Америкалык аскерлер АКШ жана Афганистан желектерин түздөп жатышат Кабул шаарында. Архив

"Болуп көрбөгөндөй жеңилүү": НАТО өзүн жок кылууда

512
Американын Афганистан боюнча бардык багытта утулушу өлкөнүн аскерий союздаштарына да терс таасир этти.

Азыркы түзүлгөн кырдаалда НАТОго үмүт артып, курамына кирем деп турган байкуштар тууралуу не демек элек. Өзгөчө Американын кызыкчылыгын коргоп, андан кийин каралбай калган украиндер менен грузиндерге оор эле болду. Абалга сереп салган Виктория Никифорованын макаласы РИА Новостиге жарыяланды.

Бүгүн Кабулдагы бир эле америкалык базада Чыгыш Европадан барган 400дөй адам топтолуп турат. Баары келишим менен америкалыктарга иштеп, талибдер отурган түрмөлөрдү кайтарып келишкен. Эми талибдер эркиндикке чыгып, курал-жарагын тартып алды. Бирок азырынча эч кимге тие элек.

Украинанын жалданма кызматкерлери Россия бийлигине учак жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылышты. Америкалыктарга иштеген афгандыктарды деле орустар коргоосуна алат сыяктуу болуп турат. Мындай жагдайга эч ким деле таң калбай калды.

Бирок АКШ жакын өнөктөштөрү, НАТОго толук кандуу мүчө болгон мамлекеттерди деле жыргатып ийген жок. Америкалыктардын качып чыгуусунан кийинки башаламандыктан соң немецтер да, чехтер да, голландиялыктар да өз жарандарын Кабулдагы аэропорттон алып кете албай калышты. Эч ким менен кеңешпестен АКШ 31-августту эвакуациянын акыркы күнү деп жарыялап салды. НАТО боюнча союздаштарынын "биздин жарандарыбыз эмне болот" деген суроосу жоопсуз турат.

АКШнын өнөктөштөрү эми ойлоно баштады. Дүйнөдөгү эң күчтүү деп эсептелген армиянын качып чыгышы бир топ күмөн санатып койду. Америкалыктар Афганистанга адамдарды эле эмес, аскердик учактарды, тик учактарды, техника жана курал-жарагын таштай качкан.

Жагдай америкалыктар жүз миллиондогон долларлык курал-жарагын атайылап эле НАТО боюнча өнөктөштөрдөн жашыруун түзүлгөн келишимдерге айырбаштап таштап кеткендей сезим калтырат. Мындай ой он миңдеген "тапичкечен сакалчан" ушундай тездик менен өлкөнү каратып алгандан кийин пайда болот. Америкалыктар бул тууралуу алдын ала билип, даярданып алышы мүмкүн. Ал эми НАТО үчүн бул күтүүсүз машакат болду.

Чындыгында талибдер менен бир тараптуу келишимдердин ар кандай пландары АКШ тарабынан эчактан бери эле ойлонулуп келген. 2010-жылы Карнегинин "Эл аралык тынчтык үчүн" фонду согушкерлер менен элдешүүнүн түрдүү варианты талкууланган доклад чыгарган. Анда Америкага ыктаган өкмөт менен "Талибандын" провинцияларды бөлүшүп алышынан тарта "өз" диктаторун дайындоого чейинки кадамдар каралган. Мунун баары "Коопсуздук демократиядан алда канча маанилүү" деген ураан алдында жасалган болчу.

2018-2020-жылдары Американын Афганистандагы мурунку элчиси Залмай Халилзад Трамптын администрациясынын өкүлү катары талибдер менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Вашингтондун өзү баштанган мындай аракети 2020-жылы жазындагы эки тараптын келишүүсү менен аяктады. Ак үй эч ким менен кеңешкен эмес.

2021-жылы мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Пакистан бийлиги менен дайым байланышта болуп, июнда ЦРУнун башчысы Уильям Бернс Исламабадга барып келген. Тараптар эмне тууралуу сүйлөшүп. кандай жыйынтыкка келгени табышмак.

Ошентсе да союздаштар баарын түшүнүп, өз оюнун жүргүзүп келди. Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес акыркы бир жылда аскер континентин Афганистанда калтыруу боюнча түрк жана италиялыктар менен макулдашып келгенин ачыктады. Сүйлөшүүлөр жашыруун жүргөн. Вашингтон бул тууралуу билген эмес. Бирок демилге ишке ашпай турганын түшүнүшкөн, анткени көп нерсе АКШнын аскердик инфраструктурасына байланыштуу эле.

Өнөктөштөрдү баарынан да Вашингтондун эч талкуусуз эле аскерин чыгаруу чечимин кабыл алып салганы кыжырдантып турат. Албетте, көпчүлүктүн көзүнө блок биримдиктүү экенин көрсөтүүгө тырышып келет. Бирок европалык саясатчылардын нааразычылыгы ачык эле көрүнүүдө.

Brexit макулдашуусунан соң толук АКШдан көз каранды болуп калган калган Англияда да парламентке сыйбаган сөздөр айтылып калууда. Мурунку премьер-министр Тони Блэр АКШнын учурдагы президентин "имбецил" деп атаса, азыркы премьер Борис Жонсон "уйкусураган Байденден көрө Трамп менен иштөө жакшыраак" экенин белгиледи. Кийинчерээк "айткан эмесмин" деп чыкты, бирок сөзү тарап кеткен эле.

