"Кайырмак да беришет бекен?". Украинага тартууланган үйлөмө кайыктар

© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүУкраинанын аскер кызматкерлери Кара деңиздеги машугуу учурунда. Архив
Украинанын аскер кызматкерлери Кара деңиздеги машугуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн жана кеме куруу тармагынын артка кетиши — Батыш тарабынан тескелген саясий жана технологиялык жактан Россиядан оолактоо процессинин жыйынтыгы.
Кезегинде, тагыраагы, 1980-жылдардын аягында украиналык Николаев кеме куруучу жайында сыйымдуулугу 55 миң тонналык авиаташуучу оор крейсерлер курулган. Ал эми бүгүнкү күндө бул өлкө алюминий катерлер жана үйлөмө кайыктар менен толукталып жаткан чакан флотко гана ээ. Украинанын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгынын алдындагы ачык жагдай ушундай. Аталган мамлекеттин Аскердик-деңиз күчтөрүнүн абалын жана америкалык жардамдын "түпкү ниетин" аскерий баяндамачы Александр Хроленко талдаган.
Одессадагы "Юг" аскердик-деңиз базасынын аймагында Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрү АКШдан техниканын кезектеги партиясын кабыл алды. Украинанын Коргоо министрлигинин маалыматтарына таянсак, 10 Willard ыкчам катер жана 70тен ашуун Zodiac үйлөмө кайыктары келди.
Кошмо Штаттардын Украинадагы элчилиги Twitter баракчасында 20 Humvees машинасын жана 84 кайык берилгенин жазды. Кандай болгон күндө да бул мамлекеттин Аскердик-деңиз күчтөрүнүн күчү эл көзүнө көбөйгөндөй болду.
Т-14 Армата танкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Россиялык "Армата" танкы чет өлкөгө талпынды. Кайда бет алат?
Салтанаттуу иш-чарада украиналык флоттун командачысы Алексей Неижпапа жана америкалык аскердик атташелер Питер Мэллори жана Дэн Ширлинг (АДК жана Деңиз пехотасынын корпусунан өкүлдөр) катышты. Алексей Неижпапа аземде күч элдердин, аскердик бөлүктөрдүн жана "россиялык агрессияга туруп жаткан" бүткүл цивилизациялык дүйнөнүн биримдигинде экенин белгиледи.
Америка тарап "АКШнын Украинага өз көз карандысыздыгын жана территориялык бүтүндүгүн коргоого көмөктөшөрүн" тастыктады. Иш-чарадан кийин улуттук флоттун аскерлери жана чет өлкөлүк меймандар "деңиз жолу" менен алып келинген техниканы карап чыгышты.
Капыстан ошол эле күнү америкалык "Дональд Кук" жана "Портер" эсминецтери Украина, Румыния жана Грузиянын жээктеги коргоо багытынын аскердик-деңиз күчтөрү менен биргелешкен машыгууларын аяктап, россиялык Ту-22М3 бомбалоочу-ракета ташуучулардын байкоосу менен Кара деңизден чыгышты.

Балыкчынын кыялы

Өнөктөштөрү жана союздаштарына көрсөтүлгөн америкалык жардамы берешендигинен эмес. Украиналык аскердик моряктар АКШда чыгарылган ыкчам катер жана кайыктарды "Чет өлкөлүк аскердик соода" программасынын алкагында алууда.
Америкалык Willard Marine компаниясы Киевге 2007-жылы эле өз өндүрүмдөрүн сунуштап, алгачкы келишимди түзгөн. Ага ылайык, аталган ишкана Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрүнө күзөтүүчү төрт катерди 2014-жылы тапшырмакчы болгон. Ошондон бир жыл өтпөй Одесса жана Очаковдо деңиз спецназдары (атайын багыттагы деңиз аскерлери) Willard фирмасынын 11 метрлик Sea Force 1100 жана 7 метрлик Sea Force 730 сууда сүзүү каражаттарын өздөштүрө баштаган. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, 11 метрлик "Деңиз күчү" Украинанын казынасынан 850 миң, ал эми 7 метрлик катер 350 мин доллардын тегерегиндеги каражатты кагат. Аскердик-деңиз күчтөрүнүн даярдыгы үчүн мындай чыгымдардын пайдалуулугу арсар.
Посейдон көп буталуу океандык тутуму. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2021
Агрессивдүү саясатка россиялык жооп. Жаңы субмарина тууралуу эмне белгилүү?
Тегин жерден америкалык элчиликтин 10-февралдагы бул туурасындагы кабарынын алдында "Кайырмак беришет бекен?" деген өңдүү пикирлер калтырылбагандыр. Willard Marine компаниясынын катерлеринин деңиздеги мүмкүнчүлүктөрү көлөмү, кыймылдаткычтарынын кубаттуулугу жана оодарылбастыгы (деңизде толкунга туруштук бере албайт) жагынан чектелүү. Ок жана октун сыныктарынан корголгон эмес.
Sea Force катерлеринин корпустары алюминий жана айнек буласынан даярдалат. Өндүрүмдүк топтомдогу эң ири – Sea Force 1100 380 ат күчүндөй бар кубаттуулуктагы "Камминс" QSB 5.9 жана "Гамильтон" HJ292 водометтук кыймылдаткычтары менен жабдылган. 45 узелге чейинки ылдамдыкта жүрүп, 26 кишини ташый алат.
Чакан Sea Force 730 катери 230 аттын күчүндөй кубаттуулуктагы дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылат, 10 чакты кишини ташыйт. Мындай кайыкка ээ болуу – турист менен балыкчынын кыялы (Willard Marine сейилдөө, балык уулоо, эс алуу жана саякат үчүн да универсалдык кемелерди курат). Бирок Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрү Sea Force катерлерин спецназды жеткирүү, куткаруучу жана VBSS (сапар, борт, издөө жана кармоо) тибиндеги кароо операциялары үчүн пайдаланмакчы. Ыкчам катерлерди Аскердик-деңиз күчтөрү күнүмдүк ишинде (күн тийип турганда жана душман тараптан ок атылбаса) пайдаланса, көп сандагы Zodiac үйлөмө кайыктары атайын (террорго каршы жана диверсиялык) операциялардын инструменти катары таанылган. Оодарылган түрүндө кайык атайын бөлүктү (аскердик сууда сүзүүчүлөрдү) тик учактан деңизге түшүрүүгө ылайыкталган. Zodiac тыгыз аба толтурулган баллон менен тез үйлөнөт.
Чакан кыймылдаткычы операция же диверсиянын объектисине байкалбай жана бат эле жакындоого мүмкүндүк берет (мында бул объектини Севастополдогу Россиянын Кара деңиз флотунун башкы базасы же Крым көпүрөсүнүн тирегичи деп болжоого болот). Жакынкы деңиз аймагындагы одессалык "аракеттер" россиялык адистердин көңүлүн бурбай койбосу анык.

