Нью-Йорктун тургундары парктагы фонтан жанында. Архив

Климат көйгөйүнө жамынып ааламды аңтаргандар. Сереп

(жаңыланган 19:10 04.04.2021)
Өкмөттүн ишине нааразы болгондор ар элде бар. Сын айтуу миллиарддаган кишинин сүйгөн ишине айланганы жашыруун эмес. Ошентсе да корпорация ээлеринин дүйнөгө лидер болууга умтулушу акыркы убакта акылга сыйбай бара жатат.

2004-жылы Роналд Эммерихтин "Бүрсүгүнү" деп аталган Голливуддан чыккан блокбастери дүйнөлүк экранга чыккан. Анда ири кыйроолор менен адамдардын массалык кырылышы, жүрөктү эзген драма, уккулуктуу музыка, анан соңунда бардык кыйынчылыктарды жеңип чыккан ийгилик сыяктуу биз жактырган нерсенин баары бар эле.

"Бүрсүгүнү" бүгүн да көрүлө турган тасма, бирок моралдык жактан "карыды", уулуу болушу да мүмкүн. Анткени ал глобалдуу сууктан улам адамзаттын кырылышын көрсөтөт. Фильм "Грядущая всемирная супербуря" китебинин негизинде тартылган. 30 жыл мурун планетанын тоңуп калышы тууралуу китептер ого эле көп болчу. Климат көйгөйүнүн артында эмне жатканына РИА Новости сереп салган.

Учурда глобалдуу жылуулукка каршы тургандардын катары балдар жана жаштар менен толукталып жатканы да бекеринен эмес. Жашы улуураактар 1970-90-жылдары так ушул "жаңы муз доору" жүрөк үшүн алып келгенин жакшы билишет. Ал апаатты деле азыркы тапта күндүн ысып кетерин айтып коркуткан басылмалар жана телеканалдар жарнамалап келишкен.

Негизи бул тема 1960-жылдары пайда болуп, айланасында бүгүнкү күндөгүдөй эле чуу жаралган. Гезит беттери "20 жылдык жашообуз калды", "Муз доору такымдап келе жатат", "Тамак-аш калбай калат, бирок ага чейин суу түгөнөт", "Нью-Йорк, Венеция океан түбүнө кетет", "2000-жылга чейин планетаны муз каптайт" деген макалаларга толо эле.

Илимчи? Ал дайым прогресстен бир кадам алдыда болуп, глобалдуу суук жакын арада келет деген пикирди бардык жагынан тастыктаган далилдерди айтып турду. Окумуштуулар монография жазып, семинарларды өткөрүп келишкен. Браун университетинин көрүнүктүү ишмерлери 1972-жылы президент Никсонго кайрылышкан эле. "Урматтуу президент мырза! Бүткүл дүйнөнүн келечегине тынчсызданууңузду эске алып, биз климаттын өзгөрө турганын айтышыбыз керек. Мындай масштабдуу өзгөрүү менен адам баласы мурда-кийин бет келген эмес", — деп жазышкан алар.

"Глобалдуу суук" дароо эле кансыз согуштун куралына айланды. Дал ушул маалда Советтер Союзу мунай тармагын өркүндөтүп, газ өндүрүүнү баштаган. Ал эми батыштагы өнөктөштөр араб мамлекеттери камсыздаган нефтинин кымбатташынан жабыр тартып турган эле.

Орус коммунисттери Сибирде эч тоскоолдуксуз нефть казганы аз келгенсип, аны дүйнөгө да сатып жаткандай көрүндү. Ал эми президент Никсон бул учурда америкалыктарды сарамжал болууга чакырып, унааларга майды күн алыс куюп, трассада ылдамдыкты саатына 100 чакырымдан ашырбай айдап, үйдө жылуулукту 18 градустан жогорулатпай, учактардан баш тартуу зарылдыгын дембе-дем айтып жаткан болчу.

Глобалдуу суук тууралуу миф СССРден жаратылыш ресурстарын тартып алууга негиз болуп берди. Орустар кышында ысып-күйүп жатканда америкалыктардын үшүп отурушу акылга сыйбайт да.

