Маскачан адамдар. Архив

Европанын алсырай түшкөн өз алдынчалыгы. Бекемдеп берчү барбы?

Владимир Путиндин Ангела Меркель жана Эммануэль Макрон менен сүйлөшүүсү күтүлгөндөй да, күтүлбөгөндөй да болду.

Шейшембидеги видеоконференциянын так мөөнөтү алдын ала айтылган эмес. Бирок украиналык президент Зеленский үч аптадан бери эле "Норманд форматындагы" жолугушуу өткөрүүгө ниеткер экенин айтып келген.

Натыйжада Зеленскийди сүйлөшүүгө чакырышпады. Кремль Донбасстагы элдешүүнү бузуп жана кырдаалды ырбатып жаткан саясатчы менен азыр сүйлөшпөй турганын билдирген. Үч лидер талкуулай турган темалардын көптүгүнөн, анын ичинде үчтүк формат пайдаланылгандыктан формалдуу түрдө Украина четте калган.

Путин Меркель жана Макрон менен үч айдан азыраак убакыт сүйлөшө элек болчу, бирок январдын башындагы телефон аркылуу сүйлөшүүдөн бери Донбасста гана эмес, жалпысынан Батыш жана Россиянын алакасында кырдаал курчуду.

Москвада Европа биримдиги менен болгон мамилелер тоңдурулганы ачык эле айтыла баштады. Ошону менен бирге эле жалпы Европа жана айрым өлкөлөрдүн лидерлери иш жүзүндө Москва менен алакасында тыныгуу жарыялоо үчүн, тескерисинче, жеке, анын ичинде ички саясий кызыкчылыктарынан алып караганда активдүү чыгыш саясаты зарыл.

Сүйлөшүштү, болгондо да дароо бир топ темалар боюнча баарлашышты. Украинадан Ливияга дейре, россиялык вакциналардан Иранга чейин кеп козгошту. Навальный менен Лукашенкону да унуткарышкан жок. Эч бир пункт боюнча жылыш жок, болору деле арсар эле. Ал түгүл Европа биримдигинде "Спутник V" вакцинасын каттоо жана өндүрүү иши боюнча билдирүү да күтүлгөндөй эле чыкты. Анткени бул багытта Европанын анык кызыкчылыгы жана бир нерселерди чечүүдө мүмкүнчүлүгү бар, ал эми башка темаларда (Иран), айрымдарында (Украина боюнча) каалоосу да жок.

Макрон менен Меркелдин Россиянын Украинадагы окту токтотуу режимин турукташтырууга Минск келишимин аткаруу менен каатчылыктан чыгууга бекем милдеттенме алышын каалап, Путинге "Норманд форматында" Зеленскийдин катышуусунда жолугушууну сунуштап келет.

Азырынча андай кезигүүнүн келечеги жок, анан да ага жооп катары Путин "Украина тарабынан жасалган куралдуу тирешти ырбаткан чагымчылдыктарга олуттуу түрдө тынчсызданганын" билдирди. Украинаны Донбасс менен түз диалогго жана конституциялык реформага мажбурлоого Берлин жана Париж даяр эмес, ал эми буларсыз жагдайды жөнгө салууда прогресс болбосу анык.

Кантсе да Донбасстагы жаңы согуш темасы менен кызыл кулактык кылуу эми Киев үчүн кыйыныраак. Суверендүү мамлекеттин ички иштерине сырттан кийлигишүүгө жол берилбестигин белгиледи Путин.

Путин менен Меркель экөө тең стратегиялык маселелерди чечүүгө жөндөмсүз, алар ички иштери менен түйшөлүүдө. Күзүндө Меркель канцлердик кызматты өткөрүп берет. Германиянын "Түндүк агым — 2" канцлердин фамилиясынан көз каранды эмес, газ түтүгүн коргоо немец геосаясий кызыкчылыктарына төп келет. Украиналык маселени чечпестен Европанын Россия менен алакасы атлантисттерге дайым илинчек. Мында РФтин "Спутник V" вакцинасы да көмөкчү боло албайт, башка мамлекеттерге сырттан кийлигишүүлөргө иммунитет бар, ал эми бул жаатында европалыктар катуу чаалыккандай. Бирок күч топтоп, саламаттыгы – өз алдынчалыгын бекемдөөгө эч качан кеч эмес.

