Украина армиясынын жоокерлери. Архив

Украиналык армия 2021: куралданышы жана даярдыгы

307
Украина көз карандысыздыктын отуз жылдыгын 24-августта кургакта жана деңиздеги аскердик парад менен өзгөчө белгилей турган болду. Салтанатта 30 өлкөдөн чакырылган меймандар металл, калибр жана ыраактыктагы украиналык аскердик курулуштун жетишкендиктерин баалашат.

Украина мамлекетинин жана украиналык армия дээрлик отуз жылдан бери эле Россияга жана РФтин Куралдуу күчтөрүнө теңдешүү аракети жүрүп келет. Жамааттык Батыш украиналык мамлекеттик жана аскердик түзүлүштүн мындан башка маанисин көрбөйт. Ал эми Киев АКШ менен НАТОнун геосаясий оюндарында Россияга каршы марионетканын кыйратуучу ролуна каниет кылгандай... Аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган мамлекеттин алдыдагы парады жана куралдануу жаатындагы аракеттерине баам салган.

Украина көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына 255 миң колу бар Куралдуу күч менен кирди. Алар негизинен полиция, өз территориясында жана үчүнчү өлкөлөрдөгү жазалоочу операциялар үчүн каралган.

Global Firepower батыштык аскердик күч рейтингинде Украина Вьетнам менен Таиланддын ортосунда 25-орунда. Бирок реалдуулук Украинанын Куралдуу күчтөрүн АКШ жана НАТОго баш ийген "зондер команда" (атайын отряд) катарына кирет.

Донбасстагы шахтёрлор менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн көп жылдан берки тынымсыз ок атышуулары, украиналык адистердин НАТОнун аскердик инструкторлору тарабынан окутулуп жатканы аларды согуштук күчү артып, ал тургай өлкөнүн альянска кирерине аз калгандай кыялдарга жетелейт. Анткен менен украиналык Куралдуу күчтөрүнүн согушка жөндөмдүү жана майнаптуу Аскер-деңиз жана Аскер-аба күчтөрү жок. Ал эми кургактагы күчтөр куралданышы жана жеке курамдын даярдык деңгээли боюнча элдик козголоңдорду, болгондо да аларды ийгиликсиз басууга гана жарайт.

Жогорку аскердик командачылык өз алдынча чечим кабыл алып, стратегиялык пландай албайт, Украина Куралдуу күчтөрү Вашингтон менен Брюсселдин көзөмөлүндө.

НАТО бул өлкөнүн аймагын Россия менен чектешкен жерлердеги эл аралык окуулар жана айрым бөлүктөрдүн "алдыңкы жайгашуусу" үчүн кызуу колдонот, бирок мүчөлүккө кабылдоого ашыгышпайт. Так критерийлерди же мөөнөттөрдү белгилешпейт. Украина 2014-жылдан бери үмүт артып келгени менен НАТО тышында АКШнын негизги союздашы макамына да караандабайт.

"Негизги союздаш" макамы каржылык пайданы убадалап, Киевге дүйнөдөгү эң коркунучтуу "россиялык коркунучтан" америкалык коргоого кепилдик бермек эле. Бирок Афганистандагы (2012-жылдан тарта НАТО сыртында АКШнын негизги союздашы) соңку окуялар америкалыктар жана альянс, 300 миңдик улуттук армияны даярдоо жана куралдандыруунун батыштык стандарттары, олчойгон сумма да эч нерсеге кепил боло албасын көзгө басып көрсөттү. Кошмо Штаттар союздаштарын оор убакта таштап кете берет. Америкалыктар Афганистандын баш калаасы талибдер алгандан кийин шашылыш чыгып кетүүдө 12 украиналык аскерди Кабулдагы базаларынын биринде таштап (унутуп) коюшкан. Ошол эле базада дагы бир нече грузин, болгар жана румыниялык аскер кызматкерлери калган.

