Афганистандагы АКШнын деңиз аскерлери. Архив

20 жылда 193 млрд. доллар чыгым болгон. АКШ Афганистанда эмнеге жетишти?

194
(жаңыланган 12:26 12.03.2021)
Афганистан 20 жыл аралыгында планеталык арбитр жана полициянын ролуна ашыккан АКШнын анык жүзүн жана чыныгы мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө көрсөтүп койду. Афган кампаниясы Вашингтон үчүн чыгашалуу болуп,  узакка созулган геосаясий жактан басынууга тушуктурду.

Афганистандын аймагындагы АКШ жана союздаштарынын аскердик операциялары башталганына жыйырма жыл толот. Пентагон аталган согушка 2001-жылдан бери 193 миллиард доллар жумшалганын эсептеп чыкты. Ушул убакыт аралыгында Америка эмнеге жетишип, каражатты кайда жумшаганын аскерий баяндамачы Александр Хроленко тизмектеди.

Кампаниянын жыйынтыгы үстөмдүк кылган террордук уюм менен уятка калган тынчтык боюнча макулдашуусу жана америкалык аскердик күчтөрдүн чыгарылышы болду (башкача айтканда, азыркы жана Вашингтонго лоялдуу афган өкмөтүнүн кызыкчылыктары сатылды). Эмне үчүн күрөшүшкөн? Эске салсак, 1996-жылдан 2001-жылга чейин өлкөдөгү бийлик талибдердин колунда эле. Тарых кайталанып келет.

Кошмо Штаттар жана "Талибан"* былтыр 29-февралда Доха шаарында тынчтык келишимин түзгөн. Анда америкалык аскердик күчтөр чыгарылса, өлкөдөгү касташкан күчтөрдүн ортосундагы саясий жөнгө салуу талабы аткарылары камтылган.

Бул макулдашуу афгандар аралык сүйлөшүүлөрдүн башталышына жол ачууга тийиш эле, бирок жыл ичинде Ислам республикасында тынчтык орноп кетпеди. Козголоңчулардын өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттери бир айга да, ал түгүл коронавирус пандемиясынын шартында да токтогон жок. Пентагондо али күнчө аскердик күчтөрдү кыскартуунун параметрлери боюнча талкуу уланып, бирок акыркы чечим кабыл алына элек.

АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзада марттын башында расмий Кабулга жана "Талибанга"* өткөөл өкмөт (убактылуу администрация) – жети талиб, Афганистан Ислам Республикасынын азыркы өкмөтүнүн жети өкүлү жана кеңештин бир абройлуу башчысынан, жалпы 15 кишиден турган Жогорку ислам кеңешин түзүүнү сунуштаган.

Жаңы долбоордо бир аз өзгөртүүлөр менен азыркы саясий тутумду сактап калуу, анын ичинде мыйзамдуу президент Ашраф Ганинин отставкасы, парламентке талибдердин келиши, азыркы мыйзамдардын шарият нормаларына шайкеш келишин текшерүү каралган. Туруктуу өкмөт кийинчерээк түзүлүшү керектиги айтылат.

Фронттор туңгуюгунда калган Кабул

Башкы союздаштын ушул айдагы сунушу, анын АКШ мамкатчысынын Афган Ислам Республикасынын президентине жолдогон өкүмзар каты менен бекемделиши (бул маалымат каражаттарына жарыяланган) Кабулду катуу кыжырдантты.

Ашраф Гани "афгандыктар тынчтыкты самайт, бирок элдин тилегени – көрүстөндөгү бейпилдик эмес" деп, долбоорду "Халилзаданын фантазиялары" деп атады (негизи убактылуу өкмөт боюнча демилге АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге таандык).

Вице-президент Мохаммад Сарвар Даниш: "Кандай гана план болбосун, системаны талкалап же негизги мыйзамды жокко чыгарууга багытталбастан, саясий тутумду жана Афганистандын Конституциясын коргоого тийиш", - деди.