Суук тууралуу уламыштан "өзөктүк кыш" өнүп чыкты. Радиоактивдүү күл астында калып, өлүмгө тушуктурчу кара булут менен курчалган аалам, кыйраган мегаполистердин урандысы, анда төрт аяктап жүргөн мутанттар... Айтор, ушунун баары Советтер Союзуна саясий басым жасоого, өзөктүк куралды кыскартууну бир тараптуу талап кылууга пайдаланылды. Кана эми ошол жомоктун баары?

2006-жылы — "Бүрсүгүнү" чыккан соң эки жылдан кийин — Канн фестивалында "Ыңгайсыз чындык" деп аталган даректүү тасма тартууланды. Ага АКШнын экс-вице-президенти, беделдүү америкалык саясий кландын өкүлү Альберт Гор демилгечи, демөөрчү жана башкы каарман болгон. Кийинки жылы бул тасма үчүн Гор Нобель сыйлыгын алган. "Чындыктын" түбүндө адамзаттын көйгөйүнүн баары глобалдуу жылуулуктан деген ой бар эле.

Суук түшөт, баары тоңот, өлдүк эле өлдүк деген The New York Times, The Guardian, CNN, BBC баштаган басылма менен телеканалдар АКШ администрациясынын күн тартибине кирген маселени катуу жайылтышты. Адамдын ишмердүүлүгү көмүр кычкыл газынын атмосферага бөлүнүшүн көбөйтөт, бул күндүн жылышын шарттайт. Күндүн жылып кетиши — жаман нерсе. Эмнеге? Аны сурабагыла.

Кайра эле "баарыбыз өлөбүз" дегенге келип такалды. 2009-жылы Британиянын ханзаадасы Чарльз адамзатка сегиз жыл берген. 2013-жылы The Guardian Арктика эки жылдан кийин эрип кетерин жазды.

Окумуштууларга да кудай берди. Кайра эле баягы семинарлар, конференциялар, президентке кайрылуулар... Натыйжада алдыңкы өлкөлөр климат боюнча Киот протоколу менен Париж макулдашуусуна кол кое салышты. Буга карабастан эксперттердин көбү күндүн глобалдуу ысышы тууралуу мифти кескин сындап келет.

Американын жаңы мифинин экономикалык жагы да бар. Бул атаандаштарды жок кылуу аракети. Россиядан чыккан газ менен буудайдан "көмүр кычкыл" изин таап, рыноктон сүрүп чыгаруу алда канча оңой эмеспи. Ордуна өзүнүкүн сунуштоого ыңгайлуу.

Ал эми глобалдуу ысыкты геосаясий жактан "климат падышасы" Жон Керри негиздеп берди: "...бул көйгөйдү бир да өкмөт өз алдынча чече албайт. Буга жеке менчик сектор гана жардам бере алат... Өкмөттөр жеке ишкерлерге бардык шарттарды түзүп бериши керек... Бул үчүн биз согушта салгылашкандай эле күрөшөбүз".

Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, суверендүү өкмөттөргө ыйгарым укуктарын жеке корпорацияларга өткөрүп берүү сунушталган. Мисалы, Жон Керринин жубайы мураскер болгон Heinz корпорациясы сыяктуу.

Өкмөттүн ишине нааразы болгондор ар элде бар. Сын айтуу миллиарддаган кишинин сүйгөн ишине айланганы жашыруун эмес. Ошентсе да корпорация ээлеринин дүйнөгө лидер болууга умтулушу акыркы убакта акылга сыйбай бара жатат.

Илон Маск, мисалы, бир нече жылдан кийин тилди пикир алышуунун куралы катары таптакыр жоюп салууну убадалап жатат. Миллиардер-мормон Тревор Милтон жарылуу кооптуулугу күч болгон суутекти отун катары пайдаланууну сунуштоодо.

