АКШнын президенти Жо Байден. Архив

Путинге Байден менен жолугуунун эмне зарылчылыгы бар

198
(жаңыланган 20:02 19.04.2021)
Ансыз да олку-солку болуп турган Россия-Америка мамилелери акыркы айда өзүнчө эле театрга, вашингтондук актёрлор койгон оюнга айланып кетти.

Алгач Байден Путинди "жан алгыч" деп атады, андан соң "Россиянын Украинаны басып алуу кооптуулугун" күчөткөн Байден Путинге чалып жакын арада жолугушууну сунуштады да эртеси жаңы санкциялар тууралуу жарлыкка кол койду. Андан кийин ЖМК алдына чыгып, "Россия менен чырдашууну каалабай турганын", АКШ чогуу иштешүүгө кызыкдар экенин, бул үчүн жай айларында Путин менен жолугушуу ниети бар экенин айтты. Көшөгө.

Кырдаалга РИА Новости абай салды.

Ушу тапта Байдендин жаңылганын да тамашалоо орунсуз болуп калды. Бирок Вашингтондогулар Россиянын айласын таппай, улам бир ыкманы пайдаланып жатат деп да айта албайсың. Жок, Ак үйдө максатын так түшүнгөн, Россия боюнча көрчү аракеттери айкын адамдар отурат. Буга мүмкүнчүлүгү жетиштүүбү, америкалык кызыкчылыктын көз карашынан алып караганда канчалык туура стратегия? Жок, дарамети жетпейт. Муну түшүнүү Кремль үчүн стратегиялык планда маанилүү, ал эми азыр тактикалык планда башка нерсе кызык болуп турат: Путин болуп жаткан окуяларга кандай мамиле жасашы керек? Же Байден менен жолугушууга барышы керекпи?

Бир караганда сүйлөшүү россиялыктарга караганда америкалыктар үчүн зарыл сыяктуу эле. Мындан улам Байден оң-тескери кадамдары менен Путинди жолугушууга мажбурлап жатат деген да сөз болгон. Демек, ою менен болуп сүйлөшүүлөргө барбай, тыным алып туруу керек деген кептер айтылган болчу.

Америкалыктар чындап эле моюн толгогондорду жаман көрөт, өздөрү да сүйлөшүүгө көп бара беришпейт. Кээде мындай аракет акталып калат, Иран менен Түндүк Кореянын мисалы буга далил. Пхеньян АКШнын кезектеги жосунсуз аракетинен соң бир жылдан бери америкалыктар менен байланышка чыкпай келет. Коронавирус боюнча чектөөлөрдөн улам деп айтууга болбойт. Ирандыктар да түз байланыштан бир нече ирет баш тартты, керек болсо жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө макул болбой жүрөт. Бул ошол өлкөлөрдүн, алардын АКШ менен болгон алакасынан алып караганда туура, татыктуу кадам. Россиянын масштабы да, контексти да такыр бөлөк.

Кеп Путиндин биринчи болуп жолугушууну сунуштаганында деле эмес. Эскерте кетсек, РФ лидери АКШ президентинин чуулуу сөзүнөн кийин түз эфирде дебат форматында жолугууну демилгелеген. Путин өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн ким менен болсо да сүйлөшүүгө даяр. Россиянын кызыкчылыгы эмнеде? Санкцияларды жумшартуу боюнча Америка менен келишүүбү? Же Жакынкы Чыгыш, Афганистандагы көйгөйлөр, Ирандын өзөктүк келишими, Түндүк Кореянын ракеталык-өзөктүк программасы сыяктуу аймактык маселелер боюнча тил табышуубу? Украинабы?

Жок, мунун баары локалдык көйгөй. Канчалык маанилүү болсо да бул маселелер Байден менен жолугушууга себеп болуп бере албайт. Мында адамдык кызыкчылык баарынан жогору турат: кантсе да Путин үчүн Байден бешинчи президент, экөө мындан он жыл мурун жолуккан жайы бар. РФ лидери ал кезде Байдендин инсандыгын анализдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк алган, ошентсе да дүйнөлүк аренада иштөө үчүн адамдын кандай экенин көбүрөөк билүү эч качан ашыктык кылбайт эмеспи.

