Су-57 истребители. Архив

Бешинчи муундагы Су-57 америкалык учактарды рыноктон сүрүп чыгарат

203
Бешинчи муундагы россиялык Су-57 истребители чет элдик атаандаштарынан алда канча озуп чыккан, анткен менен үзгүлтүксүз жакшыртылып, мурдагыдан ыкчам, акылдуу жана күчтүү болуп барат.

Россиянын Аба-космостук күчтөрү функциялары арбын Су-57ге ээ болгонуна көп убакыт боло элек. Тагыраак, аталган күч бөлүгү 2020-жылдын декабрында муну менен куралданган. Бешинчи муундагы алгачкы сериялык истребитель быйыл жыл башында Түштүк аскердик округуна берилген. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко Су-57нин жаңы артыкчылыктарына кеңири токтолгон.

Заманбапташтыруу аракети башталып, анын натыйжасында машина экинчи этаптагы кынтыксыз кыймылдаткычтарды, жасалма интеллект жана автоматташтырылган мүмкүнчүлүктөрдү, жетегиндеги "Охотник" оор учкучсуздарын башкаруу звеносун, гиперүндүү ракеталар жана багытталган кубаттуу революциялык куралы – ЭМИ-замбирегин алат.

Бешинчи муундагы аталган истребитель аба, жер жана суу бетиндеги буталардын бардык түрүн кыйратууга багытталган. Учуштун үндөн бийик крейсердик ылдамдыгына, ички фюзеляждык куралдары, радиотолкундарды сиңирүүчү катмары, борттук жабдуунун жапжаңы комплексине ээ. Жогорку маневрдүүлүгү жана аскердик мүнөздөмөлөрү менен айырмаланат.

Россиянын Аба-космостук күчтөрүнө 2024-жылдын аягына дейре Су-57 истребителинен 22 бирдик берилип, ал эми 2028-жылга чейин алардын саны күч бөлүктөрүндө 76га жеткирилет. Ошондон соң Су-57Э (экспорттук версиясы) Россиянын чет өлкөлүк союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү камсыз болот. Батыш эксперттери россиялык Су-57ге болгон виртуалдык кезекте ондон ашуун өлкөнү санап чыгышкан, анын ичинде Казакстан да бар.

"Көзгө чалдыкпас" F-35 америкалык долбоорунун кайра-кайра кырсыкка кабылышынан, АКШнын Аскердик-аба күчтөрүнүн келерки жылы бул машинаны сатып алуудан жакында эле баш тартышынан улам дүйнөлүк курал рыногунда бешинчи муундагы россиялык Су-57 истребителинин келечеги кең. Адистердин пикиринде, аскердик технологиялар тынымсыз жарышып турган маалда жаңыртылган Су-57нин параметрлери жана мүнөздөмөлөрү НАТО өлкөлөрү үчүн таптакыр кол жеткис деңгээлге чыгат.

Аскердик эффективдүүлүк жана өндүрүш өсүшү

Он жылдарга эсептелген ири истребителдик программаны дайым учактын жана аны өндүрүүнүн ыкмаларынын улам жакшыртылып келгени айырмалап турат. Жакында эле РФ өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров быйыл бекитилген графикке ылайык Су-57 курулушунун ыргагы өсөрүн айткан. Учактарда "Сатурн 30" жаңы кыймылдаткычтары (истребителдер дүйнөсүндөгү эң күчтүү) орнотулушу күтүлүүдө. РФ күчтөрү алар менен 2022-жылы куралдана башташат. Биринчи этаптагы кыймылдаткычтар (АЛ-41Ф1) бештен кем эмес машиналуу болушат. Су-57 истребителинин өндүрүшү дагы бир ирет 2024-жылы тездетилет. Курал жана авиониканын жаңы тутумдары менен катар фундаменталдык өзгөрүүлөр Су-57 планеринин конструкциясында байкалат. Сериялык машиналардын кыйла заманбап методдору истребителдин байкалбас артыкчылыгын арттырган.

Ошол эле учурда Денис Мантуров россиялык аскердик учкучсуз системаларга да токтолгон, алар дүйнөлүк деңгээлге төп келип, улам өнүгүп келет. Оор учкучсуздар менен биргеликте Су-57 аскердик башкаруу аба борборуна айланат.

Ушул айдын алгачкы күнү россиялык авиа куруу тармагындагы булак "Азыр Су-57 кабинасынан бир нече сокку уруучу учкучсуздарды башкаруу мүмкүнчүлүгү иштелип чыгууда... Истребитель өзү менен эки-төрт "Охотникти" алып жүрөт.

