Түндүк агым – 2 долбоорунун курулушу. Архив

"Долбоорго кийин кайтабыз...". Байденге Германия Путин менен кезигерде керек

134
(жаңыланган 11:40 21.05.2021)
Путин менен Байдендин саммити жакындаган сайын Вашингтон мурдагы аракеттерин токтотуп, сүйлөшүү позицияларын бекемдөө далалатында.

АКШнын жаңы администрациясы Россия менен болгон алгачкы эле байланышы, атап айтсак, мурдагы күнү Рейкьявиктеги РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров менен мамкатчы Энтони Блинкендин жолугушуусунун алдында америкалыктардын "Түндүк агым – 2" долбоорунун немец катышуучуларына каршы жаңы санкциялардан баш тартары боюнча маалымат тарап кетти. Саммитти утурлай түзүлгөн мындай кырдаалга РИА Новости баам салган.

Бул капыстан дал келүү өңдөнөт. Мамлекеттик департамент конгресске доклад менен чыкмак. Анда газ түтүгүн куруу жана пайдаланууга тиешеси бар ишканалардын баарын, анын ичинде "Түндүк агым – 2" долбоорунун оператору болгон германиялык Nord Stream 2 AG компаниясын да кошо жазалоо керектиги тууралуу былтыркы декабрь айындагы чечимдин аткарылышы боюнча отчет берилмек. Анан эле санкция салынбай турганы айтылды. Бул тууралуу бейрасмий маалыматтар да АКШдагы Байдендин каршылаштарын катуу кыжырдантты.

"Орустардын тобу биздин газ түтүктөрүбүздү өчүрүп коё алат, ал эми биз алардын ушул багыттагы курулуштарына тоскоол боло албайбыз", — деп жазды National Review. Басылма жакындагы эле Colonial Pipeline америкалык түтүгүнө жасалган хакердик чабуулдан кеп козгоп турат. Дароо эле "орус изин" ойлоп табышкан.

Ал эми сенатор Тед Круз: "Калыстык менен айтсак, Байдендин командасы доорубуздагы эң россиячыл администрацияга айланып барат", – деди. "Укмуш. АКШнын мыйзамдарына карабай Байден Путинге газ түтүгүн курууга кызуу кол кабыш кылууда", – деп кыйытты. Албетте, мында "орустар" ички америкалык саясий күрөш инструменти катары гана зарыл эмеспи. Бул кадам менен Байден Путинге жакшылык кылып жатпаганы, тек гана Берлин менен мамилесин начарлатып албоодон сактанганын баары, анын ичинде республикачылар да жакшы түшүнөт.

Америкалыктар эбактан бери эле "Түндүк агым – 2" долбоорун үзгүлтүккө учуратуу үчүн мүмкүн болгон жолдун баарын издеп келет. Бирок алар курулушту гана создуктуруп, бирок аны пайдалануудан немецтерди баш тартууга мажбурлай алган жок. Жаңы санкциялар деле Берлиндин позициясын өзгөртө алмак эмес, тескерисинче, алар америкалык басымга жана Вашингтондун талаптарына баш ийүүгө катуу жооп берүү керек деген ойду бекемдемек. Ал эми Германия шайлоого камынып турган кезде америкалык санкциялар америкалыктардын сүймөнчүктөрү – ошол эле "жашылдардын" дарегине залал келтирмек.

"Жашылдар" немец ишканаларына каршы америкалык санкцияларды колдой алышмак эмес. "Түндүк агым – 2" долбооруна канчалык терс көз карашта болсо да, америкалыктардын бул кадамын колдоо өз улутуна жана европалыктарга каршы көрүнүп калмак. Жаңы санкциялардан улам алар америкалык кийлигишүүнү кескин сынга алууга аргасыз болушмак. Өлкөдөгү шайлоо алдындагы кырдаалда калктын үчтөн экиси Россия менен дурус мамилени жактап турганда Кошмо Штаттар алардын колдоосунан ажырап калса уттуруп коёт. Байден дал ушул себептен мындай кыйчалыш маалда Германия менен алакасын курчутуп алгысы жок. Тескерисинче, июнь айына белгиленген Европага сапарында ал баарына – америкалыктарга да, европалыктарга да, Россияга да атлантикалык шериктештик калыптанганын, Америка менен Европа кайрадан бирге экенин көрсөтүүнү көздөйт. Анын ичинде глобалдык маселелерде да, Украина өңдүү маанилүү темаларда да Москвага чогуу каршы турууда деген тейде жар салгысы келет.

