Туполев стратегиялык бомбалоочу-ракета ташуучусунун соңку көрүнүшү

Бура бастырбаган табылга. Россиянын жаңы стратегиялык ракета ташуучусу

(жаңыланган 17:44 06.04.2021)
Өлкөлөрдүн жогорку технологиялык курал тармагынын өнүгүшүн планетадагы көзү түз эмес коңшулары өбөлгөлөйт өңдөнөт. РФтин Коргоо министрлиги дагы бир табылгасы менен дүйнөнү таң калтырганы турат.

Аталган өлкөнүн тийиштүү министрлиги "Туполев" стратегиялык бомбалоочу-ракета ташуучусунун соңку көрүнүшүн бекитти. Адистер учактын жана күчтүү ракеталык куралдын байкалбас болушун кубатташты.

РФтин стратегиялык бомбалоочу-ракета ташуучу учагы учурдун чакырыктарына жана болжолдуу душман тараптан жаралган коркунучтарга туруштук берүүгө толук жооп берерин белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.

Россиянын алыскы авиациясынын келечектүү авиациялык комплексинин үнгө чейинки ылдамдыгы артып, учуш узактыгы кыйла көбөйүп, ички фюзеляждык куралга, анын ичинде ыраак аралык жана гипер үндүү канаттуу ракеталарга ээ болот. Жаңы муундагы "Стратег" менен бул багыттагы күчтөр 2027-жылга чейин, тагыраагы, мамлекеттик куралдануу программасы жыйынтыкталганча куралданмакчы. Алыскы авиациянын Ту-160, Ту-95МС жана Ту-22М3 сымал "ардагерлердин" ордун заманга бап комплекс басат.

РФтин Коргоо-өнөр жай комплексиндеги булактардын маалыматына караганда, бомбалоочу-ракета ташуучу учак "учуучу канат" аэродинамикалык схемасы боюнча иштелип чыгып, борттук жабдуусу болушунча (учкучсуз режимге дейре) автоматташтырылган.

Учак "аба – аба" тибиндеги ракеталардын кеңири түрүн пайдаланып, учкучсуз аппараттардын тобун тескей алат. Казань авиациялык заводунда келечектүү авиациялык комплекстердин бир нече сынамык үлгүлөрүн куроо иши уланууда. Жаңы "стратегдин" атайын макеттери жана толук өлчөмдөгү элементтери радиолокациялык байкалуу деңгээли боюнча жердеги бир катар сыноолордон ийгиликтүү өтүп, учактын НАТОго мүчө өлкөлөрдүн абадан коргонуу тутумдарынын алдыңкы чектеринен байкалбай өтө ала турган технологиялык мүмкүнчүлүктөрү тастыкталган.

"Туполев" компаниясынын жетекчиси Александр Конюхов 2019-жылы эле аталган комплекстердин биринчи сынамык үлгүсү 2021-2022-жылга пландалганын кабарлаган. Ошол кездеги РФ коргоо министринин орун басары, азыркы вице-премьер Юрий Борисов учак 2025-2026-жылы учуруларын, ал эми сериялык өндүрүшү 2028-2029-жылдарга пландалганын билдирген эле. Бирок учурдагы аскердик-саясий кырдаалдын катаал талабынан улам бүгүн долбоорду ишке ашыруу тездетилип, 2026-жылы аталган өлкөнүн куралдуу күчтөрү ушул куралга ээ болору туурасында кеп болууда.

Технологиялык бышыктыгы

Россиянын Алыскы авиациясы заманбап конвенциялык ок-дары жана таамай тийчү куралдарды пайдаланууну Сирияда мыкты өздөштүрдү. Ошентсе да стратегиялык бомбалоочу-ракета ташуучулардын негизги милдети – өзөктүк үчтүктүн майнаптуулугун, ынанымдуулугун жана бышыктыгын арттыруу. Чындыгында бул үчүн Ту-160М2 учагын өндүрүү калыптанган. Болжолдуу душман үчтүктүн жердеги, деңиз жана абадагы компоненттерин биринчи сокку менен эч качан кыйрата албайт. Анткен менен РФ Коргоо министрлигине азыркы үч – Ту-160 (1984-жылдан бери чыгарылат), Ту-95МС (1958-жылдагы сериядан), Ту-22М3 (1969-жылдан тарта жасалат) учактарынын функцияларын бирдей аткарган, ошону менен бирге эле наркы Ту-160тан кымбат эмес сапаттуу жаңы учак зарыл экен.

