Россиялык Альтиус жаңы учкучсуз аппараты. Архив

Мыкты үлгүлөр. Россия учкучсуз аппараттарды экспорттоого киришет

256
(жаңыланган 23:38 04.07.2021)
Россиялык Коргоо-өнөр жай комплексинин технологиялык деңгээли жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн көпчүлүгүн атаандаштыкка жөндөмдүү заманбап учкучсуздар менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Россиядагы "Кронштадт" компаниялар тобунун "Орион" сокку уруучу учкучсуз аппараттардын сериялык өндүрүшү Дубна илимий шаарында уюштурулууда. Жыл сайын ондоп чыгарылмакчы. Завод кыска убакытта курулуп, 2021-жылдын ноябрында ишке берилгени турат. "Кронштадт" компаниялар тобунун дрондорунун экспорттук чыгарылышы 2022-жылы башталат. Аскердик баяндамачы Александр Хроленко Россиядагы ушул саамалыктардан кеп салган.

Учкучсуз аппараттардын эл аралык рыногундагы Россиянын алгачкы аракети катары "Орлан-10" дрондору менен камсыздоо жөнүндөгү жакындагы эле Мьянма менен болгон келишим аталып келет. Бирок РФ президентинин аскердик-техникалык кызматташтык маселелери боюнча жардамчысы Владимир Кожин 2017-жылдын күзүндө эле Россия сыртка учкучсуз аппараттарды чыгарууга 50дөн ашуун тапшырык каралып жатканын маалымдаган. Ошол тушта учкучсуз техника РФтин курал экспортунун жалпы көлөмүнүн 3 пайызынан ашкан эмес.

Андан бери Россияда көп нерсе өзгөрдү, азыр россиялык өндүрүштөгү жогорку технологиялык учкучсуз аппараттар жакынкы жана алыскы чет өлкөгө жайылганы турат. Учкучсуз аппараттар тармагы – дүйнөдө эң жогорку технологиялык жана тынымсыз өнүгүп жаткан багыт. Жыйынтык көз көрүнөө – февралда Абу-Дабиде өткөн IDEX 2021 эл аралык көргөзмөдө Россиянын ийгилигине күбө болдук. Андагы РФ бурчунда коюлган учкучсуз техникаларынын чалгындоо жана сокку уруучу түрлөрү чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Курал экспорттоо тармагы боюнча Москва дүйнөдө адаттагыдай эле экинчи орунда, тагыраагы, рыноктун 15 пайызга чукулун ээлейт. Россиялык өндүрүм тактика-техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча батыштагылардан кем калышпайт, анткен менен баасы кыйла арзан. "Ростехтин" жетекчиси Сергей Чемезовдун айтымында, россиялык учкучсуз аппараттарды айырмалап турган нерсе – жасалма интеллектинин интеграциясы. Маселен, сокку уруучу учкучсуз бутасын аныктап, мээлеп жана бомбалай алат. Салыштырсак, Карабахтагы согуштук аракеттерден улам кеңири таанылган түркиялык "Байрактар" учкучсуздары аралыктан оператор аркылуу тескелет. Ал туруктуу радиосигналга, электрондук "мээге" ээ эмес. Технологиялык жактан кынтыксыз болуп саналбайт.

Чакан жана тайманбас

РФ армиясы Сирия аймагындагы согуш шартында сыноодон татыктуу өткөн россиялык "Орлан-10" пилотсуз техникасы менен 2010-жылы куралданган. Аппарат абада 18 саатка дейре кармала алат. Крейсердик ылдамдыгы – саатына 110 чакырым. Бул – үч метрге күүлөнүп, учуш салмагы 16 жана пайдалуу жүгү 4,5 килограммды (бомбалык жүгү менен кошо) түзгөн таасирдүү жана ынанымдуу машина. Чалгындоочу модификацияда "Орлан-10" 140 чакырымга чейинки аралыктан туруктуу түрдө маалымат бере алат. Пайдалуу жүктүн модулдук бөлүгүндө ар кыл жабдык, күндүзгү жана инфракызыл камераларды, үч өлчөмдүү картографиялык тасма тартуучу жабдыктар жана артиллериялык окту түзөтүү жана сокку уруучу ракеталык тутумдарды мээлөө үчүн лазердик бута көрсөткүчтөрдү жайгаштырууга болот.

