Америкалыктар менен талибдерге дубай салам. Россия менен Кытайдын машыгуусу

© AP Photo / Rahmat GulАфганистандагы курал менен кишилер. Архив
Афганистандагы курал менен кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Кытайдын түндүк-батышындагы "Батыш/Өз ара аракет – 2021" россиялык-кытайлык ыкчам-стратегиялык машыгуулары Борбор Азиядагы Афганистан менен чектешкен полигондордогу окуу алкагындагы Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн аба соккулары менен интеграцияланган.

Ошондой эле россиялык-кытайлык аскердик-саясий союздун түзүлүшүнүн уландысы сымал көрүнөт.

Россия Федерациясы менен Кытай Эл Республикасынын биргеликтеги аскердик машыгууларынын көп жылдык тажрыйбасы апта аралыгында стратегиялык өңүткө өттү. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул иш-чаранын жүрүшүнө байкоо салуу менен анын Афганистандагы окуяларга таасирин да боолгологон.

КЭРдин Нинся-Хуэй автономдук районундагы "Цинтунся" полигонунда 9-августтан 13үнө чейин созула турган эки өлкөнүн ыкчам-стратегиялык окууларына 13 миң чакты аскер кызматкери жана 500дөй аскердик техника бирдиги тартылган.

Россиянын атынан ыкчам-тактикалык авиациясынын отряды, Забайкалье крайындагы мотоаткычтар бирикмесинин ички курамы жана башкаруу аппараты, ал эми Кытай Аскердик-аба күчтөрү жана кургактагы аскерлери менен катышууда.

"Батыш/Өз ара аракет – 2021" ыкчам-стратегиялык машыгууларынын башында россиялык аскерлер кытайлык инструкторлор менен биргеликте Кытайдын Элдик-куткаруучу армиясынын дөңгөлөктүү танк жана зооттолгон чабуул коюучу машиналардын штаттык куралдарынан атып көрүштү.

АКШнын AGM-183A гиперүндүү ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Баасы асман чапчыган америкалык ракеталардан майнап чыкпады. Сереп
"Цинтунся" полигонунда генерал-лейтенант Михаил Носулевдин командачылыгы алдындагы россиялык мотоаткычтар бөлүгү шарттуу душмандын артиллериялык курал жана зооттолгон объектилерин элестеткен буталарынын көпчүлүгүн жок кылышты. Ошондой эле россиялык аскердик бөлүктөр тик учактан десанттык түшүрүүгө да катышышты.

Машыгуулар маалында штаттык курал менен жабдылган аскер кызматкерлери тик учак менен бейтааныш аймакты айланып, түшүрүлөт. Кесип өтүлгөн жер боюнча көп чакырымдык марш жасап, байкоо жана чалгындоонун заманбап жабдыктарын, кол пулеметторун, көзгө атар винтовкалар жана АК-12 автоматтарын пайдалануу менен коюлган милдеттерди аткарышты.

Эки өлкөнүн көп буталуу истребителдеринин курамындагы авиациялык эскадрилья Иньчуань аэродромунан учуп чыгып, жер бетиндеги буталарына майдаланма-фугастык бомбалар менен сокку урду. Шарттуу душмандын абадан коргонуу тутумунун каражаттарынан өз убагында буйтап кетүүгө машыгышты. Ошону менен бирге эле Су-30СМ истребителинин россиялык экипажы жана Дзянь-11 жана Дзянь-7 истребителдеринин кытайлык учкучтары диапазондордун бардыгында өз ара ийгиликтүү аракет эте алышты.

Кызыкчылык жана максаттардын айкалышы

"Батыш/Өз ара аракет – 2021" россиялык-кытайлык ыкчам-стратегиялык машыгууларынын уламышы расмий түрдө кайсы бир үчүнчү өлкөгө каршы багытталган. Кантсе да полигондун, аскердик бөлүк жана күчтөрдүн, өз ара аракет этүүчү стратегиялардын тандамы – көп маанилүү иероглиф, тегин жерден ал "согуш искусствосу" деген маанини туюндурбайт.

"Цинтунся" полигонундагы РФ жана КЭРдин биргелешкен тобунун мүмкүнчүлүктөрү болжол менен батыш да, чыгыш багытында да "күч көрсөтүүгө" жол ачат. Россиялык жана кытайлык истребителдик авиациясы жайгашкан Иньчуань аэродрому Кабул жана Токиодон бирдей – 3000 чакырым аралыкта (абада кошумча күйүүчү май куйбастан Су-30СМ учагынын иш жүзүндөгү учуш ыраактыгына дал келет). Ошону менен бирге эле орбиталык спутниктер тактикалык ыкмалардын баарын байкай алышпайт, ал эми болжолдуу душмандын чалгындоо авиациясы КЭРдин алыскы түндүк-батыш аймагында өз миссиясын тоскоолдуксуз аткара албайт.

