Талибан согушкерлери. Архив

Талибдер чабуул коюп, АКШ калааларды бомбалоодо. 100 миң качкын бул башталышы гана

342
(жаңыланган 00:00 28.07.2021)
Афганистан Ислам Республикасы аскердик-саясий жактан жардан ылдый кулап барат. Касташкан тараптардын ар кай багыттагы кызыкчылыктары өлкөнү жана элди туш-туштан талкалоодо.

АКШнын Аскердик-аба күчтөрү Афганистандын шаарларын бомбалап, талибдер чабуулун күчөтүп, ортодо эки жак тең жай тургундарды жок кылууда. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко “эки дөөнүн ортосунда” өмүр менен кош айтышкан, запкы жеген адамдардын абалына токтолуп, Борбор Азия өлкөлөрү жана Россиянын террорчулардын чөлкөмгө өтүшүн бөгөттөө аракеттерине баам салган.

Борбор Азияда баш калкалоону көздөгөн афган качкындарынын агымы улам арбып жатат. Тажикстан 100 миң кишини кабыл алууга даяр. Афганистан чек араларына жакын жерлерге Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Россиянын күчтөрү машыгууларды өткөрүү үчүн тартылууда.

Афганистандын Аскердик-аба күчтөрү дүйшөмбү күнү Талукан шаарынын чет жакасында жайгашкан талибдерге сокку урду. Аталган калаа Тажикстан менен чек арадан 46 чакырым аралыкта турат. Натыйжада 20дан ашуун согушкер жок кылынды. Жабыр тарткан жай жарандар туурасында маалымдалган жок, бирок андай тар жерде согушкерлер менен катар башка жоготуулар да болбой койбосу анык.

Бириккен Улуттар Уюмунун миссиясы (UNAMA) быйыл алгачкы алты айда Афганистан Ислам Республикасынын жарандарынын арасындагы курмандыктардын саны 5 183 кишиге жетти деп билдирди. Жарадар болгону да миңдеп саналат. Бул көрсөткүч 2020-жылдагы январь–июнь айларындагыга караганда 47 пайызга көп. Болгондо да өлтүрүлгөн жана жарадар болгондордун 46 пайызы – аялдар жана балдар. Ал эми 25 пайызын өкмөттүк күчтөрдүн жоготуулары түзөт.

АКШ Куралдуу аба күчтөрү Афганистан армиясын колдоо үчүн абадан сокку уруусун күчөттү. Америкалык генерал Кеннет Маккензи жакынкы апталарда бомбалоону улантып, афган өкмөтүн “оор сыноолор” күтөрүн жоромолдойт. Пентагон 21 жана 22-июлда америкалыктар тарабынан Афганистанда 4 сокку урулганын кабарлаган.

Өз кезегинде талибдер АКШ Куралдуу аба күчтөрүнүн соккуларын сынга алып, Кандагар менен Гильмендде согушкерлер гана эмес, жай тургундар да набыт болгонун айтышкан. "Талибан"* согуш улана турган шартта “өз территориясын катуу коргоп”, чабуулдук операцияларды күчөтүүнү көздөйт.

Согуштун аяктаар түрү жок. Айыгышкан согуштук аракеттер Нангархар, Пактика, Логар, Газни, Кандагар, Герат, Балх, Жаузжан, Саманган, Сары-Пүл, Гилменд, Бадахшан, Кундуз жана Баглан провинцияларында дале уланууда.

Афганистан Ислам Республикасынын өкмөтү түнкүсүн согушкерлердин кыймылына жолтоо болуу үчүн 34 провинциянын 31инде коменданттык саат жарыялаган. Анткен менен Пакистандын аскерлери Афганистандын талибдердин көзөмөлүндөгү чек ара аймактарында эркин жүрүп, башкача айтканда "Талибан"* менен өз ара кызматташат. Чыгыштагы Нангархар провинциясынын губернатору Зия-уль-Хак Амархейль кечээ өлтүрүлгөн согушкерлердин арасында пакистандык 39 адамдын да сөөгү аныкталганын маалымдады. Sputnik сайтында буга дейре “окуучулар” кыймылынын өнүгүшүндөгү Исламабаддын өзгөчө ролу кеңири макала жарыяланган.

Борбор Азияга урулган сокку

Талибдер өз көзөмөлүндөгү аймактарын кеңейтип келет. Жергиликтүү калкты эзип, басып алышкан райондордогу аялдар менен балдарды күң жана кул катары санайт. Жергиликтүү жашоочулар катаал жаңы эрежелерден, зордоп нике кыйдыруу, жашы жете элек “жихадчыларды” жаратуу аракеттеринен катуу чочулап жатышат.

Согушкерлер АКШ менен кызматташкан “саткындарды” издеп, өлтүрүүдөн артка кайтышпайт. АКШнын иммиграциялык визасына 20 миң афгандык котормочу тегин жерден документ тапшырбады. Хост провинциясында талибдер соту, тергөөсү жок эле 32 жаштагы котормочу Сухайл Пардистин башын алышты.

The Wall Street Journal 22-июлдагы санында Вашингтондун 35 миң афганистандык котормочуну жана алардын үй-бүлөсүн Катар жана Кувейттеги америкалык базаларга жайгаштырууну пландап жатканын жазды. Коллаборационисттердин баары эле тегиз АКШ визасын алып же “араб меймандостугун” көрүүгө үлгүрөрү күмөн.

