Афганистандагы курал менен кишилер. Архив

Талибдер чек арада. ШКУ мамлекеттеринин коргоо министрлери кандай арга табышат?

204
“Талибандын”* отряддары азырынча Кабулду басып алып, Афганистандын мыйзамдуу өкмөтүн жок кыла алышпайт. Бирок чек араларды өз көзөмөлүнө алышы талибдерге өлкөдө экономикалык жана энергетикалык блокада уюштурууга мүмкүндүк берет.

Ислам республикасын мындай жагдай кан төгүлгөн согуштук аракеттерден да катуу кыйратып коё алат.

Шаршембиде Душанбеге Шанхай кызматташтык уюмунун министрлери чогулуп, афган каатчылыгына карата макулдашылган аскердик-саясий жоопту издешти. Бирок чектешкен өлкөлөрдүн ар кандай вектордуу кызыкчылыктары тез жана жөнөкөй чечимдердин кабыл алынышын өбөлгөлөй албайт. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко Афганистандагы абалга баам салып, апта ортосунда өткөн Шанхай кызматташтыгы уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйыны тууралуу да токтолгон.

Эгер Афган ислам республикасынын президенти Ашраф Гани отставкага кетсе, талибдер чабуул коюуну токтотууну убада кылып жатышат. Согушкерлердин билип туруп койгон дагы бир шарты – мурдагыдай эле камактагы 7000 тарапташын бошотуу. Афган аралык тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн (АКШ жана НАТОнун күчтөрүн чыгаруу үчүн негизги талап) үзгүлтүккө учураганына баам салуу менен “Талибандын”* убадаларына ынангандар аз.

Талибдердин саясий кеңсесинин билдирүүсү “жер бетиндеги” аракеттерден таптакыр бөлөк. Саясий жетекчилик кыймылдын аскердик комиссиясын (башкы штабдын аналогу) көзөмөлдөбөйт. Өткөн эки айда согушкерлер 20 жыл ичиндегиге караганда көп территорияны басып алып, эми Кандагар, Герат, Кундуз өңдүү ири калааларды багындырууга белсенип турат.

Айыгышкыс салгылаш Кабулдан 15 чакырым нары аралыкта жүрүүдө. Эң башкысы, Афганистандын дээрлик бардык чек аралар периметри “Талибандын”* көзөмөлүнө өттү. Бул азыркы өкмөт үчүн абдан оор кабар. Согушкерлер тарабынан электр чубалгылар устундары жардырылгандыктан борбор калаада жарык да өчүрүлө баштады. Чек аралардагы бажы пункттарын да талибдер колго алгандыктан эми азык-түлүк жеткирүүдө да көйгөйлөр чыгышы ыктымал.

Афган аскердик-гуманитардык кырсыгы “Дамоклдин кылычындай” Борбор Азияга кооптуулук туудурууда. Түркмөнстан менен Өзбекстан качкындардын киришин чектеди. Тажикстан менен Кыргызстан азырынча баш паанек издегендерди кабыл алууда. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына таянсак, Тажикстандагы афган качкындарынын саны дээрлик эки эсеге өсүп, июлдун башында 3000ге жетти. Бул башталышы гана болушу мүмкүн.

Афганистандагы жарандык согуш шартында Борбор Азияга 1996-2001-жылдардагыдай жүз миңдеген качкын агылып, эл аралык терроризмдин экспансиясы (анын ичинде ИМ* жана “Аль-Каида”*) болушу ыктымал.

Шанхай кызматташтык уюмунун Афганистандын түндүгүндөгү кырдаалдын курчушуна тынчсызданууда. 28-июлда Тажикстанда аталган уюмга мүчө Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Белоруссия (байкоочу катары) тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан байкалгандай, Афганистан боюнча пикирлер бир кылка эмес.

Өнөктөштөргө кол сунуу

Россия эгер “жихад” Афганистандын чегинен да кеңейип кете турган болсо, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдү коргоого даяр экенин талибдерге эскертип, борбор азиялык мамлекеттердин чек араларынын кол тийбестиги тууралуу убадасын алган.