Билл Гейтс күндүн глобалдуу ысышына каршы күрөшүүгө багытталган экзотикалык долбоорлорду каржылап жатат. Анын биринде миллиардер атмосферага тонналаган бор чачуу үчүн бир маалда миңдеген самолетторду учуруу керектигин айтууда. Бул масса бизди Күндөн жашырып, Жер чындап эле муздайт имиш. Эч нерсе өспөй, тамаш-аш жок калат экен, бирок күн ысыбай токтоп калат да. Эч тамашасы жок, керек болсо Гарварддагы окумуштуулар кадимкидей эле Гейтстин сунушун ар тараптан карап жатышат.

Ушу тапта байлардын демилгелери күлкү келтирет. Алар чындап бийликке келсе эмне болорун элестетип көрсөңүз... Кудай анын бетин ары кылсын...

Мунун баарын климат боюнча апрелде өтө турган саммиттин алдында унутпаш керек. Америкалык өнөктөштөр кандай гана идея болбосун, аны кыйратуучу куралга айландырып ийишет. Жаратылышты коргоо деген алмустактан келе жаткан эреже да куралга айланып кетиши толук мүмкүн.

Белгилер:
корпорация, өкмөт, окумуштуулар, жылуулук, ысык, суук, көйгөй, климат, АКШ, Батыш
Тема боюнча
Климатты бетке кармап... АКШ кантип жашаш керектигин үйрөтүүгө өтчүдөй
Украинанын аскер кызматкерлери. Архив

Украина НАТОго кирет деп ишенип... Россияга ким чагымчылык жасоодо

Украинанын геосаясий абалы Россия менен Батыштын ортосундагы мамилеге байланыштуу. Москва үчүн бул талкууланбай турган маселе болсо, Батыш үчүн анчалык принципиалдуу эмес.

Донбасста болчу согушту, башкача айтканда "Россиянын кол салуусун" күткөнү Киевдин жалгыз эле чагымчылыгы эмес. Владимир Зеленскийдин шейшемби күнү айткан сөзү алда канча кооптуураак болуп чыкты.

НАТО менен Украина "алакасына" Петр Акопов баам салып, макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.

"Биз армия менен коргонуу секторун реформалоого умтулуп жатабыз, бирок Россияны жалгыз эле реформа менен токтотуу мүмкүн эмес. НАТО — Донбасстагы согушту токтотууга жападан жалгыз жол. Мүчөлүк боюнча иш-аракеттердин планы Россия үчүн чындап сигнал боло алат", — деди президент.

Мындай пикирин Украина ажосу НАТОнун башкы катчысы Столтенберг менен сүйлөшүп жатып билдирди. Ушул эле сөзүн ал Британия жана Канаданын премьерлери менен жолукканда да кайталады. Зеленский мүчөлүк боюнча иш-аракеттердин планына интеграция боюнча конкреттүү кадамдар жана НАТОго кирүү мөөнөтү так жазылышын талап кылууда. Премьер-министри кечээ жакында эле Украина альянска беш-алты жылдын ичинде кошулуп каларын айткан. Зеленскийдин сөзүнө НАТО өлкөлөрү "эл көзүнө" эле реакция жасады. Мисалы, АКШ макул экенин, бирок маселени НАТОнун бардык мамлекеттери чечиши керектигин (башкача айтканда, каршы) кыйытты. Ал эми Берлин "Украина саясий муктаждыктарын эркин тандоо укугуна ээ өлкө экенин айтып, бирок мүчөлүк боюнча кийинки кадамдар тууралуу сөз кылуу мүмкүн эместигин" белгиледи.

Зеленский чындап эле Украина Түндүк Атлантика альянсына кирет деп ишенип жатабы? Ооба, ишенип жатат, Украинанын талуу жери да ушунда.

Анткени Украина НАТО мүчөсү боло албайт. СССР кыйрагандан кийин Россиянын бир бөлүгүндө пайда болгон Украина мамлекети Советтер Союзуна каршы туруу үчүн англосакстар тарабынан Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн түндүк атлантикалык альянска кире албайт. Украинанын элитасы аябай каалашы мүмкүн, калктын басымдуу бөлүгү да бул кадамды колдошу ыктымал, бирок мүчөлүк эгерим ишке ашпай турган кыял. Эмне үчүн? Анткени НАТО Россияны ооздуктоого багытталган, ал эми Украина — тарыхый Россиянын бир бөлүгү.

