Кабулга жакын жерде турган афган полиция кызматкери. Архивдик сүрөт

Талибдердин ийгилигин Азиядагы чектеш мамлекеттер кандай кабылдоодо?

207
(жаңыланган 11:39 14.07.2021)
Коалиция күчтөрүнүн чыгарылышына улам Афганистандагы талибдердин таасири күчөгөн аймактардын саны артып келе жатат. Чектешкен өлкөлөрдүн буга реакциясы бир өңчөй эмес. Коңшулардын көпчүлүгү бул жагдайда өз оюнун жүргүзүүгө тырышууда.

Афганистан Ислам Республикасынын өкмөттүк күчтөр менен согушууда террорчулардын айдан-ачык ийгиликтери эл аралык консолидацияга алып келбеди, Бириккен Улуттар Уюму да тынчсыздануусун гана билдирүү менен чектелүүдө. Афганистандагы кырдаал кооптуу нукта баратат.

Кабул 10-июлга караган түнү тышкы өнөктөштөрүн, айрыкча, эң жакынкы Индия менен Кытайды бөлүп атап (өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүз), афган армиясы жана күчтөрүнө террорчулук менен күрөшүүдө техникалык жактан жардамдашууга чакырды. Анткен менен өнөктөштөр өздөрүн оолак кармап, бейтараптуулукту сактоого умтулууда деп белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.

Ага катар эле БУУнун расмий өкүлү талибдердин Тажикстан, Иран жана Пакистан менен чек аралардагы бир катар маанилүү өтмөктөрдүн басып алышына тынчсыздануусун билдирди. Өз арбайын өзү соксун деген тейде кандайдыр бир биргелешкен көмөк көрсөтүү (тынчтык орнотуучу операциялар) тууралуу талкуу да жок.

РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров өткөн апта аягында индиялык кесиптеши Субраманьям Жайшанкар менен сүйлөшүп, "талибдер Иран жана Тажикстан менен чектешкен жерлерде чек ара постторун ээлеп алышты. Мындай көрүнүштөр Афганистандын аймагында болуп жатканда эч кандай чара көрбөй жатабыз" деди. Ошону менен бирге эле Афган Ислам Республикасындагы абал Россияны союздаштарынын территориясына да жайылып кетүү коркунучунан улам кооптондурарын тактады.

Индия ТИМ башчысы Афганистандагы кырдаал "чөлкөмдөгү коопсуздукка түз кесепети болгондуктан өзгөчө көңүл бурдурарын" айтуу менен "Афганистанды ким башкарбасын, ал мыйзамдуу болушу абзел" деп кошумчалады.

Мурда аталган өлкөгө чектеш Кытай, Иран жана Пакистан Афганистандагы "абалдын салмактуу өзгөрүшү" үчүн чет өлкөлүк күчтөрдү иреттүүлүк жана жоопкерчилик менен чыгарууга чакырган. Бул процесс дээрлик аяктап калды.

Ушул тапта талибдердин өлкөдөгү бийликти күчкө салуу менен толук басып алып, ислам республикасын "ислам эмирлигине" айлантууга алып бара жаткан чечкиндүү арыштарына күбөбүз. Азыркы өкмөт жана башка саясий оппоненттери менен Доха макулдашуусун эске албастан же колунда кандайдыр бир мамлекеттик түзүлүштүн запастык варианты жок... Жакынкы коңшулардын буга реакциясы бир кылка эмес.

Табышмактуу Түркмөнстан

Талибдер 9-июлда Түркмөнстан менен чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пунктун басып алып, Афганистандын түндүк провинцияларындагы ийгилигин арттырууда. Бул Ашхабадды коопсуздуктун өзгөчө чараларын көрүүгө мажбурлайт. Маалымат каражаттары түркмөн аскердик командачылыгы Марый вилаятынын түштүгүнө кошумча күчтөрдү жеткиргенин маалымдоодо.

Кушка дайрасынын жээгиндеги Серхетабат калаасында танк батальон, артиллерия, атайын багыттагы күчтөр жана зооттолгон техникалуу бир нече башка бөлүктөр топтоштурулган. Анын реакциясы мыйзам ченемдүү жана күтүлгөндөй эле. Бирок Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги 11-июлда афган чек арасындагы кырдаалдын курчушу, ага куралдуу күчтөрдүн жана аскердик техниканын тартылышы тууралуу маалыматты четке какты.

