Спутник V вакцинасы. Архив

Вакциналар согушу, айласы түгөнгөн Европа. "Спутник V" дарысына кызыгуу күч

(жаңыланган 18:20 16.03.2021)
AstraZeneca вакцинасынан күмөн санаган өлкөлөрдүн саны арбып барат. Кечээ аталган препаратты колдонууну Германия, Франция жана Италия токтотту.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Австрия, Чехия, Болгария, Словения жана Латвиянын лидерлери Евробиримдиктин вакцина бөлүштүргөнүнө нааразы болуп чыгышты. Европада россиялык же кытайлык препараттарга өтүүгө даяр өлкөлөр бар. Брюссель Москва менен "Спутник V" вакцинасын алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө даярданып жатканы маалым болду. Коронавируска каршы күрөшүүнүн айланасындагы чуу эмнеге басылбай жатканын РИА Новости териштирип көрдү.

"Күнөөлүүнү" табуу

Аталган өлкө лидерлеринин катында "ЕБдин айрым өлкөлөрүнө вакцина калкынын санына туура келбеген көлөмдө келип жатат. Жакында боло турган саммитте ушул маселени талкуулоого чакырабыз" деп айтылат.

Австриянын канцлери Себастьян Курц Брюсселден Латвия жана Болгариядагы түзүлгөн кырдаалга көңүл бурууну өтүндү. Саясатчы препараттын жетишсиздиги коронавирустун жаңы толкунун шарттап, андан катуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экенин эскертти.

"Эмне үчүн, мисалы, Мальтага Болгарияга караганда көп вакцина келди. Буга ЕБ кеңешинин башкаруучусунун жашыруун келишимдери себеп деп ойлоп жатабыз. Вакцинацияны базарга айландырбай, көшөгө артындагы мындай макулдашууларды иликтеш керек", — деди ал.

Бирок Курцтун Социал-демократиялык партиядагы оппоненттери муну менен макул эмес. Алар "канцлер Австриядагы талапка жооп бербеген эмдөө кампаниясы үчүн айыптууларды издеп жатканын" айтышты.

Англия жана Швеция биргелешип чыгарган AstraZeneca жана АКШнын Pfizer вакциналары менен эмдөө Австрияда былтыр башталган. AstraZeneca компаниясы ЕБдин бардык мамлекетине жетишпей жатканын жар салган. Мындан тышкары, эмделгендердин арасында оорусу катуулап (тромб пайда болуп), ал тургай Италия менен Данияда адам өлүмү катталган учурлар болду.

Австрия, Дания, Норвегия, Болгария, Латвия, Литва, Эстония аталган дарыны колдонууну токтотту.

Кыйыр вакцинация

Жакында эле Эстонияда вакцинадан 31 жаштагы мамлекеттик кызматкер көз жумду. Кечээ Словакияда орто мектептин 38 жаштагы мугалими каза тапты.

Маркумдардын жакындары англо-шведдик өндүрүүчү менен соттошууга даяр. Бирок фармкомпаниянын жетекчилиги айыптоолорду алдын ала четке кагууда. Вакцинаны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да коопсуз деп эсептеп жатат.

"AstraZeneca менен тромбдун пайда болуусунун байланышын тастыктаган далилдер жок. Демек, эмдөөдөн баш тартуу да негизсиз", — деди ДССУ өкүлү Маргарет Харрис.

Анткен менен AstraZeneca вакцинасынан күмөн санаган өлкөлөрдүн саны арбып барат. Кечээ аталган препаратты колдонууну Германия, Франция жана Италия токтотту.

Ал эми Pfizer вакцинасы таңсык болуп турган чагы. Аны бөлүштүрүүнү Брюссель мойнуна алган. Азырынча 100 миң адамга сегиз доза жөнүндө сөз болуп жатат. Салыштыруу үчүн айта кетсек, АКШга 24ү туура келсе, Британияга 32 доза берилген. Австрия, Чехия, Болгария, Словения жана Литванын лидерлери дал ушул жагдайга нааразы болуп жатышат.