Бардык артыкчылыктарынан тышкары, "Орлан-10" комплекси (үч дрон, жүк ташуучу автомобиль жана жердеги башкаруу станциясы) анчалык кымбат эмес. Ал түгүл россиялык Коргоо-өнөр жай комплексин алкоодон аянган америкалык Forbes журналы да согуштук шартта сыналган россиялык "Орлан-10" дронун "жумушчу күч" деп атаган.

Орто бийиктиктеги "Орион"

Россиялык "Орион-Э" сокку уруучу учкучсуз техниканы адистер түркиялык "Байрактардын" рынокто сүрүп чыгара аларын белгилеп, эл аралык рынокто "баа – сапат – бортту интеллектуалдаштыруу" көрсөткүчү боюнча мыкты сунуш деп аташат. РФ армиясы "Иноходец" деген аталыштагы бул комплексти эбак пайдаланууга алган, Сириядагы террорчуларга абадан сокку уруу менен согуштук аракеттерде да текшерилген.

"Орион" – 24 саатка чейин уча алган орто бийиктиктеги аппарат. Сокку уруучу модификацияда универсалдуу комплекс: тескелбеген жана түзөтүүчү авиа бомбалар, душмандын стационардык жана жердеги кыймылдуу буталарды, сооттолгон техника, транспорт жана күчтөрүн жок кылуу үчүн тескелүүчү ар кандай ракеталар менен жабдылган. Максималдуу учуш салмагы – 1150 кг., учкучсуз аппараттардын крейсердик ылдамдыгы – саатына 200 чакырым, максималдык учуш бийиктиги – 7 чакырым. Аскердик жүгү – 200 кг.

"Рособоронэкспорттун" өкүлдөрү "Ориондун" уникалдуу тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрүн жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле бир кыйла экспорттук дараметин белгилешет. Дрон КМШ өлкөлөрүндө суроо-талапка ээ болушу турулуу иш.

Салмактуу "Альтиус"

Россиялык "Альтиус" жаңы учкучсуз аппараты алгач жолу 25-июнда кыйратуучу авиациялык каражатты пайдаланып, полигондук сыноолордун жүрүшүндө жердеги буталарына бомбалык сокку урду. Душмандын танктарын талкалоо, жеңил сооттолгон техникасын, артиллериялык позицияларын, топтолгон күчтөрүн жок кылууга багытталган ар кыл типтеги куралдар менен жабдылган аппараттын сокку уруучу мүмкүнчүлүктөрүн сыноо бүгүн да уланууда.

"Альтиустун" арсеналы чакан калибрдеги эркин кулоочу, түзөтүүчү жана тескелүүчү авиа бомбаларды, башкарылуучу ракеталарды камтыйт. Оор класстагы аппарат эки суткага чейин уча ала турган орто бийиктиктеги учкучсуздарга кирет. Учуш салмагы алты чакты тоннаны түзөт, бир тоннадан ашуун пайдалуу жүк ташууга жөндөмдүү. Турбовинттик эки кыймылдаткыч менен жабдылып, 30 метрге күүлөнүп, 14 чакырымга дейре көтөрүлө алат.

"Альтиус" учуучу аппараты бир нече модификацияга ээ, өтө ыраак аралыктан башкарууга мүмкүндүк берген спутниктик байланыш тутуму менен жабдылган. Аскердик радиусу 3500 чакырымдын тегерегинде.

Адистердин жоромолу боюнча өркүндөтүлгөн курал комплекси орнотулган бул аппарат абада жана эл аралык рынокто дүйнөнүн мыкты саналган үлгүлөрүн бир топ артта калтырат.

Кубаттуу "Охотник"

Россиялык "Охотник" учкучсуз аппараты жакында эле абага талпынып, интеллектин жана сокку уруучу мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүп, өз тибиндеги аппараттар Олимпиндеги атаандаштарынан учуучу жана аскердик мүнөздөмөлөрүнүн бардык түрлөрү жагынан алдыга озуп чыгат. Сокку уруучу авиациянын стратегиясын жана тактикасын кайра жазып чыгууга жөндөмдүү. Эң оор класстагы – израилдик IAI Eitan, түркиялык Bayraktar Akinci, америкалык MQ-9А Reaper машиналары менен гана салыштырууга болот. Ыраак аралыкты багындыра алышы, ылдамдыгы жана сокку уруу жагынан атаандаштарын дегеле караандатпайт. Аппарат ыраактык жана пайдаланчу курал түрү боюнча болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бортунда чалгындоо каражаттарын, 6 тоннадан ашуун бомба жана "аба – жер бети", "аба – аба" тибиндеги ракеталарды 5000 чакырымдын тегерегиндеги аралыкка ташый алат.