"Түндүк агым – 2" долбооруна каршы жаңы санкциялардан баш тартуу – Кошмо Штаттардын кызыкчылыгынан алып караганда кыйла туура аракет. АКШ ансыз деле аталган долбоорду токтотууга көп күч жумшап келбедиби.

Байдендин кетирилген катачылыктарды оңдоп, ЕБ менен мамилени түзөтүү аракети, албетте, Европанын өз жолу менен кетүүгө укугун таануу үчүн жасалып жаткан жери жок. Россияны эле тургай Кытайды да ооздуктоо саясатынын жаңы форматына кошуп алуу үчүн Америка болгон күчтөрүн кайра топтоштуруп, европалыктарды жооткотуп, аларды түшүнүү жана сый көрсөтүүгө умтулууда. Немец ТИМ башчысы Хайко Маас да "америкалыктардын жаңы санкциялардан баш тартышы Германия АКШ үчүн маанилүү өнөктөш экенин айгинелеп турарын" билдирди.

Батыш каатчылыкта, бирок атлантисттердин германиялык элитага таасир этүүнүн мүмкүнчүлүктөрү дале эбегейсиз. Ошондуктан "Түндүк агым – 2" жаатындагы оюндар күзүндө Германияда жаңы коалиция түзүлгөндө кайра уланары бышык. Ал убакка дейре курулушу аяктап калган газ түтүгүнө немец саясатчыларын – "жашылдарды" пайдалануу менен бөгөт болуу маңызсыз.

Анткен менен бул немец тарыхындагы жаңы барак болмокчу. Анда германиялыктарга "Түндүк агым -2" долбоорун же Россия менен болгон алакасын да эмес, өзүнүн, дегеле жалпы европалык суверенитетти коргоого туура келет.

134
Белгилер:
Владимир Путин, Жо Байден, Европа, Россия, АКШ, Германия, Түндүк агым - 2
Тема боюнча
Арктикадагы запас: Россия АКШны Европадан сүрүп чыгарууга даярданып жатат
Миллиарддаган доллардан кол жууп... "Түндүк агым — 2" октябрга чейин бүтөбү
Советтик артиллеристтер Берлинди штурмалоого даярданып жатышат. Архив

"Дат баскан" тарых. Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу уламыштар

125
(жаңыланган 17:18 22.06.2021)
Экинчи дүйнөлүк согушта далай даңазалуу салгылаштар, аскердик аракеттер театрлары жана планетанын булуң-бурчунда атагы чыккан бир топ кол башчылар болгонуна карабастан, Кызыл армия гитлердик Германиянын куралдуу күчтөрүнүн мизин татыктуу кайтара алган.

Союздаштарды жалпы алганда да Советтер Союзунун күчтөрү үч эсе көп эрдик көрсөтүп, германиялык нацизм жана япониялык милитаризмди жеңүүгө негизги салымды кошкон.

1945-жылдагы жеңиш — көп улуттуу жана бирдиктүү совет элинин улуу эрдиги. Батыш аны бурмалап же постсоветтик мейкиндикте "улуттук батирлерге" бөлө албайт. Улуу Ата Мекендик согуштун башталганынын (1941-жылдын 22-июнунда) 80 жылдыгына карата аскерий баяндамачы Александр Хроленко бир топ өлкөлөрдүн бул калабанын нагыз тарыхын бурмалап, өз кызыкчылыгына жараша жазып алуу аракеттерине баам салган.

Иш жүзүндө экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1-сентябрынан 1945-жылдын 2-сентябрына дейре уланган. Ага 57 өлкөдөн 1,7 миллиарддан ашуун киши катышкан. Анткен менен 1941-жылдын 22-июну – фашисттик Германиянын СССРге кол салган күнү постсоветтик мейкиндикте жыл сайын эскерилет.

Экинчи дүйнөлүк согуш жалпы 55 млн. адамдын өмүрүн алып кеткен. Советтер Союзу 27 миллион чакты (так сандар тарыхчылар тарабынан такталган эмес) кишиден айрылган, алардын көпчүлүгү жай тургундар эле. Кызыл армиянын кайтарылгыс жоготуусу (РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматы боюнча) дээрлик 12 миллионду түзгөн, анын ичинде 6 миллион 885 миң шейит, 4 миллион 559 миң жоокер дайынсыз жана туткунда калган. Ушундай эбегейсиз жана союздаштардыкына салыштырылгыс жоготуулар совет эли гитлердик экспансияга чечкиндүүлүк менен каршы турганын айгинелейт.

Ростов шаарынын батыш жагын коргоодо жоокер У.Омаров буктурмадан пулемет менен душманды аткылап жаткан учуру. 1941-жыл.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
"Чыгыш фронту" Экинчи дүйнөлүк согуштун башкы аренасы эле. Америкалык-британиялык күчтөрдүн Нормандияга түшүрүлүшү же Арденн операциясы эмес, Москва, Сталинград үчүн салгылашуу жана Курск кармашы тагдыр чечерлик болгон. Германиялык тарыхчылардын эсебинде, Экинчи дүйнөлүк согушта 5,2 миллион немец солдаты жана 1,2 миллион жай тургун набыт болгон.

Аскер кызматкерлери жана жай жарандарды жоготуунун мындай тетири пропорциясы Кызыл армия Германия жана Япониянын жай тургундарын системалуу түрдө кулга айландыруу жана жок кылуу (Чыгыш Европада немецтердин жана Кытайда япондордун жоруктарындай) менен алектенбестен, Европаны фашизмден куткарганы менен түшүндүрүлөт.

АКШ жана Япониянын Тынч океандагы аскердик аракеттер театрындагы жоготуулары салыштырылгыс. Ошол апаатта АКШ 248 миңдин тегерегиндеги жоокеринен ажыраган, бул 2020-2021-жылдардагы коронавирус пандемиясынан көз жумган америкалыктардын жалпы санынан эки эсе аз.

Япондор бир нече жыл аралыгында 467 миң киши жоготкон, ал эми СССР Польшаны куткарууда эле 477 миң аскеринен айрылган. Таң калычтуусу, 75 жылдан кийин япондордо Экинчи дүйнөлүк согуштун "өз" тарыхы пайда болду. Анда алар өздөрүн агрессор эмес, шарттардын жана касташкан коңшулуктун "курмандыгы" катары сүрөттөлөт.

Мектептеги окуу китептеринен Халкин-Голдогу салгылаш, Квантун армиясына каршы үч советтик фронттун Манжурия чабуулдук операциясы тууралуу фактылар алып салынган. Ачыгы, Монголиянын окуу китептеринде да бул тарыхый маалымат мурдагыдай камтылбай калды.

КМШдагы "дат баскан" тарых

Мурдагы айрым советтик республикалар да, тилекке каршы, ашынган улутчулдук жана "өз" тарыхын кайра жазуу жолуна түшүштү. Согуштун чыныгы баатырларынын ысымдары өчүп, алардын ордуна баскынчыларга кызмат өтөгөн, өз элинин канын төккөн, беларусь, украин, польшалык айыл-кыштактарга өрт койгон коллаборационисттер, бандерчилер, "токой бурадарлары" (токой партизандары) оң каарман болуп чыга келишти.

Литвада неонацисттик маанидеги салтанаттуу иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп, Холокосттун катышуучусу Йонас Мисюнастын элесине багышталган "Жашыл Азезилдин чыйыры менен" жүрүшүндө 2000ге дейре киши катышып жүрөт.

Эстонияда Кызыл армия тарабынан 1944-жылдын июль айында жок кылынган эстон эсэсчилери, тагыраагы, айтылуу Waffen SS 20-гренадердук дивизиясынын (гитлердик Германия тараптагы согуштук аракеттерге катышкан) легионерлери эскерилет.

Латвияда каратып туруп эле ошол уюмдун 15 жана 19-дивизиялары "латыш эли жана мамлекетинин сыймыгы" деп аталып, Waffen SS латвиялык дивизияларынын жоокерлеринин урматына Риганын дал ортосунда жүрүш өтөт. ССти кылмыштуу уюм деп жарыялаган Нюрнбергдеги Эл аралык аскердик трибуналдын чечимине карабастан мындай эскерүү аземи аталган республиканын коомдук-саясий турмушунун бир бөлүгүнө айланып калды.

Неонацисттик маанайга Украина да кабылып барат. Жогорку рада украиналык улутчул кыймылдын лидери Степан Бандеранын туулган күнүн майрам деп чечим чыгарган. Ал эми Украина коргоочулар күнү катары Украин көтөрүшчүлөр армиясы түптөлгөн 14-октябрь белгиленет. "Декоммунизация" урааны менен СССРдин баатырдык жана совет элинин жалпы тарыхына каршы күрөш уюштурулган. Ушундай жол менен Киевде фашизмден куткаруучуларды басып алуучулардын көмөкчүлөрүнө, өз калкын кыргандарга теңеп койду.

Жакында эле Украина президенти Владимир Зеленский польшалык Освенцимдеги концлагерди 100-Львов дивизиясы, башкача айтканда украиналыктар куткарганын, дегеле Европаны фашизмден "украиналык фронттор" бошотконун жарыялоо менен "тарыхый ачылыш" жасады. Освенцимге төмөндө дагы кайрылабыз.

Андан мурда украиналык премьер-министр Арсений Яценюк (немец ARD телеканалына курган маегинде) РФ Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын "кайра жазууга тырышууда" деп билдирген. Анан да: "Украинадагы россиялык агрессия – бул дүйнөлүк жана Европадагы түзүмгө жасалган чабуул. СССРдин Германия жана Украинага басып киргени баарыбыздын эсибизде. Биз андайга жол бербөөгө тийишпиз", — деген эле.

Тилекке каршы Беларусь Республикасында да Улуу Ата Мекендик согуш "биздики" эмес деген тариздеги ойлор кээде жаңырып калат. Болбосо дал ушул өлкө СССРдин курамында эң баатыр жана партизандык республика болгон.

Ошол кездеги бирдиктүү элдин элесин коргоп РФ коргоо министри Сергей Шойгу КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештерин мурдагы СССР калкынын орток аскердик тарыхын кайра жазууга, Улуу Ата Мекендик согуштагы окуяларды бурмалоого, жеңип чыккандарды утулган тарап кылып көрсөтүүгө тырышкандарга каршы турууга үндөгөн.

Батыш вектору

Берлинде Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер өткөн аптада 80 жыл мурун Германиянын СССРге кол салышы жөнүндө сөз сүйлөдү. Ал Германияны Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Европанын чыгышындагы кылмыштарды эстен чыгарбоого чакырды.

"Кылмыштуу агрессивдүү согуш вермахт формасында болгон. Вермахттын жоокерлери да ырайымсыздыктарга катышкан" - деди. Ошону менен бирге эле "немецтик варчарчылыкты" чагылдырган жерлерди санады. "Минскиге жакын 1942-жылдан 1944-жылга чейин кеминде эле 60 миң киши өлтүрүлгөн Кичи Тростенецти жана Москванын четиндеги тынымсыз жүргөн салгылашта миллиондон ашуун киши көз жуумп жана жарадар болгон (Кызыл армиянын эсебинде) Ржев шаарын Германияда билген барбы (кимдер билет)?" — деп суроо салды.

Мындай позиция сыйга татырлык. Болбосо, Батышта бөлөкчө маанидеги тарыхый маалыматтар көп таркалып келет эмеспи. Маселен, январь айында Der Spiegel немец журналы "Аушвиц-Биркенау" (Освенцим) концлагери америкалыктар тарабынан куткарылганы тууралуу чындыкка коошпогон маалыматты жарыялаган. Сын-пикирлер жаап киргенде басылма "ката" кеткенин билдирип, макаланы кайра оңдоп баскан. Себеби 1945-жылы 27-январда аталган концлагерди Кызыл армия бошоткон эмес беле.

Ушундай "каталар" улам кайталанарын белгилөөгө болот. Польшанын тышкы иштер министри Гжегож Схетына радио обосунан Освенцим ири нацисттик концлагерин украиналыктар тарабынан куткарылганын жар салган. Тарыхчылардын эл аралык конференцияларынын биринде Кошмо штаттардын атынан катышкан профессор айым Экинчи дүйнөлүк согуштун финалынын америкалык версиясын айтып чыккан. Анын пикиринде Берлинди генерал Дуайт Эйзенхауэр алмак экен, бирок "Сталин менен урушуудан качып" андай кадамга барбаптыр. Зал дуу күлүп жибергенде: "Ошол окуялардын тарыхын мен билем. Бирок биздин тарых китептерибизде дал ушундай жазылган", — деп жооп кайтарган.

Германиялык нацизм жана япониялык милитаризмди жеңүүдө СССРдин жана Кызыл армиянын алдыңкы ролун кичирейтип көрсөтүү үчүн Батышта Экинчи дүйнөлүк согуш жөнүндө уламыштар, жаңыча талкуу жана карандай калптар ойдон чыгарылып турат. Советтер Союзун Германия менен бир катарга коюуга да аракет жасалат, бирок көрсөткүчтөр жана фактылар бурмалангыс эмеспи.

Гитлердин 1940-жылдын декабрындагы № 21 директивасы менен бекитилген

Германиянын СССРге кол салуу планы согуш аяктаары менен коомчулукка ачыкталган. Анын аныктыгы эч кимде шек жаратпайт. Гитлердин жүзү каралык кол салуусу кандайдыр "СССРдин даярдалып жаткан агрессиясын алдын алуучу сокку" экени эч бир тарыхый документ менен тастыкталган эмес.

