15-февраль — афганчылар менен жакындары үчүн ыйык күн. Советтик аскерлер үчүн 32 жыл мурун бүткөн согуш алардын жүрөгүндө чоң орун ээлейт. "Афганистан, сени эстесем жүрөк ооруп, сыздайт" деген ыр саптарын афган согушунун ардагери Туратбек Жумабеков бекеринен жазбаса керек. Колумнист Алмаз Батилов согушта кан кечкен мекендештерибиздин маектеринен үзүндүлөрдү сунуштайт.
Махмуд Жумаев, 66-өзүнчө мотоаткычтар бригадасынын экинчи батальонунун экинчи ротасынын жоокери
— 1981-жылы май айында батальонубузга Кунар аймагынын борбору Асадабад шаарынын чыгыш жагында жайгашкан Баркандай айылынан моджахеддерди сүрүп чыгарууга буйрук берилди. Бүт аскердик техника менен чыктык. Абадан тик учактар коштоду. Капчыгайдын ичиндеги кууш жолдон өтүп жаткан учурда тоонун үстүнөн согушкерлердин снайперлери бизди аткылап, карыш жылдырбай койду. Күүгүм киргенге чейин вертолеттор бомбаласа да алар аткылаганын токтоткон жок. Ошол жерге аргасыздан түнөп калдык. Түн ичинде тоонун боорунда от күйдү. Байыркы жана орто кылымда жергиликтүү эл душмандын жүрөгүнүн үшүн алыш үчүн ушундай ыкма пайдаланганы тууралуу тарыхый көркөм тасмалардан көрүп, китептен окугам. Ушунча отту жагыш үчүн моджахеддер канча күч жана отун жумшады болду экен деп таң калдык. Бүгүнкү күндө да тоонун боорунда күйгөн от көз алдымда турат.
Алмазбек Келгенбаев, № 88 828 аскердик бөлүктүн сержанты
— 1988-жылы январдын башында Кундуз чөлкөмүндө коңшу аскердик бөлүктөн моджахеддер прапорщик менен аскерди туткундап алышты. Ээнбаштанып соода кыла коёбуз дешкен экен. Буларды бошотуу үчүн аскердик чалгынчылар согушкерлердин корбашысы менен алты ай сүйлөштү. Натыйжада ал туткундарды бергенге макул болот. Июнь айынын ортосунда Пули-Хумри калаасынын жанындагы кыштакка аскердик чалгынчыларды ротабыздын жыйырмадан ашык жоокери коштоп бардык. Мен байланышчы болгондуктан рацияны алдым. Эртең менен чалгынчылардын бирөө жолго чыгар алдында "эгерде сүйлөшүү оң жагына чечилбей калып моджахеддер бизди туткунга алганга аракет кылганын байкасам сага белги берем. Согушкерлердин колуна түшсөк тирүүлөй кескилеп өлтүрүшөт. Мындай кордуктан өлгөнчө командачылыкка рациядан бизди замбиректен атып, күм-жам кылгыла деген сөздү айтканга үлгүрүшүң керек" деди. Кыштактагы мечиттин жанында моджахеддер менен жолуктук. Алар дароо бизди курчап, "курал-жарагыңарды өткөзгүлө" деген шартын коюшту. Айла жок баш ийдик. Офицерлер жана корбашы нөкөрлөрү менен айылдын четиндеги бир үйгө сүйлөшүүгө киришти, короодо жаш согушкерлер менен калдык. Алардын көпчүлүгү биз курактуу экен. Моджахеддер менен тамеки чегип, кол жаңсап тамашалашып сүйлөшүп отурдук. Качан чалгынчы белги берет деп ичимен сарсанаамын. Түштө согушкерлер прапорщик менен жоокерди бизге өткөрүп беришти. Экөө кубанганынан ыйлашты. Аскердин колдорунда кишендин тактарын көрдүк. Прапорщик жамбашынан жарадар болгондуктан баса албай калыптыр. Аны көтөрүп кеттик. Кийин уксак булар үчүн акча төлөнүптүр.