Мындан мурдараак жаңы учактын конструкциясы бомбалоочу-ракета ташуучунун ыраак уча алышын жана жүк көтөрүмдүүлүгүн алда канча арттырууга жол ачат. Учуштун узактыгы 30 сааттан ашып, кошумча май куйбастан 15 миң чакырым аралыкты багындыра алат.Чамалап айтканда келечектүү авиациялык комплекс 35 тоннанын тегерегиндеги пайдалуу жүктү ташый алат. Башкаларга салыштырсак, маселен, америкалык B-2 Spirit көзгө көрүнбөс стратеги 27 тоннага чейин курал ташый алса, россиялык Ту-160 "Белый лебедь" учагы 45 тоннага чейин ташый алат. Алдыга умтулуу аракетин эске алсак россиялык жаңы "стратегдин" арсеналы Ту-160тан алдыда болор, бирок кем калышпас.

Бул комплекс үчүн атайын жаңы турбоактивдүү кыймылдаткыч иштелип чыгууда. Аны 2018-жылдан бери Бириккен кыймылдаткыч куруу корпорациясы ишке ашырат. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы макалаларга баам салсак, учуш массасы 125 тоннадан ашуун бомбалоочу бул учактын төрт кыймылдаткычы болот. Алар да жакында Ил-76 учуучу лабораториясынын базасында сыналмакчы. Түзүлүшү жагынан жаңы авиациялык комплекс ыраакка учуучу бомбалоочу учактардан таптакыр айырмаланат. Аны куроодо заманбап жана перспективдүү материалдар, жаңы технологиялар пайдаланылат.

Анча байкалбастыгына: радио нурларды өткөрбөс катмарына, конструкция элементтери, планердун геометриялык формасына, курал-жарак үчүн ички бөлүктөрүнө айрыкча көңүл бурулат. Машина ачык архитектуралуу жапжаңы авионикага ээ болот, бул аны жогорку мүнөздөмөлөргө ээ кылып, келечегинде заманга бапташтыруусун да жеңилдетет.

Борттук комплекске ракеталык куралдарды тескөө, спутниктик ГЛОНАСС навигациясы, жер-жерлердин рельефин автоматтык түрдө бүгө турган, көп каналдуу байланыш системалары, ошондой эле бомбалоочу РЛС жана оптикалык-электрондук мээлөөчү жабдыгы (прицели) камтылат. Айланасына автоматтык тегиз көз чаптыруучу бирдиктүү комплекске бир нече тутум интеграцияланышы ыктымал. РФтин келечектүү авиациялык комплексинин "Интеллекти" болжолдуу душмандын радиолокациялык станцияларынын кандай түрү болбосун таап, аныктап, радио электрондук күрөштүн активдүү каражаттарын, пассивдүү инфра-кызыл тузактарды майнаптуу пайдалануусун камсыздайт.

Илимий-изилдөө иштери башталгандан сынамык үлгүдөгү бул авиациялык комплексти курууга чейин он жылдан ашуун убакыт өттү. Татаал долбоор үчүн кадыресе мезгил. Курулушка эки жылдай кетет, андан соң жерде жана абада сыноолору башталат. Эгер долоор күтүүсүз кыйынчылыктарга тушукпаса, сериялык өндүрүшү пландалгандай эле

2027-жылы башталат. Авиациялык бул саамалык ондогон жылдарга кызмат өтөсүн деген ой менен жасалып жаткан соң шашылыштын деле кажети жоктур. Башкысы сапаты маанилүү эмеспи.

