"Россия менен Кытайдын ортосуна чок салууга ылайык маал". АКШ аракетке өтөбү?

© Sputnik / Валерий Шарифулин / Медиабанкка өтүүРоссиия президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин. Архив
Россиия президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Кытай менен Россияга карата өз стратегиясында Америка таптакыр эле чаташып калгандай. АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Москва менен Пекинге АКШ тууралуу жалгандарды айтып, улуу державанын кадырын кетирүү аракетинде деп доомат койду.

"Кытай жана Россиянын бийлиги башкалардай эле ачык да, жеке иретте да АКШ кыйрап баратканын жар салып, келечекти биздин демократиялык багытыбызга караганда алардын авторитардык дүйнө таанымы менен байланыштыруу дурус экенине далилдерин келтиришүүдө. Биз мурдагыдай эле бардык көрсөткүчтөр боюнча өтө күчтүү өлкө бойдон экенибизди эскертип келебиз", – дейт Блинкен. Аталган державанын ушул багыттагы стратегиясын талдаган Петр Акоповдун макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Блинкен андан ары Американын күчтүү тараптарын санап, "биздин альянстар жана башка өлкөлөр менен өнөктөштүк түйүнүбүзгө теңдеш келчү жок, куралдуу күчтөрүбүз – планетадагы эң күчтүү жана согушка жөндөмдүү күчтөр" деп белгилейт. Анткен менен ал атаандаштар дүйнөлүк аренада АКШны сүрүп келе жатканын моюнга алып, Кошмо Штаттар "ички жаңыланууга" басым жасаган оң экенин белгилейт. Анткени өлкө инфраструктуранын сапаты боюнча 13-орунга, ал эми дүң өндүрүм пропорциясындагы инновацияларга салынган инвестициялар көлөмү жаатында тогузунчу орунга жылып калган.

Байденди кайталай Блинкен да "учурда демократия дүйнө жүзүндө коркунучта, ал эми авторитаризм менен улутчулдук өрүш алып жатканын" айтып, бирок "АКШ күн сайын саясий эркиндик жана адам укуктары үчүн туура күрөш жүргүзүп" жатканын белгиледи. Башкача айтканда, Вашингтондо азыр эч ким глобалдык үстөмдүккө доомат коюудан артка кайткысы жок, ошол эле учурда ички көйгөйлөрү бар экенин да танышпайт. Мында америкалык күчтү каралоодо деп Москва менен Пекинди айыптап жатышканы түшүнүксүз. Же кептин баары күчтүү эместигинде жана күчүнө ишене албаганындабы? Ооба, америкалык каржылык-экономикалык жагынан Кытайдан дале күчтүүлүк кылат, ал эми куралдуу күчтөрү россиялыктардан кубаттуураак. Жалпылап алганда Кошмо Штаттардын геосаясий таасири дале эбегейсиз, бирок дүйнө гана алардын уучунан тездик менен чыгууда. Буга мамкатчы ойлогондой Кытай менен Россиянын "америкалыктар чабал" деп жалпыга айтып жатканы себеп эмес. Болгону буга бүт дүйнө өзү күбө.

Афганистандын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Талибдер түндүк провинцияларды ээлөөдө. Кабул менен Вашингтон кандай жооп берет?
Москва менен Пекиндин америкалык каатчылыктан эч кимге кеп салганы деле жок, ансыз да америкалык глобалдык стратегиянын туңгуюкта экенин, америкалыктар самаган дүйнө түзүмү түптөлбөгөнүн, бул стратегиясын кайра иштеп чыгуу аракеттеринен майнап чыкпаганын, ички америкалык каатчылыкты дүйнө көрүп турат. Россия менен Кытай дүйнө түзүмүнүн жаңы тартибин куруп, күчтөрдүн жаңы тең салмактуулугуна багыттоодо.

Кошмо Штаттардын абалынын начарлашы — бул Россия менен Кытайдын каалоосу эмес, реалдуулуктун белгилениши. АКШнын абалынын солгундашы канча убакыт алары – он же отуз жылда болобу, эч ким билбейт, бирок бул процесстен кутула албастыгы шексиз. Ал эми ага чейин Кошмо Штаттар кубаттуу дүйнөлүк держава бойдон калары, анан да бирдиктүү Батышты көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн сактап калууга тырыша берери да талашсыз. Чабалдаган сайын муну моюнга албастан баарына, анын ичинде өз калкына кооптуу боло баштайт. Себеби Кошмо Штаттар эбак улуттук мамлекет эмес, глобалдык атлантикалык долбоор чогула турган түйүнүнө айланган. Андай кооптуулукту Кытай да, Россия да түшүнүп турат: америкалык доордун көзөмөлсүз кыйрашы эмес, залалсыз батканы оң, анан да кулап бараткан гегемон менен согушту каалашпайт.

