Талибандын согушкерлери Фарахта көзөмөл бекетин кайтарууда

Шойгу менен Байден күрөшкө үндөйт, бирок эки башка багытта

230
(жаңыланган 22:54 14.08.2021)
Түшүнгөн кишиге ушул тапта Борбор Азиянын Афганистан менен чектешкен аймактарында тышкы чек араларды (маңзат трафиги) жана административдик борборлору менен бирге он провинцияны толук көзөмөлдөй турган террордук мамлекет түзүлүүдө.

Афганистандан АКШ жана НАТОнун шашылыш чыгып кетиши өлкөдөгү кырдаалды андан ары ырбап, террордук активдүүлүктүн күч алышына алып келди.

Соңку беш күндө талибдер 13 провинциянын борборлору – Газни, Нимроз, Жаузжан, Сары-Пул, Кундуз, Тахар, Саманган, Фарах, Баглан, Бадахшан, Герат, Кандагар жана Гилмендди басып алды. Булардын ичинен жетөө өлкөнүн түндүгүндөгү шаарлар.

Ошондой болсо да "Талибан"* Афганистандын 34 провинциясынын бардыгында үстөмдүк кылат. Административдик борборлор, анын ичинде Кабул да курчоодо. Ушундай кыйчалыш кырдаалда дүйнө кандай чара көрүп, кандай чакырыктар жаңырып жатканына аскерий баяндамачы Александр Хроленко сереп салган.

Өкмөттүк армиянын арсеналы, оор артиллерия, зооттолгон техника жана аскердик авиация кошо акырындап талибдердин колуна өтүүдө. Мындай кооптуулуктан улам РФ коргоо министри Сергей Шойгу шейшембиде ЖККУну Афганистандан согушкерлердин басып келишине даяр турууга чакырды.

Тажикстан жана Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн даярдыгы "Талибандын"* чек аралардан кесип өтпөө, чектешкен аймактарга чабуул койбоо убадасынан көз каранды болбоого тийиш экенин белгиледи. Мухаммед пайгамбар "Согуш – бул көз будамайлоо" деген. Андыктан талибдерден чагымчылдыктар күтүлөт, болушу да мүмкүн.

Борбор Азиянын коопсуздугу үчүн РФ Коргоо министрлиги Афганистандын чек араларына жакын союздаштары менен машыгууларын улантат. РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы ушул айдын башында Өзбекстан жана Тажикстандын аймактарында биргелешкен эки окуунун жыйынтыктарына оң баа берди. Эске салсак, ошол окууларда россиялык аскерлердин Сириядагы согуштук тажрыйбанын негизинде авиация байма-бай колдонулуп, чалгындоо-ок атуу комплекси жана десанттар тартылып, күчтөрдүн бөлүктөр аралык аракеттерине күбө болдук.

АКШ президенти Жозеф Байден да Афганистандагы окуялардын курчушу тууралуу үн катты. Ал 11-августта Афган ислам республикасынын өкмөттүк күчтөрүн өз өлкөсү үчүн талибдер менен өз алдынча күрөшүүгө чакырды. Мындан сырткары, Байден афган коргоо министри Бисмилла Хан Мохаммадини "олуттуу күрөшчү" деп сыпаттап, Афганистандагы миссияны: "20 жыл ичинде биз триллион доллардан ашуун каражат сарптадык. 300 миңден ашуун афган аскерлерин окутуп, заманбап курал-жарак менен жабдыдык... Миңдеген америкалык жарандарды жоготтук", — деп корутундулады. Башкача айтканда: "Биз кеттик, соолуп бараткан демократия биздин маселе эмес" деген тейде кол шилтегендей эле болду.

Каршылык көрсөтүүгө акыркы аракеттер

Кошмо Штаттар согушту токтотту. Жыйырма жылдын жүз кызарткан жана кейиштүү жыйынтыктарына карабастан Вашингтондогуларда кымындай да өкүнүч жок. Афган ислам республикасынын мындан аркы жардамы анчалык чоң болбойт.

Кошмо Штаттардын Аскердик-аба күчтөрүнүн сыртта туруп алып талибдер жайгашкан жерлерге абадан сокку урушу көп нерсени өзгөртүп жибербейт, тескерисинче, жай жарандар арасындагы өлүм санын арттырышы ыктымал.

Пентагон Кабул үч айга дейре кулайт жоромолдогон. Вашингтон Афганистандын борборундагы АКШ элчилигин жабууну, ушул айдын аягына чейин америкалык дипломаттарды тезинен көчүрүп кетүүнүн варианттарын кароодо.

Мындан ары эмне болот?

Афган ислам республикасынын президенти Ашраф Гани 11-августта Мазари-Шарифте (түндүктөгү Балх провинциясынын борбору) таасирдүү саясатчылар Абдул Рашид Дустум жана Атта Мохаммад Нур менен өкмөттүк коопсуздук күчтөрүнүн жетекчилигинде элдик кошуун отряддарын координациялоо, жабдуу, мобилизациялоо жөнүндө сүйлөшүштү. Ошол эле күнү Гани Афган армиясынын штабына жаңы жетекчи дайындап, бул орунду мурда атайын багыттагы күчтөрдү жетектеген генерал Хайбатулла Ализай ээледи.

Даңазалуу маршал Дустум курчоодо калган Мазари-Шарифке Афганистандын түндүгүндө элдик каршылык көрсөтүүчү топту жетектөө үчүн атайын учуп келди. Ал: "Талибдерге түндүктөн соо чыгыш кыйын болот", — деп билдирди. Кабулдан жана согушуп жаткан провинциялардан обочо калган Мазари-Шарифте контрчабуул урууга күч жетеби?