Германиялык Stern жумалыгы: "Жаңы бомбалоочу учактар чакан партияда жана акырындык менен жасалат. Мындай жол менен жаңы моделди акырындап түздөп-толуктоого болот. Кремль дал ушундай ыкманы Т-14 "Армата" танкы үчүн да пайдаланат. Ошондо АКШнын көзгө көрүнбөс F-35 учагы кабылган көйгөйлөрдүн алдын алууга мүмкүндүк бар. Бир катар мүчүлүштүктөрү табылса да алар дароо чоң партияны чыгарып салышкан" - деп жазды.

Космосто "бура бастырбас" табылга

Жаңы "стратегдин" аракет талаасы кең. Келечектүү авиациялык комплекс бир чөлкөмдө абдан узак аскердик күзөт өтөп, башка аймакта он миңдеген чакырым аралыктан куралды пайдалана алат.

Айрым серепчилер душмандын абадан коргонуу тутумдарынын чегинен тыш райондордон сокку ура алчу жөндөмүн маанилүү деп эсептешет. Комплекстин аскердик пайдалануу тактикасы болжолдуу кастын радарларына байкалуу даражасына жана ракеталык куралдын ыраактыгына жараша.

Эгер канаттуу ракеталардын азыркы стандарттарын (абада Х-101/102 – 5500 чакырымга чейинки аралык), ошондой эле перспективдүү ракеталардын гипер үндүү өзгөчөлүктөрүн эске алсак, мында "стелс" технологиясы белгилүү роль ойнобой калат.

Жаңы "стратег" абадан коргонуу аймагынын чегинен тыш сокку уруп, башкача айтканда душманын Россиянын аба мейкиндигинен да "токтотулгус" ракеталар менен "таап" чыгат.

Бүгүнкү күндө РФ жана Кошмо штаттар гана аскердик-аба күчтөрүнүн өзгөчө түрүнө – стратегиялык авиацияга ээлик кылат. Кытай да ушундай далалатта. Америкалык Northrop Grumman компаниясы 2017-жылдан бери россиялык ушул комплекске окшош Б-21 "Рейдер" учагын жасап келет.

Пентагондун эсебинде, машина заводдон быйылкы жылдын аягында жерде сыноолор үчүн чыгарылат. Абага келерки жылы күүлөнөт. Андай учактын бир бирдигинин наркы – 600 миллион доллар. АКШнын коргоо министрлигинин божомолу боюнча Кытайдын Н-20 "учуучу канатынын" пайдалуу жүк көтөрүмдүүлүгү – 10 тоннага чейин, ыраактыгы 8500 чакырымга дейре. Анын жердеги сыноолору быйылкыга белгиленген. Aviation Industry Corporation жакында эле андай иш-чаралар "жакында" башталарын жар салган.

Алыскы авиациянын "стратегдеринин" катаал күрөшү конструктордук бюродо да, жерде жана абада да уланууда.

Ушундай концептуалдык-технологиялык мелдеште жаңы россиялык бомбалоочу-ракета ташуучу учактын номенклатурасы "аба – аба" тибиндеги ракеталардын эсебинен кеңейтилиши мүмкүн. Жаңы комплекстин бортуна электромагниттик, лазердик жана башка жаңы принциптеги куралдар да жайгаштырылышы ыктымал.

Россиялык "стратегдин" чет өлкөлүк аналогдорунан эң негизги айырмачылыгы гипер үндүү ракеталардын кургакта, деңиз жана жакынкы космосто да душманынын объектилерин таш-талканын чыгара аларында. Жаңы бомбалоочу-ракета ташуучу учактын аскердик кубаттуулугу Ту-160тагыдай эле төрт кишиден турган экипажга табышталат.