Афганистандан чыгар алдында базардан атама япон саатын жана магнит билерик сатып алдым. 1989-жылы 14-февралда биздин бөлүк "Достук" көпүрөсү аркылуу Өзбекстандын Термез шаарына чыктык. Ошондо согуш бүттү деп аябай сүйүндүк. Бизди эл чын дилинен кубанып тосуп алды. БТРге гүл ыргытышып, жашылча-жемиш менен тамактын түрүн салып бергени такыр эсимен кетпейт. Марттын аягында үйгө кайттым. Ишенесизби, армиядан чөнтөгүмдө бир тыйын жок келдим. Күнү-түнү мени күтүп убайым тартып, ичинен сызган ыраматылык энемдин чачы агарып кетиптир...
Жумалы Кубатов, 860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун контрчалгындоо бөлүмүнүн жетекчиси, капитан
Бул каарманыбыздын ысымы контрчалгын жана чалгын адистеринин чөйрөсүндө абдан белгилүү. Кубатовдун Афган согушундагы бир эпизодун анын үзөңгүлөшү, УКМКнын ардагери, отставкадагы полковник Чоро Мураталиев айтып берди:
— Бир ирет маркум Жумалы түшкү тамак учурунда Афганистанда кызмат өтөп жүргөн учурдагы бир окуясын айтып берген. Моджахеддерге каршы салгылаштын биринде минометтон атылган снаряд Кубатовдун жанында жарылып, эс-учун жоготуп жыгылат. Бир топ убакыттан кийин эсине келсе, жакын жерде катуу жарадар болгон полковник наамындагы советтик учкуч жатат. Анын тик учагын согушкерлер атып түшүрүптүр. Полковник парашют менен секиргенге үлгүрөт. Бирок моджахеддердин огунан катуу жаракат алып эсин жоготкон экен. Кубатов олбурлуу жигит болчу. Ал учкучту согуш талаасынан сүйрөп алып чыгып, андан ары аскердик госпиталга жөнөтөт. Ал дарыланган соң Жумалыны таап ыраазычылыгын билдирет. Экөө Афганистанда аскердик мөөнөтү бүткөнчө катышып жүрүшөт. Союзга кайтып келгенден кийин телефон менен сүйлөшүп турушат. 1990-жылы Кубатов ГДРден Кыргызстанга которулуп келип, Кой-Таштагы аскердик бөлүктө контрчалгын бөлүмүн жетектейт. Ал эми учкуч досу генерал наамын алып, Чыгыш Казакстандагы Усть-Каменогорск шаарында жайгашкан аскердик бөлүккө командир болот. Аны Москвага которууга буйрук келери менен ал Жумалыга телефон чалып сүйүнчүлөйт. Кубатов аны куттуктап, ийгилик каалайт. Кечке жуук генерал бөлүгүндө ажырашаяк берип жаткан учурда Жумалынын өмүрүн тобокелге салып, аны аман алып калганын баяндап берет. Аны менен сөзсүз учурашып кетиши керектигин айтып, аскердик учакка отуруп Фрунзеге учуп келиптир. Кубатов жумуштан келген учурда эшикти бирөө такылдатат. Эшикти ачса аскердик-аба күчтөрүнүн эки генералы жана бир полковник турат. Үчөө тең кызуу. Эки дос кучакташып учурашат. Генерал досу кайра учуп кетиши керектигин айтып, көпкө отуруудан баш тартат. Бул кездешүү 10-15 мүнөт гана болуптур. Жумалы андан кийин да байланышын үзбөй жүргөнүн айткан. Учкуч досунун аты-жөнүн тактабай калганыма өкүнөм...
