Афганистандын коопсуздук күчтөрүн колдогон жүздөгөн куралчан адамдар. Архивдик сүрөт

Афганистандагы согуш Борбордук Азияны көздөй "жылууда". Опкоолжуткан фактылар

759
(жаңыланган 15:11 23.07.2021)
Эксперт Афганистандагы согуштун Борбордук Азия үчүн кооптуулугу барган сайын арбып жатканын белгиледи.

Аймактардагы жаңжалдар өзүнүн объективдүү мыйзамдарына ылайык уланат. Буга Афганистандын түндүгүндөгү согуштук аракеттердин акырындап Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектешкен түштүк аймактарына жылып жатышы далил.

Афган чыры күчөп, Борбордук Азия үчүн кооптуулук да арбып бара жатат. Бүгүнкү күндө тажик-афган чек арасын (80-90 пайызы) толугу менен "Талибан"* көзөмөлдөөдө, бирок маселе мында да эмес. Россия ТИМинин жетекчисинин орун басары Андрей Руденконун берген маалыматы боюнча, Афганистандын түндүк провинциялары "Аль-Каида"*, "Ислам мамлекети"* сыяктуу көп сандагы эл аралык террордук топтор позициясын бекемдеген аймактарга айланууда. Регионго Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын согуш жүргөн жерлериндеги террорчулар тартылып жатат. Борбордук Азиядан чыккандарды азгыруу иши катуу жүрүүдө.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 22-июль күнү Душанбеде өткөн аскер парадында өлкө эч убакта коңшуларына каршы армиясын колдонбой турганын белгиледи. Бирок афган согушу акырындап Пяндж дарыясынан түндүк тарапка өтүп бара жатат.

Ага чейин талибдер Афганистандын 1 600 жоокерин Тажикстанга өтүүгө аргасыз кылган. Алардын айрымдары "Талибанды" көздөй Тажикстанда туруп ок атууну уланткан. Андан кийин афгандыктар өз өлкөсүнө башка жагынан кирип, талибдерге чабуул жасаган.

Бул тактикалык эпизод нейтралитет жана коңшулук мамиле тууралуу эле эмес, кырдаал курчуп кетиши мүмкүн экенин да айтып турат. Бир күнү талибдер каршылашын ок менен токтотууга аракет кылат, чек арадан өтүп кеткенин "байкабай калат" да, жергиликтүү тургундарга зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Эл андайды кечирбейт. Ошондо анан Борбордук Азиядагы согуштук аракеттер реалдуулукка айланат.

Түркмөнстан жабык өлкө экени маалым. Ошентсе да каза болгон 18 түркмөн аскердин туугандары ЖМК аркылуу окуя Афганистан менен чектешкен Марый вилаятында болгонун айтышууда. Ал эми расмий маалымат боюнча, эки офицер менен 16 жоокер автокатастрофадан көз жумган. Кандай болгон күндө да талибдер Түркмөнстан менен чек арадагы көзөмөл пунктун 9-июлда эле басып алышкан. Ашхабад буга Марый вилаятынын түштүгүнө кошумча күч, артиллерия жана техника тартып жооп берген эле. Кырдаал оор.

Божомол кандай?

Рахмондун параддагы кайрылуусу негизинен оптимисттик маанайда болгону менен президент тажик-афган чек арасындагы абалды өтө оор деп баалады. Учурда кызмат өтөп жаткан 100 миң аскер кызматкери, запастагы 130 миң жоокер менен офицер толук даяр болушу кокусунан эмес. Эгемендүү Тажикстандын тарыхында биринчи жолу кездешип жаткан көрүнүш.

Рахмон Афганистандын түндүгүндөгү кырдаал өтө оор бойдон калып жатканын айтып, күндөн-күнгө татаалдашып жатканын белгиледи. Чек араны кайтаруу жана түштүк аймакта бардык күчтөрдү мобилизациялоо ушу тапта Тажикстандын башкы маселеси болуп турат. Коңшулар менен акыры согушуп калуусу толук мүмкүн.

Афганистандын президенти Ашраф Гани талибдердин өлкөнү террорчулардын баш калкалоочу жайына айлантуу ниети бар экенин, уюм "Аль-Каида"* жана пакистандык "Джаиш-е-Мухаммад"*, "Лашкар-е-Тайба" топтору менен байланышып турарын жар салды. Ошондой эле Кабулдагы Атайын операциялар корпусунун аскер кызматкерлерине алдыдагы жарым жылда абалды жакшырта турган коопсуздукту камсыздоо планы тууралуу айтып берди.

Карапайым калк президентинин этияттыгына макул эмес экени айгине. Афганистанда учурда талибдерден тышкары "Ислам мамлекетинин"* 10 миңдей согушкери жүрөт. Тарыхка кайрылсак, 1989-жылы Афганистандан советтик жоокерлер чыгарылгандан кийин ошол кездеги президент Мохаммад Наджибулланын демократиялык өкмөтү моджахеддер менен үч жыл согушуп, аягына чыга алган эмес. Азыркы өкмөт менен президент Ашраф Гани канчага туруштук бере алары белгисиз.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб начальниктеринин бириккен комитетинин башчысы, генерал Марк Милли 21-июлда "Талибан" Афганистандын аймагын басып алып, стартегиялык жактан үстөмдүк кылып жатканын белгилеген. 419 уезддик борбордун 210у азыр талибдердин көзөмөлүндө. Бирок Милли афган армиясы күч топтоп, Кабул менен башка ири шаардын жашоочуларын коргоо үчүн райондук борборлорду атайылап эле "берип" жатат деп эсептейт. Буга чейин президент Жо Байден да АКШ менен НАТО күчтөрү чыгып кеткенден кийин афган өкмөтүнүн талибдерге каршы турууга алы жетерин айткан. "Талибандын" ийгилигин карап отуруп Гани, Милли жана Байдендин оптимизми анча ишенич жаратпай жатат.

