Аляскадагы АКШнын Clear Air Force Station радиолокациялык станциясы

"Кыйратуучу план керек": Пентагондун Аляскадагы шашылыш аракети

245
(жаңыланган 12:59 14.03.2021)
Кеңейтилген аралык, миңдеген чакырымдан кое берилген ракеталарды кармоо, аскердик блокторду жана жалган буталардын селекциясы... АКШ ракетага каршы коргонуу тутумуна кезектеги элементти киргизүүдө.

Кубаттуу жаңы радиолокациялык станция быйыл Аляскада ишке кирет. Вашингтон мурдагыдай эле Иран же Түндүк Корея аймагынан болжолдуу ракеталык соккуну чагылдыруу керектигин айтып келет. Бирок адистер радиолокациялык станция башка бир нерсеге багытталган деп эсептешет. Аляскадагы америкалык аракетке Николай Протопопов баам салган.

Тегиз көзөмөл

Америкалыктар узак аралыкка ылайыкталган радиолокациялык станцияны (Long Range Discrimination Radar, LRDR) 2018-жылы Clear Air Force авиабазасында кура баштаган. Бул аскердик объект өткөн кылымдын ортосунан тарта иштеп, АКШнын ракетага каршы коргонуу тутумунда маанилүү болуп саналат.

Радиолокациялык станцияны ишке киргизүү былтыркыга пландалган, бирок пандемиядан улам мөөнөтүн жылдырышкан. Жакында долбоор аягына чыгып калганы анык болду. Аны иштеп чыккандар белгилегендей, LRDR көп функционалдуу AN/SPY радиолокациялык станциясына караганда 25 эсе чоң. "Ижис" аскердик-маалыматтык башкаруучунун негизги элементи, ошондой эле АКШнын крейсерлери жана эсминецтери ушул станция менен жабдылат. Станция S-диапазонунда иштейт. Нитрид галлийди пайдалануу менен даярдалып, техникалык мүнөздөмөлөрүн арттырат.

Радиолокациялык станция континенттер аралык баллистикалык гипер үндүү ракеталарды гана эмес, алардын аскердик блокторун коштоочу жалган буталарды да аныктайт. Башка өзгөчөлүгү — радарды техникалык тейлөө убагында да өчүрүлбөйт. Конструкция катуу абалдагы блоктор комплексинен турат, аларды жеңил айкалыштырып, кубаттуулугун жогорулатуу үчүн кошумча "уюлдарды" кошушат.

Расмий LRDR Иран жана Түндүк Кореянын ракеталык чабуулунан АКШнын континенталдык бөлүгүн коргойт. Бирок эксперттер баары бир россиялык ракеталар Радиолокациялык станциялар үчүн негизги объект бойдон калат деген пикирде.

"Америкалыктар Европада Ракетага каршы коргонуу тутумун иштеп чыгышканда алар да бул Иранды ооздуктоо үчүн деп кайталашкан, — деп белгилейт аскердик илимдердин доктору Константин Сивков. — Чындыгында жаңы радар Россияга гана каршы багытталган. Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарынын учуш траекториясы Тынч океандын үстүнөн өтөт. Алардын изине түшүү үчүн, мисалы, Гавайи аймагында радиолокациялык тутум зарыл".

Сибирь, Түндүк флоттон жана ал түгүл Тынч океандан, стратегиялык суу түбүндөгү кайыктардан кое берилген континенттер аралык россиялык баллистикалык ракеталардын кыска багыттары дал Алясканын үстүнөн өтөрүн кошумчалайт эксперт.

Жапжакын жерде

Сивков Аляскада ракетага каршы коргонуунун глобалдык системасынын компоненттери мурдатан эле болсо да, "алыскы" РЛС анын мүмкүнчүлүктөрүн, континенттер аралык баллистикалык ракеталарды ыкчам кармоого Пентагондун шарттарын бир топ кеңейтерин баса белгилейт.

"Ооба, биз үчүн жагымсыз учур, бирок кырдаал кескин өзгөрөт дешке болбойт, — деп эсептейт адис. — Россияга жооп катары ушул жана башка радарларды басуучу радиоэлектрондук күрөш каражаттарын түзүү керек. Менимче, мындай каражаттар эбак эле бар, жакында ишке киргизилет. Мындан сырткары, согуштук аракеттер тутанып кетсе, бул радиолокациялык станцияны тез кыйратуу жагын караштыруу керек".