Су-57 истребителинин жана "Охотник" учкучсуз аппаратынын жасалма интеллекти операциялар колдонулганга чейин объективдүү талдоого жатпайт. Ошентсе да кыйыр белгилери, ал туурасындагы макалалар жана тарап кеткен маалыматтарга таянсак, россиялык адистер канчалык алдыга жылганын байкоого болот. Су-57нин жасалма интеллекти аскердик башкаруу тутумуна интеграцияланган. Учкуч тескеген истребитель да коюлган милдеттеринин 90 пайызын адамдын катышуусусуз алдын ала даярдалган программа боюнча аткара алат.

Эгер согушта учкуч жабыркап же өлтүрүлсө, Су-57 истребителинин "электрондук мээси" буталарын ийгиликтүү жок кылууга, автоматтык режимде базага кайтышына мүмкүндүк берет. Жетектөөчү Су-57 жана анын жетегиндеги "Охотник" интеллектуалдык теңдештикте болушу мүмкүн, себеби алар бир жерде – "Сухой" конструктордук бюросунда иштелип чыккан.

Жасалма интеллекти орнотулган "Охотник" учкучсузу полигондо буталарды кармоо жана ракеталык курал менен жок кылуу алгоритмдерин автономдуу өздөштүрүп жатканына бир топ ай болуп калды. Кийин борбордук түйүн алкагында Су-57 истребители менен өз ара аракеттешмекчи. Бирге пайдаланылганда 20 тонналык "Охотник" стелс-учкучсуздары учкуч айдаган жетектөөчү Су-57 менен байланышта аба жана жердеги буталарын жок кылып, тапшырмалардын толук спектрин аткарышат. "Охотниктер" сериялык түрдө 2024-жылдан тарта деп чыгарылат.

Бешинчи муундагы Су-57 истребители радар, лазер, радиоэлектрондук күрөш каражаттары, ошондой эле 195 жана 400 чакырымга чейинки аралыкты багындыра алчу К-77 жана Р-37М "аба – аба" тибиндеги жаңы ракеталар менен жабдылган өнүккөн коргоо тутумуна ээ.

Су-57 истребителинин артыкчылыгы жана куралдануусу америкалык F-22 жана F-35 истребителдери аткара албаган бир топ ыраак аралыктан коркунучтарын (буталарын) таап жана жок кылууга мүмкүндүк түзөт. Ошентсе да "Сухой" ишканасынын башкы куралдары – гипер үндүү ракеталар жердеги, суу бетиндеги жана суу түбүндөгү буталарын жок кылуу үчүн багытталган. Полигондук сыноолор ийгиликтүү өтүүдө.

Дүйнөлүк рынокту багындыруу

Су-57 абада артыкчылыкка ээ болуу үчүн жасалып, "жолу болбос" F-35ти айтпаганда бешинчи муундагы америкалык F-22 Raptor истребители технологиялык жактан кол жеткис. Салгылашта Су-57 оор учкучсуздар үчүн истребитель да, штурмовик же аба командалык пункт катары да кызмат өтөй алат.

"Сухойдун" негизги артыкчылыгы – жогорку маневрдүүлүгү жана душмандын радарларына анча байкалбастыгы, үндөн ыкчам ылдамдыкта узак уча алышы, бортунда бир далай арсеналды, атап айтканда, ар кыл топтогу чакан, орто жана узун аралыкка негизделген, анын ичинде 250 чакырымга чейинки аралыкты багындыра ала турган кемеге каршы ракеталарды ташый алышы.

Истребитель тоскоолдуктардан бекем коргой алчу аппаратурага жана көп каналдуу курал системасы менен жабдылган, ылдамдыкты саатына 2600 чакырымга чейин күүлөнө алат. Үнгө чейинки ылдамдыкта аракет этүү аралыгы иш жүзүндө – 5500 чакырым. Кыска күүлөнүү менен абага көтөрүлүп же конуу үчүн учакка кандайдыр өзгөчө аэродромдордун зарылдыгы жок.

Су-57 дүйнөдөгү эң кынтыксыз жана күчтүү истребителдердин бири катары таанылган. Уникалдуу мүнөздөмөлөрү истребителге эл аралык курал рыногунда да ийгиликке жетүүнү камсыздайт. Су-57 чет элдик буюртмачылардын кыйла кызыгуусун жаратат.

1-июнда "Рособоронэкспорт" директору Александр Михеев жаңы россиялык истребителди сатып алууга төрт-беш өлкө ойлонуп жатканын маалымдады. Америкалык Military Watch басылмасы мындан да көп экенин кабарлаган.

Чөлкөмдөгү коңшуларынын Аскердик-аба күчтөрү бекемделишинен улам Алжир алгачкылардан болуп россиялык 14 Су-57Э истребителине буюртма берген, келишимдин наркы 2 млрд. долларды түзөт.