Стартта турган туризм

Латвия менен Болгарияда чындап эле вакцинация жайлап калды. Курц да ушуга көңүл бурган. Азыркы тапта орто эсеп менен эки миңге чейин адам эмделип жатат.

"Кеминде марттын аягына дейре препараттын жетишсиздиги курч болот", — деп эскертти Латвиянын Вакцинация бюросунун жетекчиси Эва Юхневича.

Рига апрелдин ортосуна чейин 164 миң доза алууга ниеттенген. Анын жарымы AstraZeneca болчу, эми бул маселе ачык бойдон турат. Эгер өндүрүүчү вакцинанын коопсуз экенин далилдеп бербесе, андан баш тартууга туура келет. Ал эми Pfizer вакцинасын кошумча алууга мамлекеттин чама-чаркы чектелүү.

"Кампаларда вакцина жок: баары үй-бүлөлүк дарыгерлер менен медицина мекемелерине таратылды", — деди Юхневича.

Болгария туристтик сезонго даярданууда: 1-майда эл аралык авиакаттам жанданат. Өлкөгө коронавирус жок деген тести же эмделгени тууралуу сертификаты барлардын баары киргизиле баштайт. Бирок вакцинация боюнча жергиликтүү калктын абалы начар.

Февралда AstraZeneca препаратынын ири партиясы келип, катаал чектөөлөрдөн тажаган тургундар эмделе баштаган. ЕБдеги коңшулары сыяктуу эле бийлик вакцина аз экенин, керек болсо медиктерге, мугалимдерге, пенсионерлерге да жетпей жатканын айтып нааразы болгон. Эми процесс таптакыр эле токтоп калды.

"Европанын Дары каражаттары боюнча агенттиги AstraZeneca вакцинасына карата айтылган күмөндүү ойлордун баарын четке каккыча эмдөөнү токтотууга буйрук бердим", — деди Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов.

Жашыруун сыр жана көз боемочулук

ЕБдеги нааразычылык айрымдар дарыны зарыга күтүп жатса, дагы бири ашыгын кайда жоготорун билбей жаткан кырдаалдан улам да күчөп жатат. Мисалы, Германиянын кампаларында миллиондун тегерегиндеги доза жөн эле сакталып турганы айтылууда.

Улуу Британияда 21 миллион киши эмделди. Бул өлкөгө башка мамлекеттерден айырмаланып препарат үзгүлтүксүз келип жатты.

Италия бийлиги Лондонду вакцинацияны үзгүлтүккө учуратты деп ачык эле күнөөлөп, соттошорун айтып коркутуп жатат. Өндүрүүчүлөр "кыйынчылыктар негизги компонентти даярдоо менен байланыштуу" деп актанышууда. Бирок бул эч кимдин көңүлүн тынчыта алган жок. "Жашыруун келишимдер" тууралуу жар салган Курц Британияга вакцинанын тездик менен жеткирилишин кыйыткан.

Анын үстүнө Сауд Аравияда, Бириккен Араб Эмирлиги жана Катарда эмдөө Европа өлкөлөрү менен тең эле башталды. Бул жагдай да европалыктардын ич күптүлүгүн жаратууда. Ким көбүрөөк төлөсө, ошол биринчи эмделет шекилдүү болуп калды.

Вакциналар согушу

Евробиримдик Россия менен Кытайдан чыккан препараттарга көз сала баштады. Мисалы, Франция медицина коомчулугу оң баасын берсе "Спутник V" вакцинасын колдонууга даяр.

Германиянын Вакцина жана биомедициналык дары каражаттарын иштеп чыгуу институту да россиялык препаратка кызыгууда. Талаптары ошол эле — ЕБдин критерийлерине жооп бериши керек.

"Спутник V" вакцинасын сатып алууга даяр экенин Австрия да билдирди. "Бул маселеде геосаясат тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес", — деди Курц.

Reuters ЕБ Москва менен "Спутник V" боюнча сүйлөшүүгө даярданып жатканын жазды. Россиянын Түз инвестициялар фонду азырынча үн ката элек. Бирок журналисттер "Спутник V" вакцинасын Италия менен Германияда өндүрүү мүмкүн экенин тактап чыгышты.

