Россия "Кыямат күндүн" жаңы учактарын куруу камында. Үчүнчү муундун өзгөчөлүктөрү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүРоссиянын Ил-96 учагы. Архив
Россиянын Ил-96 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Россиянын Коргоо министрлиги жакында Ил-96-400М базасындагы үчүнчү муундагы абадан башкаруу пунктуна ээ болот. "Кыямат күндүн" эки жаңы учагын куроо иштери "Звено-С" долбоорунун алкагында Воронеж авиазаводунда башталды.

Абадан башкаруу пункту РФ Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку башкы командачысы жана Башкы штабынын жетекчилигине күчтөрдүн бардык түрүн, глобалдык куралдуу жаңжалдын (атомдук согуш) жүрүшүндө душман жердеги бардык командалык пункттарды талкалаган күндө да стратегиялык өзөктүк күчтөрдү ынанымдуу башкарууга жол ачат. Мындай технологиялык деңгээлдеги авиациялык комплекске дүйнөдө эки гана мамлекет – Россия жана АКШ ээ боло алат.

Абадан башкаруучу россиялык жаңы пункт америкалык түрүнөн бир нече "Кыямат күнгө" эсептелип, кандай агрессор болбосун мизин кайтара алганы менен айырмаланат.

Абадан башкаруу пунктун атып салышса эмне болот?

Абадан башкаруучу россиялык жаңы пунктуну таап, жок кылуу кыйын. Автономдуулугу жогору, заманбап радиоэлектрондук күрөш каражаттары, душмандын спутник жана радарларына анча байкалбас технологиялары, радиоактивдүү нурлануудан корголушу, ыраактыгы жана болушунча бышыктыгы абадан башкаруу пунктуна жер бетиндеги, жер алдындагы же суу түбүндөгү командалык пунктуларга караганда кыйла артыкчылыктарды берет.

Кошумча май куюу менен учак абада суткалап жүрө алат. Абадан башкаруу пунктун атып түшүрүү кооптуу, ошондой болжолдуу абалда 2-3 мүнөт ичинде Башкы штабдын ыкчам тобу Жер бетинен касташкан он өлкөнү "тазалап" коюуга үлгүрөт.

Заманбап согуш – голливуд тасмасы да, соккуга сокку менен жооп берүү да эмес, жаңжалдашкан тараптар күч колдонуунун бардык чөйрөсүндө сценарийлерди өзгөртүп кое алышат.

РФ Куралдуу күчтөрүнүн жалпы абалы, пландоо жана байланыш тутуму, өзөктүк куралды колдонуунун алгоритмдери, мамлекет башчысы жана Жогорку башкы командачынын саясий эрки эбегейсиз мааниге ээ. Абадан башкаруучу үчүнчү муундагы пунктуну иштеп чыгуу тышкы аскердик коркунучтардын олуттуулугун айгинелейт.

Мурманскдагы Адмирал Горшков фрегаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Батышка тынчтык берчүдөй эмес. Россиянын Аскер-деңиз флотундагы жылыштар
"Кыямат күндүн" россиялык учактарынын чыгарылышы эле Пентагон жана НАТОдогу "каны кайнагандарды" сестентет. Глобалдык куралдуу жаңжалдын мөөнөтүн белгисиз узак мөөнөткө жылдырат.

Россиялык күчтөр улам заманбап автоматташтырылган башкаруу тутумдары, жасалма интеллекттин элементтери орнотулган куралдар менен жабдылып келет. Стратегиялык өзөктүк күчтөр кызуу жаңыланууда. Космостук чалгындоо жана байланыш каражаттары өнүгүүдө. Абадан коргонуу пункту замандын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.

"Кыямат күндүн" учагынын бортундагы радиокомплекс күчтөргө, анын ичинде стратегиялык авиация, стратегиялык өзөктүк куралды ташуучу субмариналардын экипаждарына буйрук жана аскердик токтомдорду, 6000 чакырымдык радиустагы көчмө жана шахталык орнотмолордун эсептерин жеткирет.

Абадан коргонуунун үчүнчү муундагы пункту уникалдуу мүнөздөмөлөрү, жогорулатылган функционалдуулугу, бышыктыгы, кубаттуулукту үнөмдүү пайдалана алышы менен өзгөчөлөнөт.

Бортунда РФ Куралдуу күчтөрүнүн жогору командалык курамынын, Башкы штабдын офицерлер тобунун ыкчам тобунун офицерлери жана техникалык топтун адистеринин узак сааттар бою иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Глобалдык жаңжал жагдайында Россиянын башкы командалык пункту бир нече сутка аралыгында кошумча май куюу менен учууга туура келет.

Эң оболу – ынанымдуу ташуучу. Ил-96-400 учагы – жогорку күчү жана коопсуздугу менен белгилүү болгон Ил-96-300дүн жүк ташуучу модификациясы. Заманбап материалдар учактын салмагын азайтып, бышыктыгын жана үнөмдүүлүгүн камсыздайт.

Россиялык Альтиус жаңы учкучсуз аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Мыкты үлгүлөр. Россия учкучсуз аппараттарды экспорттоого киришет
Ил-96-300дүн атайын модификациялары Россия Федерациясынын президентинин №1 борту катары пайдаланып, Жогорку башкы командачылыктын функцияларын аткарууга ыңгайлаштырылган.

