Афганистандын чек араларына жакын үч тараптуу машыгуулар өтөт. Максаты эмне?

© Sputnik / Саналлах Саям / Медиабанкка өтүүАфганистан өкмөтүнүн аскерлери
Афганистан өкмөтүнүн аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Борбор Азия өлкөлөрү жана Россия Афганистан менен коңшулук алака түзүүгө ниеткер. Анткен менен афган жергесиндеги ондогон террордук топту унуткарышпайт.

Россия жана Өзбекстандын аскердик күчтөрүнүн биргелешкен машыгуулары кечээ, 2-августта, Афганистан менен чектешкен жердеги Термез өзбек тоо полигонунда башталды.

Күчтөрдүн тобу кургактагы күчтөрдү, сокку уруучу авиация, чалгындоо жана бута көрсөткүчтөрүнүн заманбап тутумдарын колдонуу менен коргоо жана Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүн камсыздоого машыгышат. Ага 1500дүн тегерегиндеги жоокер жана офицер, аскердик техниканын 200 бирдиги, ошондой эле Канттагы россиялык авиабазанын Су-25СМ чабуулчулары тартылган. Абадан сокку уруу менен учкучтар күчтөрдүн биргелешкен топторун колдойт.

ЖККУнун күчтөрү аракетте. Канттагы бириккен россиялык аскердик авиабазасы – Ыкчам аракет этүүчү жамааттык күчтөрдүн авиациялык компоненти. Ал РФтин Аскердик-аба күчтөрү жана Абадан коргонуу тутумунун күчтүү 14-армиясынын курамына кирет.

Канттагы авиабаза ЖККУга мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле достук мамиледеги Өзбекстан аймагынын жана аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыздайт. Өзбекстандын 200 чакты аскер кызматкери 1-августта Тажикстандын Афганистан менен чек арасына жакын жайгашкан Харб-Майдон полигонуна келди. Бул жерде 5-10-август аралыгында Россия, Өзбекстан жана Тажикстан күчтөрүнүн экинчи жолку биргелешкен окуусу өтмөкчү.

Талибан кыймылынын өкүлдөрүнө даярдалган орундуктар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Афганистан бийлиги талибдер менен кызматташууга даяр экенин айтты. Бир шарты бар
Термез полигонунан аскердик бөлүктөр өз техникасы менен 200 чакырымдык марш жасашты. Машыгуулар районунда командалык пунктулар түзүлүп, ок позициялары жабдылган. Тажик чек арасындагы Харб-Майдон полигонунда окуулар Россия, Өзбекстан, Тажикстандын бириккен күч топторунун аскердик координациясынан башталат.

Негизги баскычта үч өлкөнүн аскер кызматкерлери мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу тактикасын машыгышат. Окуулардын бардык баскычтарында чалгындоо-ок атуучу жана чалгындоо-сокку уруучу комплекстерди пайдалануу менен тактикалык аракеттер каралган. Термез жана Харб-Майдон полигондорундагы чек ара машыгуулары Россия, Өзбекстан жана Тажикстандын эки республиканын территориясындагы болжолдуу душманды талкалоо боюнча бирдиктүү операцияларына акырындап интеграцияланат. Баш-аягы 2500 аскер кызматкери, 500 курал жана техника бирдиги тартылат.

Мында бир кылдат саясий учурду эске алуу кажет – Өзбекстан ЖККУнун курамына кирбейт, бирок анын биргелешкен аскердик окууларга катышуусу Ташкент чөлкөмдөгү коопсуздуктун бирдиктүү тутумун түзүүнүн жалпы түйшүгүн жана чыгымдарын бөлүшө турганын тастыктайт.

Россиянын позициясы

Афганистан менен чектешкен жерде россиялык аскердик контингенттин өзөгүн Тажикстандагы 201-аскердик базанын күчтөрү жана атайын багыттагы бөлүктөр түзөт. РФ Борбордук аскердик округдун күчтөрүнүн командачысы, генерал-полковник Александр Лапин коюлган милдеттерди аткаруу үчүн россиялык контингентти 1 800 кишиге жана аскердик техниканын бирдигин 420га көбөйтүүнү чечкен. Башкача айтканда, Тажикстан Республикасынын территориясындагы биргелешкен окууда россиялык техниканын саны эки эсеге жогорулатылды.

