Афганистан Борбор Азия өлкөлөрүнө "атайын багыттагы күчтөрдүн достугун" сунуштады

© AP Photo / Rahmat Gul"Талибан" кыймылынын согушкери. Архив
Талибан кыймылынын согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Жазылуу
Афганистанда "постамерикалык" тынчтыкты жөнгө салуу процесси атайын инструмент жана опцияларды, анын ичинде күчтү да талап кылары турулуу иш.
Эгерде пикир келишпестиктерди жоюп, бир катар өлкөлөрдүн атайын багыттагы бөлүктөрүнүн каражаттары жана мүмкүнчүлүктөрү ийгиликтүү жуурулушса, Кабулдагы атайын операциялар күчтөрүнүн эл аралык аймактык борборунун долбоору көптү үмүттөндүрөт. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул жолу аталган долбоордун келечеги тууралуу ой калчаган.
Афганистандан АКШ күчтөрү чыгып жатканда аталган Ислам республикасында талибдер менен куралдуу кагылыш күчөдү. Өкмөттүк армиянын Атайын операциялар корпусунун (ANASOC) командачысы генерал-лейтенант Мохаммад Фарид Ахмади географиялык коңшуларына атайын багыттагы жалпы (эл аралык) базада терроризм менен күрөшүүдөгү ыңгайлуу аракеттерди бириктирүүнү сунуштады.
Мындай инструмент Афганистандын аймагында согушкер-моджахеддердин мизин кайтаруунун майнаптуулугун арттырмак. Ошондой эле Борбордук жана Түштүк Азиянын чектешкен өлкөлөрүнө террордук топтордун жер которушун ооздуктай алмак. Андан тышкары, Атайын операциялар күчтөрүнүн улуттук борборлору кыйла чоң аскердик тажрыйбага ээ болмок.
Отправка американских военных в Афганистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Эмнеге Пентагонго Борбор Азияда орун жок? Сереп
Генерал Ахмадинин демилгесин жүзөгө ашыруу далай тоскоолго кабылары шексиз, ошентсе да Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы бөлүктөрүн өнүктүрүүгө чоң көңүл бөлүп келгени, анан да олуттуу потенциалга ээ экени белгилүү. Афганистандагы эл аралык долбоорго атайын багыттагы күчтөрү Сирия Араб Республикасында ири тажрыйбай топтогон Россия да кошулуп калышы ыктымал.
Ал ортодо 2020-жылдын 29-февралындагы АКШ менен "Талибандын"* макулдашууларындагы шарттарга ылайык бошотулган 5000 талибдин көпчүлүгү кайрадан согуш талаасына кайтты. Алар америкалыктарды жана анын НАТОдогу союздаштарын өлкөдөн бачымыраак сүрүп чыгарууга белсенишкен.
Талибдер жазгы чабуулдарын улантып, өкмөттүк коопсуздук күчтөргө жана жарандык инфраструктурасынын объектилерине улам кол салууда. Кабулда 8-майда өтө оор террордук акты жасалып, мектептин жанындагы жардыруу өспүрүм курактагы 75 окуучу кыздын өмүрүн алып, 190 киши жараат алды. Андан мурун эле, тагыраак, 1-майда Логар провинциясынын Пули-Алам шаарындагы жардырууда 30 киши каза таап, 90дон ашуун киши (көбүнесе жергиликтүү университеттин абитуриенттери) жарадар болгон.
Кабул провинциясында 12-майдагы Өзбекстандан Афганистанга электр импорттоодо кызмат кылчу электр түркүгүн жардырышты. Ушундай көрүнүш апта ичинде үчүнчү ирет кайталанып отурат.
Афганистандан америкалык күчтөрдү чыгарып кетүү үчүн 100дөн ашуун аскердик-транспорттук учак каттоодо. Бул багытта иш 1-майда башталып, ушул тапта 12 пайызга аткарылды.