Кабулда жаңы америкалык пландын ачык эле кыйрашын жана айыгышкыс куралдуу күрөштүн уланышын тастыктап турган башка дагы билдирүүлөр жаңырды. 2020-жылдын 29-февралындагы Афганистандагы "Тынчтык процесси" акыркы 20 жылдагы Пентагон жана НАТОнун "Талибан"* менен болгон согушунан принципиалдуу деле айырмаланбайт.

Кабулда мурункудай эле жарылуулар болуп турат. Афган армиясы марттын башында өлкөнүн түштүгүндө алдыңкы позициясынан тайды. Талибдер тынбай согушуп жатып, Бадгис провинциясындагы Баламургаб шаарынын жанындагы базаны алып коюшту. Террорчулар жыш калктуу пунктуларда автомобилдерге мина, жолдорго колго жасалган жардыргыч заттарды коюуга басым жасашты. Натыйжада ондогон аскер кызматкерлери жана жай жарандар набыт болушат.

Террордук актылар көбүнесе Кабул, Нангархар, Кандагар, Урузган жана Фарьяб провинцияларында болду. Февралда эки апта ичинде эле 168 киши көз жумуп, 172 адам жарадар болгон. Дохадагы тынчтык боюнча сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелген соң зомбулуктун масштабы кескин түрдө кеңейген.

Талибдер Логар жана Герат провинцияларындагы өкмөттүк күчтөрдүн коопсуздук постторун басып алышууда. Кандагар провинциясындагы Афган улуттук армиясынын 205-постунун 200 чакты блокпосту согушкерлердин колуна мурда эле өткөн.

Айыгышкыс жарандык согуш өлкөнүн быт-чытын чыгарып келет. Талибдер жазгы жаңы чабуулга камынууда, өз кишилерин 11 провинциянын (Хост, Нангархар, Пактия, Пактика, Кабул, Саманган, Кундуз, Тахар, Бамиан, Лагман жана Парван) губернаторлугуна дайындашты. Ошондой эле үч провинциянын губернаторлорунун орун басарларын, 12 провинциядагы аскердик бөлүктөрдүн командирлерин жана аскердик комиссиялардын башчыларын бекитишти. Афганистан бардык тышкы саясий кесепеттери менен жарандык согуштун уланышына дуушар.

Эске салсак, "Талибандын"* саясий кеңсеси Катарда экенин белгилей кетели, топ расмий түрдө Пакистанда жана айрым өлкөлөрдө иш алып барат. Башкача айтканда уюм өлкөгө чектешкен Борбор Азия чөлкөмүнө потенциалдуу террордук жана согуштук коркунуч болуп саналат. Атайын кызматтардын маалыматына таянсак, Афганистанда талибдер менен байланышы бар 10 миңге чукул чет элдик согушкер, анын ичинде Тажикстандын жарандары да бар. Талибдердин "ыйык согушунан" улам Афганистанда ИМ* тарапкерлеринин активдүүлүгү күчөп барат. Алар КМШны экспансиялоого даярданууда.

Февралдын аягында терроризмге каршы күрөшүү маселеси боюнча аймактык конференция (чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда) Кабулда тегин жерден өткөн жок.

Россия таасири

Афганистандын улуттук жарашуу боюнча Жогорку кеңештин башчысы Абдулла Абдулла жана экс-президент Хамид Карзай 6-7-мартта Россиянын Кабулдагы элчиси Дмитрий Жирнов менен баарлашышты. Москва форматынын алкагында РФтин демилгелерин талкуулашты.

Мурда афган ТИМи РФтин Афганистан боюнча атайын өкүлү Замир Кабуловдун талибдер жана утурумдук өкмөт боюнча айткандарына терс пикирин билдирген.

Sputnik Afghanistan агенттигине берген маегинде ал Россия талибдерди "саясий жана идеологиялык максаттары бар улуттук кыймыл катары" карап, "афган коомунун курамдык бөлүгү болгон бүгүнкү талибдерди биз Афганистандагы аскердик-саясий кыймыл катары кабылдайбыз" деп билдирген. Эске салсак, РФ Жогорку соту 2003-жылдын февралында "Талибанды" террордук уюм деп тааныган, соттун чечими дале күчүндө. Ошону менен бирге эле Замир Кабулов РФ өлкөнү жеке башкарууга дооматтарын тааныбастыгын, афгандыктар саясий компромисске барууга, мамлекеттик түзүлүштүн келечеги жөнүндө өз ара макулдашууга тийиш экенин баса белгилеген. "Биз талибдерге көбүнесе ушул тапта күчкө салуу менен өз максаттарына жетип жаткан реалдуу аскердик-саясий күч катары карайбыз, бирок биз кыймыл таза саясий жөнгө салууга өтүшү керектигин белгилейбиз" - дейт ал. Мындай ыкма канчалык реалдуу экенин мезгил көрсөтөт.

