Карабахтагы Агдам шаары

Карабахтагы Россия-Түркия мониторинг борборунун келечеги кандай? Сереп

152
(жаңыланган 13:52 03.02.2021)
Түштүк Кавказдагы кырдаал аскердик-саясий чыңалуунун сакталышы, аскерлештирүү, улуттук армияны кайра куралдандыруу жана тышкы аскердик күчтөрдү тартуунун негизинде туруктуулукка карата бири-бирине карама-каршы келген умтулуусу менен мүнөздөлөт.

Азербайжандын Агдам районундагы Россия менен Түркиянын биргелешкен мониторингдик борбору аймактагы туруктуулукту чыңдоо үчүн түзүлгөн, кантсе да компромисстерге негизделген тынчтык туруксуз келет эмеспи. Жаңыдан ишке кирген бул борбордун тегерегинде аскерий баяндамачы Александр Хроленко ой толгогон.

Карабахтагы жарашууга байкоо салуучу Россия-Түркия борбору 2020-жылдын 11-ноябрында Россия жана Түркиянын коргоо мекемелеринин башчылары кол койгон меморандумга ылайык өткөн ишемби күнү ишин баштады. РФ президенти Владимир Путин жана Азербайжан лидери Ильхам Алиевдин телефондон сүйлөшүүсүндө аталган борбор "аймакта тынчтыкты жана коопсуздукту узак убакытка камсыздоого кызмат өтөп берерине" үмүттөнөрүн билдиришти. Андан мурда алардын түркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган да өз өлкөсү Тоолуу Карабахтагы туруктуулукту сактоо үчүн тийиштүү салымын кошорун билдирген.

Азербайжандын жана Түркиянын коргоо министрлери Закир Гасанов жана Хулуси Акар 29-январда "эки мамлекеттин бир улуту" концепциясынын алкагында өз ара аракеттешүүнүн келечегинен көптү күтүшөрүн айтышты. Түркия тараптын Түштүк Кавказда орун алышын РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев: "Түркия – бул биздин коңшубуз, абдан маанилүү өнөктөшүбүз. Азербайжан үчүн да эң жакын өлкө. Бул факторду эске албай коюу мүмкүн эмес", — деди.

Ошентсе да Тоолуу Карабахтагы абалды көзөмөлдөөчү биргелешкен Россия-Түркия борбору – аймактагы узак мөөнөттүү саясаттын эмес, жалпы турукташтыруунун элементи. Москва бул менен түркиялык өнөктөштөр бул жакта түбөлүккө эмес экенине ишарат кылдыбы? Кандай болгон учурда да биргелешкен борбордун штабы паритеттик (теңаталык) негизде түзүлгөн, анда тараптардын ар биринен бирдей көлөмдө адистер болору көрсөтүлгөн. Анкаранын маалыматында, Борбордо 39 түркиялык аскер кызматкери иштейт.

Россиялык адистерди генерал-майор Виктор Федоренко, ал эми түркиялык аскерлерди генерал-майор Абдулла Гатырчы жетектейт. Борбор ок атууну токтотуу режимин сактоо жөнүндө жана макулдашууларды бузуулар боюнча маалыматты топтоп, текшерип, жалпылаштырат. Көзөмөл учкучсуз учуучу аппараттар жана башка техникалык каражаттардын жардамы аркылуу жүргүзүлөт.

Жайгашкан жери да кызуу талкууланган

ЖМКдагы маалыматтар боюнча, башынан эле борборду Гянжа же Бардада жайгаштыруу талкууланган. Бирок түркиялык тарап бул жерлердин россиялык тынчтык орнотуучу операция аймагынан ыраактыгын ылайык көрүшпөдү. РФ өкүлдөрү Тоолуу Карабахтын территориясында – түркиялык тынчтык орнотуучулардын орун алышына уруксат каралбаган аймакта биргелешкен борбордун жайгаштырылышына каршы чыгышты. Талкуудан соң акыры Азербайжандын Агдам районундагы Марзили (Mərzili) кыштагы тандалган.

