Афган аскерлери Герат провинциясынын четинде

"Талибан"* 2021". Кыймылдын абалы азыр кандай?

275
"Талибан"* аскердик-диний кыймылы АКШ башында турган коалиция күчтөрүн Афганистандан чыгып кетишине мажбурлады.

Азыр талибдер өлкөдөгү бийликти тартып алууга умтулуп, өкмөттүк күчтөр менен айыгышкыс күрөш жүргүзүп, провинциялардын көп бөлүгүн өз көзөмөлүнө алды. Ага катар эле террордук уюм эл аралык аренадагы легитимдүүлүккө жетишүүгө аракет кылууда.

Талибдердин делегациясы 8-июлда Москвадагы сүйлөшүүлөргө катышты. Буга катар эле ЖККУнун генерал-полковник Анатолий Сидоровдун жетекчилиги алдындагы ыкчам тобу ушул тапта тажик-афган чек арасында. Россиянын Тышкы иштер министрлиги кырдаал курчуп кете турган болсо Тажикстандагы 201-россиялык базаны чечкиндүү түрдө ишке тартуу үчүн тийиштүү нерселердин баары даяр экенин билдирет. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган кыймыл туурасында кеңири токтолгон.

Подмосковьеде 9-июлда теракты уюштурууну пландаган ИМ* согушкери кармалды. Таң калычтуу түрдө бул окуялар бири-бирине тыгыз байланышкан. "Талибандын"* Шахабуддин Делавар шейх башында турган төрт кишилик делегациясы Москвага Афганистандагы азыркы кырдаалды талкуулоо үчүн келди. Пикир алмашышты, Россия Афган ислам республикасынын түндүгүндөгү абалдын курчушуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Кыймылдын расмий өкүлү Мохаммад Сохаил Шахин 8-июлда талибдер Афганистандын территориясын Россияга жана коңшу өлкөлөргө багытталган аракеттер үчүн пайдаланууга жол бербестигин билдирди.

Москва алардан Борбор Азия мамлекеттеринин чек араларын бузбоого убада жана Афганистандын аймагындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык миссиялардын коопсуздугуна кепилдик алды. Ал ортодо аталган республикадан чет элдик күчтөрдүн чыгарылышы 8-июлда дээрлик аяктап калды. Афганистанда Кабулдагы АКШ элчилигин кайтарган 600 чакты америкалык деңиз пехотачылары гана калды.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден "Талибан"* радикалдуу кыймылы 2001-жылдан бери дал ушул убакта аскердик багытта кыйла күчтөнгөнүн (бул Пентагондун 20 жылдык аскердик аракеттеринин натыйжасы экени талашсыз) белгиледи.

Кабулдагы азыркы өкмөт менен кыймылдын тынчтык боюнча (2020-жылдын 29-февралындагы АКШ жана "Талибандын"* ортосундагы) сүйлөшүүлөрүн соңку күндөрү эстөөгө да болбой калды.

Талибдер азыр Афган ислам республикасынын 70 пайызга жакынын, чектешкен түндүк райондорунун баарын көзөмөлдөйт. Эми өлкөдөгү калктын саны боюнча экинчи чоң калаа – Кандагарга аяк басышты. Талибдердин саясий кеңсесинин "жакшы ниеттерине" карабастан, коалициянын кетишинен кийинки кыймылдын жеңиши чектеш мамлекеттерге залалын тийгизет деп чочулатат.

Чек арадагы жагдай

ЖККУнун генерал-полковник Анатолий Сидоровдун жетекчилиги алдындагы ыкчам тобу Москвадан Тажикстанга келип, тажик-афган чек арасынын кооптуу тилкелериндеги кырдаалга тик учактын бортунан жана жерде көз салууда. Айрыкча "Калай-Хумб" чек ара отрядына айрыкча көңүл бөлүнүүдө. Дал ошол райондон Афганистандын өкмөттүк армиясынын аскерлери чек арадан жапырт өтүүгө мажбур болушкан.

Генерал-полковник Анатолий Сидоров Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын күчтөрүнүн тажик-афган чек арасындагы коопсуздукту камсыз кылууга даярдыгын жогору баалаган. Бул туурасында Sputnik агенттигине ЖККУнун басма сөз кызматы билдирген.

Ыкчам топ ЖККУ форматында биргелешкен чаралар боюнча сунуштарды даярдоодо. Ошондой эле РФ өз союздаштарына карата агрессивдүү аракеттерге жол бербөө үчүн Тажикстандын Афганистан менен чек арасында 201-россиялык аскердик базанын күчтөрүн пайдаланышы мүмкүн. ЖККУнун алдын алуу чаралары коркунучтарга ылайык. Тынчтыкты баалагандай тышкы саясий билдирүүлөрүнө карабастан "Талибан"* Ислам мамлекети* жана "Аль-Каидадан"* кол үзө элек.