Кошмо Штаттар мурда россиялык-кытайлык альянс стратегиялык жактан туруктуу болоруна ынанышкан эмес. Аларга ушундай ой ылайыктуу болгон, анан да саясий буюртма ошондой эле. Жадагалса америкалыктар үчүн көрүнүктүү саналган кытайлык жана айрыкча россиялык талдоочулардын пикирлери да ушундай маанайда жаңырчу.

Кийин бир убакта америкалыктар реалдуулукка моюн сунуп, атап айтканда, Москва менен Пекиндин стратегиялык алакасы Вашингтондун эрки жана каалоосунан көз каранды эместигин түшүнгөндөй болгон. Анткени соңку жылдары америкалыктардын бардык аракеттери Путин жана Си Цзиньпинди эки өлкөнүн стратегиялык тандоосун бекемдөө менен туура багытта бара жатканын гана айгинелеген.

Трампка америкалык истеблишмент Кытайга басым жасоону күчөтүп, Россияга кысым көрсөтүүнү чабалдатуу менен айкалыштырууга да уруксат беришкен эмес. Пекинди көбүрөөк кысмакка алып, Москваны ооздуктоону да да азайтышкан жок. Башкача айтканда, Вашингтон мындай кадамдары менен россиялык-кытайлык альянсты түзүүгө өбөлгө түзүүнү уланта берген. Байден эми бул иштин идеологиялык өзөгүн да үзгүлтүккө учуратты, азыр күрөш эки баштуу (Москва жана Пекин) дүйнөлүк авторитаризмге каршы жүрүүдө. Америкалыктар россиялык-кытайлык альянсты ичтен иритүүгө, болгондо да дал россиялык тараптан бузууга басым жасоодо.

Германиядагы Түндүк Агым-2 газ түтүгүнүн кургактыктагы объектилери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
"Созулган оюн". Сенаторлор "Түндүк агым-2" долбоорунун айынан соодалашканда
"Россия жана Кытай табигый өнөктөштөр эмес, тарыхый жактан бул эки өлкө бири-бири менен атаандашып келген. Алардын эзелтен берки атаандаштыгы таптакыр жок болуп кетпеди. Кремль күчтөрдүн реалдуу жагдайын билип, 150 миллион чакты калкы бар жүүнү бош Россия бир жарым миллиарддын тегерегиндеги жараны бар динамикалуу Кытай менен салыштырып да болбойт. Кытайдын экономикасы Россияныкынан болжол менен он эсе чоң, жаңы технологиялар жана инновациялар жөнүндө айта турган болсок, Кытай таптакыр башка нукта.

Кытайдын "Бир алкак, бир жол" демилгеси Россиянын Борбор Азиядагы салтка айланган таасирине терең сиңип, Арктика чөлкөмүнө карата да КЭРдин пландары бар экенинен Кремлдин чочулашы да негиздүү. Мындай шайкешсиздикке карабастан Россиянын Кытайга берилгендиги – Москванын Батышка нааразычылыгынын айкын белгиси. Бирок убакыт өткөн сайын ошол тең салмаксыздык тереңдеп отуруп, Кремль үчүн ыңгайсыздыктын булагы болуп калмакчы.

Вашингтон мындан пайдаланып Батыш менен жакындашуунун эсебинен Кытайдан ашкере көз каранды болуу тобокелдигинен кутулганы геосаясий жана экономикалык жактан дурус экенине Россияны көндүрүү абзел", – деп жазылган Foreign Affairs басылмасындагы жакында эле жарыяланган макалада. Аталышы да бөтөнчө: " Вашингтон ийгиликсиз никени бузууга Москвага жардамдашуусу кажет". Макала Жоржтаундун профессору гана эмес, Эл аралык мамилелер боюнча кеңештин улук илимий адиси, Обаманын тушунда Улуттук коопсуздук кеңешинин кызматкери Чарльз Капчанга таандык. Демек, бул пикирлер жөн гана экспертке эмес, Вашингтондун маанилүү өкүлдөрүнүн ойлору дегенге болот.