Антейин десең Украинаны антиРоссияга айландыруу аракети күч болуп жатпайбы, анда эмне үчүн Россиянын каршылаштарынын тобуна киргизбей жатышат.

Анткени Украина — насилинде субъект эмес, ал Россия менен Батыштын ортосунда талашка түшкөн объект. Батыш Россияны маанилүү бөлүгүнөн ажыратып, геосаясий чек араны бөлүп-жарып, өлкөнү чыгышты көздөй сүрүп чыгарууга ниеттенип жатат. Ал эми Россия үчүн Украина талкууланбай турган маселенин катарында: орустар мамлекеттүүлүгүнүн негизин түзүп турган пайдубалдан ажырай албайт, ага жол бербейт. Эки башка мамлекетке бөлүнүүнү түшүнсө болот. Бирок атлантизация, башкача айтканда, Украинанын европалык да эмес, таптакыр бөлөк-бөтөн, башынан эле орустарга каршы турган атлантикалык геосаясий мейкиндикке кирип кетиши Россия үчүн да, жалпы орус цивилизациясы үчүн да таптакыр акылга сыйгыс көрүнүш. Орус цивилизациясынын бир бөлүгүн украин эли да түзөт.

Ошондуктан Украинанын геосаясий абалы Россия менен Батыштын ортосундагы мамилеге байланыштуу. Москва үчүн бул талкууланбай турган маселе болсо, Батыш үчүн анчалык принципиалдуу эмес. Муну ал сөз менен эле эмес, иш жүзүндө да тастыктап келет.

Батыш Украина үчүн Россия менен болчу чыныгы кармашка даярбы? Жок, анткени Батыш үчүн Украинанын Россиядагыдай баасы жок. Европалыктар да, англосакстар да ушундай пикирде. Албетте, булар Украина менен Россиянын убактылуу бөлүнүп-жарылуусун турукташтырып жиберип, өзүнө кошуп алсак дейт. Бул үчүн Россиянын каршылыгын сындырып (ишке ашкыс ой), тарыхый тандоо жасашы керек.

Анда Батыш Россия менен касташкан мамилеге даяр болушу кажет, башкача айтканда, Украинаны кошуп алып Россияны душманга айлантып аларына даяр болушу зарыл. Азыр маалыматтык согушта айтылып жаткан эмес, кадимки душман менен бет келет. Анткени орустар байыркы шаарларынын биринен ажырап тынч отуруп калбайт, мындан улам Батыштын да, Европанын да геосаясий стратегиясы ушул жөпжөнөкөй фактыга баш ийиши керек.

Украинанын атлантизацияланышына ким ишенет? Тарыхты билбегендер, мурдунан алысты көрө албагандар, же Европаны уруп ойнобогондор менен орустарды европалыктар менен каршылаштырууга кызыкдар тараптар. Антлантика элитасында ушундайлар барбы? Албетте, бар, бирок азыркы элитанын басымдуу бөлүгү Украинаны атлантизациялоо демилгесинин өзү канчалык кооптуу экенин жакшы түшүнөт. Европа үчүн кооптуу.

Бирдиктүү Европанын курулушу элитаны реалдуулуктан алыстатып жиберди. Анын бир бөлүгү болгон чыныгы атлантисттер бардык нерсе бирдиктүү Батыштын эркинен көз каранды деген жомокко ишенип алган, көрсө, тарыхты, коңшу цивилизацияларды унутуп койсо болот экен. Глобализациянын атлантикалык долбоорунун кризиске кептелгенин көргөн экинчи бөлүгү деле евроинтеграцияны көзөмөлдөө жөндөмүн сактап калам деп ишенип турат. Бул үчүн англосакстардан бөлүп, европалык чеп куруу менен ишке ашырат имиш.

Бирок канчалык өз алдынчалуу болуп кетсе да Европа Россия менен алака түзбөй кое албайт, ал эми душмандашуу тууралуу ойлонуп да кереги жок. Бирдиктүү Европадан кол жууш үчүн Украинанын артынан түшүү ушунчалык зарылбы? Европалыктар мынчалыкка баргыдай боло элек.