Америкалыктар үчүн Аляска — стратегиялык маанилүү аймак. Негизинен ал жактан россиялык аскердик базаларга чейинки аралык – саналуу чакырым. Пентагон Аляскада радарларды гана орнотпостон, сокку уруучу күчтөрдү көбөйтүүдө. Ошентип жакын арада эки авиабазага АКШдагы бешинчи муундагы F-35 жана F-22 Raptor истребителдеринин ири тобун жайгаштырышат. Бул болжол менен 150 чакты машинаны түзөт.

Көздөгөндөрү — Арктикада Россияны сүрүп чыгаруу

Ошону менен бирге эле Аляскада кургактагы күчтөр азыраак, артиллерия жана бронетранспортерлор менен жабдылган болгону эки пехоталык бригада бар. Кандайдыр флот жок, тек гана жээктеги күзөт бар. Анткен менен Пентагон Аляскада кызмат өтөөгө аскер кызматкерлерин тартуу үчүн кампания баштаган. Солдат, офицерлерди жогорулатылган акы жана өзгөчө тиричилик шарттары менен кызыктырышууда.

Өлкө калканы

Россиянын LRDR деңгээлиндеги радарлары бар. Акыркы жылдары Ракеталык чабуул коюу жөнүндө эскертүү тутуму кыйла жаңыртылып, чек араларды ынанымдуу калкалайт. Ал эми СССР ыдыраган соң Вашингтондун басмырлоосу менен көптөгөн станциялар талкаланып, жаңы РЛС курулушу токтотулган. Көпкө чейин өлкөнүн түндүк-чыгыш багытындагы, Тынч океандын түндүк бөлүгү жана Алясканын бир бөлүгү тарабындагы жылчыктарды бүтөөгө мүмкүнчүлүк болгон эмес, совет убагында да бул чечилбеген көйгөй болгон.

2020-жылдын декабрында ракеталык чабуул тууралуу эскертүүчү жаңы тутумдун сыноолору аяктады. Бүгүнкү күндө ал мамлекеттик жана аскердик башкармалыктын пунктуларына ракеталык чабуул тууралуу эскертүү үчүн маалыматтарды алып, жөнөтүп, Москваны ракетага каршы коргонуунун тийиштүү маалыматтык тутуму менен камсыздап, космостук мейкиндикке көз салат.

Ракеталык чабуул жөнүндөгү эскертүү станциясынын биринчи эшелону бирдиктүү космостук системанын спутниктер тобунан, экинчиси — жердеги радиолокациялык тутумдардан турат. Атап айтканда, бул – "Воронеж" жаңы станциялары.

РЛС РФтин дээрлик бардык периметрлерине: Ленинград, Калининград, Иркутск, Оренбург облустарында, Краснодар, Красноярск жана Алтай крайларында жайылтылган. 2021-жылы Коми Республикасындагы станциянын курулушу аяктап, дагы бирөө Мурманскиде тургузулат.

"Воронеж" — бул ракеталык кооптуу багыттардын баарын көзөмөлдөп туруучу дециметрдик горизонт үстүндөгү радиолокациялык станциялардын соңку мууну. Станциялар горизонталь боюнча алты миң, вертикаль боюнча сегиз миң чакырымга чейинки аралыктан баллистикалык, аэродинамикалык жана космостук буталарын аныктай алат.

Бир радиолокациялык тутум 500гө чукул объектини бирдей коштоп, аскердик блоктордун кулашынын траекториясын, убактысын жана ордун эсептей алат.

"Воронеж" толук автоматтык режимде иштеп, ракеталар кое берилери менен изине түшөт. Чабуул коюлганда маалымат Ракеталык чабуулдун алдын алуу тутумунун командалык пунктуна түшөт, бир нече мүнөт ичинде талданып, иштелип чыгып, жооп же мизин кайтаруучу сокку жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жогорку жетекчиликке жолдошот.