Аскердик алсыздык

Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн катарында Советтик Армиядан калган 42 истребитель жана сокку уруучу 34 тик учак бар. Учкучтардын жана учуучу аппараттардын техникалык даярдык деңгээли, маселен, Донбасстын асманына учуп чыгууга жол бербейт. Украиналык аскерлердин согуштук тажрыйбасы жок. Украина Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы бөлүктөрүнүн парктарда сакталган зооттолгон техника жана артиллериясы кыйла көп. Атап айтсак, 2430 танк, 11 400дөн ашуун зооттолгон транспортёр, 3000дин тегерегиндеги өзү жүрүүчү жана сүйрөтүлүүчү артиллериялык түзүлүш, залптык октун реактивдүү тутумунан 550 бирдик бар. Негизи бул мурдагы кылымдан калган, эми Украинанын коргоо-өнөр жай комплекстеринин ишканаларында заманга бапташтырууга аракет көрүлүп жаткан "жарым жан" техника. Донбасс калкы менен жарандык согушта алар керекке жараган эмес.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн эң чабал бөлүгү – 12 чакты күзөтүүчү жана артиллериялык катер, "москиттик флоттон" турган Аскер-деңиз күчтөрү. Чет өлкөлүк өндүрүштөгү сүзүүчү каражаттар дээрлик жабдыксыз абалда. Кара деңизде россиялык "Москва" ракеталык крейсери жалгыз эле Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнүн толук курамын жана аны менен кошо НАТОлук флотту да бир дем менен чөктүрүп коё аларын белгилей кетели. Кара деңизде Россиянын аскер-деңиз үстөмдүгү айдан ачык.

Мында Украинага калган советтик аскер-деңиз мурасы сатылып же 2014-жылга чейин эле талкаланып бүткөнүн эске алуу абзел. Согушка жарамдуу жалгыз кеме "Гетман Сагайдачный" фрегаты деп эсептелет. Кемеге каршы коргонуучу курал-жарагынын жоктугунан, ал эми жакынкы радиустагы абадан коргонуу тутумунун каражаттарынын майнапсыздыгынан улам аны фрегат дешке да болбойт.

"Сагайдачный" кезегинде СССРде КГБнын чек ара күчтөрүнүн "Киров" күзөтүүчү кемеси катары курулуп, сууга 1992-жылы коё берилген. Украиналык "чала фрегат" жакында корпус жана механизмдеринин эскилиги жетип калганы үчүн жарактан чыгарылат. Украинанын аскердик күчүнүн ушундай абалында да Жогорку Рада 2014-жылдын декабрында мамлекеттин блоктон тышкы макамынан баш тартуу менен эки мыйзамга өзгөртүү киргизген. Ал эми 2019-жылы украиналык парламент конституциялык негизде өлкөнүн НАТОдогу багытын бекиткен. Көз карандысыз Украина альянстын кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрү менен алтынчы өнөктөш мамлекети болуп калган.

Баарын сатып тынып..

Украина СССРден ак көңүл коңшуларды, ошондой эле улуттук коргонуу түзүмүн түптөө үчүн мыкты башат болчу мүмкүнчүлүктөрдү, атап айтканда 980 миң аскер кызматкерин,

8000 танк, 10 миң зооттолгон транспортёр жана пехоталык аскердик машинасын, артиллериянын ар кандай тутумдарынан 20 миң бирдик, 1100дөн ашуун аскердик учак жана 400 тик учак, Кара деңиз флотунун 350дөй кемесин мураска алган. Булардан сырткары, структуралык түрдө – 14 мотоаткычтар дивизиясы, төрт танк жана үч артиллериялык дивизиясы, атайын багыттагы бир, артиллериялык сегиз бригада, өзүнчө армия жана абадан коргонуучу тогуз бригада, үч аба армиясы, жети тик учак полку калган. Айтор, баары курулуп бүткөн, негизгиси аларды андан ары жөндөп улап кетүү гана керек эле. Адегенде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн санын беш эсеге кыскартышты. 1990-жылдардын башында эле улуттук армияга кызмат өтөөнү каалагандардан Россия менен күрөшүүгө даяр болуп-болбогонун сурашкан (УККны "ишенимсиз" офицерлерден тазалашкан).

Көз карандысыздыктын биринчи он жылдыгында эле Киев советтик куралдардын көп бөлүгүн Азия жана Африка өлкөлөрүнө сатып жиберген. Натыйжада авиация, ракеталык күчтөр жоюлуп кете жаздаган.