Белгилер:
Украина, вакцина, Спутник V, Россия, Европа
Тема боюнча
Донбасста согуш жанданабы? Путин Меркель жана Макрон менен эмнени сүйлөштү
Батыш үчүн революциялык кырдаал: Европа көңүлсүнбөйт, АКШ аткара албайт
Эркиндик айкелинин дубалга тартылган сүрөтү. Архивдик сүрөт

АКШ санкциялары менен дүйнөгө болгон үстөмдүгүн кыйратууда

(жаңыланган 19:03 11.04.2021)
Батышта Россияга каршы санкциялар иши өз нугунда жүрүүдө: бири аларды иштеп чыгып киргизип жатса, башкалары жаңы санкциялардын кесепетин болушунча азыраак тартуунун жолун издөөдө.

Айрым учурда ролдору бири-бирине дал келбейт, башкача айтканда, адегенде чектөөлөр киргизилет. Кийин демилгечилер өздөрү ошол "саздан" чыга албай чабалактайт. Ал эми Россия элитасын улутташтыруудан технологиялык автономдуулукка дейре өзү пландагандай жаңы, бирок өз пайдасы үчүн бир өңчөй чараларды пайдаланат. Дал ушул жагдайга баам салган Ирина Алкснистин макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Ушул тапта Вашингтон "Түндүк агым – 2" долбоорунун тагдыры боюнча сүйлөшүүлөрдү жетектей турган атайын өкүлдүн талапкерлиги аныкталат. Politico басылмасы америкалык Юстиция министрлиги курулуп жаткан газ түтүгүнө каршы кезектеги дагы эки санкцияны жактырганын жазып чыкты. Анын алкагындагы кара тизмеде газ түтүгүнүн курулушу жана кийинки пайдаланылышына жооп бере турган швейцариялык Nord Stream 2 AG компаниясы, анын жетекчиси Матиас Варниг да бар.

Чектөөлөрдүн долбоору келерки айда конгресстин кароосуна коюлуп, бекитилиши күтүлөт. Ачыгы бул так эмес, анткени газ түтүгүнө каршы жаңы чаралар боюнча акыркы чечим азырынча кабыл алына элек. Ал түздөн-түз сүйлөшүүлөргө жараша экени ачык. Бирок ал Россия менен эмес, Европа менен жүргүзүлмөкчү. Байдендин администрациясы үчүн башкы көйгөй дал ушунда. Конгрессте эки партиянын өкүлдөрү тең "Түндүк агым – 2" долбоорун эмне болсо да токтотууну талап кылып, ал эми Берлин айтканынан кайтпай газ түтүгүн коргоп көшөрүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Вашингтон стратегиялык объектисин коргогон Батыш Европанын бул маселеде жумшарышына үмүттөнөт. Анткен менен журналисттер улам эскертип тургандай, газ түтүгүнүн курулушу 96 пайызга аяктап калды.

Дээрлик бул менен катар эле Politico Bloomberg шайлоого кийлигишүү жана хакердик чабуулдар үчүн Россияны жазалоонун жаңы чараларынан баян салды. Кезектеги кара тизменин "Россиянын президенти Владимир Путинге жакын адамдар" менен толтуруудан тышкары, администрация "АКШда дипломатиялык вазийпаны жамынып иштеп жүргөн россиялык чалгынчыларды" өлкөдөн чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кароодо. Ошентсе да Вашингтон үчүн анын "кыйыр таасирлери" да жок эмес. Жакында эле Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов айткандай, Кошмо Штаттар РФ дипломаттарына каршы визалык согушту баштап, анын айынан эки миссия тең кызматкерлердин, анын ичинде техникалык адистердин тартыштыгына кабылууда. Анткен менен россиялык элчиликтин кызматкерлери бардык кыйынчылыктарга туруштук берүүдө.

Пандемия маалында видеоконференция кызматын көрсөтүп, иши өргө чыккан Zoom компаниясы Россия жана КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик мекемелери жана компанияларын тейлөөгө тыюу салган. Бирок бир нече саат өткөн соң Zoom компаниясынын өкүлү "мамлекеттик, ошону менен бирге эле жаңы жана азыркы пайдалануучулар таратуучулар аркылуу эмес, сайт аркылуу түз кайрылып аккаунт сурай алышарын" тактаган. Компаниянын мындай кетенчиктегенин да түшүнүүгө болот, себеби былтыр россиялык мамлекеттик мекемелер, атап айтканда, жогорку окуу жайларына байланышкан кардарлары кыйла көп киреше алып келип турган. Эми алар жапырт жана шашылыш түрдө альтернативдик аянтчаларга кетүүдө.