Дагы бир көз караш бар: Брюссель жеткирүү маселелерин толук көзөмөлдөө үчүн россиялык вакцина боюнча оюн өзгөрттү. Венгрия, Словакия, Чехия Москва менен түз сүйлөшүп, Европанын укуктук механизмдеринин бузулушу боюнча кинеге "Pfizer препаратын көпкө чейин күтүүгө туура келерин" жүйө келтирүүдө.

Европанын Жорж Маршалл атындагы коопсуздук маселелерин иликтөө борборунун адиси Пал Дунай РИА Новости менен сүйлөшүп жатып, "бул жерде кеп "Спутник V" вакцинасынын уникалдуулугунда эмес, ЕБ өлкөлөрүнүн аргасы түгөнүп турганында" экенин айткан.

"Европа Кытай вакцинасына да кызыгып жатпайбы. Венгрия ЕБде биринчи болуп Sinopharm вакцинасын алды. AstraZeneca препаратынын айланасындагы кырдаал кайталанбашы үчүн альтернатива издөөгө туура келет", — деди венгриялык саясат таануучу.

Эл аралык мамилелер боюнча британиялык адис Саша Мэтьюз "вакциналар согушу" пандемия бүткүчө созуларын боолголоп жатат. "Британиялыктар, франциялыктар, италиялыктар үйдө отуруудан тажап, бийликти сындай баштады. Тигилер коронавирустан арылып, саясий упай топтоо үчүн сыйкырдуу ыкмаларды издеп жатышат. Вакцина канчалык көп болсо, бийликти сактап калууга мүмкүнчүлүк ошончо жогору", — дейт ал.

Айтор, "ар ким өзү үчүн" деген принцип баары эмделип бүтмөйүнчө Европада актуалдуулугун жоготпой калды өңдөнөт.

Белгилер:
келишим, эмдөө, Кытай, Россия, Европа, АКШ, вакцина
Тема:
"Спутник V" вакцинасы (103)
Тема боюнча
COVID-19 чегинүүдө: КМШ өлкөлөрүндө жаңыдан жугузгандар азайып жатат
АКШнын президенти Жо Байден. Архив

Путинге Байден менен жолугуунун эмне зарылчылыгы бар

(жаңыланган 20:02 19.04.2021)
Ансыз да олку-солку болуп турган Россия-Америка мамилелери акыркы айда өзүнчө эле театрга, вашингтондук актёрлор койгон оюнга айланып кетти.

Алгач Байден Путинди "жан алгыч" деп атады, андан соң "Россиянын Украинаны басып алуу кооптуулугун" күчөткөн Байден Путинге чалып жакын арада жолугушууну сунуштады да эртеси жаңы санкциялар тууралуу жарлыкка кол койду. Андан кийин ЖМК алдына чыгып, "Россия менен чырдашууну каалабай турганын", АКШ чогуу иштешүүгө кызыкдар экенин, бул үчүн жай айларында Путин менен жолугушуу ниети бар экенин айтты. Көшөгө.

Кырдаалга РИА Новости абай салды.

Ушу тапта Байдендин жаңылганын да тамашалоо орунсуз болуп калды. Бирок Вашингтондогулар Россиянын айласын таппай, улам бир ыкманы пайдаланып жатат деп да айта албайсың. Жок, Ак үйдө максатын так түшүнгөн, Россия боюнча көрчү аракеттери айкын адамдар отурат. Буга мүмкүнчүлүгү жетиштүүбү, америкалык кызыкчылыктын көз карашынан алып караганда канчалык туура стратегия? Жок, дарамети жетпейт. Муну түшүнүү Кремль үчүн стратегиялык планда маанилүү, ал эми азыр тактикалык планда башка нерсе кызык болуп турат: Путин болуп жаткан окуяларга кандай мамиле жасашы керек? Же Байден менен жолугушууга барышы керекпи?