Афган президенти Ашраф Гани талибдер "Аль-Каида"*, пакистандык "Жаиш-е-Мухаммад"* топтору, "Лашкар-е-Тайба"* менен ымалалаш экенин, республиканы террорчулар үчүн үчүн баш паанек өлкөгө айлантууну көздөшөрүн белгиледи. Россия Тышкы иштер министрлиги да ушундай пикирде. Чындап эле Афганистанда отуз чакты ар кандай террордук топ бар, анын ичинде Ислам мамлекетинин* 10 миң согушкери да ушул жерде баш калкалайт. "Аль-Каиданын"* өкүлдөрү 15 афган провинциясына жайылган.

Мындай кооптуу “бирикме” азыркы Кабул өкмөтү же болжолдуу талибандык* бийлик орносо да жергиликтүү элди дагы бир топ жыл бою согуштан башын чыгарбай турганынан кабар берет. Афганистандагы эл аралык терроризм жөн эле жок болуп кетпейт.

Афгандык качкындардын саны дагы артары талашсыз. Эске салсак, 1996–2001-жылдардагы “эмирлик” тушунда талибдерге баш ийбеген Панжшер провинциясында өлкөнүн согушкерлер басып алган борбордук жана түштүк райондорунан 500 миңдей качкын бар эле. Алар ач-жылаңач, азык жана суусуз күн өткөрүшкөн. Бирок талибдердин бийлиги андан да катаал эле...

Эгер эртең өз жеринен “ислам эмирлиги” тарабынан сүрүп чыгарылган жүз миңдеген афгандык Борбор Азияга агылса, Афганистанга чектешкен Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда гуманитардык каатчылык кооптуулугу эбегейсиз болушу мүмкүн.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин башчысынын орун басары Эмомали Иброхимзода өткөн жума күнү республика өлкөнүн Коргоо министрлигинин полигондорунда 100 миңден ашуун афган качкынын кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Мындай көрсөткүч кыйла реалдуу, бирок али так эмес, жыл соңуна дейре мындан он эсе көп болушу да, Борбор Азия өлкөлөрүн чоң соккуга кабылтышы да ыктымал. Ушундай көйгөйдү чечүүнүн варианттарын биргеликте алдын ала иштеп чыгуу абзел.

Ачууну ачуу менен басып...

Талибдер чектешкен өлкөлөрдүн чек арасын бузбоого убада кылышкан, бирок Афганистандын түндүгүндөгү согуштук аракеттер өз мыйзамдары менен алоолонуп, Борбор Азия тарапты көздөй жылып келет. Ошондуктан Россия жана анын союздаштары алардын мизин кайтарууга бир катар аскердик чараларды көрүүдө. Башка террордук топтордой эле "Талибандын"* отряддары да оор артиллериянын “тилин” мыкты өздөштүргөн.

Афган чек араларына жакын Борбор Азия өлкөлөрү жана Россиянын аскердик окуулары – алдын алуу чаралары. Анан да машыгуулар Афганистандагы окуялардын нугунун эң терс сценарийлерин эске алуу менен чөлкөмдөгү туруктуулукту сактоого көмөкчү болот.

Россиялык Куралдуу күчтөрдүн атайын бирикмеси август жана сентябрда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын күчтөрү менен биргеликте тогуз окуу өткөрөт. Алардын масштабын быйыл апрелде украиналык чек арага жеткирилген бир нече россиялык дивизия жана бригадалар менен салыштырууга болот. Эске салсак, ошондо он миңдеген аскер кызматкери жана жүздөгөн аскердик техника тартылган.

Россия жана Тажикстандын коргоо министрлери Сергей Шойгу жана Шерали Мирзо 24-июлда тажик-афган чек арасындагы жагдайды жана коркунучтарды жоюу үчүн чогуу чара көрүүнү талкуулашты. Тажик Республикасы 22-июлда армиянын жана Куралдуу күчтөрдүн резервиндегилерден чакырылган 230 миңге чукул аскердин катышуусунда түштүк багытта өз алдынча окуу өткөрдү.

Тажикстандагы 201-россиялык аскердик базанын бөлүктөрү да пландалган жана пландан тышкаркы окууларды кароодо. Биргелешкен россиялык-өзбекстандык топ 30-июль–10-август аралыгында “Борбор Азия мамлекеттеринин аймактык бүтүндүгүн сактоо милдеттерин” аткарууга Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы Афганистан менен чек арасына жакын жерде машыгат. Россиянын атынан атайын багыттагы сибирдик бригада жана тынчтык орнотуучу бирикменин аскерлери, ошондой эле Кыргызстандагы биргелешкен россиялык аскердик базасынын Су-25СМ чабуулчулары катышмакчы.

Дээрлик ага катар эле Россия, Өзбекстан жана Тажикстандын күчтөрү 5–10-август күндөрү Тажикстандын түштүгүндөгү Хатлон облусундагы Харб-Майдон полигонунда контртеррордук операциялар элементтерине машыгышат. Ага Россиядан аталган өлкөдөгү 201-аскердик базанын сириялык тажрыйбага ээ жана зооттолгон жаңы техникалар менен күчтөндүрүлгөн бөлүктөрү (келишим боюнча иштеген дасыккан аскерлер гана) катышат. Негизи эки республиканын коңшу облустарынын аймагындагы көп улуттуу эки ири аскердик тобу бир фронт менен чыгып, өз ара аракеттешүүдө жалпы милдетти аткарышат.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагына кокус "Талибан"*, "Аль-Каида"*, ИМ* жана башка террорчул топтордун отряддары кирип кетсе, аскердик операция ушундай түрдө жүргүзүлмөкчү.

* – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар.

342
Белгилер:
Афганистан, согуш, качкын
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (216)
Тема боюнча
Афганистандын дээрлик бардык аймагына коменданттык саат киргизилди
Акча каражаттары. Архив

Акчаны кайсы валютада сактаган оң? Жөнөкөй, бирок маанилүү кеңеш