149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун танкалык батальонунун үчүнчү ротасынын командири, гвардиянын лейтенанты Виктор Марковскийдин энеси Нина Марковская
— Виктор тун балам эле. 1988-жылы 7-майда Кундуз чөлкөмүндөгү Чахарсары кыштагынын жанында экипажы менен баатырларча курман болду. 4-апрелде 24 жашка чыккан. 15-майда сөөгүн жерге бердик... 7-май өмүрүмдөгү эң кайгылуу күн. Жубайы Наталья 25 жашында кара кийинди, үч жаштагы кызы Инна жетим калды. Виктор өзгөчө эрдик көрсөткөндөгү үчүн "Кызыл Туу" ордени менен сыйланды. Ошол эле жылы 7-декабрда анын батальонунун командири майор Виталий Босенко атайын Читадан Люксембург айылына келип биз менен учурашып, баламдын мүрзөсүнө зыярат кылды. Ошондон бери ал биздин үй-бүлөгө моралдык жана материалдык жардам берип келет. Виталий уулумдун ордун басты. Жыл сайын май айынын башында Босенко мени менен учурашып, Виктордун мүрзөсүнө таазим кылууга Москвадан учуп келет. 1990-жылы 27-сентябрда Люксембург кыштагындагы уулум окуган орто мектеп демилге көтөрүп, биз жашаган көчөгө аты берилди. Күнүгө Виктор эшиктен капыстан кирип келчүдөй болуп зарыгып күтөм. Ушул кургур үмүт менен калган өмүрүмдү жашап келе жатам...
Афганистандагы жарандык согуш эмнеден улам чыгып, кесепети кандай болгонун Sputnik даярдаган материалдан кеңири билүүгө болот.
Шассинин өзгөчөлүктөрү анын ичинде ушундай эле жылмакай стволдуу замбирек орнотулган өзү жүрүүчү "Спрут-СД" өңдүү курал комплексин жыйноого мүмкүндүк берерин айтат РФтеги "Аскердик-өнөр жай компаниясынын" башкы директору Александр Красовицкий. Дөңгөлөктүү танкты Андрей Коц мүнөздөп чыккан.
Александр Красовицкийдин айтымында, зооттолгон "Бумеранг" платформасынын негизиндеги дөңгөлөктүү жаңы танкты иштеп чыгуу аяктап барат. К-16 зооттолгон транспортерун жылдын аягына чейин сыноо пландалган.
Инженерлер белгилегендей, бул аппаратты жасоодо илим жана техниканын эң акыркы жетишкендиктери пайдаланылды. Кийинки пландарда өзгөчө багыттагы жана бөлөк үлгүлөрдөгү техника – БМП К-17ни сыноо да бар. "Аскердик-өнөр жай компаниясынын" башкы директору "Бумеранг" платформасынын базасындагы дөңгөлөктүү танкын тез арада бүтүрүү өнөр жай үчүн маселе эместигин баса белгилейт.
Ушул сымал техникалар Советтер Союзунда да чыгарылган, россиялык армияда толук бурулчу мунарасында кубаттуу курал орнотулган дөңгөлөктүү танктар болгон эмес. Зооттолгон автомобилдердин тобун бейрасмий түрдө ушинтип атап коюшат.
Корголушу боюнча бул машиналар чынжырлуу танктарга жетпесе да, ыкчамдыгы, маневр жана жүрүш запасы боюнча алардан артык.
"Дөңгөлөктүү танктар аларга ылайык топурактуу өлкөлөрдө кеңири таралган, — дейт аскерий эксперт Алексей Леонков. — Мисалга Африкада. Атап айтканда, Түштүк Африка Республикасында дал ушундай дөңгөлөктүү танктарга басым жасашат. Алардын негизги артыкчылыгы — ылдамдык жана бир ремонттон кийинкисине чейинки жүрүш аралыгы. Эгер негизги танк он миң чакырымдан кийин бузулуп калса, анда замбиректүү зооттолгон автомобиль жүз миң чакырым жүрө алат".Эксперттин айтымында, мындай техника ошол эле Сирияда күзөт өтөөгө көмөкчү болмок. Азыр ал жакта аскердик полиция "Тигр" жана БТР-82А зооттолгон автомобилдерин айдап жүрүшөт. Леонков зооттолгон транспортер өңдүү эле танк суу бөгөттөрүнөн да өтүп, жүрүп да, сүзүп баратып да ок атууга жөндөмдүү. Күчтүү куралдан улам аны рейддерде, ошондой эле жалпы операцияларда, атап айтсак, аскердик катарда, чалгында, чалгындоочу отрядда жана кайтарууда колдонууга болот.