Бир караганда сүйлөшүү россиялыктарга караганда америкалыктар үчүн зарыл сыяктуу эле. Мындан улам Байден оң-тескери кадамдары менен Путинди жолугушууга мажбурлап жатат деген да сөз болгон. Демек, ою менен болуп сүйлөшүүлөргө барбай, тыным алып туруу керек деген кептер айтылган болчу.

Америкалыктар чындап эле моюн толгогондорду жаман көрөт, өздөрү да сүйлөшүүгө көп бара беришпейт. Кээде мындай аракет акталып калат, Иран менен Түндүк Кореянын мисалы буга далил. Пхеньян АКШнын кезектеги жосунсуз аракетинен соң бир жылдан бери америкалыктар менен байланышка чыкпай келет. Коронавирус боюнча чектөөлөрдөн улам деп айтууга болбойт. Ирандыктар да түз байланыштан бир нече ирет баш тартты, керек болсо жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө макул болбой жүрөт. Бул ошол өлкөлөрдүн, алардын АКШ менен болгон алакасынан алып караганда туура, татыктуу кадам. Россиянын масштабы да, контексти да такыр бөлөк.

Кеп Путиндин биринчи болуп жолугушууну сунуштаганында деле эмес. Эскерте кетсек, РФ лидери АКШ президентинин чуулуу сөзүнөн кийин түз эфирде дебат форматында жолугууну демилгелеген. Путин өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн ким менен болсо да сүйлөшүүгө даяр. Россиянын кызыкчылыгы эмнеде? Санкцияларды жумшартуу боюнча Америка менен келишүүбү? Же Жакынкы Чыгыш, Афганистандагы көйгөйлөр, Ирандын өзөктүк келишими, Түндүк Кореянын ракеталык-өзөктүк программасы сыяктуу аймактык маселелер боюнча тил табышуубу? Украинабы?

Жок, мунун баары локалдык көйгөй. Канчалык маанилүү болсо да бул маселелер Байден менен жолугушууга себеп болуп бере албайт. Мында адамдык кызыкчылык баарынан жогору турат: кантсе да Путин үчүн Байден бешинчи президент, экөө мындан он жыл мурун жолуккан жайы бар. РФ лидери ал кезде Байдендин инсандыгын анализдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк алган, ошентсе да дүйнөлүк аренада иштөө үчүн адамдын кандай экенин көбүрөөк билүү эч качан ашыктык кылбайт эмеспи.

Россиянын геосаясий стратегиясы, тышкы саясий оюну — мына ушул нерсе жолугушуунун кызыгын арттырууда. Россия XXI кылымдын дүйнөлүк системасын калыптандырууга катышуу ниетин билдирип тим болбостон бул жаатта жигердүү иш алып барууда. Америкалыктардай болбой, дүйнө үчүн таптакыр жаңы каркас түзүү менен алек. Ооба, Кытай менен иштешип жатат, анткени кызыкчылыктар дал келүүдө. Ооба, АКШга тыкыр баам салып, убагында жооп берип жатат, анткени америкалыктардын дүйнөнү деконструкциялоо аракети бардык ревизионисттик күчтөрдүн маанилүү маселесине айланып кетти.

Байден Россия АКШнын ишине кийлигишип жатат деп туура айтты. Кийлигишип жатат, бирок шайлоосуна эмес. Муну айтып, талашып-тартышуу бекер, "вашингтондун сазын" байырлагандар үчүн бул ички да, тышкы да саясатынын элементине айланып кеткен. Керек болсо "шайлоого кийлигиштирип" АКШ Россияны таасири күч держава катары сыпаттап койду.

Ооба, Россия кийлигишип, "АКШнын кызыкчылыктарын кыйратууда", болгону бул жерде алардын глобалдуу кызыкчылыгы, өзүн "эге" сезип алган текеберлиги тууралуу сөз болууда. Кошмо Штаттардын лидер аталууга күчү, дарамети жетпей калды. Материалдык жактан Америкадан алда канча алсыз болуп турган Россиянын орчундуу артыкчылыгы бар.