Ал арада Афганистанда таасирин күчөтүүнү каалаган коңшулар Пакистан менен Ирандын аракети да тынчсыздандырууда. Булар талибдерге каршы чыккан афган шииттеринин "Хашд аш-Шиа" уюмун жетектейт деп айтылат. Негизи эле Пакистан менен "Талибандын" тарыхый байланышы тууралуу айтчу сөз арбын. Ал эми афган шииттерин Сириядагы согушка деп Ислам революциясын коргоочулар корпусунун адистери даярдаганы божомолдонуп келет.

Афганистанда 30дай террордук уюм бар экени айтылууда. Булардын саны өкмөттүк күчкө каршылык көрсөтүүгө жетет. Балким талибдердин чабуулу шииттердин мобилизациясына түрткү болуп жаткандыр, негизи эле ар кыл "партизандык" түзүлүштөрдүн аскердик даярдыгына баа берүү кыйын. Булардын арасында жалаң кыз-келиндерден турган отряддар бар экени айтылып келет. Кандай болгон күндө да Ашраф Ганинин администрациясы иран жетекчилигин Афганистанда төңкөрүш жасоого аракет кылган деп шектенүүдө. Кабул менен Исламабаддын да мамилеси көңүл жылытпайт.

Оор күндө калтырбаган Россия

Афганистанда абал курчугандан бери Россия Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен дайым байланышта. Бейшемби, 22-июль күнү, Россия менен Тажикстандын президенттери Владимир Путин жана Эмомали Рахмон телефондон Афганистандагы кырдаалды талкуулашты. Зарылдык жаралса Москва Борбордук Азия өлкөлөрүнө жардам берүүгө даяр.

РФ Куралдуу күчтөрүнүн атайын жана тынчтык орнотуучу күчтөрү август менен сентябрда Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын аскер күчтөрү менен биргелешкен тогуз маневр жасашат. Масштабы өтө кеңири болору айтылды.

Иш-чарага Россия тараптан Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базалардын авиатоптору, армиянын спецназ бөлүктөрү, атайын дайындоодогу Псков жана Новосибирск бригадалары, Ульяновск десанттык бригадасы жана 55-тоо, 15-тынчтык орнотуучу бригадалары катышмакчы. Бул Шанхай кызматташтык уюмунун (Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан) күзүндө өтчү "Тынчтык миссиясы — 2021" машыгуусуна катыша турган 4000 аскер кызматкерин эсепке албагандагы көрсөткүч. Тажикстандагы аскер базасынын бөлүктөрү ушу тапта пландык жана пландан тышкаркы окуулардан өтүп жатат.

Афганистан менен чектешкен Сурхандарья облусундагы (Термез полигону) Россия менен Өзбекстандын бергелешкен машыгуусуна Борбордук аскер округунун сокку уруучу авиациясы тартылууда. Кыргызстандагы биргелешкен аскер базасынын Су-25СМ штурмовиктеринин экипажы 30-июлдан 10-августка чейин "Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык бүтүндүгүн сактоону" максат кылган аскер бөлүктөрүн абадан колдоп турмакчы. Аталган окуу-машыгууда россиялык контингенттин негизин Борбордук аскер округунун атайын дайындоодогу бригадасы менен тынтык орнотуучу күчтөрү түзөт.

Тажикстандын Хатлон облусундагы Харб-Майдон полигонунда 5-10-август күндөрү Россия, Өзбекстан жана Тажикстан аскерлеринин биргелешкен маневрлары өтөт. Афганистан менен чектешкен жерден 20 чакырым аралыкта өтчү иш-чарага Россия тараптан жаңы бронетехника менен күчтөнгөн 201-аскер базанын бөлүктөрү катышат.

Эскерте кетсек, июнь-июль айларында талибдер афган армиясынын көптөгөн аскердик базаларын басып алып, арсеналына ээлик кылууга жетишти. Бул — согуштук мүмкүнчүлүктөрдү кыйла жакшыртчу АКШ өндүрүшүнөн чыккан ондогон артиллериялык система, жүздөгөн сооттолгон машина, курал-жарак, тонналаган ок-дары. Мунун баары Афганистан менен чектешкен Борбор Азия өлкөлөрүнө кадимкидей коркунуч жаратат. Бүгүн талибдер афган бийлигин толугу менен басып алууга аз калды, эртең эмне болот?

* — Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыз

759
Белгилер:
Афганистан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, согуш, Россия, Аскер, жоокер, Борбордук Азия, 'Талибан' кыймылы, машыгуу
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (229)
Тема боюнча
ЖМК: АКШ Афганистандан 12,5 миң жаранды алып кеткени жатат
Төөдө отуруп жолдо бараткан жаш балдар. Архивдик сүрөт

Көч бул фешн, көч бул коммуникация. Жашоо кумарын арттырган улуу сапар