Афганистандын территориясында чектешкен Борбор жана Түштүк Азия мамлекеттерине коркунуч туудурган кандайдыр "үчтүк союз" бар. Түндүк провинциялардагы – Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын чек араларынын боюндагы талибдердин активдүүлүгү Афганистандагы чек ара дегенди тааныбаган отуз чакты террордук топ үчүн ылайыктуу жагдай түзөт.

Москвада талибдер Афганистандын "бүтүндөй территориясына үстөмдүк кылууну" көздөбөстүгүн, диалог жолу менен "көз карандысыз жана эркин исламдык мамлекеттик тутумду" түзүүгө даярдыгын билдиришти.

Ошону менен бирге эле "Талибан"* шайлоону туура көрбөйт, уламалардын билимине негизделип, шарият принциптери боюнча түзүлгөн күчтүү жана туруктуу "таза ислам өкмөтүн" жактайт. Талибдер башка эч кандай тутумду кабыл албастыгын баса белгилешет.

Радикалдуу исламды тутунган "Талибан"* бүтүндөй Афганистанды катаал диний принциптерге негизделген эмирликке айландырууга далбас урат. Эркектер сакал коёт, аялдар паранжа жамынат, мектепке эркек балдар гана барат, болор-болбос жоруктар үчүн адамдардын колу же буту кесилет, талиб мыйзамдарын бузгандар дарга асылат. Светтик радио, теле көрсөтүү, кино жана театрга толук тыюу салынганын айтпай эле коёлу

Афганистанга иш сапарга барганымда Кабулдагы илмийген бир мугалим кыздын айткандары эсимде. 1996-жылы бийликке талибдер келгенде университетке кирип келишип, орус тилин окуткандары үчүн гана аны жана кесиптештерин ур-токмокко алышкан. Кабулду бул жолку багындырууда эле алар согушту жыйыштырып, жакшылык үрөнүн сээп калары арсар.

Талибдер чейрек кылымдан бери атаандаштарына автоматтан ок атат, алар мекендештери менен талашып-тартышууда башка жүйөлөрдү келтирүү эмне экенин эбак унуткарышкан. Бул "каардуу (орто кылымдык) бийлик афган жергесинде өзүнө "тектеш" "Аль-Каиданы" бардык базалары жана машыктыруучу лагерлери менен кайра "тирилтери" шексиз.

Ага атаандашкан ИМ* структурасы да Афганиистандагы таасирин кеңейтип, ар кыл өлкөлөрдөн жаңы террорчуларды тартары бышык. "Талибан"* менен тынчтык келишимин же "кол салбоо пакты" эч кимге коопсуздукту кепилдебейт, тескерисинче чоң көйгөйлөргө тушуктурат.

Чыгыш деген Чыгыш. Афганистандын учурдагы абалын жакшы түшүнүү, өзүнүн жана коңшуларынын болочогун болжоо үчүн уюмдун өткөнүнө бир үңүлгөн оң.

Батыш багынды, Чыгыш туткундарды албайт

"Талибан"* буга дейре Афганистандын 15 млн чакты адам жашаган аймагын гана көзөмөлдөгөн. Расмий бийликтин өкүлдөрү бул провинцияларда негизги шаарларда бар эле, ал эми "коргон" сыртындагы территория талибдерге жана анын союздаштарына таандык эле. "Өз" жерлеринде согушкерлер псевдомамлекеттик структураларды түзүп, создуктурбай соттоп, салык жана жыйымдарды жергиликтүү элден чогултушкан.

Көзөмөлдөнгөн фирмалардын Батыштын Афганистанды кайра курууга багытталган акчасына "жолу" бар эле. Каражаттын басымдуу бөлүгү Гильменд провинциясындагы апийим талааларынан алынат. Эки жыл мурун эле аталган райондун 80 пайызы согушкерлердин карамагында болчу. Апийимдик сырьё талибдерге 60 пайыздан ашуун киреше алып келет.

Эске салсак, "Талибан"* 2010-жылдан кийин талаа командирлерине героин өндүрүп жана сатууга уруксат берген. Топтолгон каражатты курал сатып алууга жана аткычтарды кармоого жумшашкан. Гуманитардык чөйрө – Кабулда эле. Өлкө аймагындагы согуштук аракеттер жана терактылар "сезондук" мүнөздө болчу. Быйыл жазда чет өлкөлүк күчтөрдүн чыгарылышы талибдерге жаңы эргүү берип, провинциялардын көпчүлүгүндө өкмөттүк күчтөрдү толук жок кылууну көздөгөн ырайымсыз согушту баштап туру.

Америкалыктар менен кызматташ жарандардын көзүн жазалашат, бул жаатта "Талибан"* менен ИМ* көп деле айырмаланбайт. "Жаңы талибдер" – 1990-жылдардагы фанат студенттер эмес, жакшы жабдылган, согуштук тажрыйбасы мол кесипкөйлөр отряддары. Он миллиондогон доллар заманбап куралдарга, түнкүсүн көз салуучу жабдыктарга, артиллериялык октун лазердик мээлөөчү тутумдарына, жеңил миномётторго жумшалган.