Интеграция мүмкүндүгү

Афганистандын улуттук армиясы терроризм менен күрөшүү үчүн маанилүү ресурс болуп саналат. Чөлкөмдөгү туруктуулукту камсыз кылуу үчүн аны АКШ жана НАТО күчтөрү чыгарылгандан кийин да сактап калуу маанилүү.
АКШнын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Америкалыктар Россияга "афган бомбасын" таштаганы турабы?
ANASOC командачысы генерал Ахмади (баса, Россиядагы Рязанск аба-десанттык командалык жогорку окуу жайынын бүтүрүүчүсү) Афганистандын улуттук куралдуу күчтөрүндөгү атайын багыттагы бөлүгүнүн потенциалын өзгөчө белгилейт. Атайын операциялар күчтөрүн негизги мамлекеттик энчиси деп эсептейт. Анткен менен атайын багыттагы бөлүктүн ондогон аскер кызматкерлери согушкерлер тарабынан өлтүрүлгөнү маалым. Болжол менен Борбор Азиядагы чектешкен өлкөлөр Кабулга жарандык согуштун жаңы эпкининде атайын багыттагы өз бөлүктөрү менен олуттуу көмөктөшө алат. Мисалы, Улуу Британияда өткөн бул багыттагы бөлүктөрдүн эл аралык Cambrian patrol-2019 таймашында Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин Атайын операциялар күчтөрүнүн өкүлдөрү жеңип чыккан. Бул тегин жерден эмес. Аталган республика СССРден атайын багыттагы 15-бригаданы мурастап калган. Кезегинде ал СССР убагындагы афган жаңжалында бир топ курчуган. Кийин өзбекстандык атайын багыттагы бөлүк россиялык, америкалык, британиялык, түркиялык, немец, италиялык жана башка кесиптештери менен тажрыйба алмашкан. Өзбекстан менен Россиянын Атайын операциялар күчтөрү биргелешкен окууларды байма-бай өткөрүп келет. РФтин Коргоо министрлигинин курамына 17-десанттык-штурмдук бригадасы, ыкчам чара көрүү бригадасы, Чыгыш аскердик округунун атайын операциялар батальону кирет. Өзбекстандын да Мамлекеттик коопсуздук кызматынын атайын багыттагы бөлүгүнүн да потенциалы кыйла жогору.
Тажикстандын атайын багыттагы күчтөрүнүн негизин мобилдик күчтөрдүн 7-десанттык-штурмдук бригадасы түзөт. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамындагы "Альфа" да жана ИИМдин ичиндеги атайын багыттагы өзүнчө бригада да белгилүү. Мындан сырткары, Тажикстанда 201-россиялык аскердик база жайгашкан.
Кыргызстан менен Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн атайын операциялар күчтөрү да өз ара аракеттешип келишет. Тоолуу аймактарда болжолдуу душманды атайын чалгындоо, бөгөттөө жана жок кылуу боюнча машыгышат.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн Атайын операциялар күчтөрүн колдонуу чечими эң жогорку деңгээлде кабыл алынат. Афганистанда бир нече мамлекеттин атайын багыттагы бөлүктөрүн жана максаттарын интеграциялоого мүмкүн, бирок ишке ашырылышы коомчулуктун колдоосу менен да арсар.

