Акча берип жаткан адам. Архив

Бирөөгө пара бергенде өлкөнү аңга түртүп жатканыңызды сезесизби? Колумнистика

317
Көпчүлүк жарандар салык же айып пулдан качып, бирөөгө пара берип жатканда мамлекеттин тагдырына канчалык балта чаап жатканын түшүнө бербейт. Сол чөнтөккө сологондун трагедиясы тууралуу колумнистибиз Бегимай Бакашева ой калчады.

Өткөн аптада министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров өлкө экономикасына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштап, бул долбоорду Жогорку Кеңеш үч окууда тең кабыл алып берди. Эми документ президенттин кароосуна жөнөтүлдү.

Кыргызстанда экономикага өзгөчө кырдаал режими киргизиле турган болсо, салык жаатында дагы бир топ өзгөрүүлөр болмокчу.

Салык демекчи, ал бажы алымдары сыяктуу эле өлкө бюджетинин абдан чоң бөлүгү. Бүгүн салык деген эмне, аны эмне үчүн төлөш керек, мамлекеттин чөнтөгүнө түз салбай, орто жолдон бирөөгө пара катары бере койсок кесепети кандай болот деген суроолорго жооп издеп көрдүк.

Салык — мамлекеттин ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн юридикалык жана жеке жактардан маал-маалы менен алынуучу акчалай төлөмдөр.

Ал эми мамлекеттин негизги милдети эмне? Өз жарандарына билим берүү, медициналык жана башка социалдык кызматтарды көрсөтүү. Чек араны коргоп, өлкө ичинде тартипти сактоо. Бирок мунун баарын ишке ашыруу үчүн акча керек. Бул үчүн Кыргызстандын жашы жеткен ар бир жараны салык төлөөгө милдеттендирилген.

Анткен менен айрым жарандар расмий төлөмдөрдөн качып, кээ бир алдым-жуттум салыкчылардын же башка "жардам" бере алчулардын чөнтөгүнө бир аз болсо дагы азыраак акчаны салып берүүнү туура көрөт.

Бирок салык төлөбөгөн адам, өзгөчө ишкерлик кылгандар өмүр бою өз беделине көлөкө түшүрүп, кийин анын азабын тартарын экономист Расул Түлеев айтып берди.

Адистин пикиринде, бүгүнкү күнүн гана ойлогон ишкер бирөөгө пара берип коюуну эп көрөт. Деген менен убакыт өтүп, бийлик, жетекчилик алмашып, кыңыр иштердин бардыгы акыры билинет.

"Бизнесте эң баалуу капитал — бул имидж. Адамдын салыктан качканы, кирешесин жашырганы, пара бергени бир билинип калса, элдин ишениминен чыгып, бизнесин өнүктүрө албай калат. Ошондой эле салык органдарында же райондо, облуста, мамлекетте жетекчилик алмашкан сайын алардын иши кайра-кайра козголуп, өмүр бою бирөөлөргө бута болуп кала берет. Кадыр-баркына көлөкө түшкөн ишкерге инвестиция тартуу, банктан насыя алуу дагы кыйыныраак болуп калат", — деди экономист.

Андан тышкары, расмий төлөмдөрдөн качуунун кесепеттерин Мамлекеттик салык кызматынын салыктар боюнча методология бөлүмүнүн башчысы Рысбек Надырбеков дагы санап берди.

"Салыкты убагында төлөбөй коюу же ортодо бирөөгө пара берип бүтүрүүнү каалагандар өз башына балээни үйүп жатканын унутпашы керек. Мисалы, бир ишкердин туура эмес иштери билинип калса, ал дароо тобокелдик факторуна түшүп калат. Бул эмнени түшүндүрөт? Дароо анын бизнесин текшерүүлөр башталат", — деди адис.

Нарынбековдун айтымында, мындай текшерүүлөр ишкер менен кызматкерлерине эч качан пайда алып келбейт. Бир гана баш оору, ашыкча чыгым (туум, айып пул сыяктуу, — ред.) болуп, балким соттук териштирүүлөргө чейин жетет.

Мындан тышкары, расмий төлөмдөрдөн качуу адамдын өзүнө гана эмес, башкалардын дагы жашоосуна терс таасирин тийгизерин эстен чыгарбаш керек. Мисалы, салык же башка төлөмдөр мамлекетке жетпей орто жолдон сол чөнтөккө түшүп кете берсе, пара алган кишиден башка эч ким пайда көрбөйт. Ушул эле эреже айып пулдарга дагы тиешелүү.

Тагыраак айтканда, салык, айып пулдар убагында, толук же таптакыр төлөнбөсө, бюджет тартыш бойдон кала берет. Демек, дарыгерлердин, мугалимдердин, куткаруучулардын, чек арачылардын айлыгы көтөрүлбөйт, ал тургай убагында берилбейт. Пенсиясын күткөн кары-картаңдар жакын жердеги дүкөндөн зарыл оокаттарын "жаздырып алып", карызга бата берет. Бир класста 50дөн окуучу окуп, дал ошончо киши бир эле дарыгерге кезек күтүп турганы турган.

Мындан улам кандай бүтүмгө келсек болот? Күнүмдүк пайданы көздөп, ортомчу бирөөнүн капчыгын кампайтпайлы. Салык, айып пул сыяктуу расмий төлөмдөрдү ар бирибиз өз учурунда жана толугу менен төгүп туралы. Салык дисциплинасы жогорку деңгээлде болуп, бюджет тартыштыгы жоюлганда гана мамлекет өз милдеттерин кынтыксыз аткара алат.

Албетте, Кыргызстанда жогору жактагы аткаминерлерге ишеним анча жакшы эмес. Бүгүн төлөгөн салык эртең кайрылып келерине ишенбегендер өтө көп. Бирок баарылап өлкөбүздү күчтөндүрүп алсак, бул күндөр дагы артта калар.

317
Белгилер:
Кыргызстан, салык, айып пул, төлөм, экономика, жаран, милдет, пара
Тема боюнча
Өлкөдө азыр бир да судья пара албай калды. Ташиевдин билдирүүсү
Бизнести да текшерет. Өкмөт аймактык тескөөчүлөрдүн укуругун узартканы жатат
АКШ эсминеци Arleigh Burke USS Ross. Архивдик сүрөт

АКШ эсминецтери Украина үчүн салгылашабы?