2005-жылы Украина курал экспорттоодо дүйнөдө алдыңкы сапка чыккан. Украиналык арсеналдагы аскердик техниканын миң бирдигинин изи табылбай, Тынчтык көйгөйлөрүн изилдөөчү Стокгольм институтунун жана Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык институтунун отчётторуна кирбей калган. 2010-жылы УКК танктарынын үчтөн эки бөлүгүн, зооттолгон машина жана артиллериялык тутумдарынын жарымынан айрылган. Алардын акчасы кайда кеткени белгисиз.

1991-жылдан 2015-жылга дейре Украина болгону 75 зооттолгон Saxon машинасын, сегиз Spartan броневигин жана 58250 долбоорунун курулуп бүтө элек корвети үчүн курал сатып алган.

2014-жылы кезектеги "майданды" Украина катардагы 700 жана сактоо базаларындагы 1445 танк, 2189 аскердик машина, артиллериялык 1421 система, 206 тик учак жана 326 учак менен тоскон. Кийин Донбасста УКК 300дөн ашуун танк, зооттолгон машиналарынын жарымынан көбүн, артиллериялык тутумунун дээрлик 50%ынан ажыраган. Анан да бул расмий гана маалыматтар. International Institute for Strategic Studies Military Balance аналитикалык агенттиги өлкөнүн мындай жоготуулары алда канча жогору экенин маалымдаган.

Аскердик-саясий кыйроосунун отуз жылдыгын көз карандысыз Украинага каршы "россиялык агрессия" менен эле түшүндүрүү мүмкүн эмес. Бул – мамлекеттүүлүктүн туңгуюгу. Украиналык коргоо-өнөр жай комплексинин деңгээлинен толугу менен талкаланган аскердик кеме куруу тармагы кабар берет, болбосо совет убагында Николаев заводунда авиа ташуучу крейсерлер байма-бай курулуп турган. Артиллериялык системалар, тик учак, истребитель, чабуул коюучулар, абадан коргонуу тутумдары жана байланыш көйгөйлөрү чечилбей турат. Украина аскердик учактарын "эскиртип бүтүп", келечекте НАТО өлкөлөрүнүн эскилери менен гана учууга ниеттенет.

Көз карандысыз Украинанын аскердик өнөр жайы жаңы олуттуу иштелмелер тургай, советтик үлгүдөгү ок атуучу куралдын огун да чыгара алган жок. НАТОнун инвестициялары абалды өзгөртө алган жок. 2014-жылдан бери Украина бир нече жыл бою "Куралдуу күчтөрүн чыңдоого" чет өлкөлүк өнөктөштөрүнөн толгон-токой курал жана миллиарддаган долларды ачык да, тымызын да алып келди. Курал Украинадан буйтап өтүп, сыртка сатуунун эски схемасы боюнча Азия жана Африка өлкөлөрүндө жаңы ээлерин таап, ал эми андан түшкөн акчалар кайдадыр сиңип кетип жатты.

2021-жылдын 24-августунда киевдик жетекчилердин "түп-тамырынан жаңы армия" куроо жөнүндөгү майрамдык билдирүүлөрү так сан жана фактылар менен тастыкталбайт.

"Европаны россиялык агрессиядан коргоо жөнүндөгү" салтанаттуу ритуалы кезектеги ирет күлкү келтирип турат, анткени Украинанын Куралдуу күчтөрү "эч бир агрессорго туруштук" бере албайт.

Ал эми эң башкысы, элге жана Россияга каршы мындай армияда кызмат өтөгүсү келген украиналык жарандардын катары улам суюлуп барат.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.

307
Белгилер:
Украина, армия, эгемендүүлүк, машыгуу, парад, майрам, АКШ, НАТО, курал
Тема боюнча
Янукович: Россия менен байланыш Украинаны социалдык коллапстан куткарган
Эксперт: Украина өз экономикасынын калдыгын "жок кылууга" белсенди
Маршруткага отуруп аткан аялдар. Архивдик сүрөт

Дароо эле "уяты жок" дешет. Маршруткадагы жанды кашайткан жоруктар