245
Белгилер:
станция, спутник, космос, техника, курал, Россия, АКШ, Аляска
Тема боюнча
20 жылда 193 млрд. доллар чыгым болгон. АКШ Афганистанда эмнеге жетишти?
Алапайын таппай... Европанын коронавирус жана Россияга каршы күрөшүнүн жагдайы
Пакет көтөрүп бараткан аял. Архив

Жашоо начарлап кетсе эмне болот? Бүк түшүп калбай эмнеге даяр болуш керек

752
Бул макала сизди кооптондуруу, бүлүк түшүргөн сезимдерди жаратуу үчүн жазылган жери жок. Чубалган цифралар да, ар кандай эксперттердин пикири да камтылбады. Автор тек гана кырдаалга баам салып, көмөк көрсөтүүнүн жолун издеген.

Чындыгында каатчылык болору деле белгисиз, качан болорун эч ким так айтып бере албайт. Дүйнөлүк каржылык рынокторунун кыйрашы жөнүндө жоромол толтура, бирок божомол берекеси жок иш эмеспи. Бул кыргызстандыктардын турмушуна кандай чагылары анык эмес. Биз 1990-жылдан тарта эле каатчылыкта же аны менен "катарлаш" жашап келгендейбиз. Каатчылык сизге кандай таасир этип, кандай тармактар жабыр тартарын да болжош татаал. Бирок кандай болсо да кыйынчылыктарга туруштук берүүнүн камын ойлоп коюу ашыктык кылбастыр. Баанын көтөрүлүшүнө, маяна булагынан ажырап калууга даяр болуп, бирок андай күндө да эбин таап эптештирмейди билип, каражатыңызды сизге таянган жакындарыңызды багууга жеткире билгендей дараметте болуңуз.

Карыздар

Эң жаманы — каатчылыкты карыз, насыя же ипотека менен тосуп алуу. Колуңуздан келишинче мындай түйшүктөрдөн арылуунун жолдорун издеңиз. Чыгымдарды талдап чыгууга (эгер таптакыр эсеп жүргүзбөсөңүз, анда баштаганыңыз оң) жана аларды кыскартууга туура келет, маселен, көңүл ачуудан баш тартыңыз. Кошумча киреше булактарын табуу маанилүү. Эгер батир ижаралап жашасаңыз, ыңгайы келсе убактылуу ата-энеңиздикине барып турганыңыз оң чыгар.

Ал эми азык-түлүктөн сарамжалдайм деген ойдо болсоңуз, анын тобокелдиктери боюнча да туура акыл калчаңыз. Тамактануунун сапаты начарлап кете турган болсо, орто жана узак мөөнөттүү планда кесепети ары кооптуу, ары кымбат да болушу мүмкүн.

Каатчылыкка мойнуңуздагы насыя же ипотека менен кабылсаңыз эмне болот? Мындай учурда банкка барып, карызыңыздын түзүмүн өзгөртүп же кайра каржылоонун варианттарын издөөгө аракет кылуу абзел. Карызыңызды жапканыңыз банк үчүн да пайдалуу, андыктан каатчылыкта ал сизге жагдайдан чыгуунун жолун издөөгө кол кабыш кылар.

Тыйын топтоо

Акча топтоо — бул негиз. Эгер карыздарыңыз жок, бирок капиталыңыз болбосо, "каатчылык фондуна" чогулта бергениңиз дурус. Капыстан киреше булагыңыз бүтөлүп кала турган болсо, жашоого канча акча керек болорун болжол менен эсептеп чыгыңыз. Өзүңүзгө жана үй-бүлөңүзгө куру дегенде 3-4 ай кам санабай жашоого жете турган каражат коруңуз болгону жакшы. Бул убакыт аралыгында тыйын табуунун башка варианттарын таап калат чыгарсыз. Эгер кирешеден тышкаркы акча (сый акы, кошумча маяна, күтүлбөгөн киреше) болсо, аны да сарптап жибербестен чогултканыңыз жакшы.

Акча топтоого мүмкүндүк болбой жатабы? Айлык колго тиери менен бир бөлүгүн катып коюуну акырындап адатка айландырыңыз. Бул ыкма "адегенде өзүңө төлөө" деп мүнөздөлөт.

Чогулткан тыйыныңыз болбосо, кыйын кырдаалда карызга батып, насыя алып, өкмөттөн көмөк күтүүгө туура келет.... Мунун сизге кереги барбы? Кийин азабын тарткандан көрө азыр камын ойлогонуңуз оң эмеспи.

Капитал топтоо "каалоолоруңузду" тыя билүүгө тынымсыз тырышуу экенин эске түйүңүз. Айына 2-3 миң сомдон бөлүп турсаңыз деле жыл соңунда бир кыйла каражат чогулуп калышы ажеп эмес.

