Талибдердин көтөрүлүшүнө каршы чыккан куралдуу адамдар Афганистандагы Парван провинциясында

Афганистан: элдешкис талибдер, аскер качкындар, Пакистан менен Түркиянын көлөкөсү

254
Талибдер Афганистандын аймагын жана чек араларын көзөмөлдөөгө алууда. Афган ислам республикасынын коңшу өлкөнү баш пааналаган аскерлери миңдеп саналат.

Орто мөөнөттүү келечекте Борбор Азия өлкөлөрү Афганистандан качкындарга толуп калуу коркунучу бар. Ислам республикасындагы абалга Пакистан жана Түркиянын таасири – кырдаал курчуп турганда акылга сыйбайт, анан да маңызында майнапсыз.

Талибдер жана өкмөттүк күчтөрдүн согуштук аракеттери Афганистандын түндүгүндөгү төрт провинцияда уланууда. Өткөн суткада "Талибан"* Бадахшан провинциясынын тогуз уездин көзөмөлгө алды. Кабул контрчабуулду көздөөдө, бирок жагдай кескин курчуп барат. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко Афганистандагы абалга баам салган.

АКШ күчтөрү жана коалиция күчтөрүнүн чыгарылышынан улам өткөн айдын ортосунан тарта согушкерлердин активдүүлүгү өстү. Тажик Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына таянсак, талибдер эбак афган-тажик чек араларынын 70 пайыздан ашуунун (башкача айтканда, 910 чакырымдай) көзөмөлдөйт.

4-5-июлда Афганистандын өкмөттүк армиясынын 1037ден ашуун аскери түндүк багытка карай чегинген. Тажик чек арачылары аларга коңшулук кылып, Афган ислам республикасынын ички иштерине кийлигишпөө үчүн өз аймагына өтүүгө уруксат берген. Тажикстанга Балх жана Бадахшан облустарынын провинцияларынан андан мурда да 300дөн ашуун афган аскери өткөн. Аталган өлкөдөгү террордук активдүүлүк жана жарандык согуштун жаңы толкунунун Борбор Азия өлкөлөрү жана Россия үчүн кесепети оор болушу ыктымал.

Курчуп бараткан аскердик-саясий кырдаал тууралуу 4-июлда Тажикстан жана Афганистандын президенттери Эмомали Рахмон жана Ашраф Гани талкуулады. Жалпы коркунучтарга каршы туруу үчүн Кабул жана Москва чалгын кызматтарынын маалыматтарын алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн салмактоодо. Афганистанга россиялык күчтөрдүн киргизилиши талкууланбайт. Анткен менен тажик-афган чек араларынын жанында 201-россиялык аскердик базанын күчтөрүнүн бир катар машыгуулары өткөн. Афганистандын аймагында "Ислам мамлекети"* согушкерлеринин да активдүүлүгү артышы Россияны айрыкча тынчсыздандырат.

РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров 2-июлда: "Игилчилер ("ИМ*") эң оболу Афганистандын түндүгүндөгү территорияны, бизге союздаш өлкөлөр менен чектешкен жерлерди өздөштүрүүдө", — деп билдирди.

ЖККУнун инфраструктурасы жана күчтөрү эң башта дал ушундай кооптуулуктарды жоюу үчүн түзүлгөн. ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кеңеши 1-июлда Афган ислам республикасындагы абал туурасында билдирүү жасады.

Ага катар эле аталган уюмдун башкы катчысы Станислав Зась союздаш жана өнөктөштөрдү Тажикстанга түштүк чек арасын бекемдөөдө көмөктөшүүгө чакырды. ЖККУ күчүн топтоодо.

Катаал чындык

Афган ислам республикасынын өкмөтү "Талибан"* өлкөнүн бүтүндөй аймагын басып алуу планынан баш тартарына үмүт артат. Бирок бул тилекти таш каап калчудай... НАТОнун күчтөрү мөөнөтүнөн озуп чыгарылууда. "Талибандын"* ийгилиги улам артып барат, кыялындагы "Ислам эмиратынын" болочок өкмөтүн азыркы бийлик менен уй мүйүз тарта отуруп курагысы жок.

Кошмо Штаттар жана Улуу Британиянын Афганистанда чектелген санда аскерлерин (атайын багыттагы 650 жана 1000 аскер) калтыруу ниети талибдердин кыжырын кайнатууда. Кожоюндук кылып согушкерлер чет өлкөлүк күчтөрдү чыгып кетүүгө ачык эле шаштырууда. Ашыкпагандарга да кандайдыр "чара" көрүлөрүн убада кылышат.

Чет өлкөлүктөр менен кызуу кызматташкан 9000ден 18000ге чейинки афгандыкты да борбор азиялык мамлекеттерге "орноштурууга" ниеттенген АКШнын аракеттери да көп нерседен кабар берет. Бийликке келгенде талибдер бул жарандарды эмне кылары америкалыктарга маалым.

