алган. Анткен менен глобалисттик маанайдагы америкалык элиталарга АКШнын мамлекет катары болушу менен иштери да жок, тагыраак, алар ички курамын жеңил эле өзгөртүп коюуга даяр.

Кытай, Россия, Германия жана башка өлкөлөрдөн айырмаланып Кошмо Штаттардын тамыры гана тургай, мамлекеттин негизги пайдубалын түзүп турган улуту жок. Ал эми ички өзөгү болбостон, дүйнөлүк гегемон тургай туруктуу мамлекет да болбойт. Дүйнөлүк үстөмдүктү кармап турууга күчү калбагандай эле азыр гегемон да жок. Вашингтондогу бийликке кайткан глобалисттер муну жакшы түшүнүшөт.

Обаманын тушунда эле алар союздаштар жана өнөктөштөр менен "лидерликти" бөлүшүп, глобалдашууга жоопкерчиликти бөлүштүрүү аракетин башташкан. Пайдасы, стратегиялык чечимдерди кабыл алууда таасири болбосо, чыгымын көтөрүүнүн кажети канчалык?

Азыр Байдендин администрациясы тышкы аренада эч кандай курчутуу, эч бир жаңжалсыз абдан кылдат аракетте болмокчу. Анткени бул АКШнын абалын гана начарлатып тим калбайт. Ал эми жаңы бийлик курчуп турган ички көйгөйлөрүнө чоң көңүл буруп жана көп күч жумшоого мажбур. Анан да жаңы бийлик "Трамптын акылга сыйбаган" башкаруусунан таптакыр айырмаланарын көрсөтүүсү зарыл. Бирок дал ошол "акылга сыйбас" киши бир дагы согуш отун тутанткан жок, ал түгүл ушул көктөмдүн аягына чейин Афганистандан куралдуу күчтөрдү толук чыгарууга милдеттенме алган.

Байдендин администрациясы оптимизм менен мессианизмди айгинелеп, "демократия саммитин" өткөрүп, "атлантикалык шериктештикти" бекемдеп, Кытайга каршы бирдиктүү фронтту топтоп, Россияга кысым көрсөтөт. Бирок бул чаралардын жыйынтыгы төмөн, ал эми дүйнөдө АКШга карата мамиле мээлүүн болмокчу. Дүйнө жүзү "америкалык кылым" дүйнөлүк аренада гана эмес, АКШнын өзүндө да аяктап баратканына биротоло ынанды.

140
Белгилер:
бийлик, реванш, Дональд Трамп, лидер, Дүйнө, кооптуулук, АКШ
Тема боюнча
Трамп Байдендин инаугурациясы алдында Вашингтонго өзгөчө кырдаал киргизди
Ким Чен Ын АКШны душман деп атап, Россия менен достошкусу келгенин айтты
НАТО желеги. Архивдик сүрөт

Согуш отун тутантууга маш НАТО, чырдын алдын алып келген Россия. Абалга сереп

237
(жаңыланган 10:09 30.12.2020)
Ири державалар заманбап согуштук аракеттерде куралдын болгон түрү менен душманынын түбүнө жетүүдөн кайра тартпайт. Ал эми Россияга согуштун кереги жок.

Курал-жарак технологиясы жаатында артта калган "өнөктөштөрү" алигүнчө "кызыл чийинден" өтө албай жүрүшкөнүн жакшы түшүнгөн Москва үчүн "жакшы чырдан жаман тынчтык артык". Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет "Деңиздеги артыкчылыкка умтулган" державанын куралдануу жаатындагы аракеттерине кеңири токтолуп, ага ылайык жооп алары боюнча ой толгогон.

Россиялык аскердик мекеме башчысынын орун басары Александр Фомин 27-декабрда: "Эч кимге Россия менен "күч сынашып" диалог жүргүзүүгө кеңеш бербейт элем", - деп билдирүү менен бир эсе эскерткендей да болду, - Күч менен коркутуу БУУнун Уставына түздөн-түз каршы келет, аны менен катар эле мындай аракеттерге биз тараптан тийиштүү жообу берилбей койбойт".

РФ Коргоо министрлиги "өнөктөштөрүнө": "НАТОнун Россиянын чек араларына жакын активдүүлүгү олуттуу инциденттерге кептеши мүмкүн", - деп билдирди. Түндүк атлантикалык альянстын россиялык чек араларга жакын жерде көп орун ала башташы жана батыш европалык айрым саясатчылардын жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү курч маанайда кабылданууда.

РФ коргоо министри Сергей Шойгу бир аз мурдараак 2020-жылы "россиялык чек араларга жакын жерлерде америкалык аскердик учак жана кемелердин чалгындоо жана демонстрациялык аракеттери күч алганын" белгилеген… АКШ Германиядан Польша жана Балтика өлкөлөрүнө аскердик бөлүктөрүн көчүрө баштады. Арктикалык аймакта америкалык кемелер алдыңкы катарга көп жайгаша баштады.