Капчандын "Россия-Кытай кызматташтыгынын өзөгү туруксуз, буга өз ара ишеним жетишсиздик кылат" же "эки өлкөнүн алакасы жогорку даражада жеке адамдарга байланышкан, эки лидердин – Си менен Путиндин ортосундагы болжоп болгус мамилелерден абдан көз каранды" деген талдоосу да жаңылыш. Эки мамлекеттин жетекчилеринин мамилесин андай сыпаттаганга болбойт, себеби алар бири-бирине ынанган жана жакын мүнөздө экенин көп ирет баса белгилеп келишкен. Ушул нукта өз байланыштарын бекемдөө үчүн салмактуу стратегиялык чечимге келишкен.

Капчандын оюнда Кошмо Штаттар "Кремлдин кеңири стратегиялык эсебин өзгөртүшү үчүн Батыш менен тыгыз кызматташтык Кытай менен бекем өнөктөштүктөгү көз карандылыгынан арылууга жардамчы болорун көрсөтүү абзел".

АКШ флотунун күчтөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Кытай менен Россияга айбатпы? АКШда аскер-деңиз машыгуулары башталды
Ошондой эле ал АКШны "демократия автократияга каршы" деген тейдеги стратегиядан баш тартууга чакырып, "эгер баарын идеологиялардын атаандаштыгына аралаштыра берсе, Россия менен Кытайдын дагы жакындашына түрткү болот" деген оюн ортого салган.

Ошону менен бирге эле "Москванын да көңүлүн бура турган, анын ичинде стратегиялык туруктуулук, киберкоопсуздук жана климаттын өзгөрүшү өңдүү маселелерди табуу", "АКШ өзүнүн демократиялык союздаштарын да Россия менен диалогду ушундай нукта түзүүгө басым кылуу" керектигин белгилейт. Кеп мында Европа жаатында гана эмес, маселен, Индия жөнүндө да. Капчан "Россиядан С-400" абадан коргонуу тутумун сатып алууга Индияга каршы санкцияны жоюуга" кеңеш берет. Аны менен бирге эле "Россияга Кытайдан экономикалык көз карандылыкты азайтууга батыш ааламы жапа тырмак жардамдашуусу" абзел экенин да кошумчалайт. Бул багытта Капчан Байдендин "Түндүк агым – 2" долбооруна макулдук бергенин кубаттап, аны "Россия менен Европанын ортосундагы терең соода байланышына дем берүүгө кыраакы инвестиция" катары баалады.

Улуттук коопсуздук кеңешинин мурдагы кызматкери Вашингтон "Кытайдын дүйнөдөгү, анын ичинде Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш жана Африкада күчөп бараткан таасирин ооздуктоого жардамдашууга Москваны да козголтууга" тийиш деп эсептейт. Мында Капчан, албетте, билип туруп бул өңүттөгү түшүнүктөрдү бурмалоодо.

Россия менен Кытай тигил же бул чөлкөмдөр жаатында эки ача пикирлери болушу мүмкүн, бирок алардын АКШ менен пикир келишпестиктерине караганда булардын табияты таптакыр бөлөк. Анткени Россия да, Кытай да бири-бирин ооздуктоого басым жасашпайт. Капчандын ушундай ойлору айла кеткендеги аракет сымал, анткени Вашингтондун Москваны Пекинден же Пекинди Москвадан айырууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок.

Макаласын Капчан: "Россия азыркы багытында Путин кызматтан кеткенге чейин гана калышы ыктымал. Бирок Кытай ыргагы укмуштай ылдамдап жана геосаясий жактан бийиктеп баратканда Кытай менен Россиянын, айрыкча, Путин саясий аренадан кетери менен ээлеп калчу россиялык аткаминерлердин жана мамлекеттик кызматкерлердин жаш мууну ортосунда чок салуунун дал убагы", – деп корутундулайт. Америкалыктар россиялык бийликтин Путинден кийинки мууну Кытай менен болгон стратегиялык өнөктөштүктү Батыш менен жакын ымалага алмашкыдай абалга жеткирүүгө жан үрөй тургандай. Башкача айтканда, улуттук кызыкчылыктарды жыйыштырып, өлкөнүн багытынан тайышын көздөшөт.

Бирок Россия андайга эч качан жол бербестиги айдан ачык. Анткени Путин түптөп жаткан жаңы улуттук элита Батыштын көз карандылыгынан кутулат, анан да Чыгыштын көзүн карабайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0