Эмне кылыш керек? Россия качандыр бир кезде өзүнөн өзү алсызданып, Украина эмес өзүнүн айласын таппай калчу учурун күтүш керек. Дал ушул маалда Украинаны өзүнө алып алса болот. Бирок мындай ойдун ишке ашары күндөн-күнгө күмөн болуп бара жатат. Ал эми Европа менен Россиянын өнүгүү тенденциялары күмөнсүнүүнү бекемдеп жатканы айкын.

Белгилер:
Владимир Зеленский, мүчө, НАТО, тарых, Батыш, Украина, Россия
Тема боюнча
Климат көйгөйүнө жамынып ааламды аңтаргандар. Сереп
Эки тизгин, бир чылбырды бере тургула. Дүйнөнү башкарууга умтулган ЕБ лидерлери
Жердин картасы тартылган граффитинин жанын өтүп бараткан адам. Архив

Эки тизгин, бир чылбырды бере тургула. Дүйнөнү башкарууга умтулган ЕБ лидерлери

(жаңыланган 14:27 08.04.2021)
Болочоктогу дүйнөлүк өкмөткө Фиджи, Албания, Тринидад жана Тобаго сыяктуу геосаясий лөктөр мүчө болот экен. Тизменин соңунда эле капыстан Украина чыга калып таң калтырды.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Германия канцлери Ангела Меркель, Франция президенти Эммануэль Макрон, ДССУнун башкы директору жана бир катар европа өлкөлөрүнүн башчылары тарабынан жасалган билдирүү дыкат иликтөөнү талап кылат. Ага РИА Новости баам салган.

Улуттук өкмөттөр пандемиянын кесепетин жоё албаганын айткан лидерлер эми адамзаттан дүйнөлүк өкмөттүн башкаруусуна өтүүсүн талап кылып жатышат. Ал жактан өздөрүнө жылуу жай даярдап койгонун бүгүнкү абал көрсөтүүдө.

Билдирүүдө "пандемияга каршы аракет көрүү боюнча дүйнөлүк келишим" тууралуу айтылганы менен авторлордун дымагы асманда экени туюлуп турат. Коронавирус пандемиясын алар "1940-жылдан бери дүйнөлүк коомчулукка жасалган ири чакырык" деп атап, сунушталып жаткан келишимди "1945-жылкы келишим" менен салыштырышууда. Ал жылы Ялта келишими кабыл алынган.

Бир караганда демилге орундуудай. Жонсон да, Меркель да, балким, Макрон да тактыда көпкө кармалбайт. Канцлер айым декабрда кетет. Макрондун деле келерки президенттик шайлоодо мүмкүнчүлүгү чектелүүдөй болуп турат. Англиялыктардын көбү Жонсондун премьер-министр катары көргүсү жок. Ошентсе да баарынын аз болсо да башкара туруу ниети күч.

Демилгенин түшүнүктүү боло бербеген дагы бир жагы бар, бүгүн-эртең кете турган лидерлер дүйнөгө эмне бере алат? Башкаруу тажрыйбасынбы? Өз өлкөсүн жыргатып жиберишиптирби? Улам киргизилген локдаундар орто жана чакан бизнести талкалап, туристтик секторду жайлады. Обама айтмакчы, Европа экономикасынын таш-талканы чыкты.

Вакцина чуусу эмгиче токтой элек. Чыдамы түгөнгөн эл улам сыртка чыгып, шаарды кыйратып, күч структуралары менен кармашып жатат. Өкмөт андан өтүп ири айып пул чегерип, ковид паспортун чыгарып элди көз көрүнөө бөлүп-жарууда, мунусу аз келгенсип адамдардын өмүрүн тобокелге салып россиялык вакцинадан баш тартып келет.

Ал эми "өнүгүп келе жатат" деп теңсинбей келген мамлекеттер азыркы тапта коронавирустан аз-аздап арылып, орус вакцинасын алып, ЕБдин кыйналып турганынан пайдаланып өз экономикасын жандантууда.