Белгилер:
атаандаштык, техника, курал, Россия, комплекс, ракета
Тема боюнча
"Руслан" Ан-124. Россия эмне себептен авиагигантын кайра чыгарууга ниеттенди?
"Мындай нерсе жок эле": РФ кандай танк чыгарууга белсенди?
Эркиндик айкелинин дубалга тартылган сүрөтү. Архивдик сүрөт

АКШ санкциялары менен дүйнөгө болгон үстөмдүгүн кыйратууда

(жаңыланган 19:03 11.04.2021)
Батышта Россияга каршы санкциялар иши өз нугунда жүрүүдө: бири аларды иштеп чыгып киргизип жатса, башкалары жаңы санкциялардын кесепетин болушунча азыраак тартуунун жолун издөөдө.

Айрым учурда ролдору бири-бирине дал келбейт, башкача айтканда, адегенде чектөөлөр киргизилет. Кийин демилгечилер өздөрү ошол "саздан" чыга албай чабалактайт. Ал эми Россия элитасын улутташтыруудан технологиялык автономдуулукка дейре өзү пландагандай жаңы, бирок өз пайдасы үчүн бир өңчөй чараларды пайдаланат. Дал ушул жагдайга баам салган Ирина Алкснистин макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Ушул тапта Вашингтон "Түндүк агым – 2" долбоорунун тагдыры боюнча сүйлөшүүлөрдү жетектей турган атайын өкүлдүн талапкерлиги аныкталат. Politico басылмасы америкалык Юстиция министрлиги курулуп жаткан газ түтүгүнө каршы кезектеги дагы эки санкцияны жактырганын жазып чыкты. Анын алкагындагы кара тизмеде газ түтүгүнүн курулушу жана кийинки пайдаланылышына жооп бере турган швейцариялык Nord Stream 2 AG компаниясы, анын жетекчиси Матиас Варниг да бар.

Чектөөлөрдүн долбоору келерки айда конгресстин кароосуна коюлуп, бекитилиши күтүлөт. Ачыгы бул так эмес, анткени газ түтүгүнө каршы жаңы чаралар боюнча акыркы чечим азырынча кабыл алына элек. Ал түздөн-түз сүйлөшүүлөргө жараша экени ачык. Бирок ал Россия менен эмес, Европа менен жүргүзүлмөкчү. Байдендин администрациясы үчүн башкы көйгөй дал ушунда. Конгрессте эки партиянын өкүлдөрү тең "Түндүк агым – 2" долбоорун эмне болсо да токтотууну талап кылып, ал эми Берлин айтканынан кайтпай газ түтүгүн коргоп көшөрүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Вашингтон стратегиялык объектисин коргогон Батыш Европанын бул маселеде жумшарышына үмүттөнөт. Анткен менен журналисттер улам эскертип тургандай, газ түтүгүнүн курулушу 96 пайызга аяктап калды.

Дээрлик бул менен катар эле Politico Bloomberg шайлоого кийлигишүү жана хакердик чабуулдар үчүн Россияны жазалоонун жаңы чараларынан баян салды. Кезектеги кара тизменин "Россиянын президенти Владимир Путинге жакын адамдар" менен толтуруудан тышкары, администрация "АКШда дипломатиялык вазийпаны жамынып иштеп жүргөн россиялык чалгынчыларды" өлкөдөн чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кароодо. Ошентсе да Вашингтон үчүн анын "кыйыр таасирлери" да жок эмес. Жакында эле Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов айткандай, Кошмо Штаттар РФ дипломаттарына каршы визалык согушту баштап, анын айынан эки миссия тең кызматкерлердин, анын ичинде техникалык адистердин тартыштыгына кабылууда. Анткен менен россиялык элчиликтин кызматкерлери бардык кыйынчылыктарга туруштук берүүдө.