Чет элдик аскердик инструкторлор жалданат. Афганистандын аймагында талибдердин 16дан кем эмес адистештирилген машыктыруучу базасы бар, тынымсыз окуу жана машыгууларды өткөрүп турушат. Азыр согушкерлер дрон чыгаруучу өз өндүрүшүнө да ээ. Кыймыл зооттолгон оор техника жана чабуулдук авиацияны колдоно турган бөлүктөргө каршы оор операцияларды өткөрүүгө жөндөмдүү. Башкаруу вертикалы, борборлоштурулган аскердик жетекчилик, офицердик кадрларды жана техникалык адистерди даярдоо системасы түзүлүп, бирдиктүү логистика жолго коюлган.

НАТО чалгындоо кызматы: "Стратегия жана тактиканы талдоо, тыкыр пландоо жана аягына чыгаруу, башкача айтканда сабаттуу штабдык иш "Талибанда"* кадыресе жана массалык көрүнүшкө айланган" - деп мүнөздөгөн. Бул – дасыккан армия. Өлкөнүн уезддеринин көпчүлүгү акыркы бир жарым айда эле талибдердин колуна кокустан өткөн жок. Сүйлөшүүлөрдөн соң шашылыш түрдө Баграм авиабазасында 30 танк, 50 зооттолгон машина жана 800дөн ашуун транспорттук каражаттарды таштай качкан америкалыктардай эле өкмөттүк күчтөрдүн да согушкусу келбей калат.

Таасирдүү Die Zeit басылмасы: "Афганистанда согуш башталгандан берки 20 жылда АКШ башында турган Батыш багынды" - деп жазды. Бирок Афганистандын баяны ушуну менен эле токтоп калбайт. Жеңиш дагы жаңы эрдиктерди жасоого эргүү берет. Талибдер кайсы чекте токтой турганы эч кимге белгисиз.

Түндүк багыт "ислам эмирлигин" жайылтуу үчүн кыйла төп келиши мүмкүн. "Талибандын"* лидерлери "мүмкүнчүлүк коридорун" аныктап, Тажикстан менен Кыргызстандын жетекчилигине тышкы саясий кеңештерин берүүгө тырышып, ошондой эле Түштүк Кавказдагы армян-азербайжан жаңжалындагы жеке позициясын белгилөөдө. Бара-бара "Талибан"* Өзбекстан, Тажикстан жана Борбор Азиянын бөлөк өлкөлөрүндө да көп тарапташтарын табары ажеп эмес. Эгер 1990-жылдардын экинчи жарымында Афганистандын түндүгүндө талибдерди этникалык өзбек Рашид Дустум жана этникалык тажик Ахмад Шах Масуддун отряддары токтотуп (Ташкент жана Душанбенин колдоосунда) калышкан болсо, эми элди уюштурган лидер жана инсандар жок (Дустум мурункудай жаш эмес, жарадар да болгон, анан да чет жерде дарыланып жүрөт). Учурда согуштун радикалдуу сценарийлерин ЖККУ, Иран, Пакистан жана Кытайдын адистери талдоодо.

Эгер Кандагарга кайра кайрылсак, расмий маалыматтар боюнча мында 1994-жылы мурдагы моджахед, Мохаммад Омар молдо радикалдуу маанайдагы исламчыл студенттерди – "Аллахтын окуучулары" деген чакан топту чогултуп, өлкө аймагында Исламды тазалоо жана такыбалар бийлигин орнотуу үчүн согушка баштап чыккан. Эки жылдан кийин талибдер Кабулду басып алышкан. Көпчүлүк эксперттер "анти-моджахеддер" кыймылынын баш көтөрүшү – пакистандык атайын кызматтардын "эмгеги". Андан кийин Пакистан өкмөтү он жылдап талибдерди курал менен жабдып, ал эми Сауд Аравиясы каражат менен камсыздап келген. Жөн эмес, албетте, бул менен ал Афганистанды чабалдатуу, Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөргө өз таасирин жана дивиденддерин өстүрүүнү көздөгөн.

Бүгүнкү күндө стратегиялык жана саясий чечимдерди 18 кишиден (министрлер, дипломаттар, губернаторлор, аскер жетекчилери жана диний ишмерлерден) турган "Талибандын"* консультативдик кеңеши чыгарат. Тактика жана аларды ишке ашырууга аскердик, маданий, каржылык, билим берүүчү, ошондой эле чалгындоо, соттор боюнча комиссиялар ,ТИМ жана ИИМ жооп берет. Ушул таптагы "Талибанды"* айдан ачык эмес, ошентсе да сырттан башкаруу ыктымалдыгы Афганистандагы жаңжалдын өнүгүшүн болжоону кыйла кыйындатат.

* – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар.

275
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, согуш, НАТО, стратегия, согушкер, АКШ, Аскер, армия
Тема боюнча
Талибдер Афганистанды башка өлкөлөргө кол салуу үчүн колдонбоого убада берди
Талибдер АКШ эсебинен күчтөнүүдөбү? Колундагы курал кайдан
Афганистандагы курал менен кишилер. Архив

Талибдер чек арада. ШКУ мамлекеттеринин коргоо министрлери кандай арга табышат?