Су-57нин потенциалдуу ири буюртмачысы – Индия. Ал даяр бирдиктерди сатып алууга жана өз аймагында лицензиялык өндүрүш долбоорун ишке ашырууга ниеттенген. Индия жана Алжирден тышкары, Су-57 истребителине Кытай, Мьянма, Вьетнам, Малайзия, Иран жана Түркия да кызыгуусун билдирген. Соңку маалыматтар боюнча, виртуалдык кезекте Казакстан, Эфиопия, Египет турат.

Бешинчи муундагы россиялык Су-57 истребители уникалдуу тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү, алтынчы муундагы технологиялар менен интеграциясы, өндүрүштүн оптимисттик келечеги жана жогорку экспорттук дарамети менен дагы далайга дейре таңгалдырары айкын.

Чет өлкөлүк буюртмачылардын саны улам арта берерин болжоого болот, себеби төртүнчү муундагы истребителдер эскирип барат. 2018-жылдан тарта иштелип чыгып келе жаткан россиялык же перспективдүү МиГ-41 колго түшүрүүчү-истребителин эсептебегенде дүйнөлүк рынокто Су-57нин татыктуу атаандашы бүгүн да, жакынкы келечекте да пайда болору көрүнбөйт.

203
Белгилер:
Технологиялар, интеграция, истребитель, Россия
Тема боюнча
"Баграм" авиабазасы афган бийлигине өтөт: коалиция учуп кетүүгө үлгүрөбү?
Советтик артиллеристтер Берлинди штурмалоого даярданып жатышат. Архив

"Дат баскан" тарых. Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу уламыштар

125
(жаңыланган 17:18 22.06.2021)
Экинчи дүйнөлүк согушта далай даңазалуу салгылаштар, аскердик аракеттер театрлары жана планетанын булуң-бурчунда атагы чыккан бир топ кол башчылар болгонуна карабастан, Кызыл армия гитлердик Германиянын куралдуу күчтөрүнүн мизин татыктуу кайтара алган.

Союздаштарды жалпы алганда да Советтер Союзунун күчтөрү үч эсе көп эрдик көрсөтүп, германиялык нацизм жана япониялык милитаризмди жеңүүгө негизги салымды кошкон.

1945-жылдагы жеңиш — көп улуттуу жана бирдиктүү совет элинин улуу эрдиги. Батыш аны бурмалап же постсоветтик мейкиндикте "улуттук батирлерге" бөлө албайт. Улуу Ата Мекендик согуштун башталганынын (1941-жылдын 22-июнунда) 80 жылдыгына карата аскерий баяндамачы Александр Хроленко бир топ өлкөлөрдүн бул калабанын нагыз тарыхын бурмалап, өз кызыкчылыгына жараша жазып алуу аракеттерине баам салган.

Иш жүзүндө экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1-сентябрынан 1945-жылдын 2-сентябрына дейре уланган. Ага 57 өлкөдөн 1,7 миллиарддан ашуун киши катышкан. Анткен менен 1941-жылдын 22-июну – фашисттик Германиянын СССРге кол салган күнү постсоветтик мейкиндикте жыл сайын эскерилет.

Экинчи дүйнөлүк согуш жалпы 55 млн. адамдын өмүрүн алып кеткен. Советтер Союзу 27 миллион чакты (так сандар тарыхчылар тарабынан такталган эмес) кишиден айрылган, алардын көпчүлүгү жай тургундар эле. Кызыл армиянын кайтарылгыс жоготуусу (РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматы боюнча) дээрлик 12 миллионду түзгөн, анын ичинде 6 миллион 885 миң шейит, 4 миллион 559 миң жоокер дайынсыз жана туткунда калган. Ушундай эбегейсиз жана союздаштардыкына салыштырылгыс жоготуулар совет эли гитлердик экспансияга чечкиндүүлүк менен каршы турганын айгинелейт.

Ростов шаарынын батыш жагын коргоодо жоокер У.Омаров буктурмадан пулемет менен душманды аткылап жаткан учуру. 1941-жыл.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
"Чыгыш фронту" Экинчи дүйнөлүк согуштун башкы аренасы эле. Америкалык-британиялык күчтөрдүн Нормандияга түшүрүлүшү же Арденн операциясы эмес, Москва, Сталинград үчүн салгылашуу жана Курск кармашы тагдыр чечерлик болгон. Германиялык тарыхчылардын эсебинде, Экинчи дүйнөлүк согушта 5,2 миллион немец солдаты жана 1,2 миллион жай тургун набыт болгон.

Аскер кызматкерлери жана жай жарандарды жоготуунун мындай тетири пропорциясы Кызыл армия Германия жана Япониянын жай тургундарын системалуу түрдө кулга айландыруу жана жок кылуу (Чыгыш Европада немецтердин жана Кытайда япондордун жоруктарындай) менен алектенбестен, Европаны фашизмден куткарганы менен түшүндүрүлөт.