Москва афгандар аралык сүйлөшүүлөрдү афгандык процесстерге кыйла күчтүү таасир эте ала турган мамлекеттердин (Россия, АКШ, Кытай, Пакистан, Ирандын) катышуусунда "кеңейтилген үчтүк" алкагында консультация аркылуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк издейт.

Ушул ай ичинде эки аянтчада, атап айтканда, 14-мартта Түркияда жана 18-мартта Россияда афгандар аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жөнүндө алдын ала маалыматтар бар.

География да маанилүү экени анык, РФтин салмактуу, жоопкерчиликтүү позициясы заманыбыздын эң татаал жаңжалдарында тараптарга акылга сыярлык чечимдерди табууга жол ачып келет.

* – Кыргызстан, РФ жана бир катар мамлекеттерде ишмердигине тыюу салынган террордук уюм.

194
Белгилер:
ыкма, Россия, Талибан, саясат, убакыт, чыгым, согуш, АКШ, Афганистан
Тема боюнча
Россия АКШнын абийирин төкпөй согуштан сактап калууга даяр. Себеби
Пакет көтөрүп бараткан аял. Архив

Жашоо начарлап кетсе эмне болот? Бүк түшүп калбай эмнеге даяр болуш керек

654
Бул макала сизди кооптондуруу, бүлүк түшүргөн сезимдерди жаратуу үчүн жазылган жери жок. Чубалган цифралар да, ар кандай эксперттердин пикири да камтылбады. Автор тек гана кырдаалга баам салып, көмөк көрсөтүүнүн жолун издеген.

Чындыгында каатчылык болору деле белгисиз, качан болорун эч ким так айтып бере албайт. Дүйнөлүк каржылык рынокторунун кыйрашы жөнүндө жоромол толтура, бирок божомол берекеси жок иш эмеспи. Бул кыргызстандыктардын турмушуна кандай чагылары анык эмес. Биз 1990-жылдан тарта эле каатчылыкта же аны менен "катарлаш" жашап келгендейбиз. Каатчылык сизге кандай таасир этип, кандай тармактар жабыр тартарын да болжош татаал. Бирок кандай болсо да кыйынчылыктарга туруштук берүүнүн камын ойлоп коюу ашыктык кылбастыр. Баанын көтөрүлүшүнө, маяна булагынан ажырап калууга даяр болуп, бирок андай күндө да эбин таап эптештирмейди билип, каражатыңызды сизге таянган жакындарыңызды багууга жеткире билгендей дараметте болуңуз.

Карыздар

Эң жаманы — каатчылыкты карыз, насыя же ипотека менен тосуп алуу. Колуңуздан келишинче мындай түйшүктөрдөн арылуунун жолдорун издеңиз. Чыгымдарды талдап чыгууга (эгер таптакыр эсеп жүргүзбөсөңүз, анда баштаганыңыз оң) жана аларды кыскартууга туура келет, маселен, көңүл ачуудан баш тартыңыз. Кошумча киреше булактарын табуу маанилүү. Эгер батир ижаралап жашасаңыз, ыңгайы келсе убактылуу ата-энеңиздикине барып турганыңыз оң чыгар.

Ал эми азык-түлүктөн сарамжалдайм деген ойдо болсоңуз, анын тобокелдиктери боюнча да туура акыл калчаңыз. Тамактануунун сапаты начарлап кете турган болсо, орто жана узак мөөнөттүү планда кесепети ары кооптуу, ары кымбат да болушу мүмкүн.