Россиянын геосаясий стратегиясы, тышкы саясий оюну — мына ушул нерсе жолугушуунун кызыгын арттырууда. Россия XXI кылымдын дүйнөлүк системасын калыптандырууга катышуу ниетин билдирип тим болбостон бул жаатта жигердүү иш алып барууда. Америкалыктардай болбой, дүйнө үчүн таптакыр жаңы каркас түзүү менен алек. Ооба, Кытай менен иштешип жатат, анткени кызыкчылыктар дал келүүдө. Ооба, АКШга тыкыр баам салып, убагында жооп берип жатат, анткени америкалыктардын дүйнөнү деконструкциялоо аракети бардык ревизионисттик күчтөрдүн маанилүү маселесине айланып кетти.

Байден Россия АКШнын ишине кийлигишип жатат деп туура айтты. Кийлигишип жатат, бирок шайлоосуна эмес. Муну айтып, талашып-тартышуу бекер, "вашингтондун сазын" байырлагандар үчүн бул ички да, тышкы да саясатынын элементине айланып кеткен. Керек болсо "шайлоого кийлигиштирип" АКШ Россияны таасири күч держава катары сыпаттап койду.

Ооба, Россия кийлигишип, "АКШнын кызыкчылыктарын кыйратууда", болгону бул жерде алардын глобалдуу кызыкчылыгы, өзүн "эге" сезип алган текеберлиги тууралуу сөз болууда. Кошмо Штаттардын лидер аталууга күчү, дарамети жетпей калды. Материалдык жактан Америкадан алда канча алсыз болуп турган Россиянын орчундуу артыкчылыгы бар.

Өлкө тарыхтын туура багыты менен баратат, башкача айтканда, стратегиялык жактан аныкталып-такталган глобалдуу архитектура менен өнүгүүнүн тенденцияларына таянып өз тактикасын курууда. Россия учурда өзгөрүүлөрдүн лидери. Бул жагынан алып караганда Байден болобу, Камала Харрис болобу, кайсы лидер менен болсо да жолугушуунун зарылдыгы бар.

198
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, жолугушуу, санкциялар, Владимир Путин, Жо Байден, АКШ, Россия
Тема боюнча
Байден Путиндин фамилиясын туура эмес айтып алды
Пакет көтөрүп бараткан аял. Архив

Жашоо начарлап кетсе эмне болот? Бүк түшүп калбай эмнеге даяр болуш керек

654
Бул макала сизди кооптондуруу, бүлүк түшүргөн сезимдерди жаратуу үчүн жазылган жери жок. Чубалган цифралар да, ар кандай эксперттердин пикири да камтылбады. Автор тек гана кырдаалга баам салып, көмөк көрсөтүүнүн жолун издеген.

Чындыгында каатчылык болору деле белгисиз, качан болорун эч ким так айтып бере албайт. Дүйнөлүк каржылык рынокторунун кыйрашы жөнүндө жоромол толтура, бирок божомол берекеси жок иш эмеспи. Бул кыргызстандыктардын турмушуна кандай чагылары анык эмес. Биз 1990-жылдан тарта эле каатчылыкта же аны менен "катарлаш" жашап келгендейбиз. Каатчылык сизге кандай таасир этип, кандай тармактар жабыр тартарын да болжош татаал. Бирок кандай болсо да кыйынчылыктарга туруштук берүүнүн камын ойлоп коюу ашыктык кылбастыр. Баанын көтөрүлүшүнө, маяна булагынан ажырап калууга даяр болуп, бирок андай күндө да эбин таап эптештирмейди билип, каражатыңызды сизге таянган жакындарыңызды багууга жеткире билгендей дараметте болуңуз.

Карыздар

Эң жаманы — каатчылыкты карыз, насыя же ипотека менен тосуп алуу. Колуңуздан келишинче мындай түйшүктөрдөн арылуунун жолдорун издеңиз. Чыгымдарды талдап чыгууга (эгер таптакыр эсеп жүргүзбөсөңүз, анда баштаганыңыз оң) жана аларды кыскартууга туура келет, маселен, көңүл ачуудан баш тартыңыз. Кошумча киреше булактарын табуу маанилүү. Эгер батир ижаралап жашасаңыз, ыңгайы келсе убактылуу ата-энеңиздикине барып турганыңыз оң чыгар.