Ашхабад: "Эки коңшу мамлекет жана калктын достук алакасынан улам түркмөн-афган чектешкен жери достук жана кызматташтыктын чек арасы болуп саналат" деп билдирди.

Чыгыш кылдаттыкты талап кылат эмеспи. Түркмөн тараптын "Талибан"* менен да тил табышып, расмий Кабул менен да коңшулук мамилесин сактап келет. "Талибандын"* өкүлдөрү 10-июлда Ашхабадга экинчи ирет барып, Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Вепа Хажиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Муну Катардагы талибдердин саясий кеңсесинин өкүлү Мохаммад Наим Вардак тастыктады. Түркмөнстан расмий Кабулдун кыжырына тийгиси келбейт, ошентсе да талибдер менен сүйлөшүүлөрдө өз ара коопсуздук маселелери жана качкындардын агымын бөгөттөө варианттары талкууланган.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги 7-июлда Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясий мекемелеринин өкүлдөрүнүн конференциясын уюштурган. Анда Афганистандагы абалды турукташтыруу боюнча чогуу көрүлчү аракеттер талкууланган. Мурда (1-июлда) түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Коопсуздук кеңешинин кеңейтилген жыйынын өткөрдү. Чек арадан Марый жана Лебап вилаяттарындагы ракеталык орнотмолорду жайгаштыруу, Мары-2 аскердик аэродромуна кошумча авиатехникаларын, атап айтканда, чабуул коюучу, тик учак жана сокку уруучу авиатопту тескөө пунктун жеткирүү тууралуу кеп жүргөн.

Катаал Өзбекстан

Чектешкен Афганистандагы аскердик аракеттер күчөп турганда чөлкөмдөгү эң күчтүү өзбек армиясы (Global Firepower рейтингинин версиясы боюнча) толук даярдыкта. Ошол эле убакта Өзбекстан Республикасы ЖККУга кайтуу маселесин караган жок.

Өлкө президентинин басма сөз кызматы жана анын администрация башчысынын орун басары Шерзод Асадов 12-июлдагы брифингде: "ЖККУга мүчөлүк боюнча сунуш алган жокпуз. Анан да биздин мыйзам аскердик базаларды түзүү жана мындай уюмдарга кошулууга тыюу салат", - деди. Бул билдирүү Афганистан Ислам Республикасынын азыркы өкмөтү менен алакага эч кандай залал келтирбестен Афганистандагы болжолдуу "жаңы бийлик" менен байланышка бара тургандай таасир калтырат.

Эгер афган тараптан чек ара эрежелерин бузуу Өзбекстандын коопсуздугуна коркунуч туудура баштаса, ак санатай бейтараптуулук ыкчам аскердик жооп берүүгө өтөт. Эске салсак, 23-июндагы талибдер менен салгылаштан бери ондогон афган чек арачы жана жоокерлери Өзбекстандын территориясына улам чегинет, принципиалдуу түрдө аларды кайрадан артка жөнөтүшөт. Бейтараптуулук болушунча катаал.

Россиялык Борбордук аскердик округунун мотоаткычтар, артиллериялык инженердик бөлүктөрү Өзбекстанда жергиликтүү кесиптештери менен сириялык тажрыйбасынан бөлүшүүдө.

Программада заманбапташтырылган БТР-82 зооттолгон транспортерлордун куралдарын пайдалануу менен ок атууга даярдык, чалгындоочу техникалык каражаттарды колдонуу менен артиллерия огун башкаруу, гранатометтордон көзөмөлдөөчү ок атуу көнүгүүлөрү, мотоаткычтар бөлүгүнүн курамындагы күндүзгү жана түнкү тактикалык машыгуулары камтылган.

Өзбекстан тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жакында эле ислам эмирлигинин кайтышын кабыл албай турганын, бирок афган каатчылыгынын аскердик чечими болбостугун билдирди. Анын пикиринде, Афганистан Борбор Азиянын интеграцияланган бөлүгүнө айланышы маанилүү. Мындан тышкары, "Афганистандагы тынчтык процессине чөлкөмдүк жана эл аралык бирдиктүү ыкма зарыл" экендигин да кошумчалаган. Бул – жөнгө салуунун өтө татаал схемасы.