Каатчылыкка мойнуңуздагы насыя же ипотека менен кабылсаңыз эмне болот? Мындай учурда банкка барып, карызыңыздын түзүмүн өзгөртүп же кайра каржылоонун варианттарын издөөгө аракет кылуу абзел. Карызыңызды жапканыңыз банк үчүн да пайдалуу, андыктан каатчылыкта ал сизге жагдайдан чыгуунун жолун издөөгө кол кабыш кылар.

Тыйын топтоо

Акча топтоо — бул негиз. Эгер карыздарыңыз жок, бирок капиталыңыз болбосо, "каатчылык фондуна" чогулта бергениңиз дурус. Капыстан киреше булагыңыз бүтөлүп кала турган болсо, жашоого канча акча керек болорун болжол менен эсептеп чыгыңыз. Өзүңүзгө жана үй-бүлөңүзгө куру дегенде 3-4 ай кам санабай жашоого жете турган каражат коруңуз болгону жакшы. Бул убакыт аралыгында тыйын табуунун башка варианттарын таап калат чыгарсыз. Эгер кирешеден тышкаркы акча (сый акы, кошумча маяна, күтүлбөгөн киреше) болсо, аны да сарптап жибербестен чогултканыңыз жакшы.

Акча топтоого мүмкүндүк болбой жатабы? Айлык колго тиери менен бир бөлүгүн катып коюуну акырындап адатка айландырыңыз. Бул ыкма "адегенде өзүңө төлөө" деп мүнөздөлөт.

Чогулткан тыйыныңыз болбосо, кыйын кырдаалда карызга батып, насыя алып, өкмөттөн көмөк күтүүгө туура келет.... Мунун сизге кереги барбы? Кийин азабын тарткандан көрө азыр камын ойлогонуңуз оң эмеспи.

Капитал топтоо "каалоолоруңузду" тыя билүүгө тынымсыз тырышуу экенин эске түйүңүз. Айына 2-3 миң сомдон бөлүп турсаңыз деле жыл соңунда бир кыйла каражат чогулуп калышы ажеп эмес.

Жагдайы түзүк адамдар үчүн

Эгер жыйнаганыңыз жетиштүү, бересеңиз жок болсо, анда өнүгүү үчүн каражат чогултууну баштаңыз. Экономиканын кайсы тармактары жабыр тартары анык эмес, бирок бир каалга жабылса, башкасы ачыларын унутпаңыз. Мүмкүн кыймылсыз мүлк, чет элдик компаниялардын акцияларын, пайдалуу облигацияларды, бизнестен үлүштү арзан сатып алат чыгарсыз. Балким, кайсы бир ийгиликтүү багытка акча салып көбөйтүүгө мүмкүнчүлүккө туш болуп каларсыз. Бирок диверсификация да жадыңызда болсун, үрөндүн баарын бир кампага жыйып болбойт. Каатчылык — бул абалдын начарлашы гана эмес, бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн да убагы. Эң башкысы — андай шарттарды көрө билип, аларды пайдаланууга даяр болуу.

Акчаны кандай валютада кармаган оң?

Көпчүлүк доллар топтоп алып, айырмасынан акча таап, куру дегенде каражатты сактап калат. Бирок тобокелдиктерди да эске алыңыз. Доллар кармалып турарына же кымбаттап кетерине эч ким кепилдик бербейт. Бул эл аралык валютанын куну түшүп кетиши да толук ыктымал.

Эгер чыгымдарыңыз сом түрүндө болсо, акчанын баарын долларга айырбаштоонун кажети жок. Ооба, сомдун куну кылдын учунда турганда кайдыгер караш кыйын. Бирок башынан эң зарылдарын аныктап алып, пландап жана аны бекем кармансак, карыздардан кутулуп, кризистик фонд түзүп, өнүгүү үчүн акча топтоп алганда каатчылыкка туруштук берүү алда канча жеңилирээк.

Каатчылыкты кабылдай билүү

Тарых көрсөтүп тургандай, каатчылык — кадыресе көрүнүш. Экономика циклдүү багыт болгондуктан, эртеби-кечпи рынок өрүш алат. Азыркы учурдагы кадамдарыңыз келечегиңизди аныкташы ыктымал. Балким, кымгуут түшкөн кырдаалга да тушугуп калышыңыз мүмкүн. Эгер кокус башыңызга андай күн түшсө, сабак алып, күчтүү болууга тырышыңыз. Эгер баам сала билсеңиз, ар бир жагдайдан туура жыйынтык чыгара аласыз.