Ал эми азык-түлүктөн сарамжалдайм деген ойдо болсоңуз, анын тобокелдиктери боюнча да туура акыл калчаңыз. Тамактануунун сапаты начарлап кете турган болсо, орто жана узак мөөнөттүү планда кесепети ары кооптуу, ары кымбат да болушу мүмкүн.

Каатчылыкка мойнуңуздагы насыя же ипотека менен кабылсаңыз эмне болот? Мындай учурда банкка барып, карызыңыздын түзүмүн өзгөртүп же кайра каржылоонун варианттарын издөөгө аракет кылуу абзел. Карызыңызды жапканыңыз банк үчүн да пайдалуу, андыктан каатчылыкта ал сизге жагдайдан чыгуунун жолун издөөгө кол кабыш кылар.

Тыйын топтоо

Акча топтоо — бул негиз. Эгер карыздарыңыз жок, бирок капиталыңыз болбосо, "каатчылык фондуна" чогулта бергениңиз дурус. Капыстан киреше булагыңыз бүтөлүп кала турган болсо, жашоого канча акча керек болорун болжол менен эсептеп чыгыңыз. Өзүңүзгө жана үй-бүлөңүзгө куру дегенде 3-4 ай кам санабай жашоого жете турган каражат коруңуз болгону жакшы. Бул убакыт аралыгында тыйын табуунун башка варианттарын таап калат чыгарсыз. Эгер кирешеден тышкаркы акча (сый акы, кошумча маяна, күтүлбөгөн киреше) болсо, аны да сарптап жибербестен чогултканыңыз жакшы.

Акча топтоого мүмкүндүк болбой жатабы? Айлык колго тиери менен бир бөлүгүн катып коюуну акырындап адатка айландырыңыз. Бул ыкма "адегенде өзүңө төлөө" деп мүнөздөлөт.

Чогулткан тыйыныңыз болбосо, кыйын кырдаалда карызга батып, насыя алып, өкмөттөн көмөк күтүүгө туура келет.... Мунун сизге кереги барбы? Кийин азабын тарткандан көрө азыр камын ойлогонуңуз оң эмеспи.

Капитал топтоо "каалоолоруңузду" тыя билүүгө тынымсыз тырышуу экенин эске түйүңүз. Айына 2-3 миң сомдон бөлүп турсаңыз деле жыл соңунда бир кыйла каражат чогулуп калышы ажеп эмес.

Жагдайы түзүк адамдар үчүн

Эгер жыйнаганыңыз жетиштүү, бересеңиз жок болсо, анда өнүгүү үчүн каражат чогултууну баштаңыз. Экономиканын кайсы тармактары жабыр тартары анык эмес, бирок бир каалга жабылса, башкасы ачыларын унутпаңыз. Мүмкүн кыймылсыз мүлк, чет элдик компаниялардын акцияларын, пайдалуу облигацияларды, бизнестен үлүштү арзан сатып алат чыгарсыз. Балким, кайсы бир ийгиликтүү багытка акча салып көбөйтүүгө мүмкүнчүлүккө туш болуп каларсыз. Бирок диверсификация да жадыңызда болсун, үрөндүн баарын бир кампага жыйып болбойт. Каатчылык — бул абалдын начарлашы гана эмес, бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн да убагы. Эң башкысы — андай шарттарды көрө билип, аларды пайдаланууга даяр болуу.

Акчаны кандай валютада кармаган оң?

Көпчүлүк доллар топтоп алып, айырмасынан акча таап, куру дегенде каражатты сактап калат. Бирок тобокелдиктерди да эске алыңыз. Доллар кармалып турарына же кымбаттап кетерине эч ким кепилдик бербейт. Бул эл аралык валютанын куну түшүп кетиши да толук ыктымал.

Эгер чыгымдарыңыз сом түрүндө болсо, акчанын баарын долларга айырбаштоонун кажети жок. Ооба, сомдун куну кылдын учунда турганда кайдыгер караш кыйын. Бирок башынан эң зарылдарын аныктап алып, пландап жана аны бекем кармансак, карыздардан кутулуп, кризистик фонд түзүп, өнүгүү үчүн акча топтоп алганда каатчылыкка туруштук берүү алда канча жеңилирээк.