Былтыркы жыл Европа лидерлери үчүн бир топ эле ийгиликсиз жыл болду. Бирок кечирим сурап пенсияга кетүүнүн ордуна алар дүйнөлүк өкмөт түзүп курамына кирмей болушту. Ооба, албетте, кабарыбыз бар болчу, бирок мынчалык жийиркеничтүү болорун билбептирбиз.

Дүйнөнү башкарууга талпынгандар карамагындагы өкмөттөр Экинчи дүйнөлүк согуштан бери боло элек кыйсыпырга туш болгонун сыймык менен айтып жатышат. Жакшылап карай келгенде бул кыйсыпыр өзүлөрүнүн колу менен жасалбадыбы, болбосо коронавирус өзү жалгыз мынча боло албайт эле. Натыйжада жумушсуз калган калктын келечеги бүдөмүк бойдон, дагы деле өкмөттөн кандайдыр бир социалдык төлөмдөрдү күтүп жашоону улантууда.

Бул башкаруучулар өткөн жылы өз элине каршы кадимкидей эле согуштук аракеттерди жасады. Миллиондогон адамдар жакырчылыкка туш болгонун баарыбыз билебиз. Бирок мындан пайда да көргөндөр бар экен. Европалык лидерлер түзүлгөн кырдаал "жаңы Ялтага" карт-бланш болуп берет деп чечишкен шекилдүү.

Сунушталып жаткан дүйнөлүк өкмөттүн эң башкы артыкчылыгы — эч ким эч кимди шайлабайт. Анлгия менен АКШнын медиасы өкмөттүн кандайча кураларын түшүндүрүп жетишти. The Week журналы, мисалы, дүйнө жүзүнүн башына бир адамды коюп, аны "император" деп атоону сунуштады.

Балким, императордун ордуна бүтүндөй "саясий бюро" уюшулуп калар. Бирок Брюссель бюрократиясынын тарыхы бизден эч ким пикир сурабай турганын көрсөткөн. Жөн гана улуу урматтуу адамдар чогулуп, керектүү адамды керектүү жерге дайындап коюшат. Ал күнү бүткүчө ошол орунда отурат. Демократия? Шайлоо? Жок ай, кайдагыны айтпагылачы.

Дүйнөлүк өкмөттүн потенциалдуу мүчөлөрү программасын ачыктабай турууну чечишиптир. Болгону пендемия биринин артынан бири чуура турганын айтып, вакцинация жана ковид паспорту жашообуздун ажырагыс бөлүгү болорун билдиришти.

Дүйнөлүк өкмөттү дайындоочу улуу урматтуу адамдар түртмөлөгөн "улуу өзгөрүүнүн" күн тартибинен Европанын өз элине каршы согушу жакын арада аяктабай турганын билүүгө болот. Жетекчиликтин планында өнөр жай өндүрүшүн тыптыйпыл жок кылуу бар. Бул европа элин жапырт жумушсуздук менен жакырчылыкка кептейт. Жан дүйнө трансгендерлер менен ЛГБТдан азыктанып, христиандардын чиркөөсү вирустун жайылтуучусу катары таптакыр жабылат имиш.

Сегиз миллиардга чукул адамдын башын дүйнөлүк өкмөт кантип бириктирет деген суроо жаралат. Күчкө сала турган аппарат кандай болот, ар жерде өзүн өзү дайындаган жетекчи сөрөйлөрдү ким колдоп турат, токойду партизандардан ким тазалайт, атайын түрмөгө түшкөн көтөрүлүшчүлөрдү ким кыйнап урат? НАТО кызматкерлери аралашкан БУУнун мурунку тынчтык орнотуучуларыбы? Макрон менен Меркель айтып келген Германия менен Франциянын бириктирилген армиясыбы? Жооп жок.

Трагикомедиялуу билдирүүгө кол койгондорду окуп чыгуу бир топ ырахат тартуулайт. Алгач тизмеде жокторду санайлы. Кол койгондордун арасында АКШ да, Кытай да жок, Россияны да, Индияны да таппайсың. Бразилия да, Мексика, да, Канада да, Япония да жок. БУУга мүчө 170тей мамлекеттин жок экенин көрүүгө болот.

