Германиядагы коронавирустук чектөөлөргө каршы акция

Пандемия Европа үчүн бороон-чапкынга айланууда. Туруштук бере алабы?

268
(жаңыланган 20:44 24.03.2021)
Кризис чегине жетип калганын Германиянын мисалында көрсөк болот. Аутсайдерлердин өз көйгөйү жетиштүү, бирок туңгуюкка лидери менен ЕБдеги алдыңкы мамлекеттин да кептелиши ойго салбай койбойт.

Кечээ Владимир Путин коронавируска каршы россиялык өндүрүштөн чыккан вакцина менен эмделди. Президент кайсы препаратты пайдаланганын Кремль ачыктаган жок.

Ал эми өлкөнүн вице-премьери Татьяна Голикова "Вектор" борбору иштеп чыккан "ЭпиВакКорона" препараты менен эмделгенин айтып берген. Бир нече күндөн кийин Чумаков атындагы борбор иштеп чыккан "КовиВак" жалпы колдонууга чыгарын да Голикова маалымдады.

Россиянын Түз инвестициялар фонду күн сайын "Спутник V" вакцинасынын дүйнөлүк рыноктогу ийгилиги тууралуу  отчёт берип жатат.

Кытайдын Мамлекеттик кеңеши дүйнө жүзүндө 100 миллиондон ашуун адам кытай вакцинасы менен эмделгенин жар салды.

Москва менен Пекиндин ырааттуу ишинин фонунда Батышта, өзгөчө Европада опурталдуу жагдай түзүлдү. Мындайча айтканда, "идеалдуу бороон-чапкынды" элестетүүдө. Вакцинацияга байланышкан абал тууралуу Ирина Алкснис ой толгоп, аны РИА Новости жарыялады.

Европада коронавирустун үчүнчү толкуну башталып жатат. Оору көбөйгөн маалда бийлик көндүм протокол менен иштеп, чектөөлөрдү күчөтүүдө. Мунун кесепети эки нерседен байкалат: улуттук экономиканы калыбына келтирүүгө жаңы тоскоолдук жана ансыз деле чыдамы түгөнгөн элдин нааразычылыгынын күчөшү. Муну барган сайын көбөйүп жаткан каршылык акциялары айгинелеп турат. Бул өз кезегинде вакцинацияга таасирин тийгизүүдө, анын үстүнө өнөктүккө жоопкер структуралардын башаламан аракети кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткен абалды элестетип турат.

Кризис чегине жетип калганын Германиянын мисалында көрсөк болот. Аутсайдерлердин өз көйгөйү жетиштүү, бирок туңгуюкка лидери менен ЕБдеги алдыңкы мамлекеттин да кептелиши ойго салбай койбойт.

Ангела Меркель локдаундун мөөнөтүн 18-апрелге чейин узартып, кийинки айдын башында болчу каникул маалына чектөөлөрдү күчөттү. Өлкөнүн Финансы министрлиги өкмөткө кошумча бюджеттин долбоорун сунушташы керек. Документке ылайык, 2021-2022-жылдары мамлекеттин кошумча карызы 142 миллиард долларды түзмөкчү. Каражаттын басымдуу бөлүгү пандемиядан жабыр тарткан бизнести жана коронавируска каршы күрөшүү үчүн саламаттык сактоо системасын колдоого багытталат.

Бирок коомчулук жетекчиликтин аракетин баалоого шашылган жок. YouGov социологиялык кызматынын сурамжылоосу немецтердин үчтөн эки бөлүгү федералдык өкмөттүн аракетине нааразы экенин аныктады.

Баса, эң эле терс баага өлкөнүн саламаттык сактоо министри Йенс Шпан татыган, антирейтинги дээрлик 70 пайызды түзөрү айтылды.

Акыркы айтылгандар оголе кызык угулушу мүмкүн, анткени Германия медицинасынын деңгээли пандемиянын курч мезгилинде да дайым бийик болуп келген. Элдин нааразычылыгы саламаттык сактоо системасынын өзүнө да эмес, көбүнесе бул тармактагы коррупциядан улам күчөп жатат. Шпан бийлик партиясынын айланасында чыккан чуунун чок ортосунда калды. Көрсө, ал башында турган министрлик былтыр аткаминердин күйөөсү жетектеген фирмадан жарым миллиондон ашуун бет кап сатып алган экен.

