"Циркон" Россиянын жээктеринен батыш кемелерин "кубалады"

© Пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүЦиркон гипер үнү менен жүрүүчү канаттуу ракета. Архив
Циркон гипер үнү менен жүрүүчү канаттуу ракета. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2021
Жазылуу
Заполярье жана РФтин Түндүк деңиз жолунда АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрү жана НАТОнун кысымына Россия гипер үндүү "Циркондорду" кое берүү менен чара көрөт. Мындай аргументтерге жооп кайтарууга РФтин "өнөктөштөрү" технологиялык жактан даяр эмес.
Болгону алар Россиянын дарегине кескин билдирүүлөрү жана айыптоолору менен гана абаны жаңыртуудан башка аргасы жок. Өз кезегинде РФ эл аралык укуктук талаада адилеттүүлүк менен чек араларын жана улуттук кызыкчылыктарын адилеттүүлүк менен коргоодо. Ушул жагдайга аскерий баяндамачы Александр Хроленко токтолгон.
РФтин Түндүк флотунун ракеталык кемелер дивизиясындагы 22350 долбоорунун башкы фрегаты "Советтер Союзунун флотунун адмиралы Горшков" 24-мартта Баренц деңизине аскердик даярдык тапшырмаларын аткаруу, деңиз буталарына ракеталык-артиллериялык курал менен атып машыгуу жана гипер үндүү "Циркон" ракеталарын сыноо үчүн чыккан.
800 чакырым аралыктан "Адмирал Горшковдун" ракета атуусу 25-27-мартка пландалып, түндүк атлантикалык альянстагы "өнөктөштөрүнүн" бүйүрүн кызытты. АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрү жана НАТОнун саатына 10 миң чакырымдык ылдамдыктагы "Циркондун" изин аныктай алчу радиолокациялык каражаттары жок. Бул жагынан Арктиканы көзөмөлдөө тилеги альянстын технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келбейт.
АКШнын деңиз аскерлери  Афганистандын Гильменд провинциясында талибдерге каршы операция жүрүп жаткан учурда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2021
Батыш үчүн революциялык кырдаал: Европа көңүлсүнбөйт, АКШ аткара албайт
"Адмирал Горшков" 25-мартта төрт гипер үндүү ракеталары менен ийгиликтүү атып көрүп, баары буталарына таамай тийип, учуучу-конструктордук сыноолору аяктады. Май айында "Циркондун" мамлекеттик сыноолору башталат. Дагы бир нече ирет атылып, анын ичинде бортунан "Северодвинск" суу түбүндөгү атомдук кайыгы түшүрүлөт. Ал былтыр сыноодон өткөрүлгөн. "Адмирал Горшков" фрегаты "Циркондор" менен деңиз буталарына эки ирет, жердегисине бир жолу аткан. 2016-жылдан бери сыналып келет. РФ Коргоо министрлиги "Цирконду" келерки жылдын биринчи жарымында алары пландалган. Суверендүү мамлекет катары Россия өз чек араларында НАТОнун аскердик базалар түйүнүн жана ракеталык позицияларын кеңейтишине адекваттуу чара көрүүгө аргасыз.
Заполярьедеги чек арасын АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн жана НАТОнун согуштук кемелеринин кыйратуучу орун алышынан күчтүү коргоого бекем ниетин билдирүүдө. "Циркон" – РФ Түндүк флотунун кеңири аргументтеринин бири гана.

Максат жана каражаттар

Карматпас жана күчтүү "Циркондор" агрессордун мизи кайтарыларын эске салат. Ар кыл калибрдеги отуз өлкөнүн аскердик биримдиги планета калкынын 10 пайызынын кызыкчылыктарын коргойт, альянстын пайдасына карап чыгарылган "жүрүм-турум эрежесин" коңшуларына таңуулай албайт. Теңата диалогду батыштагылар бой көтөрүүчүлүк менен көз жаздымда калтырат. Мыйзамсыз экстерриториялык санкцияларды киргизет.
Россиялык Буревестник канаттуу ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Эмнеге Пентагон россиялык "Буревестниктен" мынчалык чочулайт?
НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча 24-мартта өткөн басма сөз жыйынында альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг Россия тараптан ракеталык кооптуулуктун күчөшү байкалганын, ага жооп кайтарууга ниеткер экенин билдирген. Бирок азырынча колунда "Цирконго" теңдеш куралы жок. Пентагон гипер үндүү ракетага 2028-жылы ээ болушу күтүлөт. Мындай негизсиз айыптоолор жана кескин билдирүүлөрү менен Брюссель жана Вашингтондогулар РФтин альянстан көз карандысыз кадыресе, тынч өнүгүшүн жана "Циркондордун" учушун токтотууга ниеттенет өңдөнөт. Балтия жана Кара деңиз чөлкөмүндөгү НАТОнун аскердик активдүүлүгүнүн күч алышына байланыштуу жакынкы жылдары Россиянын коргонуу жөндөмдүүлүгү мыйзам ченемдүү түрдө арта бермекчи. Ошону менен бирге эле Москва альянстын аскердик коркунучтарына оор басырыктуу жооп берип келет. Россияга ондогон өлкөлөргө база куруунун кажети жок.