Россия Кытай жергесиндеги машыгууларга 4++ муунундагы бир нече Су-30СМ истребителин жөнөткөн. Бул эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн бардык түрүн аскердик интеграциялоого даяр экенин айгинелейт. Биргелешкен аскердик-деңиз жана кургактагы окуулар көп өткөрүлүп келген. Бириккен эскадрильялар мурда деңиз үстүндө гана, күзөт маалында гана учушкан. Кургактагы күчтөр менен эриш-аркак сокку уруучу көп буталуу авиацияны чогуу пайдалануу – Россия менен Кытайдын машыгууларында жаңы түшүнүк, ошондой эле Кара деңиздеги жана Чыгыш Кытай чөлкөмүндөгү АКШ жана НАТОнун аскердик чагымчылдыктарына акылга сыярлык жооп.

Ситуация в Афганистане из-за столкновения правительственных сил с Талибаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Афганистандагы согуш Борбордук Азияны көздөй "жылууда". Опкоолжуткан фактылар
Көп буталуу Су-30СМ истребители тартылуунун тескелүүчү вектору менен жабдылып, тумшугу горизонталдуу. Фазалык антенналык торчолуу борттук радиолокациялык станциясы душмандын учактарын 140 чакырым аралыктан аныктап, бир эле убакта 15 аба бутаны коштоп, артыкчылыктуу төрт бирдикти тандап, 100 чакырымдан аткылай алат.

Истребитель асманда үстөмдүккө ээ болуп, абадагы, жер бетиндеги жана деңиздеги буталарын, душмандын абдан тереңдиктеги аэродромдорун 285 чакырым ыраактыкты багындыра алчу ар кыл типтеги "аба – жер бети" классындагы таамай ракеталар менен жок кылууга багытталган.

Кытайлык Дзянь-11 (J-11D) истребители Су-27 конструктивдик негиздеги россиялык Су-35Стин эквиваленти болуп эсептелет. Асманга 15 тонналык салмактагы арсеналды көтөрө алат, ал эми J-11D аскердик радиусу Су-30СМ истребителинен кем калышпайт.

Аймактык деңгээлдеги (Афганистандагы согуш) жана глобалдык масштабдагы (2030-жылга чейин АКШ жана НАТОнун негизги аскердик душмандары катары РФ жана КЭРдин аталышы) жалпы коркунучтар жаралганда Россия менен Кытайдын куралдуу күчтөрүнүн, атап айтканда, сокку уруучу авиациясынын технологиялык жана стратегиялык интеграциясы мүмкүн жана зарыл болчу нерсе. Бул татаал механизмдин жөнгө салынышын кытайлык "Цинтунся" полигонунда да байкалат.

Афганистан менен чектеш жерден 20 чакырым аралыктагы Харб-Майдон полигонундагы машыгуулар да көз жаздымда калбайт, ага РФтин Борбордук аскердик округунун 10дон ашуун учак жана тик учагы Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын кургактагы күчтөрүнүн биргелешкен операциясын коштойт. Учкучтар ракеталык-бомбалык сокку уруу менен шарттуу душмандын жашыруун базаларын талкалап, биргелешкен аскердик топ түштүктөн "соккон" коркунучтун мизин кайтарууга камынууда. "Батыш/Өз ара аракет – 2021" машыгууларынын стратегиясы жана тактикасы өзүнүн борбордук азиялык басымы менен кайталанмакчы. Ушундай эле "Түштүк – 2021" россиялык-өзбек машыгуулары Өзбекстандагы Термез полигонунда жаңы аяктады. Ага катышкан россиялык Ту-22М3 бомбалоочу-ракета ташуучулары афган чек арасында душманды шарттуу түрдө талкалаган.

"Талибан"* жана АКШ позициялары

Борбор Азия жана Кытайдагы биргелешкен машыгуулардын орчундуулугун Афганистандагы согуштук аракеттер тууралуу маалыматтар да тастыктап турат. Талибдер өлкөнүн чек араларын жана транспорттук магистралдарын көзөмөлдөө стратегиясынан административдик борборлорду басып алууга өттү. Өткөн дем алыш күндөрү Кундуз, Сары-Пул, Жаузжан, ошондой эле Иран менен чектешкен Нимроз провинцияларынын борборлорун ээлеп алышты. Мындай жагдай Борбор Азия өлкөлөрүнө кооптуулук туудурат: террорчулардын бийликти басып алышына каршы афган качкындарынын миңдеген агымын жаратышы ыктымал.