Болоттон жасалган танктар абдан бышык асфальт жолду да талкалап кетери жашыруун эмес. Жол катмарына дөңгөлөктүү техника зыян келтирбегендей болушу маанилүү. Дал ушул себептен зооттолгон оор техниканы атайын тартып келүүчү транспортерлор менен жеткирүүнү ылайык көрүшөт. Жүктөө жана түшүрүүгө бир топ убакыт кетет. Ал эми дөңгөлөктүү танк согуш талаасына дароо, эч кандай машакатсыз жана даярдыгы жок эле кирип кетет.
Келечектүү танктын негизги куралы катары атайын аба-десанттык күчтөр үчүн иштелип чыккан 125 мм замбиректүү курал бөлүгү каралган. Мындай жабдык өзү жүрүүчү "Спрут-СД" танкка каршы замбирегинде да орнотулат. Октоо автоматы жана 40 дүрмөттөн турган ок-дарысы менен турукташтырылган тутумдагы жылмакай стволдуу 2А75 Т-72 жана Т-90 танктарындагы 2А46М куралына окшош.
Өзү жүрүүчү аппарат тийиштүү калибрдеги ок-дарынын бардык түрү менен октолуп, анын ичинде танкка каршы коргонуу тутумундагы тескелүүчү ракеталарды да кое бере алат.
Батыш жана Чыгыштагы бул типтеги аскердик техниканын басымдуу бөлүгү 105 миллиметрге чейинки калибрге ээ.
Дөңгөлөктүү танктар менен НАТО жана Азия чөлкөмүндөгү бир нече өлкөлөр камсыздалган. Атап айтсак, Stryker платформасындагы америкалык M1128 MGS, ошондой эле франциялык AMX-10RC, япониялык MCV, италиялык Centauro танктары аталган мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндө бар.
РФтин коргоо министри мурунку он жылдыктын башында Рим менен
Centauro партиясын сатып алуу боюнча макулдашкан. Ал түгүл бир нече машина Россияга сыноо үчүн алып келинген, бирок иш ошол менен тык токтогон. Италиялык дөңгөлөктүү танктар аскердик техниканын ишенимдүүлүгү боюнча Россиянын талаптарына төп келген эмес.
"Бумеранг" дөңгөлөктүү платформасы алгач ирет 2015-жылдагы Жеңиш күнүндөгү парадда элге көрсөтүлгөн. Бул негиздеги техника БТР тибиндеги советтик жана россиялык транспортёрлордон кыйла көлөмдүү жана күчтүү келет.
Шосседе 750 ат күчүндөй кубаттуулуктагы ЯМЗ-780 кыймылдаткыч саатына 100 чакырымга чейин күүлөнө алат. Мотордук бөлүгү алдында, бул десантты арт жагынан салып жана түшүрүүгө мүмкүндүк берет.
"Бумеранг" тобундагы машиналар керамика камтылып, кат-кат сооттолгон, ал эми бул гомогендик коргоого караганда алда канча ынанымдуу. Азырынча дөңгөлөктүү БМП К-17 бул топтогу эң күчтүү машина деп саналат, бул универсалдуу "Бумеранг-БМ" аскердик модулу менен аралыктан башкарылат. Машина тандалма ок-дарылар жана кошумча 500гө чейинки дүрмөт менен камсыздалган 30 миллиметрлик автоматтык замбирек, ошондой эле эки эселенген "Корнет" танкка каршы коргонуучу эки ракета менен камсыздалган.Мындан олуттуу варианты да бар: К-17 үчүн болжолдуу аскердик модулдардын бири — мүнөтүнө120 ирет ок атуучу 57 миллиметрлик замбиректүү АУ-220М "Байкал". Анын дүрмөттөрүнүн күчү батыштагы акыркы үлгүдөгү бардык пехоталык машиналар менен күрөшкө жетишерлик деп айтылат. Мындан тышкары, 57 миллиметрлик калибри учкучсуз учуучу аппараттарды, анын ичинде чакан көлөмдүүлөрүн да 12 чакырымга чейинки аралыктан таамай жок кылууга мүмкүндүк берет.