Каатчылыкты кабылдай билүү

Тарых көрсөтүп тургандай, каатчылык — кадыресе көрүнүш. Экономика циклдүү багыт болгондуктан, эртеби-кечпи рынок өрүш алат. Азыркы учурдагы кадамдарыңыз келечегиңизди аныкташы ыктымал. Балким, кымгуут түшкөн кырдаалга да тушугуп калышыңыз мүмкүн. Эгер кокус башыңызга андай күн түшсө, сабак алып, күчтүү болууга тырышыңыз. Эгер баам сала билсеңиз, ар бир жагдайдан туура жыйынтык чыгара аласыз.

Ошону менен бирге эле өмүр сүрүүнү да унуткарбаңыз. Жашоодон ырахат алуу үчүн сөзсүз эле капчыгыңыздын калыңдыгы зарыл эмес. Бакыт — бул дүйнөгө болгон көз карашыңыз, аны кабыл ала билиңиз.

654
Белгилер:
экономика, жумуш, валюта, мүмкүнчүлүк, акча, запас, жашоо, турмуш, жакырчылык
Тема боюнча
Кыргызстанда көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жарымынан көбү жакыр жашайт
Статком: Баткен, Жалал-Абад жана Нарындын эли жакыр жашайт
Россиянын желеги. Архив

Батыш менен пикири келишпеген Россиянын колунда көзүрү көбүрөөк. Эмне үчүн?

385
(жаңыланган 09:41 28.04.2021)
Россия менен Батыштын ортосундагы чыңалуу жакында жанчудай эмес. Өзгөчө Батыш Европанын алаңгазарлыгы абалды курчутуп жатканы айгине болуп турат.

Чехия, Латвия, Литва өлкөдөн россиялык дипломаттарды чыгарып жиберди: анын артынан эле Польша Вышеград тайпасын "россиялык маселе боюнча" онлайн-жыйынга чогулта калып, ага мүчө мамлекеттер Чехияны колдогон декларация кабыл алып жиберишти; Румыния Россиянын аскер атташесинин жардамчысын нон-грата персонасы деп жарыялай салды; Италия Москванын жооп иретинде дипломатын чыгарып жибергенине таарынып отурса, Улуу Британия санкциялык тизмесин дагы 14 россиялык менен толуктады. Бул болуп кеткен окуялардын толук тизмеси эмес. Эки жээктин алакасы боюнча эл аралык баяндамачы Ирина Алкснис ой толгогон.

Россия деле кем калышкан жок. Чехияны эл аралык мамилелердин нормасын бузду деп шектенген тышкы иштер министри Сергей Лавров бир топ эле "уулуу" билдирүү таратты. Мында кеп курал-жарак соодасы боюнча келишим тууралуу болуп жатат. Прага 2014-жылы Врбетицтеги курал-жарак кампасындагы жарылуу боюнча "адаштырган", "эмоционалдуу, түшүнүксүз" билдирүүлөрдү жасоодо.

Атайын агент? Кайрабы?

Болуп жаткан окуялар эки ача пикирге кептейт. Бир жагынан Россия бийлигинин позициясы 2010-жылдарга салыштырмалуу катаалдашканын байкабай калууга болбойт. Ал кезде Москванын "келгиле, ынтымакта жашайлы" деген жай баракат риторикасы көпчүлүктүн кыжырын келтирер эле. Бирок мында деле кылдан кыйкым тапкандар бар болчу. Андыктан Москванын азыркы катуу айтылган сөздөрү коомчулуктун колдоосуна ээ болууда.

Анткен менен Россиянын өзүндө деле нааразы болгондор четтен чыгат. Булар үчүн Батыштын акылга сыйбаган билдирүүлөрүнөн улам диалог аттуунун дегеле кереги жоктой сезилип, Кремлдин азыркы катуулугу жетишсиз болуп жатат. Нааразы болгон тарапка Батыш акылына келгиче мамилени таптакыр үзүп салуу оң сыяктанат.

Мындай позицияны да түшүнүүгө болот. Алмаштыргыс "атайын агенттер Петров менен Боширов" жана Кремль жапырт колдонгон "Новичок" тууралуу айтуудан тажабаган мамлекеттер менен эмне деп сүйлөшүүгө болот. Бул экөө Англияда Скрипалдарды уулантып, Чехиядагы кампаларды жардырып жетишкен имиш.