АКШ жана Япониянын Тынч океандагы аскердик аракеттер театрындагы жоготуулары салыштырылгыс. Ошол апаатта АКШ 248 миңдин тегерегиндеги жоокеринен ажыраган, бул 2020-2021-жылдардагы коронавирус пандемиясынан көз жумган америкалыктардын жалпы санынан эки эсе аз.

Япондор бир нече жыл аралыгында 467 миң киши жоготкон, ал эми СССР Польшаны куткарууда эле 477 миң аскеринен айрылган. Таң калычтуусу, 75 жылдан кийин япондордо Экинчи дүйнөлүк согуштун "өз" тарыхы пайда болду. Анда алар өздөрүн агрессор эмес, шарттардын жана касташкан коңшулуктун "курмандыгы" катары сүрөттөлөт.

Мектептеги окуу китептеринен Халкин-Голдогу салгылаш, Квантун армиясына каршы үч советтик фронттун Манжурия чабуулдук операциясы тууралуу фактылар алып салынган. Ачыгы, Монголиянын окуу китептеринде да бул тарыхый маалымат мурдагыдай камтылбай калды.

КМШдагы "дат баскан" тарых

Мурдагы айрым советтик республикалар да, тилекке каршы, ашынган улутчулдук жана "өз" тарыхын кайра жазуу жолуна түшүштү. Согуштун чыныгы баатырларынын ысымдары өчүп, алардын ордуна баскынчыларга кызмат өтөгөн, өз элинин канын төккөн, беларусь, украин, польшалык айыл-кыштактарга өрт койгон коллаборационисттер, бандерчилер, "токой бурадарлары" (токой партизандары) оң каарман болуп чыга келишти.

Литвада неонацисттик маанидеги салтанаттуу иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп, Холокосттун катышуучусу Йонас Мисюнастын элесине багышталган "Жашыл Азезилдин чыйыры менен" жүрүшүндө 2000ге дейре киши катышып жүрөт.

Эстонияда Кызыл армия тарабынан 1944-жылдын июль айында жок кылынган эстон эсэсчилери, тагыраагы, айтылуу Waffen SS 20-гренадердук дивизиясынын (гитлердик Германия тараптагы согуштук аракеттерге катышкан) легионерлери эскерилет.

Латвияда каратып туруп эле ошол уюмдун 15 жана 19-дивизиялары "латыш эли жана мамлекетинин сыймыгы" деп аталып, Waffen SS латвиялык дивизияларынын жоокерлеринин урматына Риганын дал ортосунда жүрүш өтөт. ССти кылмыштуу уюм деп жарыялаган Нюрнбергдеги Эл аралык аскердик трибуналдын чечимине карабастан мындай эскерүү аземи аталган республиканын коомдук-саясий турмушунун бир бөлүгүнө айланып калды.

Неонацисттик маанайга Украина да кабылып барат. Жогорку рада украиналык улутчул кыймылдын лидери Степан Бандеранын туулган күнүн майрам деп чечим чыгарган. Ал эми Украина коргоочулар күнү катары Украин көтөрүшчүлөр армиясы түптөлгөн 14-октябрь белгиленет. "Декоммунизация" урааны менен СССРдин баатырдык жана совет элинин жалпы тарыхына каршы күрөш уюштурулган. Ушундай жол менен Киевде фашизмден куткаруучуларды басып алуучулардын көмөкчүлөрүнө, өз калкын кыргандарга теңеп койду.

Жакында эле Украина президенти Владимир Зеленский польшалык Освенцимдеги концлагерди 100-Львов дивизиясы, башкача айтканда украиналыктар куткарганын, дегеле Европаны фашизмден "украиналык фронттор" бошотконун жарыялоо менен "тарыхый ачылыш" жасады. Освенцимге төмөндө дагы кайрылабыз.

Андан мурда украиналык премьер-министр Арсений Яценюк (немец ARD телеканалына курган маегинде) РФ Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын "кайра жазууга тырышууда" деп билдирген. Анан да: "Украинадагы россиялык агрессия – бул дүйнөлүк жана Европадагы түзүмгө жасалган чабуул. СССРдин Германия жана Украинага басып киргени баарыбыздын эсибизде. Биз андайга жол бербөөгө тийишпиз", — деген эле.

Тилекке каршы Беларусь Республикасында да Улуу Ата Мекендик согуш "биздики" эмес деген тариздеги ойлор кээде жаңырып калат. Болбосо дал ушул өлкө СССРдин курамында эң баатыр жана партизандык республика болгон.

Ошол кездеги бирдиктүү элдин элесин коргоп РФ коргоо министри Сергей Шойгу КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештерин мурдагы СССР калкынын орток аскердик тарыхын кайра жазууга, Улуу Ата Мекенд