Пандемия маалында видеоконференция кызматын көрсөтүп, иши өргө чыккан Zoom компаниясы Россия жана КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик мекемелери жана компанияларын тейлөөгө тыюу салган. Бирок бир нече саат өткөн соң Zoom компаниясынын өкүлү "мамлекеттик, ошону менен бирге эле жаңы жана азыркы пайдалануучулар таратуучулар аркылуу эмес, сайт аркылуу түз кайрылып аккаунт сурай алышарын" тактаган. Компаниянын мындай кетенчиктегенин да түшүнүүгө болот, себеби былтыр россиялык мамлекеттик мекемелер, атап айтканда, жогорку окуу жайларына байланышкан кардарлары кыйла көп киреше алып келип турган. Эми алар жапырт жана шашылыш түрдө альтернативдик аянтчаларга кетүүдө.

Акыркы жылдары санкция темасы Россиянын ичиндеги процесстер да, эл аралык алакалар үчүн да кадыресе көрүнүшкө айланган. Глобалдык бир полярдуу дүйнөдө санкциялар – чындап эле азыркы тутумду бекемдөө инструменти.

Эң катаал чектөөлөр менен да жашоого болот, муну Иран да, Корея элдик-демократиялык республикасы тастыктап келет. Тек гана мунун куну чоң, калктын турмуш сапаты начарлайт, улуттук экономиканын жоготуулары көбөйөт, технологиялык жактан артта калат.

Санкциялар ал убакта өлкөнү заманбап өнүккөн цивилизациядан чийип салууну түшүндүргөн. Мейли бул жогорку технологиялык долбоорду ишке ашыруудагы кыйынчылык болсун, ал түгүл жөнөкөй эле жагдай, мисалы, SWIFT тутуму өчүрүлгөндүктөн жарандар дүкөндө да карта менен төлөй алышпайт. Жети жыл мурунку РФке каршы санкциялар да өлкөнү ушундай эле залалга батырган. Бирок бара-бара санкциялар батыш биримдигин да, АКШ үстөмдүк кылган жалпы дүйнөлүк тутумга да таасир этпей койбоду. Ал убакта өгөйлөнгөн өлкөлөрдү технологиялык жактан солгундатуу механизми болсо, азыр санкциялар, тескерисинче, алардын өнүгүшүнө өбөлгө болчу инструментке айланып отурат. Муну түшүнүп турса да, дүйнөдө Кошмо Штаттардын үстөмдүгүн кыйратып бүтүрсө да Вашингтондогулар бул кадамдан артка кайта албай турушат.

Белгилер:
экономика, КМШ, чектөө, санкциялар, Европа, АКШ, Россия
Тема боюнча
Батыш жаңы санкциялар менен темир көшөгөнү тартууда. Сереп
Климатты бетке кармап... АКШ кантип жашаш керектигин үйрөтүүгө өтчүдөй
Россиялык Белгород эксперименталдык субмаринасы. Архив

Россиялык "Посейдон" Тынч океанга карай камынууда

(жаңыланган 13:13 11.04.2021)
Тынч океандагы базалардын бири "Посейдондорду" ташуучунун дайымкы жайгашкан жайына айланмакчы. Ошону менен бирге эле суу түбүндөгү эксперименталдык кайык Дүйнөлүк океандын каалаган жеринде белгиленген милдеттерин аткара алат.

НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн күчкө таянып Россия менен диалог куруу аракеттери мыйзам ченемдүү түрдө катуу каршылыктарга кабылат. Россиянын батыш чек араларына жакын жердеги АКШ армиясынын чагымчылдыктарынын күч алышы батыш, Кошмо Штаттардын тынч океандык чек араларына да чагылбай койбосу анык. Бул тууралуу РФтин "өнөктөштөрүнө" россиялык "Белгород" эксперименталдык субмаринасы жана "Посейдон" термоөзөктүк тутуму эскертип турарын белгилейт аскерий серепчи Александр Хроленко.

Жума ортосунда аскердик-өнөр жай комплексиндеги булактар деңиз учкучсуздарын ташуучу "Посейдон" – 09852 долбоорунун эксперименталдык "Белгород" суу түбүндөгү атомдук кайык сүзүүгө бет алганы турат (реактору кое берилген). Субмарина сентябрга чейин сыналып, океанда күзөт өтөйт. Шварттык сыноолору жүрүп, башкача айтканда кеменин курулуш сапаты, тетиктеринин топтоштурулушу жана жөнгө салынышы, жүк алдында энергетикалык орнотмосун, бышыктыгы жана коопсуздугу текшерилүүдө.