Эгер кан күйгөн өлкөгө чектеш Тажикстандын коопсуздугуна коркунуч жаралса ага россиялык 201-база көмөк көрсөтөт. Бул туурасында шаршемби күнү Душанбеде РФ коргоо министри Сергей Шойгу билдирди. Анын сөзүндөгү урунттуу учурларга токтололу:

  • Афганистандагы кырдаал бийликтин көзөмөлүнөн чыгып кетти, АКШ менен талибдер ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттары аткарылбай жатат;
  • Афганистандагы америкалык миссия максатына жеткен жок, Кошмо Штаттар Борбор Азияда жаңы базаларды ачуу далалатында;
  • Шанхай кызматташтык уюмунун чек араларында абал оор, курчуп кетиши да мүмкүн, чөлкөмдөгү коопсуздукту камсыздоодо ШКУ жана ЖККУнун байланышынын мааниси артууда. Афганистандагы жагдай айрыкча Тажик Республикасынын коопсуздугуна кооптуулук туудурат.

1344 чакырымга созулган тажик-афган чек арасы коргонуунун техникалык каражаттары менен толук камсыздалган эмес. Пянж дайрасынын агымынын өзгөрүшүнөн улам мезгил-мезгили менен редемаркация талап кылынат, географиялык шарттарга жараша түштүктөн террорчулардын кирип кетишине оңой жылчык табылышы ыктымал. Анткен менен бул тилке террорчулардын таасиринин Борбор Азияга жайылышына кеңири эшик ачат дешке болбойт.

Душанбе түштүк чек арасын бекемдөөгө көп аракет кылууда. Мында Тажикстандын ЖККУга мүчө болушу, коңшулардын аскердик жана аскердик-техникалык жардамы маанилүү ролду ойнойт.

Россиялык чек арачылар тажик-афган чек араларын кайтарууга тартылбайт, Тажик Республикасынын аймагында РФтин Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара боюнча кеңешчилер тобу гана иштөөдө.

Мурдараак Москва тажик-афган чек арасында жаңы көзөмөл-өткөрүү пунктун жана чек ара заставасын курууга каражат бөлгөн. Ал эми РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров: “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин бекемдигин сынап көрүү жана анын мүчөлөрүнүн бирине каршы агрессивдүү аракеттерди баштоо эч кимдин оюна да келбейт деп үмүттөнөбүз”, — деп билдирген.

Ошону менен бирге эле Душанбе афган окуяларынын курчуп кетишине да даяр туруу аракетинде. “Чек ара – 2021” окуулары форматында жалпы мобилизацияга машыгууда, атап айтканда мындай иш-чара 22-июлда запастагы 230 миң аскер кызматкеринин катышуусунда өттү.

1023 зооттолгон техника бирдиги, атайын техниканын 3167 бирдиги, 447 артиллериялык орнотмо, Аскердик-аба күчтөрүнүн 45 учагы жана тик учагы, абадан коргонуунун 234 комплекси кыймылга кирди. Душманды тоготпогондон көрө, күчүн ашыра баалап камылга көргөн оң эмеспи.

Россия, Өзбекстан жана Тажикстандын күчтөрү 5-10-августта Хатлон облусунда болжолдуу душманды жок кылуу боюнча биргелешкен операция өткөрүштү.

Тажикстандын чек арадагы Харб-Майдон полигонундагы окууга 1500 адис жана аскердик техниканын 300 бирдиги тартылып, аталган үч мамлекеттин күчтөрүнүн бириккен тобунун аскердик атайын тактикалык даярдыгын текшерүүдөн башталат. Экинчи баскычында союздаш мамлекеттин аймагына кирген шарттуу бандиттик топторду жок кылуу милдеттери аткарылмакчы.

Ошондон соң күчтөр мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылган террордук топторду талкалоого машыгышат. Окуунун бардык баскычтарында чалгындоо-ок атуу жана чалгындоо-сокку уруучу комплекстерин колдонуу менен тактикалык аракеттер каралган. Россиялык аскердик контингенттин негизин Тажикстанда жайгашкан россиялык 201-аскердик базанын бөлүктөрү, анын ичинде тоо-таштагы мотоаткычтар, танк, артиллериялык бөлүктөр, ошондой эле Борбордук аскердик округдун атайын багыттагы топтору түзөт. Буга катар ушундай эле окуулар Өзбекстандын территориясында да өтөрү белгиленген.