Ошону менен бирге эле өмүр сүрүүнү да унуткарбаңыз. Жашоодон ырахат алуу үчүн сөзсүз эле капчыгыңыздын калыңдыгы зарыл эмес. Бакыт — бул дүйнөгө болгон көз карашыңыз, аны кабыл ала билиңиз.

654
Белгилер:
экономика, жумуш, валюта, мүмкүнчүлүк, акча, запас, жашоо, турмуш, жакырчылык
Тема боюнча
Кыргызстанда көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жарымынан көбү жакыр жашайт
Статком: Баткен, Жалал-Абад жана Нарындын эли жакыр жашайт
Россиянын желеги. Архив

Батыш менен пикири келишпеген Россиянын колунда көзүрү көбүрөөк. Эмне үчүн?

385
(жаңыланган 09:41 28.04.2021)
Россия менен Батыштын ортосундагы чыңалуу жакында жанчудай эмес. Өзгөчө Батыш Европанын алаңгазарлыгы абалды курчутуп жатканы айгине болуп турат.

Чехия, Латвия, Литва өлкөдөн россиялык дипломаттарды чыгарып жиберди: анын артынан эле Польша Вышеград тайпасын "россиялык маселе боюнча" онлайн-жыйынга чогулта калып, ага мүчө мамлекеттер Чехияны колдогон декларация кабыл алып жиберишти; Румыния Россиянын аскер атташесинин жардамчысын нон-грата персонасы деп жарыялай салды; Италия Москванын жооп иретинде дипломатын чыгарып жибергенине таарынып отурса, Улуу Британия санкциялык тизмесин дагы 14 россиялык менен толуктады. Бул болуп кеткен окуялардын толук тизмеси эмес. Эки жээктин алакасы боюнча эл аралык баяндамачы Ирина Алкснис ой толгогон.

Россия деле кем калышкан жок. Чехияны эл аралык мамилелердин нормасын бузду деп шектенген тышкы иштер министри Сергей Лавров бир топ эле "уулуу" билдирүү таратты. Мында кеп курал-жарак соодасы боюнча келишим тууралуу болуп жатат. Прага 2014-жылы Врбетицтеги курал-жарак кампасындагы жарылуу боюнча "адаштырган", "эмоционалдуу, түшүнүксүз" билдирүүлөрдү жасоодо.

Атайын агент? Кайрабы?

Болуп жаткан окуялар эки ача пикирге кептейт. Бир жагынан Россия бийлигинин позициясы 2010-жылдарга салыштырмалуу катаалдашканын байкабай калууга болбойт. Ал кезде Москванын "келгиле, ынтымакта жашайлы" деген жай баракат риторикасы көпчүлүктүн кыжырын келтирер эле. Бирок мында деле кылдан кыйкым тапкандар бар болчу. Андыктан Москванын азыркы катуу айтылган сөздөрү коомчулуктун колдоосуна ээ болууда.

Анткен менен Россиянын өзүндө деле нааразы болгондор четтен чыгат. Булар үчүн Батыштын акылга сыйбаган билдирүүлөрүнөн улам диалог аттуунун дегеле кереги жоктой сезилип, Кремлдин азыркы катуулугу жетишсиз болуп жатат. Нааразы болгон тарапка Батыш акылына келгиче мамилени таптакыр үзүп салуу оң сыяктанат.

Мындай позицияны да түшүнүүгө болот. Алмаштыргыс "атайын агенттер Петров менен Боширов" жана Кремль жапырт колдонгон "Новичок" тууралуу айтуудан тажабаган мамлекеттер менен эмне деп сүйлөшүүгө болот. Бул экөө Англияда Скрипалдарды уулантып, Чехиядагы кампаларды жардырып жетишкен имиш.

Интернетте жүргөн талкууларда "Годвиндин мыйзамы" деген көрүнүш кездешет. Ага ылайык, атаандашын биринчи болуп улутчул же Гитлерге салыштырган адам утулат. Башкача айтканда, кишини улутчул деп, Гитлерге салыштырган тараптын башка келтире турган аргументи жок калганын айгинелейт.

