АКШ Россиядан өч алат: башкалар туйбайт, зыянын РФ гана тартат

© Фото / U.S. Air Force / Joseph EddinsВинсконсин штатындагы Warfield авиабазасы
Винсконсин штатындагы Warfield авиабазасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
The New York Times газетасы Кошмо Штаттар алдыдагы үч аптада өтө купуялуу атайын операция жүргүзөрүн дүйнө жүзүнө жар салды. Анын жүрүшүндө россиялык бийликке байланышкан кибертутумдарга "жашыруун контрчабуул" коюлат.
Жашыруун булактар басылмага бул иш-чаралардын кесепети Владимир Путин, ошондой эле россиялык атайын кызмат жана армияга кыйла сезилерлик, бирок калган дүйнө үчүн байкалгыс болорун кабарлаган.
Бул АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливандын билдирүүсү менен үндөшөт. Ал бир жума мурун эле Вашингтон "көрүнгөн жана көзгө көрүнбөс инструменттер" топтомун пайдаланууга даяр экенин маалымдаган.
Кеп компьютердик коопсуздук боюнча SolarWinds компаниясынын программалык камсыздоосуна коюлган киберчабуул жөнүндө, бул тууралуу былтыр декабрда белгилүү болгон.
Вашингтондогу Америка желектеринин фонунда Капитолий имаратынын сыртындагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2021
Демократияны үйрөтөт. АКШ бирөөнүн жашоосуна кийлигишүүнүн жаңы ыкмасын тапты
Ишкананын кардарларынын арасында АКШнын негизги өкмөттүк мекемелери бар, ал эми чабуулдан жабыр тарткандар – коргоо, каржы, ички коопсуздук жана соода министрликтери, Мамлекеттик департамент да бар.
Кошмо Штаттардын атайын кызматтары, ошондой эле бир катар профилдик корпорациялар буга түз эле Москваны айыпташкан. Алардын айтымында, чабуул россиялык чалгындоо структураларына түздөн-түз байланышы бар хакерлер тарабынан жасалып, алар тыңчылык кылууну көздөшкөн.
Февралдын аягында сенаттын чалгындоо боюнча комитетинин угууларында Microsoft башчысы Брэд Смит "дүйнө жүзү көрө элек эң ири жана татаал чабуул" болду көрүнөт деп билдирген. Ачыгы, тармактын башка өкүлдөрү Россияны айыптоодо пикирлери бир кылка эмес. Ошол эле угууларда киберкоопсуздукка адистешкен негизги эки – CrowdStrike жана FireEye компанияларынын өкүлдөрү Москванын системанын бузулушуна тиешеси жөнүндө маалыматтары жок экенин моюнга алышкан. Алардын айтымында, "чабуул орустардын жүрүм-турумуна коошот" деп гана айтууга болорун, ал эми "системаны бузууда колдонулган инструменттер Кытай, Корей Элдик Демократиялык Республикасы же Иран пайдалангандарга окшошпойт".
Россиялык блогер Алексей Навальный  сот учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Батыш жаңы санкциялар менен темир көшөгөнү тартууда. Сереп
Россияда бул окуя Батыш менен мамиленин кадимки көрүнүшүнүн алкагында каралат, ал дайым укмуштуу кылмыштарга РФти катуу жана далилсиз күнөөлөп келет, бул кезектеги санкциялар жана кысымды күчөтүүгө шылтоо болот. Бирок жагдайга АКШнын көз карашынан алганда баары бир топ татаал көрүнөт.
Америкалык расмий өкүлдөр өлкөнүн коопсуздугуна олуттуу залал келтирилбегенин кайталаса да, АКШ бийлигинин өтө курч реакциясы алардын чын ниетинен шек саноого түртөт.
Ак үйдөгү хакерлердин аракеттеринен улам чукул жыйын өткөргөнүн эске салган оң, ал эми Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О'Брайен Европага болгон сапарын токтотуп, Вашингтонго кайтууга аргасыз болгон. Чагылгандай тездикте, атап айтканда, эки ай ичинде сенатта уюштурулган угуулар окуянын болуп көрбөгөндөй мүнөздө экенин айгинелейт. Иш-чаранын америкалык маалымат каражаттарында чагылдырылышын да өзгөчө белгилеп коюу дурус.
Журналисттер "сенат Microsoft менен SolarWinds компанияларын катуу тепкиге" алышканын жазып, ал эми Reuters өз материалдарында учкай атап өтүп, корпорациялар бири-бирин айыпташканына толугу менен басым жасашкан.
Кошмо Штаттардын компьютердик коопсуздугунда чындап эле чоң туюк пайда болуп, системаны катуу дүрбөлөңгө салган. Дымактуу мамлекеттин мындай иш кадимки бир хакерлердин колунан келгенин моюнга алышы албетте, мүмкүн эмес, андайды өзүнө ыраа көрбөйт. Анын ордуна болду-болбоду глобалдык кудуреттүү державага мынчалык оор соккуну тийиштүү компетенциялар жана эбегейсиз, анын ичинде адамдык ресурстарга бай бөлөк өлкө урду деп болжоп коюу оңой.
Рим шаарында көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Европа өз көйгөйлөрүнө күнөөлүүнү тапты. Бет тырмарлыкпы?..
Ошол эле Брэд Смит бул ишке миңден кем эмес "эпчил, ишин мыкты билген инженерлер" тартылган деп боолгологону да тегин жерден эместир, кантсе да өз катачылыктарын жаап-жашырууга тийиш эмеспи. Россия мындай айыптоолорго бардык жагынан эң ыңгайлуу объект, анын дарегине жалган жалаа жабуу автоматташып деле калган.
Ал эми Кошмо Штаттар тарабынан тандалган "жашыруун" жооптун форматы аларга Москвадан өч алуу боюнча каалаган жыйынтыкты жарыялоого кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет. Чынында америкалыктар көзгө көрүнбөс, бирок абдан натыйжалуу чараларды көрүүгө көп убада берчү болду. Ошондуктан хакерлердин колунан ушунчалык таасирдүү иш келген болсо, АКШнын улуттук киберкоопсуздугунун тутуму кандай даражада курулган деген суроо жаралбай койбойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0