Акыркы жылдары санкция темасы Россиянын ичиндеги процесстер да, эл аралык алакалар үчүн да кадыресе көрүнүшкө айланган. Глобалдык бир полярдуу дүйнөдө санкциялар – чындап эле азыркы тутумду бекемдөө инструменти.

Эң катаал чектөөлөр менен да жашоого болот, муну Иран да, Корея элдик-демократиялык республикасы тастыктап келет. Тек гана мунун куну чоң, калктын турмуш сапаты начарлайт, улуттук экономиканын жоготуулары көбөйөт, технологиялык жактан артта калат.

Санкциялар ал убакта өлкөнү заманбап өнүккөн цивилизациядан чийип салууну түшүндүргөн. Мейли бул жогорку технологиялык долбоорду ишке ашыруудагы кыйынчылык болсун, ал түгүл жөнөкөй эле жагдай, мисалы, SWIFT тутуму өчүрүлгөндүктөн жарандар дүкөндө да карта менен төлөй алышпайт. Жети жыл мурунку РФке каршы санкциялар да өлкөнү ушундай эле залалга батырган. Бирок бара-бара санкциялар батыш биримдигин да, АКШ үстөмдүк кылган жалпы дүйнөлүк тутумга да таасир этпей койбоду. Ал убакта өгөйлөнгөн өлкөлөрдү технологиялык жактан солгундатуу механизми болсо, азыр санкциялар, тескерисинче, алардын өнүгүшүнө өбөлгө болчу инструментке айланып отурат. Муну түшүнүп турса да, дүйнөдө Кошмо Штаттардын үстөмдүгүн кыйратып бүтүрсө да Вашингтондогулар бул кадамдан артка кайта албай турушат.

Белгилер:
экономика, КМШ, чектөө, санкциялар, Европа, АКШ, Россия
Тема боюнча
Батыш жаңы санкциялар менен темир көшөгөнү тартууда. Сереп
Климатты бетке кармап... АКШ кантип жашаш керектигин үйрөтүүгө өтчүдөй
Россиялык Белгород эксперименталдык субмаринасы. Архив

Россиялык "Посейдон" Тынч океанга карай камынууда

(жаңыланган 13:13 11.04.2021)
Тынч океандагы базалардын бири "Посейдондорду" ташуучунун дайымкы жайгашкан жайына айланмакчы. Ошону менен бирге эле суу түбүндөгү эксперименталдык кайык Дүйнөлүк океандын каалаган жеринде белгиленген милдеттерин аткара алат.

НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн күчкө таянып Россия менен диалог куруу аракеттери мыйзам ченемдүү түрдө катуу каршылыктарга кабылат. Россиянын батыш чек араларына жакын жердеги АКШ армиясынын чагымчылдыктарынын күч алышы батыш, Кошмо Штаттардын тынч океандык чек араларына да чагылбай койбосу анык. Бул тууралуу РФтин "өнөктөштөрүнө" россиялык "Белгород" эксперименталдык субмаринасы жана "Посейдон" термоөзөктүк тутуму эскертип турарын белгилейт аскерий серепчи Александр Хроленко.

Жума ортосунда аскердик-өнөр жай комплексиндеги булактар деңиз учкучсуздарын ташуучу "Посейдон" – 09852 долбоорунун эксперименталдык "Белгород" суу түбүндөгү атомдук кайык сүзүүгө бет алганы турат (реактору кое берилген). Субмарина сентябрга чейин сыналып, океанда күзөт өтөйт. Шварттык сыноолору жүрүп, башкача айтканда кеменин курулуш сапаты, тетиктеринин топтоштурулушу жана жөнгө салынышы, жүк алдында энергетикалык орнотмосун, бышыктыгы жана коопсуздугу текшерилүүдө.

Тынч океандагы базалардын бири "Посейдондорду" ташуучунун дайымкы жайгашкан жайына айланмакчы. Ошону менен бирге эле суу түбүндөгү эксперименталдык кайык Дүйнөлүк океандын каалаган жеринде белгиленген милдеттерин аткара алат. 2027-жылга чейинки куралдануу боюнча мамлекеттик программасынын алкагында Россия ушундай үч субмарина курмакчы.