Саясатка да ушул көрүнүштү пайдаланса болчудай: дипломатиялык мамилени үзүү — тышкы саясаттагы акыркы ыкма, мындан ары кескин кадамдар жасалып, согуш оту тутанат. Мындайга барган өлкө күчтүүлүгүн эмес, тескерисинче, алсыздыгын көрсөтөт.

Ушул көз караштан алып караганда абал өтө эле кызык экенин көрүүгө болот.

Россиянын узакка созулган оюну

Батыш Россияга басым жасоонун бардык мүмкүнчүлүгүн пайдаланып бүттү. Маселенин өзөгү ушунда. Эми таптакыр акылга сыйбаган кадамдарга барууга аргасыз болуп турган чагы. Албетте, теорияда Москвага каршы колдонулчу бир катар ыкмалар бар, бирок батыштагылар үчүн аны жүзөгө ашыруу кыйла оор болуп калчудай.

Буга SWIFT эл аралык төлөм системасынын айланасындагы кырдаал ачык мисал. Айрым күчтөр көптөн бери эле Россияны аталган системадан чыгарууга үндөп келет. Бул убакыт аралыгында Россия өзүнүн финансылык байланыш системасын негиздеди, натыйжада тутумдан чыгарылган күндө да кесепети анчалык оор болбой тургандай кылып койду. Бирок Москваны болгон-бүткөн кылмышка күнөөлөп келген Батыш өлкөнү SWIFT системасынан алигүнчө чыгара элек. Россиянын чыгарылышы менен кол жууй турган акчага ичи ачышып жаткан сыяктуу.

Америка менен Европа 2014-жылы мамилеге так салып, колундагы көзүрлөр менен Россияга чабуул баштаганда эмнеси менен ойлонгон деген суроо туулат. Аң-дөңдү карабай жүргүзгөн саясаты, ажаан риторикасы, жүйөсүз айыптоолор... Батыш Россияга таасир этүүчү куралдын баарын пайдаланып бүтүп, баягы эле эски жол менен жүрүүгө аргасыз. Муну менен ого бетер күлкү келтирип, шылдыңга кабылууда.

Ал эми Россиянын колунда инструменттин кыйла запасы бар. Бул өлкө жетекчилигинин картанын баарын бир маалда ачып салбай, оюнду узакка ойноого умтулушу менен байланыштуу экени талашсыз.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбей калышы мүмкүн.

385
Белгилер:
санкциялар, басым, саясат, карта, мамиле, Европа, Америка, Батыш, Россия
Тема боюнча
АКШ санкциялары менен дүйнөгө болгон үстөмдүгүн кыйратууда
Кумтөр алтын кени. Архив

Сот "Кумтөр" компаниясын мамлекетке 262 млрд. сом төлөөгө милдеттендирди

63
(жаңыланган 00:20 08.05.2021)
Жергиликтүү тургундар чет өлкөлүк компания экологияга зыян келтирди деген доомат менен сотко кайрылган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Сот "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын Кумтөр кенин иштетүүдөн чыккан калдыктарды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө жыйып келгенин мыйзамсыз деп тапкан. Дээрлик 262 миллиард сомго жеткен негизги суммадан тышкары сот компаниядан 1 миллиард 308 миллион 653 миң 370 сом мамлекеттик алым өндүрүүнү чечкен.

Маалыматта ишкананын үстүнөн сотко Ысык-Көлдүн тургундары арызданганы айтылат. Жергиликтүү жашоочулар "Кумтөр Голд Компани" Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын бузду деп даттанган. Мөңгүлөргө чыгарылган 1 миллиард 200 миллион тонна калдыктан 183 миллион куб муз талкаланганы белгиленди.

Доого жыгылган тарап 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна кайрылса болот.

63
Белгилер:
токтом, чечим, сот, айып, компания, Кумтөр
Тема боюнча
"Кумтөрдү" Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия текшермей болду
Үч милдет бар. Президент Жапаров экономика кандай реформаланарын айтты