Жагдайы түзүк адамдар үчүн

Эгер жыйнаганыңыз жетиштүү, бересеңиз жок болсо, анда өнүгүү үчүн каражат чогултууну баштаңыз. Экономиканын кайсы тармактары жабыр тартары анык эмес, бирок бир каалга жабылса, башкасы ачыларын унутпаңыз. Мүмкүн кыймылсыз мүлк, чет элдик компаниялардын акцияларын, пайдалуу облигацияларды, бизнестен үлүштү арзан сатып алат чыгарсыз. Балким, кайсы бир ийгиликтүү багытка акча салып көбөйтүүгө мүмкүнчүлүккө туш болуп каларсыз. Бирок диверсификация да жадыңызда болсун, үрөндүн баарын бир кампага жыйып болбойт. Каатчылык — бул абалдын начарлашы гана эмес, бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн да убагы. Эң башкысы — андай шарттарды көрө билип, аларды пайдаланууга даяр болуу.

Акчаны кандай валютада кармаган оң?

Көпчүлүк доллар топтоп алып, айырмасынан акча таап, куру дегенде каражатты сактап калат. Бирок тобокелдиктерди да эске алыңыз. Доллар кармалып турарына же кымбаттап кетерине эч ким кепилдик бербейт. Бул эл аралык валютанын куну түшүп кетиши да толук ыктымал.

Эгер чыгымдарыңыз сом түрүндө болсо, акчанын баарын долларга айырбаштоонун кажети жок. Ооба, сомдун куну кылдын учунда турганда кайдыгер караш кыйын. Бирок башынан эң зарылдарын аныктап алып, пландап жана аны бекем кармансак, карыздардан кутулуп, кризистик фонд түзүп, өнүгүү үчүн акча топтоп алганда каатчылыкка туруштук берүү алда канча жеңилирээк.

Каатчылыкты кабылдай билүү

Тарых көрсөтүп тургандай, каатчылык — кадыресе көрүнүш. Экономика циклдүү багыт болгондуктан, эртеби-кечпи рынок өрүш алат. Азыркы учурдагы кадамдарыңыз келечегиңизди аныкташы ыктымал. Балким, кымгуут түшкөн кырдаалга да тушугуп калышыңыз мүмкүн. Эгер кокус башыңызга андай күн түшсө, сабак алып, күчтүү болууга тырышыңыз. Эгер баам сала билсеңиз, ар бир жагдайдан туура жыйынтык чыгара аласыз.

Ошону менен бирге эле өмүр сүрүүнү да унуткарбаңыз. Жашоодон ырахат алуу үчүн сөзсүз эле капчыгыңыздын калыңдыгы зарыл эмес. Бакыт — бул дүйнөгө болгон көз карашыңыз, аны кабыл ала билиңиз.

752
Белгилер:
экономика, жумуш, валюта, мүмкүнчүлүк, акча, запас, жашоо, турмуш, жакырчылык
Тема боюнча
Кыргызстанда көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жарымынан көбү жакыр жашайт
Статком: Баткен, Жалал-Абад жана Нарындын эли жакыр жашайт
Россиянын желеги. Архив

Батыш менен пикири келишпеген Россиянын колунда көзүрү көбүрөөк. Эмне үчүн?

435
(жаңыланган 09:41 28.04.2021)
Россия менен Батыштын ортосундагы чыңалуу жакында жанчудай эмес. Өзгөчө Батыш Европанын алаңгазарлыгы абалды курчутуп жатканы айгине болуп турат.

Чехия, Латвия, Литва өлкөдөн россиялык дипломаттарды чыгарып жиберди: анын артынан эле Польша Вышеград тайпасын "россиялык маселе боюнча" онлайн-жыйынга чогулта калып, ага мүчө мамлекеттер Чехияны колдогон декларация кабыл алып жиберишти; Румыния Россиянын аскер атташесинин жардамчысын нон-грата персонасы деп жарыялай салды; Италия Москванын жооп иретинде дипломатын чыгарып жибергенине таарынып отурса, Улуу Британия санкциялык тизмесин дагы 14 россиялык менен толуктады. Бул болуп кеткен окуялардын толук тизмеси эмес. Эки жээктин алакасы боюнча эл аралык баяндамачы Ирина Алкснис ой толгогон.