Борбор орун алган жер эки тарап чектешкен чийинден 8 чакырым, жарыяланбаган Тоолуу Карабахтын борбор калаасы Степанокерттен (Ханкенди) болжол менен 30, ал эми автомобилдик жолдон 41 чакырым аралык ыраак турат.

Марзили айылы 1990-жылдардын ортосунан тарта жана былтыркы жылдын күз айларына дейре Тоолуу Карабах Республикасынын бийлигинин көзөмөлүндө эле. Ок атууну токтотуу жөнүндөгү үч тараптуу макулдашууга ылайык, Агдам жана төрт башка райондун территориясы Азербайжанга берилген.

Борбордун кызматтык жана тиричилик имараттары ачык аянтта модулдук принципте курулуп, иш жана эс алуу үчүн тийиштүү нерселердин баары менен жабдылган.

Объекттин территориясын (төрт гектардын тегерегиндеги аянт) азербайжандык армия күзөтөт. Байкоо салуу жана чалгындоонун техникалык каражаттары үчүн борбор жайгашкан жерден Карабахтын, россиялык тынчтык орнотуучу аймагындагы кыбыр эткендин баары көрүнүп турат. Тараптардын макулдашуусу боюнча биргелешкен борбордогу түркиялык аскердик адистер күзөтүүгө чыга алышпайт.

Объекттин ачылыш аземинде Азербайжандын коргоо министри Закир Гасанов россиялык жана түркиялык аскер кызматкерлеринин ортосундагы жакшы алака орной турганына ишенерин айтты. Россиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин аскер кызматкерлерине ийгилик каалаган.

Азербайжандык көп вектордуулук жана Карабах багытындагы россиялык-түркиялык аргасыз өз ара аракеттешүү канчалык майнаптуу жана конструктивдүү болорун убакыт көрсөтөт.

Азырынча биргелешкен борбордун адистеринин милдеттерин жана алып барар ишин бөлүштүрүү принциптеринен кеп козгоо кыйын. Сириянын түндүгүндө согуштук кырдаалда иштелип чыккан өз ара компромисстердин алгоритмдери Түштүк Кавказда күтүлгөн жыйынтыктарды алып келбей калышы да мүмкүн.

Көзөмөл тутуму

Россия-Түрк борборунун жайгашкан жери жана милдеттери маңызында россиялык тынчтык орнотуучу топко эле окшош. Аймактагы аталган топ көзөмөлдөөгө тийиштүү техникалык каражаттарга (анын ичинде учкучсуздарга да) жана байкоо салуучу 27 пост түйүнүнө ээ.

Борбордун ачылышы Азербайжанда Түркиянын аскердик жайгашуусу күч алганын туюндурат. 30-январда Азербайжандын коргоо министри Закир Гасанов Түркия менен аскердик кызматташууну ийгиликтүү өнүктүрүү жана бекемдөө жөнүндө Түркия Республикасынын коргоо министринин орун басары Юнус Эмре Караосманолу менен талкуулаган.

Ошону менен бирге эле тараптар аскердик-техникалык кызматташтык жана биргелешкен машыгууларды өткөрүү жаатында аракеттерди күчөтүү керектигин белгилешкен. Ойлорунда аймактагы тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо үчүн машыгуулар өбөлгө болот өңдөнөт.

Азербайжандагы окууларда түркиялык бөлүктөрдүн дайым катышуусу коңшуларын тынчсыздандырат, себеби Түркия НАТОго мүчө. Анткен менен ошол эле күнү Закир Гасанов Баку менен Москванын ортосундагы бардык тармактар боюнча алака, анын ичинде аскердик-техникалык кызматташтык да өнүгүү жолунда экенин кылдат белгилей кетти.

Түркиянын коргоо министринин орун басары Юнус Эмре Караосманоглу биргелешкен борбордун ачылыш салтанатында милдеттер "окту токтотуу режимин көзөмөлдөө, ал бузулган учурларды каттоо, андайга жол бербөө боюнча чара көрүү" экенин тактап өттү.