Талибдерге бардык жерде эле катуу каршылык көрсөтүлгөн жок. 12-августта Таринкот (Урузган түштүк провинциясы) административдик борборунун райондорунун көпчүлүгү күрөшсүз багынып берген. Чыгыштагы Газнинин губернатору Дауд Лагмани талибдерге провинциясын өткөргөнү үчүн айыпталып камакка алынды.

Маалымат каражаттары батыштагы Фарах провинциясынын губернатор жана бир катар аткаминерлери "Талибан"* кыймылына багынып бергенин маалымдоодо. Афган ислам республикасы көз алдыбызда кыйрап барат.

Күч менен басып алынган провинциялардан миңдеген качкындар Кабулдагы мечиттерде баш калкалоодо. Талибдердин мизин бир керемет гана токтото алчудай. Андай кереметти НАТОнун кубаттуу өлкөлөрү убада кылышкан жок.

Түркиялык президент Режеп Тайип Эрдоган 11-августта Афганистанда тынчтык орнотууга кол кабыш кылууга убада берди. Түркиянын Коргоо министрлиги шарттар аткарылса, анын ичинде Кошмо штаттардын колдоосу болсо "жакын арада" Кабулдагы Хамид Карзай атындагы эл аралык аэропортунун коопсуздук көйгөйүн чечүүгө бел байлаган.

АКШ менен "Талибандын"* келишимин чоң катачылык деп атаган Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес НАТО "10 же 20 жылдан" кийин Афганистанга кайтаарын божомолдогон. Азырынча сөздөр гана айтылууда...

"Ислам эмирлигинин" келечеги

Балким кайткандарында мурдагыдай болбой калышы толук ыктымал афган мамлекетин түзүү үчүн талибдердин күчү да, убактысы да болору бышык. Эске салсак, Кабулга моджахеддер (партизандар) Афганистандан советтик күчтөр чыккан соң үч жылдан кийин, тагыраак, 1992-жылы гана киришкен. Көп өтпөй алар ич ара чатакташып, 1994-жылы мурдагы моджахед Омор молдо Кандагарда "Талибан"* кыймылын түзөт.

Туура эки жылдан соң талибдер пакистандык атайын кызмат жана араб монархияларынын көмөгү менен бийликке келишет. Эл аралык ири терроризм 2001-жылдын сентябрында америкалык эгиз мунаралар кыйраганда эмес, 1995-жылдын августунда россиялык жүк ташуучу – "Аэростан" Казань авиакомпаниясынын Ил-76ТД учагы аргасыз конгон күндөн тарта башталган. Ошондо "Талибандын"* истребителдик авиациясы болгон, окуя "Кандагар" көркөм тасмасында чагылдырылган.

Ислам эмирлигинин режиминде Афганистан бачым эле террордук уюмдардын, анын ичинде "Аль-Каида"*, ИМ* жана башкалардын Меккесине айланган.

"Талибандын"* эл аралык макамын эске алганда бүгүн Борбор Азия чек араларында бүгүн динди өз муктаждыктарына шайкеш келтирген террордук мамлекет түптөлүп жатканын айтууга болот. Талибдердин идеологиясынын негизи – сүннөттүк маанидеги ислам экени маалым. Алар ар кыл көйгөйлөрдү ачык аят жана хадистердин же өз акылына негиздөө менен чечүүгө мүмкүндүк берген куран жана сүннөттөрдү алгачкы булактар деп эсептешет.

Өз акылына негиздөө абдан кооптуу. Мисалы, ислам адамдын сүрөтүнө тыюу салат. Кыймылдын негиздөөчүсү Омор молдонун буйругу менен талибдер саналуу күндүн ичинде эле Кабул, Герат, Газни, Кандагардын музейлеринин жүздөгөн экспонаттарын, анын ичинде Бамиан шаарына жакын жердеги аска бооруна болжол менен бир жарым миң жыл мурун чегилген Будданын (37 м жана 53 м) эки айкелин талкалап салышкан. Ошону менен бирге эле театр жана кинотеатрлардын баарын кыйратышкан.

1996-жылдан тарта талибдер көзөмөлдөгөн Афганистандын аймагында шариятка, ал тургай уруулардын колун балта менен чаап салуу окуучу кыздардын мурдун кесүүгө чейин (кыздарга мектепке барууга тыюу салышкан) барган орто кылымдагы жазалоо, кыйноолорго негизделген "жаңы тартип" өкүм сүрүп турган. Булар менен гана чектелбестен, дагы далай тыюу салуулар киргизилген. Маселен, жинсы кийип же көчөдө сакалсыз жүргөндөр камчы менен сабалып, катаал шарттарда түрмөгө камалып же өлүм жазасына тартылган. Россия жана Борбор Азия өлкөлөрү, албетте, Афганистан менен ынтымактуу коңшулук алакада болууга кызыкдар.

Кантсе да чек араларды ырааттуу бекемдөө, коргонуу жөндөмүн өрчүтүү менен Пянж дайрасынан түндүккө карай чектешкен аймактарга орто кылымдагы караңгылыктын чагылышына жол берген болбойт.

Талибдер бийликке келип калса, Афганистанды өзүнө ылайыктап өзгөртүп, тышкы дүйнөнү да "жакшыртууга" киришери турулуу иш. Ошондо даярдыксыз же чабал куралданган коңшу мамлекеттер абдан оор күнгө кабылат.

* – Кыргызстан жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.

230
Белгилер:
Сергей Шойгу, Жо Байден, Афганистан, терроризм
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (266)
Тема боюнча
Батышка баш бербей... Россиянын коңшусу алаканы күчөтүүнү сунуштап жатат
Талибдер Афганистандагы экинчи ири шаар Кандагарды басып алды
Россиянын президенти Владимир Путин

Акылга сыйган консерватизм: Путин бүтүндөй доорду жокко чыгарып койду