"...Ортодо чымын өлөт"

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль менен биргелешкен басма сөз жыйынында Украинага НАТО-2030 кеңейтүү стратегиясынын алкагындагы мүчөлүктү убада кылды. Бул максат Украинанын Конституциясында белгиленген, Киев уюмга кирүүгө талапкер деп табылган. Мүчөлүккө кабыл алуу процесси балким Россиянын Аскердик-деңиз флотунун бекемделишинен улам тездетилиши да ыктымал.
Истребитель F-35A Lightning II - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2021
АКШ F-35тин сериялык өндүрүшүн дагы жылдырды. Буга эмне себеп?
Украинанын Куралдуу күчтөрү 2021-жылы Украина аймагында сегиз биргелешкен аскердик окуу өткөрүүнү пландайт. Ага АКШдан, Улуу Британия, Польша жана Румыниядан НАТОнун 11 миңдин тегерегинде аскер кызматкери тартылат.
Президент Владимир Зеленский 9-февралда Украинанын территориясына чет элдик аскердик күчтөргө кирүүгө уруксат берген жарлыкка кол койду. Мындан тышкары, Украинанын Куралдуу күчтөрү НАТО жана Грузияны кошкондо 17 чет элдик машыгууларга катышууга ниеттенет.
Украинанын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө бүгүн жана 2035-жылга дейре жаңы куралдарды сатып алууга каражат жок. Бирок аскердик жардамдын алкагында бул өлкөгө 2017 жана 2018-жылдары Кошмо штаттар 350 млн доллар, 2019-жылы – 250 млн доллар, ал эми 2020-жылы – 300 млн доллар бөлгөн. АКШнын жаңы администрациясы Киевге аскердик колдоо көрсөтөрүн жана учуучу куралдарды да убада кылды.
Өткөн аптада Грузия – Украина – Молдова аскердик блогун түзүү боюнча америкалык демилге белгилүү болду. Кара деңиз акваториясындагы көзөмөлдү толук камсыздоо үчүн келечегинде үч өлкөнүн альянсынын бириккен аскердик-деңиз күчтөрүнө кыйла көп ыкчам катерлер жана үйлөмө кайыктар керектелет.
Кара деңиз аймагында Вашингтондун ашкере аскердик-саясий активдүүлүгү Россия менен куралдуу тиреш болуп калса, Украинаны негизги "таран" катары пайдаланарын жоромолдоого жол берет. Ошону менен бирге эле жаңжалдын РФти алаксытуу аймактары
Приднестровье (Румыния жана Молдованы буга аралаштыруу менен), Абхазия жана Түштүк Осетия (Грузиянын катышуусунда) болуп калышы ыктымал. АКШнын Кара деңиз жээгиндеги өлкөлөргө керт башын ойлой гана аскердик көмөк көрсөтүп келет, аймактык коопсуздукту бекемдебейт (көбүнчө тескерисинче), Россия менен болгон ынтымактуу кошуналыктын ордун ээлей албайт.
Штаб-квартира НАТО в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2020
Согуш отун тутантууга маш НАТО, чырдын алдын алып келген Россия. Абалга сереп
Кара деңизде эки америкалык эсминецтин Россиянын Аба-космостук күчтөрү жана Аскердик-деңиз флоту тарабынан шарттуу жок кылынышынан улам Москва "өнөктөштөрүнүн" адекваттуулугуна (акыл-эстүүлүгүнө) үмүт кылат.
Россиянын Вашингтондогу элчилиги 11-февралда Пентагонду "Кошмо Штаттардын территориалдык сууларда акылга сыйбас күч көрсөтүүнү токтотууга жана өз иши менен алектенүүгө" чакырып, "Кара деңиздин тынчтыгы жана коопсуздугу чоочун кийлигишүүгө муктаж эмес" деп белгилеген.
Андан бир күн мурун Грузиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын мурдагы жетекчиси Гиви Иукубидзе: "Россия Кара деңизди эч кимге карматып койбойт, ал өтө маанилүү стратегиялык маанидеги акватория болуп саналат... Россия аталган региондо маанилүү фактор жана өзүнө каршы эч бир аракетти жоопсуз калтырбайт", — деп таамай мүнөздөгөн. Буга кошумча кептин кереги жоктур...
Жаңылыктар түрмөгү
0