"Посейдон" тутумун иштеп чыгуу тууралуу РФ президенти Владимир Путин алгач ирет 2018-жылы айткан ("Белгород" сууга 2019-жылдын 23-апрелинде кое берилген). Буталарынын кеңири спектрин – болжолдуу душмандын абада ташуучу топтору, жээкти бекемдөө жана инфраструктурасы экенин белгилеген.

Мындай инструменттер менен Путин "тек полярдуу оюндун" эрежелерин өзгөртүүгө убада берген. АКШнын ошол туштагы расмий өкүлдөрү "техникалык жактан жасалма жана укмуш" деп россиялык жаңы куралды ачык эле жактырышкан эмес. Бүгүн Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти континенттер аралык 2М39 "Посейдон" өзөктүк торпедасынын пайда болгонуна өзгөчө тынчсызданып туру.

Жалпысынан РФтин "өнөктөштөрүн" аталган мамлекеттин улам өнүгүп жана бекемдеп бараткан Аскердик-деңиз флоту чочулатат. Business Insider басылмасынын маалыматына таянсак, анын курамында 360 чакты кеме, анын ичинде 59 субмарина (баллистикалык ракеталуу суу түбүндөгү 12 крейсер) иштейт.

Өзгөчө мүнөздөмөлөрү

09852 долбоорундагы суу түбүндөгү "Белгород" көп буталуу атомдук кайыгы – үчүнчү муундагы 949А долбоорунун "Антейдин" эксперименталдык кайра жаралышы. Эске салсак, бул "Посейдон" тутуму үчүн атайын ыңгайлаштырылган. Ал эми эң башта "Антейлер" ракетага каршы коргонуучу "Гранит" ракеталарын ташуучусу эле.

"Посейдон" – ооздуктоонун абдан олуттуу инструменти. Өзөктүк энергетикалык орнотмосу бар стратегиялык континенттер аралык терең суудагы аппарат 10 миң чакырымга чейинки аралыкка 1000 метрлик тереңдикте сүзө алат. Сыноолор аталган системанын "укмуштай" мүнөздөмөлөрүн жана ыраак аралыкты багындыра аларын чындап эле тастыктады. Автономдуу "Посейдон" болжолдуу душмандын колундагы азыркы жана келечектеги субмарина, торпеда жана ракеталары жете алгыс тереңдик жана ылдамдыкта жүрөт. Океанда ушундай "торпеданын" изин табыш оңой эмес, жай ылдамдыкта дээрлик дабышсыз сүзөт. Автономдук башкаруу системасы кайыктарга каршы чектерди, коргонуунун бөлөк тутумдарын таап, басып өтүп, таамайлыгын кепилдөөгө мүмкүндүк берет.

Узундугу 24 метр, диаметри 1,6 метрлик өзөктүк кыймылдаткычтуу аппарат кадимки жана мегатонналык ок бөлүгү менен жабдылган. Мындай куралга Россия гана ээлик кылат, дүйнөдө эч бир өлкөнүн "Посейдондон" коргонуу каражаты жок.

Мурдараак АКШ башында турган жамааттык Батыш Чыгыш Европада ракетага каршы коргонуунун глобалдык тутумун түзүп НАТОну чыгышка карай кеңейтүү менен РФтин стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн дараметин жок кылууга тырышкан. Россиянын чек араларына жакын аймактарга сокку уруучу "Томагавк" жана орточо ыраактыктагы башка ракеталарды жайгаштыруу ниетин көздөгөн. "Посейдон" континенттер аралык тутуму РФтин "өнөктөштөрүнө" агрессор сөзсүз жазасын ала турган көп полярдуу дүйнөнүн катаал чындыгына кайтууга түртөт.

"Кыямат күндүн торпедасы" Америкалык стратегиялык командачылыкты (STRATCOM) 2019-жылдын февралындагы сыноолордун башында эле тынчсыздандыра баштаганы тегин жерден эместир. Конгресстеги угууларда STRATCOM жетекчиси Жон Хайтен "Посейдон" жаңы курал тутуму катары СНВ-3 келишиминдеги чектөөлөргө кирбестигин, ошондой эле Кошмо Штаттарда аналогу иштелип чыга электигин билдирген. Континенттер аралык учкучсуздардын штаттык ташуучусунун топтомун 098531 долбоорундагы "Хабаровск" суу түбүндөгү атомдук кайыгы ачат.