ПС-90А1 кыймылдаткычы жана көлөмү көбөйтүлгөн жүк ташый алуу мүмкүнчүлүгү менен Ил-96-400 аба кемеси – борттук комплекс үчүн ынанымдуу база. Аскердик башкаруунун азыркы жана келечектеги бардык автоматташтырылган тутумдары менен айкалыша иштей алары талашсыз. Ил-96-400М жарандык версиясы 370 жүргүнчү ташууга ылайыкташкан.

Россиянын автоөндүрүшүндөгү бардык машиналардын ичинен Ил-96 ыраак аралыкка учат. Ошентсе да РФтин алыскы булуң-бурчуна кошумча аэродромдор жана тийиштүү инфраструктура объектилери зарыл.

Азырынча Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын адистери кеңири масштабдагы аскердик жаңжалдын стратегиялык (компьютердик) сценарийлеринин түзүп чыгып, ал эми "Кыямат күндүн" бир нече учагы базалык аэродромдо өз саатын акырын күтүп жатышат.

Азыркы абадан башкаруу пункту Ил-86 учагынын негизинде түзүлүп, Ил-80 деп аталат. Экинчи муундагы мындай системалардан төртөө чыгарылган. Абадан башкаруучу үчүнчү муундагы пунктуну куроо чечими 2019-жылы экинчи муунду заманбапташтырууга туш келген.

Америкалык аналогдору

АКШнын Аскердик-аба күчтөрү АКШнын жогорку жетекчилиги үчүн төрт заманбап командалык пунктуларга ээлик кылат. Алар Boeing 747-200 ыраак магистралга ылайыкталган кеңири фюзеляждык учактын негизинде түзүлгөн. Эгер жер бетиндеги башкаруу тутумдар өзөктүк согуштун натыйжасында талкаланып калса, бул машиналар максатына ылайык пайдаланылат.

Boeing 747-200 жарандык версиясынын максималдуу учуш салмагы – 374,8 тонна, ылдамдыгы – саатына 895 чакырым, жеткен чеги  13750 м, 10670 чакырымга чейин уча алат. Жүргүнчү орундардын саны – 490. Boeing 747-200Fтин жүк бөлүгүндө 113 тоннага чейин жүк ташууга болот.

Америкалык комплекстердин технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн бир нече мисал менен карап чыгууга болот. Boeing C-32 базасындагы АКШ стратегиялык башкаруунун заманбап аба пункту жердеги инфраструктура жокто же душман тарабынан жер бетиндеги башкаруу пунктулары, түйүн жана байланыш линиялары жок кылынган учурларда күчтөрдүн ыкчам аракет этүүсү менен ар түрдүү милдеттерди аткарууга багытталган. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдардагы кадамдар боюнча FEMA федералдык агенттиктин мобилдик башкаруу пунктулары катары кызмат кылат.

С-32А аппаратына акыркы үлгүдөгү жабдыктар, навигация системалары жана байланыш каражаттары орнотулган. Жүргүнчүлөр кабинасы бир нече бөлүктөн турат: жогорку аскердик жетекчиликтин иш кабинети, жыйын, ыкчам топтун жана эс алуу бөлмөлөрү, ошондой эле байланыш түйүнү бар.

Испытание новой баллистической ракеты «Сармат» - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Россиялык гипер үндүү ракеталар F-35 жана F-22ни "пайдаланууга жолтообу"? Сереп
Мындай учактын алгачкы карлыгачына Сиэттлдеги Boeing заводунда 1998-жылдын 19-июнунда күбө болсок, жалпы төрт учак чыгарылган. Ар бири АКШнын бирдиктүү командачылыгынын жана "Минитмен" континенттер аралык баллистикалык функцияларын аткарууга жөндөмдүү.

E-6B Mercury Boeing 707-320нын базасында General Electric өндүрүшүндөгү F108-CF-100 төрт турбоактивдүү кыймылдаткыч менен жабдылган. Учактын учуш салмагы – 155 тонна. Учуш ылдамдыгы 12000 метр бийиктикте саатына 972 чакырымды түзөт. Эң бийик чеги – 12810 м.

Нөөмөт учурунда кошумча май куюлбастан абада 12 400 чакырым аралыкка жүрө алат. Май куюу менен 72 саат учат. Учактын учкучтар экипажы 14 кишиден турат, борттогу Бирдиктүү командачылыктын ыкчам тобу сегиз адистен турат.

Биринчи аба командалык пунктулары Кошмо Штаттарда 1965-жылы пайда болгон, алар атайын каражаттар менен жабдылган КС-135А май куюучу учактар болгон.

Алар АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысына кызмат кылып, Мэриленд штатындагы Эндрюс авиабазасынан аракет этишкен. Кийин алардын ордун бул багытта үч "Боинг" E-4A учагы баскан. Аскердик аракеттердин Европа жана Тынч океандын театрлары үчүн өзүнчө варианттар иштеген.

Кебибизди жыйынтыктасак, Россия менен АКШнын жогорку технологиялар жаатындагы стратегиялык жарышы уланып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0