Россия деле кем калышкан жок. Чехияны эл аралык мамилелердин нормасын бузду деп шектенген тышкы иштер министри Сергей Лавров бир топ эле "уулуу" билдирүү таратты. Мында кеп курал-жарак соодасы боюнча келишим тууралуу болуп жатат. Прага 2014-жылы Врбетицтеги курал-жарак кампасындагы жарылуу боюнча "адаштырган", "эмоционалдуу, түшүнүксүз" билдирүүлөрдү жасоодо.

Атайын агент? Кайрабы?

Болуп жаткан окуялар эки ача пикирге кептейт. Бир жагынан Россия бийлигинин позициясы 2010-жылдарга салыштырмалуу катаалдашканын байкабай калууга болбойт. Ал кезде Москванын "келгиле, ынтымакта жашайлы" деген жай баракат риторикасы көпчүлүктүн кыжырын келтирер эле. Бирок мында деле кылдан кыйкым тапкандар бар болчу. Андыктан Москванын азыркы катуу айтылган сөздөрү коомчулуктун колдоосуна ээ болууда.

Анткен менен Россиянын өзүндө деле нааразы болгондор четтен чыгат. Булар үчүн Батыштын акылга сыйбаган билдирүүлөрүнөн улам диалог аттуунун дегеле кереги жоктой сезилип, Кремлдин азыркы катуулугу жетишсиз болуп жатат. Нааразы болгон тарапка Батыш акылына келгиче мамилени таптакыр үзүп салуу оң сыяктанат.

Мындай позицияны да түшүнүүгө болот. Алмаштыргыс "атайын агенттер Петров менен Боширов" жана Кремль жапырт колдонгон "Новичок" тууралуу айтуудан тажабаган мамлекеттер менен эмне деп сүйлөшүүгө болот. Бул экөө Англияда Скрипалдарды уулантып, Чехиядагы кампаларды жардырып жетишкен имиш.

Интернетте жүргөн талкууларда "Годвиндин мыйзамы" деген көрүнүш кездешет. Ага ылайык, атаандашын биринчи болуп улутчул же Гитлерге салыштырган адам утулат. Башкача айтканда, кишини улутчул деп, Гитлерге салыштырган тараптын башка келтире турган аргументи жок калганын айгинелейт.

Саясатка да ушул көрүнүштү пайдаланса болчудай: дипломатиялык мамилени үзүү — тышкы саясаттагы акыркы ыкма, мындан ары кескин кадамдар жасалып, согуш оту тутанат. Мындайга барган өлкө күчтүүлүгүн эмес, тескерисинче, алсыздыгын көрсөтөт.

Ушул көз караштан алып караганда абал өтө эле кызык экенин көрүүгө болот.

Россиянын узакка созулган оюну

Батыш Россияга басым жасоонун бардык мүмкүнчүлүгүн пайдаланып бүттү. Маселенин өзөгү ушунда. Эми таптакыр акылга сыйбаган кадамдарга барууга аргасыз болуп турган чагы. Албетте, теорияда Москвага каршы колдонулчу бир катар ыкмалар бар, бирок батыштагылар үчүн аны жүзөгө ашыруу кыйла оор болуп калчудай.

Буга SWIFT эл аралык төлөм системасынын айланасындагы кырдаал ачык мисал. Айрым күчтөр көптөн бери эле Россияны аталган системадан чыгарууга үндөп келет. Бул убакыт аралыгында Россия өзүнүн финансылык байланыш системасын негиздеди, натыйжада тутумдан чыгарылган күндө да кесепети анчалык оор болбой тургандай кылып койду. Бирок Москваны болгон-бүткөн кылмышка күнөөлөп келген Батыш өлкөнү SWIFT системасынан алигүнчө чыгара элек. Россиянын чыгарылышы менен кол жууй турган акчага ичи ачышып жаткан сыяктуу.

Америка менен Европа 2014-жылы мамилеге так салып, колундагы көзүрлөр менен Россияга чабуул баштаганда эмнеси менен ойлонгон деген суроо туулат. Аң-дөңдү карабай жүргүзгөн саясаты, ажаан риторикасы, жүйөсүз айыптоолор... Батыш Россияга таасир этүүчү куралдын баарын пайдаланып бүтүп, баягы эле эски жол менен жүрүүгө аргасыз. Муну менен ого бетер күлкү келтирип, шылдыңга кабылууда.