Өлкө тарыхтын туура багыты менен баратат, башкача айтканда, стратегиялык жактан аныкталып-такталган глобалдуу архитектура менен өнүгүүнүн тенденцияларына таянып өз тактикасын курууда. Россия учурда өзгөрүүлөрдүн лидери. Бул жагынан алып караганда Байден болобу, Камала Харрис болобу, кайсы лидер менен болсо да жолугушуунун зарылдыгы бар.

Белгилер:
сүйлөшүүлөр, жолугушуу, санкциялар, Владимир Путин, Жо Байден, АКШ, Россия
Тема боюнча
Байден Путиндин фамилиясын туура эмес айтып алды
Афганистандагы АКШ аскерлери. Архив

Афганистандан америкалык аскерлердин чыгарылышын талибдер тескөөдө

(жаңыланган 23:11 18.04.2021)
“Талибан”* террордук уюму Кошмо Штаттарга Афганистандан аскердик күчтөрдү чыгарып кетүүгө катуу талап коюп, Вашингтонду көп полярдуу дүйнөнүн реалдуулугуна кайтарууда.

АКШ Ак үйү узаган аптада Афганистандан америкалык аскерлердин 11-сентябрда чыгарыларын маалымдаган эле. Бирок талибдер АКШнын аскердик күчтөрүн 1-майга чейин чыгарып кетүүнү (2020-жылдын 29-февралындагы Дохада кол коюлган макулдашуунун шарттарына ылайык) кескин талап кылды. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул жагдай туурасында ой калчаган.

АКШ администрациясы дароо жооп кайтарып, аскерлер Афганистандан 1-майдан тарта чыгарыларын жар салды. Ага удаа эле НАТОдогу союздаштары ошол күнү “Чечкиндүү колдоо” миссиясынын күчтөрүн да чыгарып кетүү жөнүндө чечим кабыл алышты.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден аталган республикада америкалык аскерлердин болушу туруктуу өкмөт түзүүгө көмөк болбойт десе, АКШнын коргоо министри Ллойд Остин аскердик күчтөр Афганистандагы вазийпасын аткарып, ошондой эле “экономика, жарандык коомчулук жана саясат жаатындагы өсүшкө өбөлгө болгудай” иш алпарды.

Пентагон жана анын союздаштары Ислам республикасында жүз миллиарддаган долларды сарптап, миңдеген жоокеринен айрылып, кадыры кетип акыры байкуш мамлекетти кечээги эле касташкан тарапка – талибдерге калтыруунун эмне зарылдыгы бар эле? Тилекке каршы, жоопсуз собол.

Аткарылышы кыйын

Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Уильям Бернс 14-апрелде күчтөрдүн чыгарылышы олуттуу тобокелчилик экенин, америкалык аскердик күчтөрдүн катышуусу жыйыштырылса бир топ өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" түзүмдөрүнүн таасири Афганистанда калыптанышы ыктымал деп божомолдоду.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон ушул тапта күчтөрдү чыгарып кетүү өлкөдөгү бийликти "Талибанга" карматуу менен барабар экенин белгиледи. Ал ортодо талибдер согуштук аракеттерди кайра тутантуу, башкача айтканда, эгер АКШ жана НАТО макулдашылган мөөнөткө, тагыраак, 1-майга дейре күчтөрүн чыгарып кетпесе чет элдик аскерлерге "жихад" уюштуруу ниетинде. "Талибандын"* позициясын Забиулла Моджахед да мурдараак мындай тейде аларга жеткирген: "Байден майга чейин аскерлерди алып кетүү татаал экенин айтты, анткен менен биз Дохадагы келишим аткарылышы кажет деп эсептейбиз. Себеби аны жүзөгө ашыруу – Афганистан менен Кошмо Штаттардын ортосундагы учурдагы көйгөйдү чечүүнүн жападан жалгыз ыкмасы".