Бирок түркиялык аскер башчысы Карабахтагы шектүү объектилерге Bayraktar TB2 учкучсузун колдонууга жол бербейби? Мисалы, Сирияда түркиялык өнөктөштөр мындай учурларда өз аракеттери же ниеттери жөнүндө россиялык тарапты дайым эле кабардар кылбайт.

Агдам районундагы  борбор "жумшак күчтүн" жана регионалдык туруктуулуктун кошумча кепилдигинин таасирдүү инструменти болуп калышы ыктымал. Балким, Азербайжанда түркиялык күчтөрдүн туруктуу орун алышына, солгундоонун күч алышы жана НАТОнун мындан аркы экспансиясына негиз болушу да мүмкүн... Түркиянын Түштүк Кавказдагы тынчтыкка басым жасаганын, милдет жана максаттарын эстүүлүк менен талдоо абзел.

152
Белгилер:
Тоолуу Карабах, Россия, Түркия, мониторинг, согуш, тынчтык
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал (58)
Тема боюнча
Тоолуу Карабах: Путин, Алиев жана Пашиняндын сүйлөшүүсү дээрлик 4 саатка созулду
Маршруткага отуруп аткан аялдар. Архивдик сүрөт

Дароо эле "уяты жок" дешет. Маршруткадагы жанды кашайткан жоруктар

1145
(жаңыланган 13:35 04.12.2021)
Коомдук транспорттун ичинде бара жаткан адамдардын айрым кылыктары колумнист Эламан Карымшаковдун көкөйүнө көк таштай тийиптир. Мындан улам ал жанын кашайткан жагдайларын тизмектеп чыкты.

Азыр маршруткаларга 15 сом берип шаардын бир башынан этегине чейин жетсең болот. Ал арада миңдеген кызыктуу окуяларга туш болосуң. Бирок кээ бир учурларды көзүм да көрбөсүн, кулагым да укпасын дейсиң.

Таң кутмандуу болбой калганда…

Адатта эртең менен "кутман таң" дешет эмеспи. Эгер жеке унааңыз болбосо бул сөз сизге тиешелүү эмес. Анткени күндүн жакшы башталышы маршруткадан көз каранды.

Таң атпай көзүңдү ушалап жумушка шашып жөнөйсүң. Жолго жетейин дегенде маршрутка өтүп кетет же 15-20 мүнөт күттүрүп кууратат. Бир кыйладан кийин булуттан чыккан айга окшоп келе жаткан аппак маршрутканы көрөсүң. Сүйүнүп барып эшигин ача салсаң ичи толо эл.

Ал эми айдоочу "ай, артка жылып койсоңор, ортосу бош эле турбайбы" деп корсулдайт. Эптеп кыпчылып "өх-хх баттым" десең артыңдан дагы үч адам келе жаткан болот. Айла жок, аларды да батырыш керек. Албетте, бул дүйнөдө жалгыз эле сен жашабайсың да. Ошентип унаага жык толгон жүргүнчүлөр айдоочуну басып калчудай абалда батканына сүйүнүп эңкейип, кыйшайып кете берет. Кээде кыздар менен бетме-бет тиктешип каласың, ошол кезде сезимдериң ойгонуп, жүрөгүң козголо баштайт. Тилекке каршы, ал сүйүү 10-15 мүнөткө эле созулат. Ошончо элдин көзүнчө ал бийкеч менен таанышып, телефон номерин алыш үчүн Чолпонбайдай эрдик керек экенин билип унчукпай кала бересиң.

Анан улам сүрүлүп жатып тээ артка өтүп кетесиң. Бир маалда эле терезени карасаң жумушуңа жеткен болосуң. Эми кайра сыртка чыгып көр! Мина коюлган талаадан сойлоп өткөндөй эле. Кечинде чыкканда деле ушул көрүнүш. Чарчап "азыр арт тарабында орун болсо отура калайын" деп кыялданып кирсең дагы деле бири-бирине кабатталып, бир буттап турушкан болот.

Балээге калган жаштар

Ошентип кыйналып бара жатсаң улгайган адамдар кирет. Аларга жол бошотуп