Ал эми Россиянын колунда инструменттин кыйла запасы бар. Бул өлкө жетекчилигинин картанын баарын бир маалда ачып салбай, оюнду узакка ойноого умтулушу менен байланыштуу экени талашсыз.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбей калышы мүмкүн.

435
Белгилер:
санкциялар, басым, саясат, карта, мамиле, Европа, Америка, Батыш, Россия
Тема боюнча
АКШ санкциялары менен дүйнөгө болгон үстөмдүгүн кыйратууда
Индияылк ишкер Сандип Бижауат

Чет өлкөлүктөрдүн кайсы адаты кыжырга тиет. Бишкектеги индиялык ишкердин маеги

0
Кыргызстанда Индиядан келген студенттер кандай күн көрөт, мекендештер чет жерден келгендердин кандай жүрүм-турумун көтөрө албайт? Ошондой эле Бишкекте "чоочун" кишинин бизнес жүргүзүшү канчалык оор? Бул суроолорго ишкер Сандип Бижауаттан жооп алдык.

Индиялык Сандип Бижауат Кыргызстанга он жыл мурун медициналык билим алуу үчүн келген. Жаш жигит дарыгер болуп чыккан жок, анткен менен музыкалык топ түзүп, баш калаада жергиликтүү музыканттар да автордук чыгармаларын аткара алчу жай ачууга үлгүргөн.

— Кыргызстанга эмнеге көчүп келдиңиз эле?

— Ата-энем мени медик болсо дешчү. Индияда бул кесип келечектүү болуп эсептелет. Жогорку билим алуу үчүн келгем, бирок медицина көңүлүмө төп келбегенин билчүмүн.

Чыгармачылык менен алектенгим келчү, Болливудду кыялданар элем. Дал ушул себептен Бишкекте бир жыл жашап, мекенге кайткам. Мумбайда өзүмдү сынап көрүүнү пландагам. Атам менен апам мунумду жактырган жок. Көп өтпөй медициналык жогорку билимимди тастыктаган диплом алуу үчүн кайра Бишкекке кайттым. Окууну аяктап, ата-энеме дипломду карматкан соң жан дүйнөм каалаган музыка жана чыгармачылыкта чыйыр саларымды макулдаштык. 

Владелец арт-кафе и музыкант Сандип Бижауа
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Владелец арт-кафе Сандип Бижауат

— Бишкекке көнүш кыйын болдубу?

— Алгач сентябрь айында келгем, кыйла салкындап калыптыр. 17 жашымда бейтааныш калаада жалгызмын десеңиз. Анда орусча таптакыр билбейм, англис тилдүүлөр менен да тааныша элек кезим.

Бардык нерседе – соода кылууда, маршрутка же такси менен барар жериңе жетип алышта да түшүндүрө албай кыйналасың... Азыр эми ар бир экинчи киши англисче сүйлөйт, он жыл мурун башкача болчу. Мындай шартта бачым көнөсүң, орусчаны үйрөнүп, кыргызчаны чала-була сүйлөп калдым. Албетте, укмуш билбейм, бирок баарлаша алам. Баса, адеп келгенде батирди ижарага алуу да өзүнчө бир машакат эле. Үйдү ижарага берүүчүлөрдүн көбүнө телефон чалып чыктым. Бирок индиялык бир же бир нече студент издеп жатканын угушканда батир эбак берилгенин айта салышат.

Бир жолу менин жолум болбой жатабы же кеп Индиядан келген студенттерге өзгөчө мамиледеби текшерип көрүүнү чечтим. Ижарачылардын бирине кайрадан телефон чалып турак жайды издеп жаткандар америкалык балдар экенин айттым. Эртеси эле күнү батирди берүүгө даяр болушту!

Азыр баары жеңил, жаңы келген студенттерге калаада мурдатан жайгашып калган чет өлкөлүктөр көмөктөшөт. Албетте, акысыз эмес, бирок адамдар эмне үчүн төлөп жатканын түшүнсө төлөп берүүгө даяр. Ошондой эле үйдү ижарага берген жергиликтүү жашоочулар сырттан келген студенттер пайдалуу кардар экенин билишет. Анан да мындай ижарачылар көпчүлүк учурда акыны толук көлөмдө беришет. Алар окууну аяктаганча сиздин батириңизде жашагандыктан жаңы тургундарды издеп убара тартпайсыз. 