Айрым эксперттер афган жихадисттери тышкы экспансия үчүн 6 миллиондун тегерегиндеги калкы бар, газ кендерине бай жана Каспий деңизине чыгууга мүмкүнчүлүгү бар Түркмөнстанга багытталышы мүмкүн экенин болжоодо.

Кабулга чет элдик жардам

Афганистанды коңшулары жана өнөктөштөрү тагдырдын оор сыноосунда жалгыз таштап койду дешке болбойт, бирок ар кандай багыттагы таасирлер Афган ислам республикасына талиб жана башка террордук топтор менен күрөшүүдө олуттуу жыйынтыктарга жетүүгө мүмкүндүк бербей жатат.

Афганистандын улуттук аба корпусу талибдер менен күрөштө россиялык өндүрүштөгү Ми-35 аскердик тик учактарын активдүү жана ийгиликтүү пайдаланууда.

РФ куралы афган армиясына оңой менен берилген эмес, буга аскердик багыттагы өз өндүрүмдөрүн сунуштаган АКШ жана НАТОнун бөлөк өлкөлөрү болушунча бут тосушкан.

Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг 27-июлда Афган ислам республикасынын президенти Ашраф Ганиге каржылоо, жарандык багытта жайгашуу жана афган коопсуздук күчтөрүн өлкө тышында окутуу жолу менен колдоо уланарына убада берди. Бул жакшы, бирок АКШ менен НАТОнун күчтөрүнүн шашылыш түрдө чыгып кетишинен кийин абдан аз жардам. Афгандыктардын Батыштын күчүнө ишеничи биротоло өчтү.

Афган коопсуздук күчтөрүн колдоого Ак үй Конгресстен келерки жылга 3,3 млрд. доллар сураган, анын 2 млрд. доллары афган күчтөрүн техникалык тейлөөгө жана жабдууга, 700 млн. доллары аскер кызматкерлеринин маянасына жумшалууга тийиш. Ал ортодо Кошмо Штаттар Борбор Азия чөлкөмүнөн орун алууга тырышууда. Чектешкен мамлекеттер менен Пентагондун базаларын жана логистикалык борборлорун ачуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Түркия эми талибдерди потенциалдуу душман катары көрөт (себеби алар стамбулдук тынчтык конференциясын үзгүлтүккө учуратып, Анкаранын Кабул аэропортундагы аскердик жайгашуусун сактоо аракетине катуу кабыл алышты).

Ошол эле учурда Түркия Тышкы иштер министрлиги шаршембиде Афганистандан качкын кабыл албай турганын мындайча билдирген: «Түркия Европа биримдигинин чек арачысы же качкындарды жайгаштыруу лагери болбойт».

Кытай “барабардыкты” сактоого умтулат. «Аль-Каида»* жана башка террордук топтордон кол үзүүгө чакырып келет. Пекин чет элдик согушкерлер көп жайгашкан Бадахшандагы кырдаалга олуттуу түрдө тынчсызданууда. Анын алдында эле башында Абдул Гани Барадар молдо турган «Талибандын»* делегациясы Кытай жергесинде КЭР тышкы иштер министри Ван И менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Пекин өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөнү жана тынч жөнгө салууну убада кылды.

Көптөгөн чет элдик өнөктөштөрү тарабынан «Талибанды»* жана Афганистандагы кырдаалга кыйратуучу таасири бар деп шектелген Исламабад үчүн талибдер менен “оюндардын” аягы жаман бүтүшү да мүмкүн.

The News International басылмасы афган талибдер Пакистандын аймагын транс чек аралык кол салуулар, каражат топтоо, пехотачылар катары жаштарды тартуу жана жарадар болгон согушкерлерди дарылоо үчүн пайдаланышкан.

* – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук топтор.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

204
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, ШКУ, коргоо
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (229)
Тема боюнча
Афганистандын дээрлик бардык аймагына коменданттык саат киргизилди
Путин Өзбекстан, Казакстан президенттери менен афган кооптуулугун талкуулады
Төөдө отуруп жолдо бараткан жаш балдар. Архивдик сүрөт

Көч бул фешн, көч бул коммуникация. Жашоо кумарын арттырган улуу сапар