Аткарылгыс вазийпа

"Атайын багыттагы күчтөрдүн достугунун" идеологу АКШ президентинин атайын өкүлү Залмай Халилзад өңдөнөт. Ал өткөн жумада Кабулдагы республикалык өкмөттү эл аралык колдоону мобилизациялоо максатында Ташкент, Доха (Катардын борбору), Душанбеге барган. Бул шаарлар капыстан тандалганы жок. Доха – талибдер менен сүйлөшүүдө негизги аянтча. Душанбе жана Ташкент – Афганистан менен чектешкен республикалардын баш калаалары.
АКШнын аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Өзбекстан АКШнын аскер базасы жайгашат деген маалымат боюнча үн катты
Анан калса талибдер бир топ жылдардан бери түндүктөгү чек арага жакын провинцияларды көзөмөлгө алууга умтулуп келет. АКШ жана НАТОнун күчтөрү чыгарылган соң бул зоналарды көзөмөлдөө касташкан тараптар үчүн кыйла орчундуу маселеге айланат. Тажикстан менен Өзбекстандын аймагына террордук активдүүлүктүн чагылышы да мүмкүн, "Талибандын"* жана "Ислам мамлекетинин"* катарында бул өлкөлөрдүн жарандары да аз эмес. Халилзаддын вазийпасы аткарылчудайбы?
Тажикстан Афганистан менен 1300 чакырымдан ашуун аралыкта чектешет, бул – КМШнын түштүк чек арасы. Эске салсак, совет мезгилинде тажик-афган чек арасын "жашыл фуражкачан" 25 миң жоокер кайтарган. СССР ыдырагандан тарта 2005-жылга дейре Тажикстан Республикасынын түштүк чек аралары Россиянын 19 миң кишиден турган Чек ара күчтөрүнүн ыкчам тобунун жоопкерчилигинде эле. Кийин алардын ордун 16 миң тажик чек арачы баскан. Маңызы жоокерлердин санында деле эмес. Чек аранын ар бир чакырымын заманбап стандарттарга ылайык жабдуу үчүн 1 млн доллардын тегерегиндеги каражат талап кылынат. Андай суммадагы акча жок, анткен менен чек араны кайтарууга күч менен каражат жетишерлик.
ЖККУнун тутумунда интеграцияланган Тажикстан Коргоо министрлигинин атайын бөлүктөрүн Афганистандын кай бир жеринде Кытай, Пакистан, Иран жана бөлөк өлкөлөрдүн бул багыттагы күчтөрү менен өз ара аракеттешип пайдалануу бүгүнкү күндө мүмкүн эместей туюлат. Маанилүү саясий чечимдер жана алдын ала ири даярдык талап кылынат.
Ташкенттин ЖККУнун чийини боюнча милдеттенмелерге байланышы жок, ошентсе да баары бир жакынкы коңшулары менен аскердик жана аскерий-техникалык кызматташтыкты жамааттык коопсуздук реалдуулуктарын эске алуу менен ийгиликтүү өнүктүрүүдө.
Коргоо жаатында Өзбекстандын саясаты өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн чет жердеги тынчтык орнотуучу операцияларына жана аскердик жаңжалдарга катышпоо принцибине негизделген. Ошону менен бирге эле Өзбекстан – Афганистандагы улуттук кызыкчылыктарды өнүктүрүү стратегиясын кабыл алган Борбор Азиядагы жападан жалгыз өлкө. Ташкент билдиргендей, Афганистан менен Өзбекстандын коопсуздугу – бир бүтүн. Өзбекстан президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлүнүн институту да түзүлгөн. Ал чөлкөмдөгү негизги оюнчулар, анын ичинде Россия, Кытай, Иран, АКШ менен өз ара аракеттешет.
Ташкентте быйыл жайда афгандык жөнгө салуу аракети боюнча эл аралык конференция өтөт. Анда Борбор Азия мамлекеттеринин жогорку даражадагы өкүлдөрү чөлкөмдөгү коопсуздук чараларын талкуулашат.
Өзбекстан "постамерикалык" Афганистандын транспорттук жана экономикалык потенциалын кызуу пайдаланууга ниеттенет. Ал үчүн Кабул менен да, талибдер менен да коопсуздук кепилдиктери жөнүндө сүйлөшүүгө даяр. Ташкентте алар афган коомунун бөлүгү деп каралып, юридикалык жактан террорчулар деп эсептелбейт.
Афганская национальная армия в Парване - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Афганистандын түндүгүндө талибдер активдешти. Кырдаал кандай өңүт алат?
Ар бир мамлекет өзүнүн улуттук чектөө жана өзгөчөлүктөрүнө ээ. Азыркы аскердик-саясий реалдуулукта Борбордук жана Түштүк Азиядагы чектеш өлкөлөрдүн өкмөттөрү Афганистандын аймагында жайнаган партизандык түзүмдө менен узакка салгылашууга караганда жеңүүчү (ким болбосун) менен тынч макулдашууга ыктайт.
Пакистан армиясынын башкы командачысы генерал Камар Жавед Бажва 11-майда афган жаңжалын аскердик жол менен чечүү планда жок экенин тастыктады. Кытай 12-майда Борбор Азия өлкөлөрүн Афган Ислам Республикасында тынчтык процессин жайылтууга көмөк көрсөтүүгө үндөдү.
Ошентсе да Кабулда Түштүк жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Атайын операциялар күчтөрүнүн алдыңкы тажрыйбасы жана терроризм менен күрөшүүчү чөлкөмдүк борборун түзүү демилгеси террордук экспансиянын, башкача айтканда, Афганистандын чегинен тыш да "Ислам мамлекетин" кеңейтүү коркунучунан улам жүзөгө ашырылып калышы ыктымал.
* – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар.
Жаңылыктар түрмөгү
0