Интернетте жүргөн талкууларда "Годвиндин мыйзамы" деген көрүнүш кездешет. Ага ылайык, атаандашын биринчи болуп улутчул же Гитлерге салыштырган адам утулат. Башкача айтканда, кишини улутчул деп, Гитлерге салыштырган тараптын башка келтире турган аргументи жок калганын айгинелейт.

Саясатка да ушул көрүнүштү пайдаланса болчудай: дипломатиялык мамилени үзүү — тышкы саясаттагы акыркы ыкма, мындан ары кескин кадамдар жасалып, согуш оту тутанат. Мындайга барган өлкө күчтүүлүгүн эмес, тескерисинче, алсыздыгын көрсөтөт.

Ушул көз караштан алып караганда абал өтө эле кызык экенин көрүүгө болот.

Россиянын узакка созулган оюну

Батыш Россияга басым жасоонун бардык мүмкүнчүлүгүн пайдаланып бүттү. Маселенин өзөгү ушунда. Эми таптакыр акылга сыйбаган кадамдарга барууга аргасыз болуп турган чагы. Албетте, теорияда Москвага каршы колдонулчу бир катар ыкмалар бар, бирок батыштагылар үчүн аны жүзөгө ашыруу кыйла оор болуп калчудай.

Буга SWIFT эл аралык төлөм системасынын айланасындагы кырдаал ачык мисал. Айрым күчтөр көптөн бери эле Россияны аталган системадан чыгарууга үндөп келет. Бул убакыт аралыгында Россия өзүнүн финансылык байланыш системасын негиздеди, натыйжада тутумдан чыгарылган күндө да кесепети анчалык оор болбой тургандай кылып койду. Бирок Москваны болгон-бүткөн кылмышка күнөөлөп келген Батыш өлкөнү SWIFT системасынан алигүнчө чыгара элек. Россиянын чыгарылышы менен кол жууй турган акчага ичи ачышып жаткан сыяктуу.

Америка менен Европа 2014-жылы мамилеге так салып, колундагы көзүрлөр менен Россияга чабуул баштаганда эмнеси менен ойлонгон деген суроо туулат. Аң-дөңдү карабай жүргүзгөн саясаты, ажаан риторикасы, жүйөсүз айыптоолор... Батыш Россияга таасир этүүчү куралдын баарын пайдаланып бүтүп, баягы эле эски жол менен жүрүүгө аргасыз. Муну менен ого бетер күлкү келтирип, шылдыңга кабылууда.

Ал эми Россиянын колунда инструменттин кыйла запасы бар. Бул өлкө жетекчилигинин картанын баарын бир маалда ачып салбай, оюнду узакка ойноого умтулушу менен байланыштуу экени талашсыз.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбей калышы мүмкүн.

385
Белгилер:
санкциялар, басым, саясат, карта, мамиле, Европа, Америка, Батыш, Россия
Тема боюнча
АКШ санкциялары менен дүйнөгө болгон үстөмдүгүн кыйратууда
Кумтөр алтын кени. Архив

Сот "Кумтөр" компаниясын мамлекетке 262 млрд. сом төлөөгө милдеттендирди

70
(жаңыланган 00:20 08.05.2021)
Жергиликтүү тургундар чет өлкөлүк компания экологияга зыян келтирди деген доомат менен сотко кайрылган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Сот "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын Кумтөр кенин иштетүүдөн чыккан калдыктарды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө жыйып келгенин мыйзамсыз деп тапкан. Дээрлик 262 миллиард сомго жеткен негизги суммадан тышкары сот компаниядан 1 миллиард 308 миллион 653 миң 370 сом мамлекеттик алым өндүрүүнү чечкен.

Маалыматта ишкананын үстүнөн сотко Ысык-Көлдүн тургундары арызданганы айтылат. Жергиликтүү жашоочулар "Кумтөр Голд Компани" Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын бузду деп даттанган. Мөңгүлөргө чыгарылган 1 миллиард 200 миллион тонна калдыктан 183 миллион куб муз талкаланганы белгиленди.

Доого жыгылган тарап 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна кайрылса болот.

70
Белгилер:
токтом, чечим, сот, айып, компания, Кумтөр
Тема боюнча
"Кумтөрдү" Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия текшермей болду
Үч милдет бар. Президент Жапаров экономика кандай реформаланарын айтты