Шаарларды басып алуулар бирдиктүү сценарий боюнча жүрүүдө: талибдер негизги багыттардан шаарга америкалык өндүрүштөгү зооттолгон "Хамви" машиналары менен келип, өкмөттүк күчтөрдүн жабдылышын, кетүү жолдорун бөгөттөп, андан соң ыкчам шаарды отряддардын көзөмөл аймактарына бөлүп, 3-4 тараптан кирип, андан соң каршылык көрсөткөн жерлерди "тазалоого" өтүшүүдө. Ошону менен бирге эле афган армиясы курчоодо калган аскердик бөлүктөрдү куткарууга келе албай же үлгүрө албай калып жатышат.

Талибдер провинциялардын борборлорун гана басып албастан, өз каршылаштарын, каршы чыккандарды атып өлтүрүп, Кабул алынган соң башкы афган саясатчыларын өлүм жазасына тартууну убада кылып жатышат. Тажикстан жана Кытай менен чек арадагы Бадахшан провинциясында "Талибан"* Пекинди афган багытында активдүү жана катаал саясатты жүргүзүүгө мажбурлайт.

Ракета. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2021
Х-95 гиперүндүү ракетасы: россиялык жаңы табылганын мүнөздөмөлөрү
Пентагон "адатын карматып", B-52 стратегиялык бомбалоочулары менен талибдердин позицияларын "жер менен жексен" кылуу аракетинде. Кошмо Штаттар менен 2020-жылдын февралындагы Дохадагы тынчтык келишимине кол койгон талибдердин таарынычын элестетүүгө болот.

Ошентсе да Вашингтондун өзүнүн, көбүнесе парадоксалдуу геосаясий артыкчылыктары жана аскердик-саясий мүдөөлөрү бар. АКШнын Аскердик-аба күчтөрүнүн штаб жетекчиси генерал Чарльз Браун 6-августта КЭРден артта калбоо үчүн аскердик-аба күчтөрү жетишерлик түрдө тез өзгөрбөсө кесепети кейиштүү болорун жоромолдогон. Аскер жетекчиси Кошмо Штаттардын Аскердик-аба күчтөрүндө Кытайды жеңүү үчүн мүмкүнчүлүктөр "шайкеш" келиши керек.

Америкалык пландарда планетадагы тынчтык таптакыр каралбаганы анык. Афганистан – "дүйнөлүк жамандыкка", "куугунтукталган өлкөлөргө" жана башка Вашингтондун ойлоп чыгаргандарына каршы глобалдык күрөштүн бир эпизоду гана. Пентагондун маалыматы боюнча, Кытай 2035-жылы абадагы америкалык артыкчылыкты басып өтөт. АКШ Аскердик-аба күчтөрүн жаңыртуу олуттуу даражада токтоп калды, соңку 27 жылда болгону төрт гана жаңы истребитель иштелип чыккан. Эске салсак, америкалык истребителдердин абадагы артыкчылыгы тууралуу имиштер өтө көбүртүлүп-жабыртылган. Ал эми Кытай өзөктүк континенттер аралык баллистикалык ракеталар үчүн 100 жаңы шахтаны бачым эле куруп койду. Термоөзөктүк жаңжалда абадагы кандай артыкчылык болбосун маанисин жоготот. Болочоктогу салгылаштарга болгон америкалык даярдыктардан улам мыйзам ченемдүү түрдө Россия менен Кытайдын позициялары жана күчтөрү ымалалашып, чогуу машыгуулар эки өлкөнүн коргонуу жөндөмүнүн синергетикалык өсүшүн камсыздоодо.

Москва жана Пекиндин аскердик кызматташтыгы тууралуу келишим учурдагы реалдуулукту өзгөртө албайт. Глобалдык стратегиялык туруктуулукту чыңдоо жана стратегиялык өз ара аракеттешүүнү өрчүтүү жөнүндөгү РФ жана КЭРдин 2019-жылдын 5-июнундагы биргелешкен билдирүүсү эки мамлекеттин алдыдагы он жылдыктарга карата аскердик-саясий нугун аныктайт.

* – Кыргызстан жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук топ.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0