Тынч океандагы базалардын бири "Посейдондорду" ташуучунун дайымкы жайгашкан жайына айланмакчы. Ошону менен бирге эле суу түбүндөгү эксперименталдык кайык Дүйнөлүк океандын каалаган жеринде белгиленген милдеттерин аткара алат. 2027-жылга чейинки куралдануу боюнча мамлекеттик программасынын алкагында Россия ушундай үч субмарина курмакчы.

"Посейдон" тутумун иштеп чыгуу тууралуу РФ президенти Владимир Путин алгач ирет 2018-жылы айткан ("Белгород" сууга 2019-жылдын 23-апрелинде кое берилген). Буталарынын кеңири спектрин – болжолдуу душмандын абада ташуучу топтору, жээкти бекемдөө жана инфраструктурасы экенин белгилеген.

Мындай инструменттер менен Путин "тек полярдуу оюндун" эрежелерин өзгөртүүгө убада берген. АКШнын ошол туштагы расмий өкүлдөрү "техникалык жактан жасалма жана укмуш" деп россиялык жаңы куралды ачык эле жактырышкан эмес. Бүгүн Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти континенттер аралык 2М39 "Посейдон" өзөктүк торпедасынын пайда болгонуна өзгөчө тынчсызданып туру.

Жалпысынан РФтин "өнөктөштөрүн" аталган мамлекеттин улам өнүгүп жана бекемдеп бараткан Аскердик-деңиз флоту чочулатат. Business Insider басылмасынын маалыматына таянсак, анын курамында 360 чакты кеме, анын ичинде 59 субмарина (баллистикалык ракеталуу суу түбүндөгү 12 крейсер) иштейт.

Өзгөчө мүнөздөмөлөрү

09852 долбоорундагы суу түбүндөгү "Белгород" көп буталуу атомдук кайыгы – үчүнчү муундагы 949А долбоорунун "Антейдин" эксперименталдык кайра жаралышы. Эске салсак, бул "Посейдон" тутуму үчүн атайын ыңгайлаштырылган. Ал эми эң башта "Антейлер" ракетага каршы коргонуучу "Гранит" ракеталарын ташуучусу эле.

"Посейдон" – ооздуктоонун абдан олуттуу инструменти. Өзөктүк энергетикалык орнотмосу бар стратегиялык континенттер аралык терең суудагы аппарат 10 миң чакырымга чейинки аралыкка 1000 метрлик тереңдикте сүзө алат. Сыноолор аталган системанын "укмуштай" мүнөздөмөлөрүн жана ыраак аралыкты багындыра аларын чындап эле тастыктады. Автономдуу "Посейдон" болжолдуу душмандын колундагы азыркы жана келечектеги субмарина, торпеда жана ракеталары жете алгыс тереңдик жана ылдамдыкта жүрөт. Океанда ушундай "торпеданын" изин табыш оңой эмес, жай ылдамдыкта дээрлик дабышсыз сүзөт. Автономдук башкаруу системасы кайыктарга каршы чектерди, коргонуунун бөлөк тутумдарын таап, басып өтүп, таамайлыгын кепилдөөгө мүмкүндүк берет.

Узундугу 24 метр, диаметри 1,6 метрлик өзөктүк кыймылдаткычтуу аппарат кадимки жана мегатонналык ок бөлүгү менен жабдылган. Мындай куралга Россия гана ээлик кылат, дүйнөдө эч бир өлкөнүн "Посейдондон" коргонуу каражаты жок.