Логистика жагынан 3-5 миң аскерди транспорттук учактар менен ташууга он төрт күн толук жетишерлик. Афганистан Ислам Республикасынын улуттук жарашуу боюнча Жогорку кеңеши жыйырмадан ашуун сунушту, анын ичинде президент Ашраф Ганинин тынчтык планын да бирдиктүү программага бириктире алды. Ошентсе да "Талибан"* 14-апрелде Афганистандын келечеги тууралуу сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тартты (анын кезектеги баскычы Түркиянын аймагына белгиленген). Талибдердин куралдуу түзүмдөрү өкмөттүк күчтөрдү жеңүү үчүн АКШнын аскерлери жана аскердик техникасынын толук чыгарылышын күтүүдө. Кабул көбүнесе америкалык аскердик-аба күчтөрүнүн террорчуларга сокку урушу менен гана кармалып турат. Афганистан жакынкы келечекте "Ислам эмирлигине" айланып калышы ыктымал.

Америкалык чалгындоочу коомчулук “төмөн же орто деңгээлдеги ишеним менен” россиялык кесиптештери 2019-жылы жана андан мурун да АКШ жана Афганистандагы коалициянын аскерлерине каршы "Талибандын"* чабуулдарын каржы менен дем беришкенин боолголойт. Мындай маалымат булактары сынга да туруштук бере албайт, аларды текшерүүгө да мүмкүн эмес. РФ андай айыптоолорду четке кагат.

Макулдашуу тынчтыкты камсыздай албады

Пентагондун жетекчиси Ллойд Остиндин пикиринде, Афганистандан бир нече миң америкалык жоокердин чыгарылышы аракеттерди башка жакка жумшап, “болочок душмандарды” (“дүйнөлүк тартипти өзгөртүүгө” умтулган Кытай жана Россияны) ооздуктоого же жеңүүгө мүмкүндүк берет. Апийим талааларынын негизиндеги салыштырмалуу аз сандагы террордук топторду жөнгө сала албаган Пентагон кастарын өзөктүк державалардын арасынан издөөдө. Анан калса мындай күмөнсүнүүгө алардын кай бир аракеттери “АКШнын улуттук кызыкчылыктарына каршы келгендиги” гана себеп имиш.

Күчтөр чыгарылып кеткен соң Афганистан жана ага чектешкен Борбор Азия өлкөлөрү ашынган аскердик-диний кыймыл жараткан көйгөйлөрдү таптакыр өз алдынча чечүүгө мажбур болот.

Өлкөдө талибдердин бийлигинин тушунда (2001-жылга дейре) аялдар билим ала алышкан эмес, үй-бүлөдө ала жипти аттагандар калаанын аянттарында дарга асылган, уурулардын колдору кесилип, ал эми телевидениеге театр жана музыка менен катар тыюу салынган.

Фактыны жашырып кое албайсың. 12-апрелде Афганистандын Улуттук коопсуздук башкармалыгы Дохадагы АКШ менен "Талибандын"* макулдашуусу туруктуулукка алып келбегенин айтып чыкты. 2020-жылдын 29-февралынан тарта өлкөдө талибдердин чабуулдарынын саны 24 пайызга өскөнү кабарланды.

"Талибандын"* Катардагы кеңсесинин башчысы Абдул Гани Барадар молдо да 12-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат МирзиёевгеАфганистанда биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди. Анткен менен бул “жерде” тынчтыкта кызматташууну кепилдебейт. Аскердик-диний кыймыл курамы, көз карашы жана максаттары бирдей эмес. "Талибан"* өз тактикасын өзгөртпөйт, өлкөдөгү зомбулуктун деңгээлин азайтпайт, "Аль-Каида" менен союздук же өнөктөштүк алакаларын үзбөйт.

* “Талибан” - бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм

Белгилер:
Талибан, Афганистан, АКШ
Тема боюнча
20 жылда 193 млрд. доллар чыгым болгон. АКШ Афганистанда эмнеге жетишти?
Россия АКШнын абийирин төкпөй согуштан сактап калууга даяр. Себеби
Аялдар кол чатыр менен жаан учурунда. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

21-апрелге караган түнү аба ырайы кескин өзгөрөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланары болжолдонду.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Талас өрөөнүндө +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +9…+14 градусту көрсөтөт.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы борбордо +7…+9, Ош шаарында +9…+14 градус болот.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Түштүк аймакта сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты