Россия дүйнөнү НАТОнун 8000 канаттуу ракетасынан куткара алат

© AFP / SCOTT HOWEАКШнын канаттуу ракетасын сыноо учурунда. Архив
АКШнын канаттуу ракетасын сыноо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Жазылуу
Түндүк атлантикалык альянска кирген өлкөлөр тарабынан топтолгон алыс аралыкка багытталган миңдеген канаттуу ракеталардын коргоо жана коопсуздукка дегеле тиешеси жок. Сокку уруучу бул комплекстер башынан эле агрессия үчүн жасалган.
Башта НАТОнун ракеталары Ирак, Югославия, Ливия, Сириядагы "кризисти жөнгө салып" жана "демократиянын үрөнүн сээп" жүрүшкөн. Бүгүнкү күндө Вашингтон жана Брюсселдин оюнда "көңүлдөн түшкөн өлкө" деп табылган Евразиянын көз карандысыз мамлекеттеринин аймагындагы агрессивдүү согуштук операцияларды дагы улантуудан альянсты Россиянын ракетага каршы кубаттуу куралы гана токтотуп келет.
Россиялык "Алмаз-Антей" коргоо өнөр жай концернинин башкы директору Ян Новиков НАТО өлкөлөрү 8000 жаңы канаттуу ракеталарды "чогултуп койгонун", бул аба-космостук кол салуунун негизги куралы экенин билдирет. Жер орбитасындагы АКШнын X-37 купуя космопланы бортунда өзөктүк курал ташышы ыктымал. "Расмий түрдө бул аппараттар ар кандай илимий максатта жана чалгын үчүн жасалганы айтылды. Бирок мындай сыйымдуу жана мүмкүнчүлүктөргө ээ аппараттардын чаканы үч, чоңдору алтыга чейинки өзөктүк курал ташый аларын билебиз" - дейт ал.
АКШнын Navy SEAL атайы кызматынын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
"Түпкүрдөгү армия": АКШ дүйнөнүн булуң-бурчуна кимдерди жөнөткөн?
Кошмо Штаттар 2025-жылга дейре орбитага дагы эки космостук аппаратты чыгарууга ниеткер, ошондо X-37 тобу сегизге жетет, бул олуттуу чакырык. Анткен менен Ян Новиков Россия аба-космостук кол салуунун бардык заманбап каражаттарына туруштук бере аларын белгиледи.
"Алмаз-Антей" концерни көп функциялуу мобилдик радиолокациялык комплекстердин 30дан ашуун түрүн чыгарат. "Небо-М" радиолокациялык станциясы анча байкалбас аскердик учактардын акыркы үлгүлөрүн, анын ичинде америкалык F-22 Raptor жана F-35 Lightning II истребителдерин сопсонун көрөт.
Жогорку технологиялык топтомду абадан коргонуучу зениттик ракеталык тутумдар, атап айтканда, дүйнөдө теңдеши жок ПРО С-400 "Триумф" жана С-500 "Прометей" улап отурат. Мындай куралдардын өнүгүшү – РФтин стратегиялык артыкчылыгы.
Жаңы чакырык жана коркунучтар ыкчам жана майнаптуу чара көрүүнү талап кылат. Аскердик курулуш жана куралдарды өнүктүрүү маселелери боюнча Россияда Коргоо министрлиги жана коргоо өнөр жай комплекстеринин кезектеги жыйындары РФ президенти Владимир Путиндин катышуусунда кечээ, 25-майда, башталды.

Космостук коркунуч

АКШнын Москва шаарындагы элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
"Америкалыктар орустарды жакшы билет". Москва Мамдепартамент үчүн эмне даярдады

Ыраак аралыкка багытталган канаттуу ракеталар жалпыга маалымдоо каражаттарында эбак изилденген. АКШнын US Space Force X-37 космопланы алгач ирет 2010-жылы Жердин атмосферасынын чегинде 220 сутка учкан, бирок аны дале болжоп болбос. Мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат салыштырмалуу азыраак. Программаны 2004-жылы эле купуя деп белгилешкен. Анткен менен жакынкы аралыкка чейин адистер космоплан согуштук коркунучпу же NASA жана DARPA агенттигинин илимий экспериментиби деп жоромолдоп келишкен. Ар бир учурулушу менен бул көп жолу пайдаланылчу учкучсуз аппараттардын орбитада жүрүү узактыгы жогорулап отурган. Мисалга, X-37нин төртүнчү учушу 718, ал эми бешинчиси 780 суткага созулган.

Расмий маалыматтарга караганда, X-37 программасы – тигил же бул пайдалуу жүгү бар учкучсуз космостук көп ирет пайдаланылчу кемелер жаатындагы технологиялардын сынамык машыгуусу. Аппараттын узундугу – 9 м, кулачы – 4,5 м, старттык салмагы – 5 тонна. Ошондой эле бортуна (ортоңку бөлүгү бир нече куб метрлик көлөмдө) бир тоннанын тегерегиндеги пайдалуу жүк сала алат. Көрүнүшү боюнча космоплан америкалык Space Shuttle же советтик "Буран" көп колдонулчу кемесин эске салат.
Америкалык космопландар Atlas V 501 жана Falcon 9 ракета ташуучулары аркылуу учурулган. 200дөн 750 чакырымга чейинки бийиктикте жердин тегерегиндеги орбиталарда аппараттар чалгындап, машыгып, пайдалуу жүктү жеткиришкен.
Military Watch басылмасы 23-майда аппараттын адистешүүсүнүн сырын ачып салды, көрсө "X-37 космостон өзөктүк сокку ура алат" экен. Мындай мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу эл аралык келишимдер менен тыюу салынган, бирок басылманын авторлору макаласынын аталышында эле "Россия X-37нин өзөктүк соккусун токтото алабы?" деп суроо салышкан. Америкалыктар мындай аппараттар АКШга болочоктогу потенциалдуу согушта чечүүчү артыкчылык бериши мүмкүн деп эсептешет.
Иш жүзүндө Х-37 – космосту аскерлештирүү программасынын бир бөлүгү, анан да 2019-жылы АКШ Куралдуу күчтөрүнүн алтынчы түрү – Космостук күчтөрү тегин жерден расмий пайда болгон эмес. Россия космостон келчү коркунучка эстүүлүк менен чара көрүүгө аргасыз.

Асимметриялык жооп

Россиянын аскердик кемелери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
"10 кеме жетет". Түндүк флоту жаңы сокку уруучу комплексти өздөштүрүүдө

Учкучсуз космостук истребителдерди куруу технологиялык жактан мүмкүн болсо да, экономикалык өңүттөн алганда Россия үчүн маңызсыз, анткени буга окшош аппараттары да жок эмес. Андан көрө ракетага каршы заманбап жана жердеги спутникке каршы коргонуу тутумун түзүү майнаптуу жана арзан түшөт. Кокус зарылдыгы чыгып калса, ыраактан аракет этүүчү россиялык гиперүндүү ракетага каршы жана абадан коргонуу тутуму душмандын космостук учактарын жана спутниктерин орбитадан "чыгарып кое алат". С-500дүн мүнөздөмөлөрү С-400дөн алда канча алдыда. Саатына 25 миң чакырым ылдамдыкта учуп бараткан буталарын 600 чакырымдык радиустан жок кылат.

"Прометей" тутуму техниканын кеңири түрү, анын ичинде 200 чакырымдык бийиктикте аба-космостук кол салуучу каражаттар менен күрөшүү үчүн чыгарылган. Эске салсак, С-400 "Триумф" ЗРС АКШ Аскердик-аба күчтөрүнүн бешинчи муундагы F-22 жана F-35 истребителдеринин аскердик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан. Ал 5 метрден 60 метрге дейре бийиктикте иштеп, буталарын 400 чакырымдык радиустан жок кыла алат. Россиялык оор истребитель-колго түшүрүүчүлөрдүн кийинки мууну – МиГ-41. Бул эң оболу жакынкы космостогу согуштук аракеттер үчүн иштелип чыгат.
"МиГ" корпорациясынын башкы директору Илья Тарасенконун айтымында, жаңы аппарат технологиялык жактан жапжаңы учак 4-5 Мах, башкача айтканда, саатына 6000 чакырымдан ашуун ылдамдыкта учуп, милдетин космосто аткарат. Учкуч менен тескелүүчү аппарат кийин учкучсуз версиясын өндүрүүгө өтүү планы менен иштелип чыгууда.
Ямал СПГ газ казуучу заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Арктикадагы запас: Россия АКШны Европадан сүрүп чыгарууга даярданып жатат
Бүгүнкү күндө РФтин Аба-космостук күчтөрү болжолдуу душмандын космостук учак жана спутниктерин жок кылуу үчүн заманбапташтырылган МиГ-31ди пайдаланууда. Бешинчи муундагы аскердик учактардын пайда болгонуна карабастан, дүйнөдө алар абадагы кубаттуулугунан тая элек. Төртүнчү муундагы МиГ-31 истребители 9 тоннадан ашуун салмактагы арсенал ташып, 2,83 Махка чейинки ылдамдыкта каардуу ракеталык куралды пайдалана алат.
Military Watch басылмасынын маалыматына таянсак, МиГ-31 жакынкы космосто да өз куралын колдонууга жөндөмдүү. Россиялык абадан коргонуу жана ракетага каршы тутумдар жана истребителдик авиациясынын мындай абалынан улам америкалык X-37 учкучсуз аскердик артыкчылыгын болжоп да болбойт. Анткени Жер орбитасында алар дайым бутада. АКШ жана НАТОнун канаттуу ракеталары да ушундай жагдайда, алардын саны сапаттуу деңгээлге чыга албайт. Россия жогорку технологиялык курал тутумдарын иштеп чыгуу жана өндүрүүдө лидерликти эч кимге бербей, бул артыкчылыгы менен планетада тынчтыкты бекемдеп келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0