Владелец арт-кафе и музыкант Сандип Бижауа
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Владелец арт-кафе Сандип Бижауат

— Кыргызстанда чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугу тууралуу маселе көп көтөрүлөт. Дал ошол себептен студенттер топтошуп алып, санаалары тынч жүрөрүн айтышат. Сиз андай жагымсыз жагдайларга кабылган жоксузбу?

— Башында санааркачумун, кээде бейтааныш адамдар негизсиз доомат айтып калышчу. Бир-эки ирет мушташып калган жайым да бар. Кийин андайлар токтоду. Менимче, болгону жашоого болгон мамилемди өзгөрттүм, бир убакта оор сезилген кырдаалдар саламаттык үчүн арзыбай турганын түшүндүм окшойт. Чындап эле Индия жана Пакистандын көп жарандары топ-топ болуп сейилдөөнү ылайык көрөт, анткени ушундай жүргөн коопсуз. Менимче, адамдар бул жакта канчалык узак жашаса, ошончолук жагымсыз жагдайларга кабылбоого тырышат. Балким, бул көбүнесе чет өлкөлүктөр да жергиликтүү маданиятка ыктап калгандыктан болушу мүмкүн. Мисалы, Индияда ушундай маек куруп жатсам, үнүмдү бийик чыгармакмын. Биз телефондон, видеобайланышта катуу сүйлөгөндү жактырабыз. Ал эми бул жакта андай нерсе натуура көрүнүш, чет өлкөлүккө "акырын болуу" эскертилет. Бишкектиктер катуу сүйлөп, алардын тынчтыгын бузгандарга кыжырданат.

— Былтыр чет өлкөлүктөрдүн билим сапаты боюнча маселе абдан курчуду. Кеп Пакистан жөнүндө, КР окуу жайларынын бир тобу кара жана боз тизмеге киргизилген. Сиз медиктерди даярдоо деңгээлин кандай баалайсыз?

— Жеке менин мисалым анчейин ылайык болбос, себеби башынан эле бул кесипти каалаган эмесмин. Дипломду гана колго алып, ата-энеме тапшыруум керек болчу. Улуу муундун өкүлдөрү да, алар качандыр бир анын пайдасы тиерине ишенишет. Жакындарымды кыйбай Индияда медициналык квалификациямды тастыктай турган экзамен тапшыргам. Эки жолу кулап калдым. Дегеле кызыгуум жок эле, дарыгерлик – табият даарыган кесип, ири жоопкерчилик, андайды өз мойнума алууга даяр эмесмин. 

Владелец арт-кафе и музыкант Сандип Бижауа
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Владелец арт-кафе Сандип Бижауат

— Журналисттер ар бир чет өлкөлүк жаранга бере турган суроону сизге да узатайын. Кыргызстан менен мекениңиздин жарандарынын кандай окшош жагы бар?

— Мекенимдегилер шаан-шөкөттүү салтанаттарды жактырышат, бул жакта тойлор өтөт эмеспи. Индиялык үй-бүлөлөрдө, кыргызстандыктардай сымал эле жаштар баш кошкондо кыздын төркүнү сеп берет. Ачыгы, Индияда бул салт терс кабыл алынчу болду, анткени кыз тарап көп оокат берүүгө тийиш. Турмушка чыккан кыз ата төрүнөн узаган соң кийин алар алдан тайып карыганда да бага албайт. Ушундай көрүнүштөрдөн улам кыздуу болорун билишкенде аялдардын бир далайы бойдон алдырышкан. Кайсы бир убакта кырдаал жетер чегине жетип, мамлекеттик деңгээлде медиктерге уул же кыз төрөлөрүн жубайларга алдын ала айтууга тыюу салынган. Азыр кыздарга сеп чогултууда терс жагдай жок. Жаш бүлөгө жардамдашууга жакындарынын чама-чаркы келсе гана көмөктөшөт.

— Frunze Streeets тобун түзүпсүз, ошондон кеп салсаңыз.

— Музыкага кызыгып келгем. Кыргызстанда өз демилгелеримди биргеликте ишке ашыра алчу санаалаштарды кезиктирдим. Биз ырдын сөзүн жазып, обон жаратабыз, клип тартабыз. Булардан тышкары, музыкалык тобубуз бар, Бишкекте автордук ыр жазган жамааттарды өз чыгармаларын аткара алчу арт-кафе ачтык.