Республикада "Талибан"* расмий түрдө террордук уюм деп саналбайт, бирок Фарьяб провинциясында тартылган талибдердин тасмасында катардагы согушкерлер өзбек тилинде сүйлөшкөнү угулат. Бул Ташкент үчүн олуттуу нерседен коңгуроо кагат.

Кызып турган Тажикстан

Афганистандын түндүк провинцияларындагы салгылаштар, Душанбеден 150 чакырым аралыктагы чек арадагы атышуулар Тажикстанды катуу тынчсыздандырууда. Тажик армиясы түштүк чек араларын чыңдоо үчүн запастагы 20 миң аскерди кызматка чакырды. 1300дөн ашуун чакырымга созулган тажик-афган чек арадагы инженердик жабдуу үлгүлүү болуп саналбайт, түштүк тараптан 900 чакырымдан ашуун тилкени талибдер көзөмөлдөөдө. Афган качкындарынын агымы менен бирге эле дагы бир кооптуулук туулат: Тажикстанга террорчулар жана баңгизат да кириши ыктымал. Душанбе Борбор Азиядагы баш калааларга караганда "Талибанга"* карата достук мамиле кылары күмөн.

Террорчулар менен күрөштө күн сайын Афганистан Ислам Республикасынын улуттук коопсуздук күчтөрүнүн ондогон жоокери жана офицерлери набыт болууда. Афган провинцияларынын көпчүлүгүнө талибдердин чабуулу коюшу "Аль-Каиданын"* согушкерлерин активдештирди. Топ жасалма жардыргыч түзүлүштөрдү, мина коюлган автомобиль жана жан кечтилерди пайдаланууда. Жакындагы эле терактыларда ондогон аскер кызматкерлер жана жай жарандар каза болду.

Мындан сырткары, Афганистанда азыр ислам мамлекетинин* Сирия жана Ирактан качкан 10 миң согушкери бар. Тажик, кыргыз, өзбек, уйгур, кавказдыктар – булардын баары чек арадан өтүп, Тажикстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө келиши мүмкүн.

Афганистандан чыгарда АКШнын атайын кызматы чөлкөмгө бүлүк салууну көздөп атайын ИМ* согушкерлерин чек араларга жакын Бадахшан жана Тахарга "сээп" кеткен болсо да таңгалып болбойт. Афган согушу ЖККУга мүчө-өлкөлөргө азырынча түз өтө элек, ошентсе да Тажикстандын тургундары катуу чочулап, "Талибандын"* коңшулаш өлкөлөрдүн чек аралары бузулгус экени жөнүндөгү билдирүүлөрүнө алар ич ара маселелерин чечип алганча гана ишенүүгө болорун белгилешет.

"Афган казаны" жарыларын эске алсак, РФ Коргоо министрлиги соңку он күн аралыгында түштүк багытта ар кыл машыгууларды өткөрүүдө. Россия Тажикстандын коопсуздугун камсыздоо үчүн 201-аскердик базасынын бөлүктөрүн зарыл учурда тартууга даяр. ЖККУнун ыкчам тобу түздөн-түз тажик-афган чек арасында аракет этүүдө.

Чечкиндүү Иран

Талибдер Иран менен чек араны 9-июлда көзөмөлгө алды. Тегеран Афганистан менен чек арасына атайын багыттагы 65-аба-десанттык бригадасын жана оор зооттолгон техниканы, анын ичинде Т-72С жана БМП-2 жайгаштырган. Ошону менен бирге эле Иран Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде фронт жакындаганы менен Афганистан менен чектешкен райондордо кырдаал көзөмөлдө экенин маалымдайт. Талибдер Ислам-Кала жана Абу Наср Фарахи чек ара бекеттерин басып алган соң бир нече афган адистери баш паанек издеп Иран аймагына өтүшкөн.

Иран Ислам Республикасынын Бажы башкармалыгы талибдер басып алгандан кийин Афганистан менен чек арадагы көзөмөл пунктулары аркылуу экспорттук жүктөрдү ишканаларга жөнөтпөөнү кескин түрдө өтүнгөн.

Тегерандын афган "эмирлигинин түптөөчүлөрүнө" мамилеси өзгөчө. Шииттик Иран талибдердин "мамлекетинин" фундаменталисттик сунниттик үлгүсүн кабыл алууга даяр эмес. Анан да бир топ жылдан бери "Талибан"* (ал тургай өлүм жазасы да чек арадагы курьерлерди тизгиндебей келет) тескеп келген афган наркотрафигине каршы катуу күрөшүп келет.