Деңиз дүйнөсү

Россиянын Аскердик-деңиз флотунун аскердик кемелери жана суу түбүндөгү кайыктарынын бортундагы жаңы гипер үндүү ракеталык комплекстерин "Калибр" таамай канаттуу ракеталарынын мүмкүнчүлүктөрүнүн спектри толуктайт. Бул дүйнөлүк океандагы күчтөрдүн бөлүштүрүлүшүн, деңиз кармашынын тактикасын түп-тамырынан өзгөртөт.
Ачык булактардан сериялык "Циркондор" үндөн он эсе ылдам учуп (саатына 10789 чакырымдан ашуун), буталарын 1000 чакырымдан алыс аралыктан жок кыла алат. Ракетанын узундугу 6 метрдин тегерегинде, ал эми ок-дары бөлүгүнүн салмагы — 300 чакырым. Аны кое берүү үчүн универсалдуу 3С-14 комплекси пайдаланылат, бул кемеге каршы коргонууга багытталган "Гранит" жана "Оникс" ракеталары менен да колдонуларын эске сала кетели.
Самолет F-35 Lightning II - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
F-35 өзүн-өзү кыйратып... Келтирген зыяны — 2,5 млн. доллар
РФ Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, "Адмирал Нахимов" крейсери, "Адмирал Горшков" тибиндеги фрегаттар, 20385 корветтер ("Гремящий"), 22350 долбоорунун суу бетиндеги кемелери, 23560 жана 885, 885М, 949АМ долбоорлорундагы атомдук субмариналар "Циркондор" менен куралданышмакчы. Гипер үндүү бул куралдар ракетага каршы коргонуунун азыркы бардык тутумдарына кармалбайт, ошондуктан согуштук жаңжалдардын жүрүшүнө кыйла таасир эте алат. "Циркон" душмандын абадан коргонуу аймагынан саналуу секунд ичинде өтүп, соккусу соо калтырбайт.
Мисалы, британиялык Королдуктун флоту саатына 3700 чакырымга чейинки ылдамдыктагы аба буталарын атып түшүрөт. Ал эми "Циркон" наркы алты миллиард фунт турган британиялык авиаташуучусунун эки бирдигин бир сокку менен кыйрата алат.
Чындап эле гипер үндүү ракетанын кинетикалык кубаты Arleigh Burke тибиндеги америкалык эсминецти тең экиге бөлө "чаба" алат. Кошмо Штаттарда "Цирконду" өзөктүк кооптуулуктан коргоо үчүн "кванттык секирик" деп аташкан.
"Циркондун" жаралышы эле НАТОнун аскердик-деңиз күчтөрүн тактикасын принципиалдуу түзөтүүгө жана абадан коргонуу технологиялары жаатында Россияны "кууп жетүүнү" талап кылат.
Аляскадагы АКШнын Clear Air Force Station радиолокациялык станциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
"Кыйратуучу план керек": Пентагондун Аляскадагы шашылыш аракети
Комплекс россиялык согуштук кемелерден жана территориалдык суулардан коопсуз аралыкты кеңейтүүнү камсыздап, машыгуу үчүн операциялык мейкиндикти кыскартат.
"Өзгөчө маалда" болжолдуу душмандын авиа сокку уруучу топтору "Циркондун" күчү жете турган аймактан тыш, башкача айтканда, Россиянын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн суу бетиндеги кемелерине 1000 чакырымдан ашык аралык нары сүзүүгө аргасыз болот.
Болжол менен 2025-жылдан тарта россиялык субмариналардын көзгө көрүнбөстүгү "Циркондор" үчүн душмандын авиа сокку уруучу топторун оңой олжого айлантат.
Кантсе да "Циркон" – кооптуулук эмес, НАТОнун Россияга каршы багытына жооп деп билсек болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0