1941-жылы Гитлер өзү деле пландары жана ниеттерин: "Бүтүндөй мамлекеттин таш-талканын чыгаруу", "кыйратууга багытталган согуш", — деп болушунча ачык эле билдиргенден жазганган эмес. Ал Советтер Союзун "табигый душман" катары көрүп, аны талкалап, эбегейсиз экономикалык ресурстарын басып алып, калкын кулга айлантууну көздөгөн. Германия жана анын союздук күчтөрүнөн 3,5 млн солдат 1941-жылдын июнунда 2900 чакырымга созулган фронттон чабуул койгон. Чыгышка немец армиясынын 80 пайызы, анын ичинде 3400 танк жана 2700 учак топтолгон. Анткен менен "чыгыш кампаниясы" Экинчи дүйнөлүк согуштун тыянагы Германия үчүн күтүүсүз болорун аныктап койгон. Немец жоокерлери жана офицерлеринин көпчүлүгү 1941-жылы эле Советтер Союзу менен согушта утуларын аңдашкан. Анан СССРдин союздаштарынын "чечүүчү жардамы" буга эч кандай тиешеси жок.

Согуштун баштан-аяк жүрүшүндө Германия жана анын союздаштарынын негизги күчтөрү "Чыгыш фронтко" топтолгон. Финляндия, Венгрия, Румыния, Италия, Словакия жана Испаниядан 190дон 286га чейинки согушка жарамдуу фашисттик дивизия советтик күчтөргө каршы салгылашкан. Салыштырсак, Түндүк Африкада англиялык-америкалык күчтөргө 9дан 20га дейре дивизия, Италияда 7ден 26га чейин, Батыш Европада (союздаш күчтөрдү Нормандияга түшүрүү башталганда) 56-75 дивизия каршылык көрсөткөн.

Ошондой тоскоолдуктарга карабай Кызыл армия жалпы 113 миллиондон ашуун калк жашаган Румыния, Польша, Болгария, Югославия, Чехословакия, Венгрия, Австрия, Германияны толук жана жарым-жартылай куткарган.

СССРдеги Чехословакиянын Биринчи Армия Корпусунун Прагага кириши. 9-май, 1945-жыл
© Фото / из архива Государственного исторического музея
Батыштагы дагы бир миф – "АКШ жана Улуу Британиянын курал жана техника жагынан жардамы болбосо СССР Германияны жеңе алмак эмес" деген пикир. Бирок согуштун жыйынтыгында Кызыл армия ар бир онунчу гана танкты сырттан алганы маалым болгон. Тагыраагы, Кошмо Штаттардан 7000 чакты, ал эми Улуу Британиядан 5100 танк берилген. Болгондо да 1941-жылдын эң оор айларында союздаштары Советтер Союзуна 4500 танк берүүнү убадалап, бирок 466 гана машина жөнөтүшкөн.

Ошондой эле "Аэрокобра" истребителдеринен СССР Англиядан 1941-жылы болгону 11 даана гана алган. Салыштыра турган болсок, 1941-жылдын 22-июнунан 31-декабрына дейре Кызыл армия советтик өндүрүштөгү 5400 танк жана 8200 аскердик учак менен камсыздалган. Ушундай мисалдар башка позициялар боюнча да келтире берсе толтура.

1941-жылы АКШ ленд-лиз жөнүндө мыйзамды өзүнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо чарасы катары кабыл алганын да эстен чыгарбоо абзел. Америкалыктар менен англичандар Советтер Союзунан тышкары, программанын бардык катышуучуларынын карыздарын кечкен. Ал эми СССР жана РФ ленд-лиз боюнча жылдык 2,3 пайыз менен 1,3 млрд. долларды согуштан кийин да ондогон жылдар бою төлөп келген. Насыя толугу менен 2006-жылы гана төгүлүп бүткөн.

Албетте, тарыхты эске тутуунун маңызы "башкалардын айыбын" жана насыясын азыркы жана болочок муундун мойнуна жүктөөдө эмес, тарыхтагы ошол тактар учурга да, келечекке да залалын тийгизгенинде.

Штайнмайердин сөзүнө кайра бир кайрылып: "Өткөндүн изин учурда окуй билүүнү өздөштүргөндөр гана согуштан буйтап, баскынчылыкка жол берилбес жана тынч жашоону камсыздаган келечекке салым кошо алат" дегенин көңүлгө түйсөк...

125
Белгилер:
Кызыл армия, миф, учак, СССР, жоокер, Экинчи дүйнөлүк согуш, Улуу Ата Мекендик согуш
Тема боюнча
Улуу Ата Мекендик согуштун башталганына 80 жыл. Канттагы аскердик базада эскеришти
Талибан кыймылынын мушкерлери. Архивдик сүрөт

АКШ Кабулду Түркияга табыштады... Талибдер кандай кабылдайт?