НАТОнун бир убакта Россиянын батыш, түштүк жана чыгыш чектеринде машыгуулары байма-бай өтчү болду. Август-сентябрь айларында эле аларга 55 аскердик учак, анын ичинде таамай атчу куралдарды ташуучу 12 кеме катышкан. Мындай жагдайда РФ андай аракеттерге жараша чараларды көрүп, жогорку технологиялык куралдар жаатында Батыштан алда канча алдыга озуп кетти.

Акылга сыйгыс интеграция

Эгер Пентагон жана анын европалык үзөңгүлөштөрү россиялык согуштук аракеттердин театрында жарым-жартылай эле ийгиликке ээ болсо, анда Москва НАТОнун РФ аймагын Батыштын жамааттык кызыкчылыгында пайдалануу үчүн "режимди түзөтүүнү" максат кылган "күчүнүн проекциясын" эбак сезмек".

Югославиядагы "Союздук күчтөрдү", Ирактагы "Чөлдөгү бороонду", Ливиядагы "Одиссей таңын" эч ким унута элек. Бирок Вашингтон менен Брюссель мындай аракеттер үчүн чабалдык кылышат. Альянс россиялык жогорку технологиялык, атап айтканда, "Авангард", "Искандер", "Циркон", "Кинжал", "Посейдон", "Борей-А" и "Ясень-М" аттуу аппараттарына тең келмек тургай, караандай ала турган куралдарга ээ эмес.

Ошентсе да Кошмо Штаттардын гипер үндүү курал-жарак жаатындагы "интеграцияланган кубаттуулукка" умтулуусу басаңдагыдай эмес. 2020-жыл аяктаар маалда Пентагон "Деңиздеги артыкчылык" деп аталган жаңы стратегиясын жарыялады (кыязы, 2015-жылкы үлгүдөгү "XXI кылымдагы деңиздеги кубаттуулук" концепциясы эскирген өңдөнөт).

Документ АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрү, деңиз пехотасынын жана Жээк күзөтүнүн интеграцияланган кубаттуулугун жаратууну көздөйт. Мындай аракет аталган державанын башка өлкөлөргө (алардын пикири менен Вашингтон эсептешкиси да жок) карата Дүйнөлүк океандагы үстөмдүгү үчүн жасалып жатканы айкын. "АКШнын аракеттери учурдагы он жылдыкта XXI кылымдын калган бөлүгүндөгү деңиздеги тең салмактуулугун аныктайт".

Кошмо Штаттарга алдыдагы 80 жылга карата Дүйнөлүк океанды милитаризациялоо программасын кабыл алууга эмне түрткү болду? Албетте, Кытайдын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн өр алышы жана "Россиянын агрессивдүү жүрүм-турумунан" чочулоодон улам ушундай кадамдар жасалууда.

Алардын оюнда Кытайдын "Бир алкак – бир жол" концепциясынын артында негизги деңиз жолдорун көзөмөлдөө ниетиндеги аскердик экспансия жатарын, ал эми Россиянын "жаңжал маалында Вашингтон, европалык борбор калааларга кинетикалык же киберсокку уруу же глобалдык экономикага доо кетиргидей суу түбүндөгү коммуникациялык каналдарга чабуул жасоо" ыктымалдыгы бар имиш.

Стратегиянын авторлору – ири аскердик жетекчилер Майкл М.Гилдей, Дэвид Х.Бергер жана Карл Шульц турмушу деңизге байланыштуу 30 миллион америкалык эмгекчинин, жылына 5,4 триллион долларлык соода жаатындагы ташып жеткирүүлөрдүн 90 пайызы, суу түбүндөгү кабелдер аркылуу берчү маалымат агымдарынын (жылына 10 триллион доллар транзакциялар) тагдырына кооптонууда аша чапканы айкын.

Адмиралдар кооптуу фантазияларга жакын көрүнөт: "ыраакка атуучу жана гипер үндүү куралдар жердеги буталарга сокку уруунун глобалдык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат. Логистикалык жана жардамчы кемелер май куюу, кайра куралдандыруу, запастарды, адам күчүн толуктоо жана ремонт менен алектенүү үчүн чыгышат. Жээктеги күзөт согуш шартында күчтөрдү колдоого зарыл болгон ынанымдуу жана майнаптуу деңиз транспорттук тутуму менен камсыздайт".

Аракеттердин жыйындысы боюнча "деңиз АКШнын көзөмөлүндө калат" (Вашингтон эл аралык ишмердик боюнча негизги документти – 1982-жылкы деңиз укугу жаатындагы БУУнун Конвенциясын ратификациялабай койгону ушундан улам окшойт). Акылга сыйбаган жоопкерчиликсиздик экени айдан ачык. Кошмо Штаттардын абага ылайыкталган HAWC гипер үндүү ракетасынын алгачкы сыноосу 25-декабрда ийгиликсиз аяктаганын, ал эми быйыл дагы бир сыноого мүмкүн эместигин эске салуунун деле кажети жоктур.

Америкалык "ыраакка атуучу системалар" жогорку технологиялык оппоненти менен күрөштө эч качан текшерилген эмес, бирок чабал куралданган (авиация жана флоту жок) талибдер 20 жылга созулган афган кампаниясында АКШ жана анын союздаштарын жеңип койду го. Эске салсак, ага операциянын кызуу маалында 100 миңге чукул америкалык аскер кызматкери катышкан.

