Уул баладан канткенде чыныгы эр жигит чыгат? Эненин ой толгоосу

© Sputnik / Табылды КадырбековБала жайлоодо самоорго чай даярдап жатат. Архив
Бала жайлоодо самоорго чай даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Жазылуу
Аялдарга карата зордук-зомбулук тууралуу кеп кылганда кыз балага билим бериш керектигин көп айтабыз. Ал эми ошонун баарын кылып жаткан эркек балагачы? Колумнистибиз Бегимай Бакашева бул маселенин тегерегинде ой калчады.
Бир нече күн мурун үйгө кетип бара жатып, маршрутканын эң акыркы (төрт кишилик) орундугуна отуруп калдым. Жанымда менден болжол менен 5-6 жаш кичүү бала отурган. Башында эле эки тарабында тең аял кишилер отурганына карабай колу-бутун кенен таштап коюп, өзү жалгыз келе жаткандай мамилеси жаккан эмес. Өз аялдамама жеткени калганда "мени өткөрүп иесизби?" десем, жайылып отурган жеринен козголуп да койбой, бир аз гана артка жылымыш этип "өтө бер, эмне баптайсыңбы?" десе болобу? Мен ошол тейде өтүш үчүн дене боюм менен ага жабышып өтүшүм керек эле. Көзүмдүн чекчейе түшкөнүн андан кийинки орундукта отурган кыз көрө калып, "мен дагы түшөм, бул бала мен отурган жерге жылып алсын" деп безеленип ийди. Менин "коңшум" ал жылып кеткенден кийин гана араң козголду. Көз карашынан бир дагы уялуу же өкүнүү сезилген жок. Ичинен мени итке-кушка, оюна келген башка толгон-токой жаман нерселерге теңегени көрүнүп эле турду. Ачыгын айтыш керек, мен деле сыртка угулбаган үнүм менен аны бир топ тилдедим.
Өмүрүндө биринчи жана акыркы жолу көргөн адамды бир нече мүнөттүн ичинде ушунча бушайман кылган кишинин дайыма жанында жүргөндөр кантип жатат болду экен деген ой кетти. Бир туруп оптимисттенип, балким маанайы жоктур, чарчап келе жаткандыр деп коем. Бирок тарбия көргөн киши чарчамак түгүл, жатып калса деле аялзатына андай орой мамиле жасабайт эле.
Сборка юрты на джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Кыргыздын дасторкон четиндеги университети. Баланын кулагы кандай сөзгө бышат
Өзүм дагы эркек балдардын энеси болгондуктан мындай жагдайлардан кийин санаа тартат экенсиң. Балким мен дагы туура эмес тарбия берип, уулдарым көңдөй, алсыз, арсыз, мурдунан аркыны көрбөгөн орой, алды-артын карабаган, же өзгө, же өзгөгө жарыгы тийбеген бир акмак болуп чоңойсо кантем?
Коомубузда аялдардын эркек тарабынан кордолгон, ал тургай өмүрүнөн ажырап калган мисалдары аз эмес. Бирөөнүн мончоктой кызын ала качып барып, отурбай койгон жеринен зордоп, өлтүрүп коюп жатышат. Балдарынын энесинин мойнуна дөңгөлөк илип алып сабагандар дагы болгон...
Психолог Нуриза Батырбекованын айткандарына караганда, башкаларга карата мындай мамилени өзүнө ишенбеген, жан дүйнөсүндө комплекси бар адамдар жасайт . Анда кантип психологиялык жактан телегейи тегиз эр жигитти тарбиялаш керек?
© Sputnik / Асел СыдыковаПсихолог Нуриза Батырбекова
Психолог центра укрепления семьи Данакер Нуриза Батырбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Психолог Нуриза Батырбекова
Буга жооп издеп отуруп, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратов менен сүйлөшүп калдым. Агайдын пикиринде, жакшы эркек болуш үчүн бала кичине кезинен тарта эркек экенин сезип, мойнунда чоң жоопкерчилик бар экенин билиши керек.
"Илгери кыргыздар эркек баланын тарбиясына туулгандан тарта өзгөчө көңүл бурушкан. Мисалы, мурда эркек баланын гана тушоосу кесилчү. Сүннөткө отургузганда чоң той өткөрүп, элден бата алып, тай мингизишчү. Мында бала өзүнүн маанилүү, керектүү адам экенин сезет. Ошентип 11-12 жашынан колуна курал алып, жаа тартып, өзүн жоокер элестетет. Мындай балдардан кийин чыныгы эр-азаматтар чыккан", — дейт профессор.
Ошондой эле ал азыркы тарбиянын чоң өксүгү эркелик экенине токтолду.
Бакдөөлөт коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Эл качан бузулат? Салт менен кааданын айырмачылыгы тууралуу маек
"Айрым энелер балдарын аша чаап эркелетип, "эркек болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол" деген принцип менен тарбиялап жатышат. Кийин ошондой балдардан кыз ала качкандар, бандиттик топторду түзгөндөр, аял кишиге кол көтөргөндөр чыгууда. Баланы уруп-согуп эмес, түшүндүрүү, үйрөтүү жолу менен катуу кармаш керек", — деди Муратов.
Баланын тарбиясындагы эненин ролуна психолог Саадат Сыдыкова дагы чоң маани берди. Анын айтымында, келечекте татыктуу инсан боло турган баланы тарбиялагысы келген эне өзү эмоционалдык жактан туруктуу болушу керек. Тагыраагы, баласын ар тараптан колдоп, ошол эле учурда ага эркиндик берип, тандоосун сыйлашы зарыл. Ал эми ата-эне өз оюн гана таңуулап, басмырлап турган балдардан көбүнесе коркок, алсыз адамдар чоңоет.
© Sputnik / Эркин СадыковПсихолог Саадат Сыдыкова
Бишкекский психолог Саадат Сыдыкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Психолог Саадат Сыдыкова
Билген адамдардын мындай кеп-кеңешин уккан соң уулдарымдын тарбиясындагы айрым нерселерге ынанып, айрымдарына оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизе баштадым. Балким менден башкаларга дагы мунун пайдасы тиер.
Эмнеси болсо дагы аталарыбыз, ага-инилерибиз, уулдарыбыз таянар тообуз болсун. Кыргыздын жигиттеринен акылы тунук, билимдүү, алдуу-күчтүү, намыскөй, аялзатына ызат мамиле кыла билген эр-азаматтар чыксын!
Жаңылыктар түрмөгү
0