Боз үйдө дасторкондо отуруп тамактанган үй-бүлө. Архивдик сүрөт

Кыргыздын дасторкон четиндеги университети. Баланын кулагы кандай сөзгө бышат

917
(жаңыланган 14:08 13.07.2021)
Колумнист Нуржигит Кадырбеков байлык күтүүгө да чоң даярдык керек дейт. Азыр биз балдарга согуш өнөрүн үйрөтпөй эле мина же мылтык карматып койгондой кыянаттык кылып жаткан жокпузбу деп суроо салган.

А дейбиз, бу дейбиз, бирок кыргызда эң чоң окуу жайы  — бул дасторкондун чети. Элибизде, демейде, үй-бүлө мүчөлөрү тамактануу үчүн бирге отурушат. Дасторкон үстүндө ар кандай темада баарлашуу жүрөт. Коомдогу жана үй-бүлөлүк маселелер талкууга алынат. Ар ким ар кай жактан уккан-билгенин, үйрөнгөнүн айтып, ортого салат. Билинбегени менен бала тарбиясынын өзөгү мына ушул жерде жатат. Анткени дасторкон үстүндө ата-эненин же башка жашы улуулардын айткандары балдардын кулагынан кирип, жүрөгүнө сиңет. Бара-бара ошондон улам калыптанган ишеним жана ой алардын кийинки кадамдарын аныктайт.

Кулак бышырган нааразычылык

Элибиздин келечеги, жаштардын тутунган дөөлөттөрү, көздөгөн багыттары жана көксөгөн максаттары боюнча кандайдыр бир божомол куруш үчүн ошол дасторкон четиндеги сөздөрдү талдоого алсак, көп чындыктын көзү ачылмак. Бир мисал келтирейин: эмне үчүн айыл-ападан чыккан балдардын басымдуу бөлүгү мектепти аяктап, паспорт алары менен мигрант болуп Россияны көздөй сапар тартууда? Себеби алар дасторкон четинде ата-апасынын акча табуу, тиричилик тууралуу айткандарын, талашып-тартышканын уга берип кулагы бышып бүткөн. Демейде атага апа күнүмдүк муктаждыктар, жетишпестиктер жөнүндө саймедиреп, сөз учугу "акча таппайсың", "тыңыраак бакпайсың" деген сыяктуу айыптоолорго чейин жетет. Атанын "колдон келгенин жасап жатам, дагы не кылайын" деген актанууларына апанын "баланча машина алды, түкүнчө үй салды, пастан дүңгүрөтүп той өткөздү, бул кымбат шуба кийди, биздин алардан эмнебиз кем? Алар акчаны асмандан алдыбы? Качан элдей болуп жашайбыз? Качан эл кийгенди кийип, эл жүргөндөй жүрөбүз?" деген сыяктуу контраргументтери жана суроолору дапдаяр.

Кумирге айланган "бирөөнүн баласы"

Кыргызстан азырынча дүркүрөгөн өндүрүш жана өнөр жай кура элек. Демек, жумуш орундары жетишсиз. Анда үй салган, унаа алгандардын тапкан акчасы кайдан деген суроо пайда болот. Дыйканчылыктанбы? Жер тырмалап байып кетүү оголе оор. Тоолуу өлкөбүз. Бир техника миң адамдын ишин кылгыдай түзөң жерлерибиз тартыш. Балким соодадандыр? Алып сатмайга жөндөм, ишкердик шыгы миңден бир адамга берилет экен. Андай болбосо, берекенин ондон тогузу соодада деген акыйкатты уккан ар бир адам ушул тармакка баш уруп, оожалып байып кетмек. Ошентип отуруп сөздүн нугу миграцияга такалат. Мал күтүп, там тургузуп, жаңы машина айдагандардын көбү Россияга жа Казакстанга барып иштеп келгендер болуп чыгат. Мурдагы жылы жалгыз жаргак шымы менен кетти эле, быйыл бутуна туруп келип ойду омкоруп, тоону томкоруп, көргөн-уккандарды "ах" дедире дүнүйөсүн бир чачып кетти деп апа мактоого алган бирөөнүн баласы байкалбастан анын өз баласынын өрнөк тутар каарманына, кумирине айланат. Ушул сыяктуу дүнүйөпарас маекти угуп чоңойгон бала, албетте, өзү үчүн биринчи орунга кандай да болсо байып, эл курганды куруп, эл кылганды кылуу максатын коёт. Анын көөдөнүндө мектепти аяктап, паспорт алары менен "кайдасың кеңирсиген орус жергеси" деп жүрүп берүү көксөөсү акырындап бышып жетилет. Бала деген бала да, башка жакка мигрант болуп барсаң эле башыңдан ылдый алтын теңгелерди шагыратып куюп жиберер эч ким болбосун аңдай бербейт. Байыш үчүн канча убактыңды укум кылып, жылдарыңды, күчүңдү, акылыңды сарптап, керек болсо ден соолугуңду беришиң керектигин убагы келгенде катаал турмуш өзү түшүндүрөт. Байымак тургай кедерге кетүү, карызга батуу, банкрот болуу сыяктуу ачуу сыноолорго туш болбойсуң деген да кепилдик жок.