АКШ өзүн-өзү көрсөткөндөй "кыйрагыс", "чечкиндүү" жана "изги ниеттеги" гегемон Афганистанда таптакыр алсыздыгын көрсөттү. "Негизги душмандары" (РФ жана КЭР) менен реалдуу согушта АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн авиа ташуучу топтору кемеге каршы таамай атчу жана гипер үндүү ракеталар үчүн даана байкалган буталарга айланат.

НАТО боюнча европалык союздаштардын аскердик натыйжалуулугу деле ушундай экенин айта кетели. Пентагондун 2020-жылкы үлгүдөгү жаңы стратегиясы деле болгону "эскилиги жеткен" тезистерди кайталайт: Кошмо Штаттардын кызыкчылыктары баарынан өйдө турат, планетадагы коңшулардын пикиринин алар үчүн кымындай да баркы жок, баш көтөргөнү "бардык тармактарда интеграцияланган деңиз күчү менен" басылат. Интеграцияланган деңиз күчү (Integrated All-Domain Naval Power) дегендери, алардын оюнда, деңизде, кургакта, абада, космосто жана кибер мейкиндикте күчүн көрсөтүүгө даярдыгы болуп саналат. Реалдуулуктан алыс, бирок "америкалык өзгөчөлүгү" жөнүндөгү жомоктор менен өзүн-өзү жана камчысын чапкан европалыктардын көңүлүн жубатып келишкени аларга көнүмүш эмеспи.

Россия менен Кытай тынчтыкта жашоону жана өнүгүүнү терең баалашат. Алар өткөн кылымдагы согуштардын көп миллиондогон курмандыктарынын тарыхый элесин эстен чыгарышпайт.

Экинчи дүйнөлүк согуш жылдары Кошмо Штаттар 2020-жылы коронавирус пандемиясына караганда жарандарын азыраак жоготушкан, америкалык калаалар эч качан бомбаланган эмес. Маалымат каражаттары жана Голливуд Ак үйдү жана америкалык коомчулукту эл аралык аренада кол тийбестикке жана өз билгенин жасоого болоруна биротоло ынандырып коюшкан.

Кремлге эч тиешеси жок, АКШ жана НАТОнун көп өлчөмдүү тиреши (аскердик чагымчылдыктар жана мыйзамсыз санкциялар) күч алып турган кырдаалда экономикалык жактан туруктуу, ракеталык-өзөктүк Россия тынчтык сүйөрлүк жана бекем позициясында өз чек араларына жакын, ошондой эле Жакынкы Чыгыш жана Африкада альянстын чагымчылдыктарына эч алдырбай келет.

237
Белгилер:
Чыр-чатак, согуш, Россия, ракета, курал-жарак, АКШ
Тема боюнча
Жылдын машыгуусу: РФ стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн ракеталары кандай иштейт?
Шылтоого жамынып... АКШ "россиялык агрессияны" жар салууда эмнени жашырат?
Артиллерийская пушка М-42 со времен Великой Отечественной войны.

Инаугурацияда артиллериялык техника колдонулмай болду

0
Артиллериялык тузүмдөр аскердик даярдыктын деңгээлин кармоого багытталгандыктан ашыкча чыгымдарды талап кылбастыгы белгиленди.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек инаугурация аземинде артиллериялык аскер техникасы колдонула турганын тастыктады.

Маалымат катчы инаугурация мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара экенин айтып, президенттик кызматка киришүү менен ал өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп каларын белгилеген.

“Артиллериялык аскер техникасын колдонуу инаугурация аземинин атрибуттарынын бири жана кеңири таралган тажрыйба. Артиллериялык тузүмдөр, кандай болгон күндө дагы, күнүмдүк режимде аскердик даярдыктын деңгээлин кармоого багытталгандыктан, ашыкча чыгымдарды талап кылбастыгын баса белгилей кетүү керек. Аскерлерди даярдоо планына ылайык, артиллериячылар аскер даярдыгы боюнча пландык машыгууларды өткөрөт. Демек буга кошумча эч кандай чыгымдар болбойт”, — деди Байтерек.

Белгилей кетсек, буга чейин 28-январга белгиленген президенттин ант берүү аземин өткөрүүгө 10 миллион сом сарпталары айтылган. Ушул эле күнү инаугурацияга даярдык көрүү башталып, шаардын негизги көчөлөрү жабылган. Көп өтпөй унаа тыгыны жаралып, коомчулук бул көрүнүшкө сын-пикирлерди билдирген.

Ошол эле учурда артиллериялык курал кодонулары туурасында дагы маалымат тарай баштаган. 

 
Андан соң жаңы шайланган президент Садыр Жапаров чыгымдарды азайтуу талабын коюп, чоң салтанат өткөрүүдөн баш тарткан.

0
Белгилер:
техника, инаугурация, Галина Байтерек
Тема:
Садыр Жапаровдун инаугурациясы