Субмаринанын негизги мүнөздөмөлөрү купуя сыр. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, кеме жапжаңы өзөктүк энергетикалык түзүлүш менен жабдылып, "Кыямат күндүн учкучсуз торпедаларынан" алты бирдикти бортунда ташый алат.

Сыйымдуулугу – 10 миң тоннанын тегерегинде, суу түбүндөгү ылдамдыгы – 32 узелге дейре, чөмүлүү тереңдиги – 500 метр, автономдуулугу – 120 сутка, экипажы 100 кишиден кем эмес. Субмаринанын корпусу жаңы "Борей" стратегиялык ракета ташуучуну эске салат.

Мында учкучсуз Түндүк жарым шардын каалаган бурчунан АКШнын жээктеги чийиндерине жете аларын эске алуу зарыл, бирок ал РФке каршы агрессия жанданган күндө гана колдонулат. Эске салсак, Кошмо Штаттар орто жана кыска аралыкка багытталган ракеталарды жок кылуу боюнча келишимден жок шылтоо менен чыгып, былтыр аскердик бюджетин 750 миллиард долларга чейин (бул сумма дүйнөнүн калган бүт өлкөлөрүнүн жалпы коргонуу чыгымдарына барабар) өстүргөн.

Россиянын көп буталуу океандык тутуму – көзү түз эмес "өнөктөштөрүнө" кулак кагыш, Чыгыш Европада Пентагондун жана НАТОнун сокку уруучу дараметинин кооптуу топтоштурулушуна ассиметриялык жообу болмокчу.

Белгилер:
экипаж, суу, Дүйнө, АКШ, Россия, ракета, курал-жарак
Тема боюнча
"Циркон" Россиянын жээктеринен батыш кемелерин "кубалады"
F-35 өзүн-өзү кыйратып... Келтирген зыяны — 2,5 млн. доллар
SWIFT банктар аралык байланыштын глобалдык тутумунун логотиби. Архив

"Москваны жазалоо": Россияда SWIFT системасы өчүрүлсө эмне болот?

(жаңыланган 10:10 14.04.2021)
SWIFT банктар аралык байланыштын глобалдык тутумунан өчүрүлөрүн айтып, Россияны АКШ гана тургай эми Европа да коркутууда.

Макулдашылган катаал чарага чакырык бул ирет Европарламентте да жаңырды. Мындай көрүнүш РФтин каржылык тутумуна кандай чагыларына Наталья Дембинская сереп салган.

Маалымат алмашуу жана төлөм жүргүзүүнүн эл аралык банктык тутумуна эки жүздөн ашуун өлкөдө 11 миңден көбүрөөк уюм туташтырылган. Россия — SWIFT системасын пайдалануучулардын ири үчтүгүнө кирет. Бирок 2014-жылдан тарта бул инструменттен РФтин өчүрүлөрү айтылып келет. Буга Крым да, Донбасс да, Скрипалдердин иши, блогер Алексей Навальныйдын кырдаалы да доомат катары келтирилет.

Президенттик кызматка киришери менен эле Россияны SWIFT системасынан өчүрүүнү Жо Байден убада кылган. Былтыр декабрда Reuters басылмасы президенттин командасынын пландары менен жакындан тааныш булактарга таянып, Кошмо Штаттардын мамлекеттик мекемелерине болгон хакердик чабуулга катыштыгы болушу мүмкүн деген айыптоо менен Байден Москваны жазалоого ниеттенгенин маалымдаган. Бул "Россиянын олуттуу экономикалык, каржылык же технологиялык жоготууларына" алып келиши мүмкүн. Жазалоонун варианттарынын бири — SWIFT тутумунан өчүрүү экенин Вашингтондогу стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун киберкоопсуздук боюнча эксперти Жеймс Эндрю Льюис боолголойт.

Апрелде Украинанын чыгышында кырдаал курчуп кетти, бул дагы  жаңы шылтоо. Мындай демилгени эми Европа колго алды. Европарламенттин башкаруучу фракциясы – Европалык элдик партиясынын башчысы Манфред Вебер Москва "кооптуу чагымчылыктардын нугун улантууда" дейт. Анын пикиринде, Украина менен чек арасында "аскердик күчтөрүн бекемдөө" менен Москва Батыштын сабырын сыноодо. Ошондуктан АКШ жана ЕБ макулдашылган жооп берүүгө тийиш. Парламентарий белгилегендей, абал курчуп турганда "өлчөнгөн санкциялардын маалы өтүүдө". Вебер "олигархтардын эсептерин масштабдуу тоңдурууну" жана SWIFT системасынан өчүрүүнү сунуштады.