Жаңы тартипке кеңири элдик каршы туруу да ырайымсыздык менен басылып, элдик кошуунга киргендер жана алардын үй-бүлөлөрү чектеш Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүндөгү качкындардын катарын толукташы мүмкүн.

Тажикстан жана Өзбекстандын аймагында баш калкалап турган куралчан афгандык качкындар – эми армия эмес, кайрадан өкмөттүк күчтөрдүн курамында өлкөсүн экстремисттерден коргоо үчүн кайтары арсар.

"Аскердик качкындардын" артынан жакында жай жарандар да качышы ыктымал. Себеби Афган ислам республикасынын көп миллиондогон калкынын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн тажиктер жана ондон бир бөлүгү өзбектерден турат. Бул – этникалык жактан Борбор Азия республикаларына ыктаган он миллиондон ашуун афган жараны. Эгер алардын ондон бири эле согуштан түндүккө карай качууга тырышса, кырдаал чектен чыгат. Качкындардын миңдеген агымы – террорчулардын түндүккө жана башка бөлүктөргө карай жылышына жакшы шылтоо.

Ниети шек санаткан коңшулар

Афганистандын түндүгүндөгү кырдаалдын курчушу жана коопсуздуктун бузулушуна байланыштуу Мазари-Шариф шаарындагы Түркия, Пакистан, Иран консулдугунун иши токтотулган. Кошмо Штаттар Кабулдан өз дипломаттарын толук чыгарып кетүүнүн планын түзүүдө.

Афган жаңжалына Пакистан жана Түркиянын катышуусу айкын, ошол эле учурда бүдөмүк. "Агалаш" Түркия бирде Кабулдун аэропортун кайтаруу жана коргоо жоопкерчилигин алат, кээде туруп – "Талибандын"* коркунучтарынан кийин, АКШ жана Пакистандын саясий, каржы жана логистикалык колдоосун күтүп чечкинсиздикке кабылат.

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар чөлкөмдөгү кырдаалды кылдат талдап, ушул айдын башында Кыргызстан жана Тажикстанга барып, эки тараптуу кызматташтык боюнча талкуулап кайтты. Бүгүн да, эртең да, алдыдагы ондогон жылдарда да тобокелдиктер оголе арбын.

Исламабад Афганистандагы согуш жана тынчтык маселелеринен оолак болгусу келгендей түр көрсөтөт, болбосо талибдердин аскердик-диний кыймылын "бөпөлөп" ондогон жылдар бою өз аймагында "окуучуларды" (афган согушкерлерин) курал жана окуу базалары менен колдоп келгени белгилүү.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан июлдун башында Исламабаддын талибдерге басым көрсөтүүгө, башкача айтканда, тынчтыкка мажбурлоого рычагы жок экенин айтты. Алар менен болгон согушта Пакистандын АКШга жардамдашууга аргасыз болгонуна кейиген. Ыңгайлуу позиция, албетте, себеби Исламабадга чек аралары "ачык", чабал, көз каранды, согуштан башы чыкпаган Афганистан зарыл эмеспи.

Айтылуу генерал-полковник Ахмад Шах Масуд талибдердин режими менен күрөшүүнүн майнаптуу чарасы аларды колдогон Пакистанга кысым кылуу экенин айтар эле.

"Панжшер капчыгайын арстаны" Пакистан жетекчилигин экстремисттик топтордун катарында эле "Талибандын"* да негизги таянычы деп атаган ("Аль-Каида"* да Пакистандын аймагын байырлаган). 20 жыл аралыгында кызыкчылыктардын мындай амалкөй жүрүшү анчалык деле өзгөрүп кеткен жок. Тилекке каршы, Афганистандын көп маселеси ырайымсыз коңшу тараптан...

Талибдер улуттук баатыр, Афганистандын мурдагы коргоо министри Ахмад Шах Масуддун түндүктө жайгашкан Тахар провинциясындагы үйүн басып алып, ааламга жар салуу менен жыйналыш өткөргөнү тегин жерден эмес. Айтмакчы, дал ошол резиденцияда 1996-жылы Эмомали Рахмон менен куралдуу оппозициянын лидери Сайид Абдуллох Нуринин жолугушуусу өтүп, ал коңшу Тажикстанда жарандык согуштун аякташына себепкер болгон. Балким, талибдер тарыхты кайра кайталоого умтулуп жаткан чыгар. Эгер "Талибан"* бийликке келип, Борбор Азия калкына өз таасирин жайылтууга же "ИМ"* жана "Аль-Каида"* сымал атаандаш (тектеш) структуралардын таралышына шарт түзсө, Россия жана анын аталган чөлкөмдөгү союздаштары үчүн олуттуу көйгөй жаралат.

* – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар.

254
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, Пакистан, Түркия, согуш, чек ара, качкын, тынчтык
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (56)
Тема боюнча
Путин менен Мирзиёев Афганистанда курчуп жаткан кырдаалды талкуулашты
АКШ спортчулары Токио Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде

Америкалыктар Олимпиадада таза оюндан четтетилди