БУУнун маалыматына таянсак, афган наркобарондорунун жылдык кирешеси – 70 млрд. доллардын терегегинде. Алар талибдерге апийим өстүрүү жана сатууга киргизилген "салыктын" 10%ын төгөт. Америкалыктар чыгып кеткен соң бул көйгөй дагы күчөйт. Эгер баңгизат өндүрүшү толук жоюлса, Афганистанда калктын 95 пайызы жакырланат. Андан улам Ирандын жакынкы келечегинде чектешкен өлкөдөгү "жаңы бийликтен" Иран жарытарлык нерсе күтпөйт.

Пакистан, Кытай, Индия – Азиянын "табышмактуу үчтүгү"

Талибдер менен мамиледе "ак тактар" баарынан Кытай, Пакистан, Индия менен көбүрөөк. Афганистан менен чектешкен үч өлкөнүн жалпы калкынын саны – 3 миллиарддан ашуун, Кабулга аскердик-саясий жана экономикалык таасири эбегейсиз. Эгер Пекин, Исламабад жана Нью-Дели биргеликте аракеттенсе, анда Афганистандагы согуш өткөн кылымда эле биротоло аяктап калмак.

Талибдер ок жаадырып турганда бир сутка ичинде 160 афган аскер кызматкери Пакистандын аймагына өттү. Дал ушул мамлекеттин колдоосу менен 1994-жылы "Талибан"* кыймылы жаралып, бачым эле күчкө толгон (эки жыл өтпөй Кабулду алган).

Ал эми бүгүнкү күндө Исламабад "окуучуларына" эч кандай таасири жоктой түр көрсөтөт. Бирок бул уюмга тектеш "Аль-Каида"* уюмунун түптөөчүсү Усама бен-Ладен өмүрүнүн аягына дейре Абботтабаддагы Пакистан аскердик академиясынын 1 300 метр аралык нары жайгашкан тамда үй-бүлөсү менен жашаганы белгилүү. Бул кандайдыр "негизги баалуулуктары" жана террордук уюмдардын башкарылуусун ачык айгинелеп турат.

Албетте, Борбордук жана Түштүк Азиядагы Пакистандын кызыкчылыктары көп учурда Кытай менен Индияныкына шайкеш эмес. Индия жана Кытай өнүгүүдө атаандаш, улуттук кызыкчылыктарында "афган картасын" пайдаланууга ниеткер. Кытайлык Global Times гезити: "Маанилүү кошуна жана ири держава катары Кытай мында алакан куушуруп отурбайт, афган маселелеринен четте кала албайт", - деп жазды. Канткен күндө да өз жолу менен барат. Бул эмнени туюндурат?

Financial Times басылмасынын маалыматына таянсак, Кытай Афганистанда талибдерге кызматташууну сунуштаган, бирок ал үчүн уйгурлардын "Чыгыш Түркстандын ислам кыймылы" менен кызматташуудан баш тартууга тийиш. Мында Пекинди талибдердин идеология жана мамлекеттик долбоорлору эмес, Улуу Жибек Жолунун болочогу, экономика түйшөлтүшү мүмкүн.

Индия чечкиндүү түрдө Кабулдагы азыркы өкмөт менен кызматташууга ниеттенип, мыйзамсыз "Талибанга"* карата дипломатиялык реверанстарды кабыл албайт. Ошентип, жогоруда баяндалган бул үч чектеш жана күчтүү өлкө Афганистанда туруксуздук узакка созуларын гана кепилдейт. Ал эми анын кесепети жакынкы коңшулардын ар бирине тийиши ыктымал.

* – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюмдар.

207
Белгилер:
чек ара, дипломатиялык мамиле, 'Талибан' кыймылы, АКШ, НАТО, согуш, Иран, Кытай, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Афганистан
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (50)
Тема боюнча
ЖККУ: талибдер тажик-афган чек арасынын дээрлик баарын көзөмөлүнө алышты
Афганистан: элдешкис талибдер, аскер качкындар, Пакистан менен Түркиянын көлөкөсү
Россиянын Ил-96 учагы. Архив

Россия "Кыямат күндүн" жаңы учактарын куруу камында. Үчүнчү муундун өзгөчөлүктөрү