Көйгөйлөр жаралат

Бир жагынан Россиянын 2014-жылы ишке киргизилген Каржылык билдирүүлөрдү алмашуу тутуму (СПФС) бар. Ага россиялык банктардын баары жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгон он чакты өлкө кошулган. SWIFT системасынан өчүрүлгөн соң банктар анын россиялык аналогуна өтөт. Бирок эл аралык төлөмдөр үчүн СПФС азырынча эл аралык системанын ордун толук баса албайт, ошондуктан олуттуу сокку урулушу мүмкүн.

Эксперттер Россиядагы доллар жана евро түрүндөгү экспорттук жана импорттук операциялардын көлөмү бир кыйла, ал эми өндүрүмдөрдүн көпчүлүк тобуна альтернатива табуу мүмкүн эмес.

"SWIFT системасынан өчүрүү россиялык банктардын транзакцияларын токтотот, — деп эскертет "Бета финансылык технологиялар" индекстик компаниясынын башкы стратеги Арарат Мкртчян. — Ири экспортчулар баарынан көп жабыркайт. Алар өз операциялык ишмердигин тейлөө үчүн чет элдик банктар менен гана иштөөгө аргасыз болот. Чектөөлөргө тушукпаган ортомчулар да мындайда көп чыгат. Айрыкча мында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржылык институттары утушка ээ болот.

Баарын чечүүгө болот

Бирок кандай болгон күндө да чоң кырсык болбойт. "Россиялык банктарды SWIFT тутумунан өчүрүүнүн өзү контрагенттер ортосундагы каржылык транзакциялар кымбаттайт жана ыргагы жайлайт дегенди гана туюндурат. Калыпка түшүп калган чынжырча үзүлөрү турулуу иш, аларды калыптандыруу үчүн убакыт талап кылынат. Бирок бир же эки аптада жагдайды жөнгө салууга болот", — дейт QBF улук аналитиги Олег Богданов.

Эгер россиялык резиденттердин доллар түрүндөгү каражаттары тоңдурулса, башка кеп экенин кошумчалайт эксперт. Анда рыноктордо башаламан реакция жаралышы ыктымал. Бир-эки кварталда каржылык байланыштарды баары бир калыптандырышат. Валюта курсу да кескин өзгөрүшү мүмкүн. Бирок өйдө-ылдый убак тез эле өтүп, рубль өз деңгээлине келет.

Кимге кымбат түшөт?

Ошентсе да Россия аталган тутумдан өчүрүлбөйт, коркутуп гана тим болушат деген ойлор да туулат. Анткени SWIFT — россиялык банктардан акча тапкан жеке компания. Анан да система эл аралык транзакциялар үчүн гана тургай, ички эл аралык которууларга да колдонушат. SWIFT тутумунан кимдир бирөөнү өчүрүү үчүн ЕБ же АКШнын компаниянын өзүнө каршы чечим кабыл алышы керек. Бирок анткен учурда Россиянын соода өнөктөштөрү — европалык жана америкалык бизнес четте калат.

"Бул россиялык компанияларга жана мамлекетке милдеттенмелерин төлөөгө мүмкүндүк бербей турган күтүүсүз жагдай болуп эсептелиши мүмкүн. Өлкөнүн тышкы карызы —450 миллиард доллардын тегерегинде. Мындан улам кредиторлордун да каржылык көйгөйлөрү жаралышы ыктымал. Андан тышкары, негизги соода өнөктөштөрү менен операциялар кыйындайт. Ал эми алардын эң чоңу — Евробиримдик. Европарламенттеги чакырыктар курулай гана популизм", — деп болжойт "Открытие Брокер" компаниясынын улук талдоочусу Андрей Кочетков.

АКШ да кыйналбай койбойт. Биринчиден, Вашингтондун SWIFT компаниясына болжолдуу гана таасири бар, анткени анын штаб-квартирасы Бельгияда жайгашкан. Экинчиден, андай чара көрүлө турган болсо Россия америкалык банк жана саясатчыларга каршы катаал санкциялар менен жооп кайтарышы да мүмкүн.

Белгилер:
банк, кредит, соода, АКШ, Евробиримдик, Акча которуулар, Россия, система
Тема боюнча
Эки тизгин, бир чылбырды бере тургула. Дүйнөнү башкарууга умтулган ЕБ лидерлери