Себеби "бешинчи муундагы" көзгө чалдыкпас учактын солгундашына күбө болуп келебиз. F-35тин америкалык паркынын үчтөн экиси кыймылдаткычтагы көйгөйүнөн улам уча албайт. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул аппараттын кемчилиги, келечегине сереп салган.
Учактын оголе көп орчундуу конструктивдик мүчүлүштүктөрү бар. Пентагон тарабынан белгиленген сыноодон өткөн жок, алигүнчө жалпы өндүрүшкө уруксат чыга элек. Ушул тапта АКШнын Аскердик аба күчтөрү F-35тен баш тартып, 4+ муундагы жөнөкөй F-16 истребителин тандоого даяр.
Пентагондогулар F-35A учагына буюртманын көлөмүн адегенде 40 пайыздан ашуун, тагыраагы, 1 763төн 1050 учакка чейин кыскартууну сунуштаган. Аны менен катар эле АКШ Аскердик аба күчтөрү эски, бирок ынанымдуу F-16 Fighting Falcon учагына буюртма алуу жолун караштырууда.
F-35 бомбалоочу истребителин АКШ Аскердик аба күчтөрү беш жылдан ашуун убакыттан бери пайдаланып келет, бирок даярдыгынын төмөндүгү, майнапсыздыгы өнөкөткө айланган. АКШ коргоо министринин орун басары мурдараак F-35 Lightning истребителдеринин 36 пайызы гана учууга жарактуу экенин, калган машиналар "жарым-жартылай гана иштээрин" маалымдаган.
F-35тин бирдигин 100 млн. долларга сатып алган АКШнын союздаштары жана өнөктөштөрүнүн (Улуу Британия, Норвегия, Израиль, Италия, Сингапур, Түштүк Корея, Япония) үмүтү акталган жок. Учак 5-муундагы көрсөткүчтөргө төп келбейт, аскердик даярдыкка дегеле караандабайт, башкача айтканда, багыты боюнча милдеттерин аткара албайт. Кызыгы, АКШнын Аскердик өнөр жай комплексинин "чийки" түзүлүшүн алууга кезек бүтпөйт.
Бириккен Араб Эмирлиги F-35тен 50 даана алууга келишим түзгөн. Израиль "чагылган" паркын үч эскадрилияга (40 машинага чейин) көбөйтүү ниетин билдирген. Мындай жагдайды АКШ менен "достукка" жамынган акы менен гана түшүндүрүүгө болот.
Мурда "чагылгандардын" үндөн ыкчам ылдамдыкта стелс-каптагычы жана корпусу талкаланып кетери, кычкылтектин берилишиндеги үзгүлтүктөр (учкучтарга) жана F-35тин программалык камсыздоосундагы мүчүлүштүктөр туурасында кабарланган.