Каверлерге эч кандай каршылыгым деле жок, кээде биздин музыканттар түп нускасынан кем калбагыдай аткарышат. Бирок мен дайым өзүмдөн чыккан чыгармаларды сунгум келет. Ушундай жол менен гана угармандын жүрөгүнөн түнөк тапчу жаңы бир нерсе жаратууга болот.

— Айрым музыканттар Бишкектеги эс алуучу жайлардын кардарлары автордук музыканы жактырышпайт, көпчүлүгү алигүнчө "Despasito" ырын коюну сурана беришет деп даттанып калышат.

— Баары ошол жай жана анын меймандарына жараша. Өз ырларын аткарышы үчүн музыканттарды атайын чакырабыз. Дал ошолордун ырларын тыңдап, чыгармачылыгынан ырахат алчу адамдар келет. Барды жаңыдан ачып жатканда анын концепциясы кардарларга ушунчалык жагарына анчалык ишенген эмесмин...

Былтыр жайда бар өрттөнүп кетти. Баарын өз колубуз менен жасап, статуэткалар көп эле, эмеректер да кол эмгеги болчу... Бүт күлгө айланды.

Кире бериштеги жазуу жана дубалга тартылган карыянын сүрөтү гана калыптыр. Ошол тушта борбор калаада кафе жана башка көңүл ачуучу жайлардын ишине тыюу салынган. Ошол кырсык биздин ишти жөнгө салып кетүүгө болгон үмүтүбүздү да өчүрүп салды. Социалдык медианы пайдалануу жолу менен тыйын топтоочу аянттардын бирине барды калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүнүп жарыя жайгаштырдык. Автордук ырлар аткарыларын түшүндүрдүк.

Бир нече апта аралыгында 6 миң евронун тегерегиндеги каражат чогулду. Кубанычымда чек жок эле! Акча дүйнөнүн булуң-бурчунан жыйналды: биздин кафени сүйгөн кардарлар, ал түгүл Бишкекке аяк баса элек адамдар да тыйын которушту. Элге арт-кафе концепциясынын өзү жакты.

Биздин музыкалык топ мен үчүн чоң мааниге ээ. Анан да Бишкек мага аябай жагат, бул шаардын руху бар. Биздин эс алуучу жай да сонун. Адамдар Кыргызстанды баалабай бекер кылышат. Бул өлкөгө куштар тааныштарым бар Индияда. Алар кинематограф менен алектенишет, бул жакка тасма тартууга да бир нече ирет келип кетишкен.

Аларга процессти уюштурууга, актёрлорду, массовка жана башкаларды издөөгө көмөктөшкөм. Бул жактын жаратылышы индиялык кинематографтын форматына төп келип калат. Ошондуктан Болливуд режиссёрлору бул жакта иштегиси келет. 

Владелец арт-кафе и музыкант Сандип Бижауа
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Владелец арт-кафе Сандип Бижауат

— Кыргызстанда чет элдик жаранга бизнес жүргүзүү канчалык кыйын?

— Чынын айтсам, көптөн бери өзүмдү чет элдик деп эсептебейм. Менден качан жана дал эмнени күтүшөрүн так билем. Албетте, Индияда иш алып баруу жеңилирээк болмок, бирок бул жакта мыйзамдарды жакшы билсең, салыкты маалында төлөсөң, документтерди өз жайында жүргүзсөң, жашоо кыйла ыңгайлуу.

— Индия менен Пакистандан келген балдардын кышында жупжука кийинип алганын көп көрүп калам! Эмнеге?

— Ачыгын айтайын, ошону билбейм. Аба ырайына карап кийинүүгө аракет кылам, Кыргызстанда айрыкча кышкысын аябай суук. Менин мекенимде ал маалда орточо +15 градус, ал эми Бишкекте –20га чейин жетиши ыктымал!

0
Белгилер:
диплом, медик, кинематография, кафе, ыр, жаратылыш, Кыргызстан, ишкер, Индия
Тема боюнча
Канададагы англис тили мугалими Айдина: кымбат кийинип дүкөндүн алдын шыпыргандар көп
5000 сом менен баштагам! Кирешелүү бизнес ээси Санжардын маеги