Анткен менен документке ДССУнун башкы директору, доктор Тедрос Аданом Гебреисус кол койгон. Буга таң калуунун кереги жок, анткени бул уюм башынан эле ушул ишке багытталган болчу. ДССУнун түзүүчүсү Брок Чисхольм дүйнөлүк өкмөт түзүү демилгесинин башында турган, муну жашырчу да эмес, Мына эми жүз жыл өтпөй жолу ачылып отурат.

Болочоктогу дүйнөлүк өкмөткө Фиджи, Албания, Тринидад жана Тобаго сыяктуу геосаясий лөктөр мүчө болот экен. Тизменин соңунда эле капыстан Украина чыга калып таң калтырды. Чын, бар экен, "Володимир Зеленскийдин" колу турат.

Кээде туруп бул акылга сыйгыс нерсенин баары атайын Украина үчүн жасалып жатабы деп ойлоп кетет экенсиң. Итке минип бара жаткан Европа үчүн мындай кичинекей аймак да жакшы эле колония болуп бере алат эмеспи. Жер-жемиш, сало, арзан жумушчу күч. Ал эми аймакты кың дедиртпей баш ийдирип туруу — бул башка маселе.

Жети жыл мурун карапайым украиналыктарды "ЕБге мүчөлүк" (эсиңиздердеби, "жакшынакай ич кийим жана ЕБди каалайм") деген момпосуй менен кызыктырышты эле. Дал ушул нерсе үчүн калк өлкөсүн кыйратып, жашоо африкалык деңгээлге түшүп кеткен.

Бара-бара украиналыктар момпосуйга жетеринен күмөнсүй башташты. Ич кийимчен кыз Россиядан жумуш издөөгө аргасыз болду. "Түндүк агым — 2нин" батышка бет алышы шектенүүнү бекемдеп койду.

Анан эле украиналыктарды дүйнөлүк өкмөткө чакырып калса, Орустарды чакырбай, украиналыктарды чакырып жатса. Бул мурункудан да таттуу, чоңураак момпосуй эмеспи. Анын артынан дагы он жылдай чуркаса болот. Ушинтип алаксып турушса, улуу урматтуулар дагы бир нерсе ойлоп табууга жетишет.

Тема боюнча
Климат көйгөйүнө жамынып ааламды аңтаргандар. Сереп
Пандемия Европа үчүн бороон-чапкынга айланууда. Туруштук бере алабы?
Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана COVID-19 жок саякатта долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

Марипов авиабилеттерди арзандатуу боюнча кеңешме өткөрүп, тапшырма берди

(жаңыланган 20:06 10.04.2021)
Өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгы айтылат.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бир катар мамлекеттик ведомстволордун чабал ишинин натыйжасында чет өлкөгө бараткан жарандарга негиздеме жасоо бизнеске айланды. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

Ал бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

  • Премьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов провел совещание по вопросу снижения цен на авиабилеты и реализации проекта Путешествий без COVID.
    Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов провел совещание по вопросу снижения цен на авиабилеты и реализации проекта Путешествий без COVID.
    Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
"Сиздердин аракетсиздигиңерден улам сапарга чыгууга муктаждыкты тастыктоочу "негиздеме" документти айрым ишкерлер бизнеске айлантып алды. Долбоорду 1-апрелден тарта ишке киргизишиңер керек эле. Биздин жарандар үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болгону ПЦР-анализ тапшырып, тийиштүү тиркемени көчүрүп алуу керек. Бирок эки лаборатория гана аталган анализди жасап, код бере алат. Эмне себептен лабораториялар аз камтылган?" — деп сурады Марипов.

Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.

Аны менен катар премьер-министр анализдерди тапшырууга мүмкүн болгон лабораториялардын жана авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча сунуш киргизүүгө тапшырма берди.

Бул маселе өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө тургандыгын кошумчалаган.

Белгилер:
лаборатория, арзандатуу, авиабилет, Улукбек Марипов, өкмөт
Тема боюнча
Кыргызстандын жарандары Россияга негиздемеси жок кириши мүмкүн
Жапаров: Россияга каттаган рейстер менен авиабилет баасын өз көзөмөлүмө алдым