Жарандык согушка баш-оту менен кирген талибдер Борбор Азия өлкөлөрүнө басып кирүүнү пландабаган өңдүү, ошентсе да ЖККУга мүчө-мамлекеттердин чек араларындагы кырдаал татаал.

Июлдун башында "Талибан"* Афганистандын беш өлкө менен, атап айтсак, Иран, Түркмөнстан, Тажикстан, Кытай, Пакистан жана Кашмир (Индия, Кытай Эл Республикасы жана Пакистандын ортосунда талаштуу) территориясы менен чек араларды көзөмөлгө алган.

Москва Афганистандагы бийликтин талибдер тарабынан толук басып алышын реалдуу деп эсептебегени менен андай жагдайга да даяр. Бул тууралуу жакында РФ президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Азия экинчи департаментинин директору Замир Кабулов билдирди.

Афганистан менен 1 344 чакырым аралык чектешкен Тажикстан Республикасынын коопсуздугу көбүрөөк кооптондурат. Россия "Талибан"* баш болгон террордук топтордун бардыгын "жихад" Афганистандын чегинен чыга турган болсо, союздаштарын коргоого даяр экендиги жөнүндө расмий түрдө эскерткен.

Зарыл болсо россиялык 201-аскердик база ыкчам түрдө Тажикстанга жардамдашат. Мында бүтүндөй Борбордук аскердик округду күчтөндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, аскердик дараметин көңүлгө түйгөн дурус.

Афганистандагы элдик кошуундардын талибдер менен салгылашкан видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Афганистандагы элдик кошуундардын талибдер менен салгылашкан видеосу
Афганистандагы кырдаал курчугандан бери 201-аскердик база кыйла бекемделди. Бригадалык штаттан дивизиялыкка өткөрүп, жаңы аскердик техника менен жабдылды. Мисалы, 2018-жылдан тарта мото аткычтар пехотанын БМП-2М заманбапташтырылган аскердик машиналарын алат. Ал акыркы үлгүдөгү аскердик "Бережок" модулу менен жабдылган, бул ага күнү-түнү талыкпай согушууга мүмкүндүк берет. Мындан сырткары, Гиссар аэродромунда 201-аскердик базанын авиатобу кайра түзүлгөн. Анын карамагында сокку уруучу Ми-24 жана көп буталуу Ми-8МТВ5-1 тик учактары бар. Винттик-канаттуу машиналар Афганистан менен чектеш тоолуу райондордо күзөтүүгө катышат.

Россиялык чек арачылар тажик-афган чек араларын коргоо тартылбайт, бирок Тажикстанга Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара боюнча кеңешчилер тобу көмөктөшүүдө. Мамлекеттик чек аралардын бекемдиги үчүн аскердик авиация маанилүү. Ошол себептен Пянж дайрасына жакын жердеги Гиссар аэродромуна россиялык Су-25 чабуулчулары жеткирилген. Алардын аркасында РФ Аскердик-аба күчтөрү жана Абадан коргонуу тутумунун бүткүл 14-армиясынын карааны турат.

Military Watch журналы Россия Борбор Азиядагы аскердик ордун сактап, ал эми Су-25тин жайгаштырылышы РФтин коңшуларынын коопсуздугуна коркунуч туудурган бардык күчтөргө кубаттуу сигнал экенин белгилеген. Аталган чабуул коюучу дүйнөдө абадан колдоонун жакынкы эң кубаттуу аянтчасы болуп саналат. Бул учак учурда ок жаңырган, кан күйгөн Афганистан, Сирия жана башка жерлердеги аракеттерде активдүү катышкан. Өзбекстан жана Тажикстандын аймагындагы биргелешкен активдүү окуулар түндүктө "орустардын күчү көп" деп, Афганистандын түштүгүнө оогон талибдерди бир топ опкоолжутса керек. Ошентип коңшу өлкөнүн ички иштерине түз кийлигишпестен Россия жана анын союздаштары Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр үчүн согуштук кооптуулук потенциалын төмөндөтүүдө.