Дүнүйө ичине кирсең да, дүнүйөнү ичиңе киргизбе

Мына ушинтип бакыттан мурда байлыкты, акылдан мурда акчаны, билимден мурда бийик макамды ойлогон уул-кыздардын муунун билип-билбей өзүбүз тарбиялап жаткандайбыз. Демек, Кыргызстанды тышкы мигранттардын өлкөсүнө айланткан бир гана жумушсуздук сыяктуу экономикалык көйгөйлөр эмес, ушундай дасторкон четиндеги сөздөрдүн маани-маңызы да болуп саналат. Ошон үчүн бала-бакыранын көзүнчө эмнени айтып, эмнени коюуну өтө дыкат ылгоо керек. Бул алысты ойлогон адамдык акылмандык менен кадыресе тариздөөнү талап кылган маселе. Дүнүйөнүн түгөнбөс ташпишин кайра-кайра кайталап, кантип баюунун пикирин кыла берсең, угуп жана байкап отурган балаңдын жүрөгүндө дүнүйөгө болгон махабат орнойт. Бир жүрөккө эки сүйүү батпайт деген кеп бар. Дүнүйөнү арзуу жана эңсөө сезими ээлеген жүрөктө ыйманга, уятка, шүгүрчүлүк сезимине орун табылышы кыйын. Билгенге бул өтө чоң апаат жана алаамат. Себеби бала бара-бара ата-энени укпай калышы мүмкүн, бирок ичиндеги падышасы болгон өз жүрөгүн сөзсүз угат. Байлык, мансап сүйүүсүнө мелт-калт толгон жүрөгү ага кандай өкүм бермек эле? Кандай да болсо таап, топтоп, дүнүйөгө маары дейт. Эмне арам, эмне адал, каражат табууда кайсы жол туура, кайсынысы натуура экени кыпындай кызыктырып да койбойт. Көп мандемдин, балакеттин башы мына ушунда. Уурдамай, тономой, алдамай, карыздан коркпостук, ишенимге кыянаттык, паракорлук сыяктуу зулумдуктун түпкүрүндө жүрөктө калыптанган ошондой туура эмес ишеним турат. Дүнүйө ичине кирсең да, дүнүйөнү ичиңе киргизбе деген мааниге аргасыз муюйсуң.

Айтор байлык күтүүгө да чоң даярдык керек. Адам акысы, адилеттүүлүк, акырет сурагы, кайрымдуулук, садага ж. б. дегенди бербей туруп байлыкка кызыктырып, биз балдарга согуш өнөрүн үйрөтпөй эле мина же мылтык карматып койгондой кыянаттык кылып жатабызбы дейм.

Андыктан дасторкон четиндеги университеттин "окуу программасы" көбүрөөк илим-билимге, китепке, ыйманга, адепке, инсанияттын нарк-насилине, салт-санаага жана улуттук маданиятка багытталса дегим бар. Балдардын көзүнчө апасы атасын акча тап деп тили менен тирүүлөй араалаштын ордуна, балким жубайлык жылуу сезимдерди, таттуу сүйүүнү туюнткан жагымдуу сөздөрдү кобурашы керек. Ата да тамак үстүндө адамды чарчатчу дүнүйө сөзүнөн бир аз оолактап, баланын бактысын байытып, таалайын ташытар адамдык ариеттин үлгүсүн көрсөтүүгө далалат кылса. Пайгамбарыбыз деле тамактануу учурунда аялына таттуу даамдарды өз колу менен сунуп оозантчу экен. Мындайды көргөн балдар да кийин өздөрүнүн өмүр шериктерине ошондой мамиле жасайт тура.

Дасторкон четиндеги окуу жайдын сапатына өзгөчө маани берели, анткени улуттун угуту, элдин эртеңи кандай болору ошондон көз каранды. "Адегенде сөзү, андан кийин өзү болот" деп бекер айтпайт акылман кыргыз.

Жыйынтык сөз

Дасторкон университетинин өзгөчөлүгү жана маанилүүлүгү – андагы тарбия жараяны бала аны-муну түшүнүп калган бөбөк кезден тартып ата-эненин карамагынан чыгып, өз алдынча турмуш өткөрө баштаганча ондогон жылдарга созулат. Баланын көргөндү көргөндөй, укканды уккандай бүкүлү кабыл алып, толук сиңирген адам катары калыптануу курагы, демек, ошол окуу жайда өтөт. Сепкенибиз керек жана пайдалуу нерсе, жыйнаганыбыз ошонун берекелүү түшүмү болушу үчүн ушул университеттин мыкты устаты болууга ар бир ата же эне болчу жан олуттуу даярдануусу керек. Өлкөнүн, эл-жердин жана өз келечегебиздин кандай болору, көбүнесе ошого жараша.

917
Белгилер:
келечек, миграция, согуш, ата-эне, Университет, бала, дасторкон
Тема боюнча
Бизге позитив керек! Жашоону оң нукка бура турган 8 кадам
Кайдан келгениңди унутпасаң кайда баратканыңды унутпайсың. Моюндагы аманат
Кыз тапкан үй көрктүү. Кыргыздагы жеңелер институтунун мааниси
Россиянын Ил-96 учагы. Архив

Россия "Кыямат күндүн" жаңы учактарын куруу камында. Үчүнчү муундун өзгөчөлүктөрү