Мурдараак АКШ башында турган жамааттык Батыш Чыгыш Европада ракетага каршы коргонуунун глобалдык тутумун түзүп НАТОну чыгышка карай кеңейтүү менен РФтин стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн дараметин жок кылууга тырышкан. Россиянын чек араларына жакын аймактарга сокку уруучу "Томагавк" жана орточо ыраактыктагы башка ракеталарды жайгаштыруу ниетин көздөгөн. "Посейдон" континенттер аралык тутуму РФтин "өнөктөштөрүнө" агрессор сөзсүз жазасын ала турган көп полярдуу дүйнөнүн катаал чындыгына кайтууга түртөт.

"Кыямат күндүн торпедасы" Америкалык стратегиялык командачылыкты (STRATCOM) 2019-жылдын февралындагы сыноолордун башында эле тынчсыздандыра баштаганы тегин жерден эместир. Конгресстеги угууларда STRATCOM жетекчиси Жон Хайтен "Посейдон" жаңы курал тутуму катары СНВ-3 келишиминдеги чектөөлөргө кирбестигин, ошондой эле Кошмо Штаттарда аналогу иштелип чыга электигин билдирген. Континенттер аралык учкучсуздардын штаттык ташуучусунун топтомун 098531 долбоорундагы "Хабаровск" суу түбүндөгү атомдук кайыгы ачат.

Субмаринанын негизги мүнөздөмөлөрү купуя сыр. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, кеме жапжаңы өзөктүк энергетикалык түзүлүш менен жабдылып, "Кыямат күндүн учкучсуз торпедаларынан" алты бирдикти бортунда ташый алат.

Сыйымдуулугу – 10 миң тоннанын тегерегинде, суу түбүндөгү ылдамдыгы – 32 узелге дейре, чөмүлүү тереңдиги – 500 метр, автономдуулугу – 120 сутка, экипажы 100 кишиден кем эмес. Субмаринанын корпусу жаңы "Борей" стратегиялык ракета ташуучуну эске салат.

Мында учкучсуз Түндүк жарым шардын каалаган бурчунан АКШнын жээктеги чийиндерине жете аларын эске алуу зарыл, бирок ал РФке каршы агрессия жанданган күндө гана колдонулат. Эске салсак, Кошмо Штаттар орто жана кыска аралыкка багытталган ракеталарды жок кылуу боюнча келишимден жок шылтоо менен чыгып, былтыр аскердик бюджетин 750 миллиард долларга чейин (бул сумма дүйнөнүн калган бүт өлкөлөрүнүн жалпы коргонуу чыгымдарына барабар) өстүргөн.

Россиянын көп буталуу океандык тутуму – көзү түз эмес "өнөктөштөрүнө" кулак кагыш, Чыгыш Европада Пентагондун жана НАТОнун сокку уруучу дараметинин кооптуу топтоштурулушуна ассиметриялык жообу болмокчу.

Белгилер:
экипаж, суу, Дүйнө, АКШ, Россия, ракета, курал-жарак
Тема боюнча
"Циркон" Россиянын жээктеринен батыш кемелерин "кубалады"
F-35 өзүн-өзү кыйратып... Келтирген зыяны — 2,5 млн. доллар
Тез жардам кызматынын жанында турган дарыгер. Архив

COVID: 240 киши вирус жуктуруп, эки бейтап каза тапты

(жаңыланган 10:40 14.04.2021)
Кыргызстан боюнча коронавирус жуктургандардын саны 90 839га жетсе, анын ичинен 86 313ү сакайып кетти.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус 240 кишиден табылып, 161 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 118;
  • Ош шаары – 4;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 4;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу – 1.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 133;
  • Чүй облусу – 85;
  • Ош облусу – 5;
  • Талас обулусу – 4;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Баткен облусу – 2.

Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 90 839га жетсе, анын ичинен 86 313ү сакайып кетти.

Акыркы суткада коронавирустан Бишкек шаарынын эки тургуну каза тапты. Аларды кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда вирустан көз жумгандардын саны 1534кө жетти.

Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема боюнча
Жакшы кабар! Казакстанда эки күндөн бери COVID жуктургандардын саны азаюуда