Айыгышкыс салгылаш күчөп барат...

Афганистандын ар кайсы провинцияларында согуштук аракеттер уланууда. Айрыкча Нангархар, Пактия, Пактика, Логар, Кандагар, Герат, Фарьяб, Жаузжан, Балх, Саманган, Гильменд, Тахар, Кундуз, Баглан жана Каписада ырайымсыз салгылаш жүрүүдө. 1-августка караган түнү талибдер Кандагар аэропортун ракеталар менен аткылап, ошондон соң бардык авиакаттамдар токтотулду.

Гератта согушкерлер Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесине чабуул коюп, комплекстин кире беришин гранатомет жана пулеметтор менен аткылашкан. Өлгөндөр да бар. Афганистан Ислам Республикасынан чыгып кеткен Кошмо Штаттар 2-августта түштүктөгү Гильменд провинциясынан талибдерге абадан сокку урган. Бул афган аралык тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кейиштүү абалын айгинелейт.

Афганистан Ислам Республикасынын президенти Мохаммад Ашраф Гани кечээ парламенттин чукул жыйынын чакырып, өкмөт улуттук коопсуздукту чыңдоо боюнча жаңы алты айлык планды аткарууга киришкенин жарыялады. Ага ылайык, армия стратегиялык объектилерди кайтарып, полиция калаалардагы коопсуздукту камсыздоо менен алектенет. Күч структуралары тарабынан кайтарылбаган мейкиндик талибдердин карамагында, мындай жагдайдан улам алдыда дагы көп салгылаш болуп, дагы далай курмандыктарды алышы ыктымал.

Афганистандын Герат шаарындагы аскер кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
ЖМК: талибдер Афганистандын Герат шаарынын борбордук райондорун баса баштады
"Талибандын"* басма сөз катчысынын Twitter баракчасына (Дональд Трамптыкындай анын аккаунту бөгөттөлгөн эмес) аскердик-диний кыймылдын жоокерлеринин сүрөттөрү жарыяланган. Алардын жабдуусу жана куралданышы америкалык атайын багыттагы аскерлерден кем калышпайт. Ал ортодо АКШ кеткенден кийин афган куралдуу күчтөрүнүн келечеги куру дегенде эле ынанымдуу күйүүчү май ташуучулардын жоктугунан улам бүдөмүк абалда.

Афганистанды калыптандыруу боюнча атайын башкы инспектордун жаңы отчетуна таянсак, Пентагон акыркы 10 жылда афган күч структураларын күйүүчү май менен камсыздоого 3,74 млрд. доллар жумшаган. 2025-жылга дейре дагы 1,45 млрд. доллар сарптоо зарыл. Мында негизги көйгөй – логистика.

Афганистан жана Түркиянын аскердик мекемелеринин башчылары Бисмилла Хан Мохаммади жана Хулуси Акар 31-июль күнү телефон аркылуу Кабул аэропортунун коопсуздугун камсыздоону талкуулашты. Демек, Кабулда түркиялык аскердик жайгашуу долбоору дале орчундуу бойдон деген бүтүм чыгарууга болот. Бензин жана дизелдик күйүүчү майды авиатанкерлер менен жеткирүү планы болушу мүмкүн, анткени провинциялардын көпчүлүгүндө жер бетиндеги транспорттук коммуникация талибдер тарабынан бөгөттөлгөн. НАТОнун аскердик инструкторлору атайын багыттагы афган аскерлерин Түркияда окутууну колго алды. Ага катар эле 200 афган котормочу-коллаборационисттеринин биринчи тобу АКШга, тагыраак, Виржиния штатындагы Форт-Ли базасына көчүрүлдү.

Эске салсак, америкалык иммиграциялык визага 20 миңге чукул афгандык котормочу тапшырган. Ал эми талибдердин "ислам эмирлигинин" орто кылымдык караңгылыгына макул эмес Афганистандын калган жарандарынын тагдыры эмне болот?..

* – Кыргызстанда жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0