Кабар алып туралычы! Эже-карындашына кайдыгер ага-инилерге кайрылуу

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан кыз. Архив
Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
Аялдарга карата зордук-зомбулук коомдогу эң көйгөйлүү маселелердин бири бойдон калууда. Колумнист Мирбек Сакенов кыздарды зомбулуктан сактоодо ага-инилердин ролу тууралуу ой толгоду.
Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин оюмдан бир нерсе такыр кетпей койду. Кыздын жакындары "ала качкан киши Айзаданы меники болбосоң, апаңды өлтүрүп кетем, апаң экөөң жалгыз экенсиң" деп коркутуп жүрүптүр деп айтышты. Кыязы, зөөкүр "мунун сурап алары жок" дегендей мамиле кылган окшойт.
Бирок азыркы күндө атасы, ага-инилери бар кыздар деле башына кыйынчылык түшкөндө таянарга тоо таппай калган учурлар болуп жатат.
Бала кезден чогуу ойноп, чогуу чоңойгон көчөлөш баланын карындашы Жибектин (аты өзгөртүлдү — ред.) окуясын айтып берейин. Биз жогорку класстарда окуп жүргөндө Жибек мектеп босогосун жаңы аттаган, чачына ак бантик тагынган секелек болчу. Агасы экөөбүз малга барсак дагы, көлгө түшсөк дагы артыбыздан калбай жүрүп, мага өз карындашымдай болуп калган. Алысыраак жерге барсак, кичинекей неме чарчаганын көрүп, алмак-салмак аркабызга көтөрүп келчүбүз. Алма-өрүк жесек, ага эң кызылын, эң даамдуусун алып берчүбүз...
Бетин жаап телефонд кармап отурган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Зомбулукка кабылгандар жана күбө болгондор кайда кайрыла алат. Номерлер
Кийин жашоо ар кимибизди ар кайсы жакка таратты. Эки жыл мурда үйдөгүлөр кошунанын кызы Жибек турмушка чыкты деп калышты. Көрсө баягы кичинекей кыз бойго жетип, Бишкектеги окуу жайлардын биринде 2-курста окуп жүрүптүр. Апам "ал зээндүү, токтоо кыз болуп чоңойгон. Анысына кызыккандар куда түшүп келе берип, ата-энеси бир таанышынын уулуна күйөөгө берип коюшту" деди.
Ошол бойдон аны деле унутуп калыптырмын. Бир күнү Бишкектен Жибектин агасы, баягы айылдык досумду жолуктурдум. Шаарда турат экен, үй-бүлөлүү, иштеген иши бар, айтор, жашоосу дурус экенин айтып отурду. Балалыкты эстеп, аркы-беркини сүйлөшүп отуруп Жибек эсиме түштү.
"Турмушка чыкты деп уктум эле, көнүп кеттиби, балалуу болдубу?"деп сурадым. Ал "жакшы, жакшы" деп башын ийкеп койду да, сөздү башкага бурду. Чынын айтсам, мен Жибек тууралуу сүйлөшкүм келген. Анткени ал биздин бала кездеги достугубуздун ажыратып алгыс бир бөлүгү болчу.
Мен анын ой-боюна койбой эле карындашы тууралуу сурап туруп алдым, күйөө бала эмне иш кыларына кызыктым. Аягында өзү ыңгайсыз болуп кетти окшойт, "мен аны менен көп деле сүйлөшпөйм, жеңеси сүйлөшөт" деп айтты.
Арадан дагы бир нече ай өтүп кеткен. Бир күнү апам шаарга келди. Айыл-апа, кошуна-колоңдор тууралуу сүйлөшүп отуруп, "коңшубуз небересин багып жатат, кызы Жибек жолдошу менен ажырашып кеткен. Бир жашка чыга элек уулун таштап, Россияга иштегени кетти" деп кейиди.
Апаңды да өлтүрүп кетемдеп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
"Апаңды да өлтүрүп кетем" деп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги
Көрсө Жибектин күйөөсү чоң муштум чыгып, кош бойлуу кезинде кол көтөрчү экен. Атасынын таанышына келин болгон байкуш кыйналганын айта албай жүрүп, бир ирет өз жанын кыюуга аракет кылыптыр. Атургай окуяга милиция аралашып калгандыктан, ал тууралуу жаңылыктарга дагы чыккан экен.
Бул жерде эмнени айткым келет? Жаш кыздын ушундай тагдырга туш болушуна, албетте, көп кишинин күнөөсү бар. Бирок эмне үчүн агасы жаңы турмушка аттанып, жашоосунун өтө маанилүү, жоопкерчиликтүү, морт учурунда ал-жайын сурап, колдоо көрсөтүп койбойт деген ой мээмен кетпей койду.
Жеңеси сүйлөшүп жатат дейт. Жеңенин орду башка да. Менимче, кыз кишиге агасынын "Коркпо, мен бармын!" деген сөзү бир топ дем-күч берет.
Жигиттер, аялзаты табиятынан назик, коргоого, колдоого муктаж аяр жан. Кыз-келиндер жашоодо канчалык күчтүү, ийгиликтүү болбосун, кээде өзүн алсыз сезип ага-инисине таянгысы келет. Аларга эркелеп майда-барат маселелерин айтып, жок дегенде колдоо, мактоо сөздөрүн уккусу келет. Ошондой учурда агалар өзүбүздүн эч нерсеге арзыбаган сөзүбүздү, убактыбызды бөлүүгө жарабай жатабыз.
Окуганы же иштегени кеткен карындаштарыбыздан кабарыбыз жок. Алардын каякта окуп, ким менен жатаканада жашап, кандай адамдар менен мамиле куруп жатканына кызыгып да койбойбуз. Ата-энесинин камкордугунан бир нече чакырымга алыстаган секелек кыздарыбызды турмуштун тегирменине жалгыз таштап коюудабыз.
Жолукчан аял ыйлап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2021
КРде зордук-зомбулукка кабылган аялдар көбүнчө кайда кайрылат. Статистика
Турмушта жолу болбой ажырашып, бала-бакырасы менен ара жолдо калган жакындарыбыздан качып калдык. Адамдын көңүлүн ооруткан, кейиткен ушундай окуяларга көпчүлүгүбүз күбө болуп жүрөбүз. Ошол учурда аялзаты ээн талаадагы сормо сазга түшүп калган чаарчыктай тыбырчылап жатып күчтүүлөрү чыгып кетип жатат. Алы жогучу?..
Кээде эркектердин алсыздыгына, кайдыгерлигине көзү жеткенде өз арабасын өзү согуп, эч кимден жардам күтпөй, турмушун улантууда.
Жигиттер, бизди Жараткан күчтүү кылып, аялзатын коргосун деп жараткан. Апабызбы, эже-карындашыбызды, жубайыбызды, кыздарыбызды калкалашыбыз керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0