Бул жогорку кызматты ээлеген бир жыныстуу түгөйлөр аралашкан чатактардын чети гана.

2020-жылдын жай айларында жубайлар Берлиндин мыкты районунан архитектуралык эстелик катары саналган вилла сатып алышканы ачыкка чыккан. Журналисттер насыянын негизги бөлүгү бир нече жыл мурун Шпан жетекчилигине кирген банк тарабынан берилгенин аныктап чыгышты. ЖМКлар ызы-чуу салып чыкканда министр сот аркылуу вилланын баасын ачыктоого тыюу салган. Бирок бир нече күн мурун Spiegel журналы үй 4,125 миллион долларга сатып алынганын жазды.

Германияда парламенттик шайлоого аз калганын айтсак, Ангела Меркелдин партиялаштарынын келечеги анча жаркын эмес экени айгине.

Эми ушунун баары аз келгенсип Германия жалпы ЕБ менен күтүлгөн болсо да таптакыр жаңы көйгөйгө тушукту. Европанын вакцинация боюнча саясаты коомчулуктун ишенимин өчүрүүдө. Биринчи кезекте мындан AstraZeneca жабыр тартты. Ошол эле YouGov кызматынын сурамжылоосуна ылайык, аталган вакцинаны немецтердин 32 пайызы гана коопсуз деп эсептейт. Франция, Испания жана Италия да ушундай эле жыйынтык көрсөтүүдө. Ал эми Польша бийлиги элдин 70 пайызы аталган вакцина менен эмделүүдөн баш тартканын расмий билдирди.

Эмдөөдөн кийин катталган адам өлүмүнөн соң башка нерсе күтүп деле кереги жок болчу. Ал эми бийликтин ары урунуп, бери урунганы абалды ого бетер курчутууда. AstraZeneca препараты менен эмделүү улам токтоп, улам жанданууда. Айрым өлкөлөр буга чейин сатып алган дарыларын жок кылса, бирок Брюссель ЕБден медикаменттин экспортуна тыюу салам деп коркутуп жатат.

Европанын дары-дармек каражаттары боюнча агенттиги вакцинация менен тромбоздун байланышын тапкан жок. Ал эми Норвегия менен Германиянын бири-биринен көз карандысыз иликтөө топтору байланыш бар экенин айтып чыкты. Эми АКШнын Аллергия жана инфекциялык оорулар улуттук институту отко май чачып, AstraZeneca компаниясы препараттын таасири тууралуу толук эмес маалымат бергенин билдирди.

Мунун баары вакцинага эле эмес, бири-бирине асылган расмий структураларга болгон ишенимди азайтууда.

Тынч күндөрү ары-бери чуркаган генерал күлкү келтирсе, согуш маалында дүрбөлөңгө түшүрөт деген кеп бар. Мамлекеттик башкаруудагы азыркы кырдаал бул сөздү тастыктап турат. Кризис учурунда тынч туруп жасалган туура эмес кадамдардын өзүн жоготуп эмне кыларын билбей калган аргасыздыкка караганда кесепети оор болбойт.

Анан да ката кеткенин элдин баары айтып жатканда моюн бербей мулуңдай берген да одонолук. Бирок Евробиримдик бу жерден да жаза басты. Ангела Меркель, Италия премьери жана бир катар Европа мамлекеттеринин лидерлери "Спутник V" вакцинасын алуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат деп билдирүү жасагандан кийин ички рынок боюнча еврокомиссар Тьерри Бретон ЕБ россиялык вакцинага муктаж эмес экенин айтып чыкты.

268
Белгилер:
вакцинация, эмдөө, Европа, АКШ, Россия, Кытай, препарат, дүрбөлөң
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1494)
Тема боюнча
"Спутник V" Pfizer вакцинасын озду. Аны дүйнөдө 45 мамлекет жактырды
COVID-19 чегинүүдө: КМШ өлкөлөрүндө жаңыдан жугузгандар азайып жатат
Уран-6 робототехникалык комплекси. Архивдик сүрөт

Россияда аскердик роботтордун үлүшү төрт жыл аралыгында 30 пайызга жетет