Британиялык таблоиддер бийликтин башында тургандарга таянып, англиялык министрлер Байден Афганистандан аскерлерди чыгарууну чечип "таптакыр акылынан айныды" деп жаткандыктарын жазды.

"Союздашыбыздын эч кимге акыл салбастан Афганистандагы миссияны токтотуу чечими ойлонууга жем таштады. Жакын арада дүйнөлүк державалардын экинчи дивизионуна кошулуу кооптуулугу күчөп турат", — деген Тони Блэр.

Анын сөзүнө Ангела Меркель Германиянын жаңы канцлерине түртүп жаткан Армин Лашет да кошулган. Анын айтымында, Афганистандан аскерлерди чыгаруу "НАТОнун тарыхындагы эң ири жеңилүү болду".

Франция президенти Эммануэль Макрон Байденге чалып, афгандыктарды чыгаруудан баш тартканы үчүн катуу айткан. Франция башчысынын нааразычылыгын да түшүнүүгө болот: америкалыктар афган качкындары боюнча көйгөйдү европалыктарга оодара салды. Он миңдеген качкын жакын арада Европа менен Британияга агылат, арасында канчасы террорчу экенин билип болбойт, ойлогондон да коркосуң. Эгер европалыктар чек арасын жаап коё турган болсо Вашингтон "адам эмессиңер" деп биринчи кыйкырып чыгат.

Америкалыктар НАТО боюнча өнөктөштөрүн басынтып эле тим болбостон буттан да чалышты. Эгер ЕБ жетекчилери өз жарандарын Афганистандан чыгарып кете албаса эл аларды жогорку кызматтан алып түшөрү айкын. Ал эми Европа өлкөлөрүнө качкындар агылса, кырдаал андан бетер начарлайт.

Мындан да коркунучтуусу — алдыдагы келечек. Вашингтондун саясатчылары эми аскерин каякка жөнөтөт? Европалык жоокерлер кайда барып ким үчүн салгылашып өмүрүн берет? Эскерте кетсек, Афганистанда НАТОнун 3,5 миңдей жоокери набыт болгон. Кайсы максат үчүн кырчын өмүрлөр кыйылды?

Ушу тапта европалыктар АКШ аларды Кытайга каршы согушууга аттантат деген идеядан жүрөк заада болуп турушат. "Аягы көрүнбөгөн согушка айланчу" бул каргаша миллиондогон кишинин өмүрүн кыйышы мүмкүн. Качан гана Ак үй жеңилгенин аңдаганда өнөктөштөрүн сатат да согуш талаасынан качып кетет. Мунун кимге кереги бар? Вашингтонго өтө берилген европа элитасы деле мындай өзүн-өзү өлтүрүүчү ишке макул болбойт.

Вашингтон постсоветтик мейкиндикте согушууну чечсечи? Бирок бул темага НАТО офицерлери мыскыл менен жооп кайтарышууда. "Россия менен кантип согушуу керектигин сүйлөшүү жакшы. Бирок НАТО Афганистанда чегинип жатканда калкалай турчу аскер табылган жок го", — деген Financial Times басылмасына аты-жөнүн айткысы келбеген командир.

"Афганистандан соң америкалык дүйнөнүн да (Pax Americana), НАТОнун да күнү бүттү", — деп жазды Британиянын белгилүү аналитиги Саймон Тисдалл. Европадагы саясий таасиринен айрылганы аз келгенсип планетанын булуң-бурчунда АКШнын гегемониясын камсыздап турган "жумшак күчтөн" кол жууду. Афганистандагы жеңилүү Кошмо Штаттардын Европа тагдырындагы ролун кайра карап чыгууга негиз болуп бермекчи.

Качандыр бир кезде НАТО Европаны "советтик кооптуулуктан" коргоого багытталган эле. Андай кооптуулук деле эбак жоюлган. Бүгүнкү күндө АКШ альянсты жеке өзү аскерий инструмент катары пайдаланып, курамындагы өлкөлөрдү аны каржылоого милдеттендирип койгон. Союздаштарды коргоонун ордуна маани-маңызсыз иштерге аралаштырып, андан кийин эч ойлонбостон таштап салууда.

НАТОго мүчө болуу үчүн өлүүгө даяр турган украиндер менен грузиндер, Тони Блэр айткандай, терең ойлонушу кажет. Өзгөчө Кабулда калгандар ой калчашы керек. Убактысы кенен, дүйнө тагдырын ойлонуп, орустардын учагын күтүп турар. Балким, алып кеткиси бардыр.

512
Белгилер:
АКШ, НАТО, Афганистан, Аскер, Жо Байден, Европа, согуш, Россия, аэропорт, качкын, саясат, Кытай
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (218)
Тема боюнча
Байден эмне себептен Афганистандан аскерлерди чыгарып жатканын түшүндүрдү
Акча каражаттары. Архив

Акчаны кайсы валютада сактаган оң? Жөнөкөй, бирок маанилүү кеңеш