Инженерлер пайдалануунун жүрүшүндө анын кемчиликтерин жоюуга аракет кылышат, бирок алар улам арбып барат. АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн F-35A истребители F135 менен жабдылган, аны америкалыктар "дүйнөдөгү каалаган истребителге пайдаланылчу эң кубаттуу" кыймылдаткыч деп санашат. Бирок дал ошол жабдыгы F-35тин начар иштешинин негизги себеби болуп эсептелет. Машакаттуу F135тин бир саат учушуна 31 миң, ал эми "карыя" F-16 – 8 миң долларга чукул каражат сарпталат. Айтмакчы, Pratt&Whitney компаниясынын F135 кошумча кыймылдаткычтары жетишсиз, ал тургай жай убакта да тартыштык бар. Кокус согуш тутанып кетсе, абага F-35 учактарынын үчтөн бири көтөрүлөт, кийин душмандын абадан коргонуу каражаттарынан да эмес, металлдын ысып кетишинен эле күндөн-күнгө азаят.АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн согушка жарамдуулугун сактоо үчүн F-35тин үлүшүн кыскартууга аргасыз. Алар заманбапташтырылган F-16 Fighting Falcon (бул менен 1979-жылы куралданышкан, бүгүн мындай типтеги 790 истребитель бар) менен алмаштырылат. Төртүнчү муундагы F-16 көп функциялуу жеңил истребителинин учуш массасы – 21,8 тонна, илмегинин 9 бурчунда 7,7 тонна авиабомба жана ракета ташый алат. Радиусу – 1700 чакырым, максималдуу ылдамдыгы – саатына 2200 чакырым. Аймактык жаңжалдар үчүн дурус машина, бирок "бешинчи муундан" бир кадам артка чегинүү (технологиялык деградация) жакшы эмес. Пентагондо бул жаатта компромисс издөөдө.
Америкалык Аскердик аба күчтөрү F-16 Fighting Falcon истребителдерин аскердик учактарга алмаштыруунун жөндүүлүгүн баалоо үчүн изилдөө программасын баштады. Изилдөө каржылык 2023-жылдын башталышына чейин аягына чыгат. F-35 батыш дүйнөсүндө өндүрүлгөн "бешинчи муундагы" жалгыз истребитель болгондуктан ушундай машакат жаратууда. Ал менен шарттуу түрдө атаандашкан кансыз согуш доорундагы төртүнчү муундагы конструкциялар, тагыраагы, Boeing өндүрүшүндөгү F-15 жана F-18 истребителдеринин эскилиги жетти.
АКШнын европалык союздаштары бешинчи муундагы өз истребителин чыгарууга батына элек, ал эми үмүтү үзүлгөн Улуу Британия, Польша, Бельгия, Италия америкалык F-35ти сатып алууга инвестициялап келет.
"Чагылганды" иштеп чыгууга жалпы чыгымдар 400 млрд. доллардан ашып кетти, бирок бул улуттук бюджеттик каражаттарды туура эмес пайдалануунун башаты гана болду.
"Көзгө чалдыкпас" F-35 долбоорунун мындай "өнөкөт" ийгиликсиздеринен улам россиялык Су-57 истребителинин технологиялык жетишкендиктери өзгөчө айырмаланат. Бул – гипер үндүү ракеталарды өздөштүрүп жаткан дүйнөдө чыныгы бешинчи муундагы истребителдеринин карлыгачы. Америкалыктар россиялык куралдын артыкчылыгын аргасыз моюнга алууда.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенконун улуу баласы Виктор Лукашенкого запастагы генерал-майор наамы берилди. Бул тууралуу РИА Новости аталган президенттин маалымат кызматынын сайтына таянып кабарлады.
"Полковниктер Владимир Куприянюк, Роман Подлинев, Николай Карпенков, Дмитрий Шахраев, Андрей Павлюченкого кезектеги генерал-майор наамы, ал эми Виктор Лукашенкого запастагы генерал-майор наамы ыйгарылды", — деп айтылат маалыматта.
Виктор Лукашенко 26-февралда Беларустун Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенттигине шайланган.
"Анда Беларусь башчысы бийликти өзүнүн балдарына берүү боюнча маалыматты четке каккан. Тагыраагы, кеп бул жерде улуу баласы туурасында жүргөн. Мамлекет башчысы Виктор Лукашенко УОК жетекчилигине шайлангандан кийин мамлекеттик кызматкер болбой тургандыгын, аны президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчылыгынан бошотушарын айткан", — деп жазды РИА Новости.Беларусь президенти Лукашенко буга чейин жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин мамлекет башчысы болбой турганын жар салды.