Жүк ташуу жагынан тең тайлаша алчу IAI Eitan 2 тонна гана ок-дары (илгичинде ташыгандыктан, бул каршылаш тараптын радарларына дароо байкалат) ташыйт. Башкача айтканда, согуш шартында бир "Охотник" Израиль, АКШ же Түркиянын бул класстагы машиналарынын ордун баса алат. Анча байкалбаган аппарат душмандын эң бекем тылын да чалгындап, таамай сокку ура алат. "Охотник" учкучсуз аппараты "учуучу канат" формасында, турбореактивдүү (турбовинттик эмес) кыймылдаткыч менен жабдылган.

Узундугу – 14 метр, канатынын күүлөнүшү – 19 метр, учуш салмагы – 20 тоннанын тегерегинде. Крейсердик (үнгө чейинки) ылдамдыгы – саатына 1000 чакырымды түзүп, мүнөздөмөлөрү жагынан жакын саналган атаандашы – MQ-9А Reaper (саатына 480 чакырым) аппаратынан эки жарым эсе ыкчам. "Охотниктин" башкы өзгөчөлүгү – анын бешинчи муундагы россиялык Су-57нин жетегинде аракет эте алышы.

Америкалык Forbes журналы маалымдаганына караганда, Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн MQ-9 Reaper аппаратынан айырмаланып россиялык чалгындоочу-сокку уруучу дрон абадан коргонуу тутуму жок козголоңчулар менен күрөшүү үчүн эмес, толук масштабдуу согуштук жаңжалдарда пайдаланууга багытталган.

Атайын россиялык ушул оор учкучсуз үчүн "аба – жер бети" жана "аба – аба" классындагы ички фюзеляждык гипер үндүү ракеталар иштелип чыгууда.

Россиянын аскердик авиациясы быйыл дагы бир жаңы таамай атар куралга ээ болмокчу. Биргелешкен авиациялык корпорациясынын башчысы Юрий Слюсардын айткандарына таянсак, РФтин Аба-космостук күчтөрү "Охотниктер" менен сериялык түрдө 2024-жылдан тарта камсыздала баштайт. Андан соң аппарат Су-57 сымал экспорттук модификацияда эл аралык курал рыногуна чыгышы ажеп эмес.

Россиялык экспорттун келечеги

Учкучсуз авиациянын дүйнө жүзүндө өнүгүшү Перси кысыгы, Югославия Жакынкы Чыгыштагы аскердик операцияларда АКШ жана Израиль армиялары тарабынан учкучсуз аппараттарды кеңири колдонулушуна түрткү берди. Дрондор ушул тапта 50дөн ашуун өлкөдө өндүрүлөт, анткен менен ушуга дейре учкучсуз авиациянын мекени Израиль жана АКШ саналган.

Россия Аба-космостук күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн учкучсуздар жаатындагы ыргагы жай эле. Ошентсе да курал жаатында XXI кылымдагы артыкчылыктуу багытты ынанымдуу арыштоодо.

Учкучсуз аппараттардын дүйнөлүк рыногунун негизги үлүшү аскердик багытта болору айкын. Ушул жаатта технологиялык жана маркетингдик "айыгышкыс" күрөш жүрөрүнөн күмөн санап болбойт. Анткен менен Россия бир катар өлкөлөрдү учкучсуздар менен камсыздоочулардын алдыңкы сабынан орун алары талашсыз.

256
Белгилер:
учкучсуз аппараттар, ылдамдык, сыноо, Түркия, Израиль, АКШ, Россия
Тема боюнча
Россиялык гипер үндүү ракеталар F-35 жана F-22ни "пайдаланууга жолтообу"? Сереп
Дыйкан буудай оруп жатат. Архив

Айылда жашоо керемет... Элет турмушунун көзгө көрүнбөгөн байлыгы