АКШ Россия спортуна "чеги жок согуш" жарыялоодо

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЦеремония закрытия XXXII летних Олимпийских игр в Токио
Церемония закрытия XXXII летних Олимпийских игр в Токио - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Токио Олимпиадасын ийгиликтүү жыйынтыктап, допинг-көзөмөлдөн аман-эсен өтсө да россиялык спортчулардын баш оорусу бүтпөй калды сыяктанат. Тескерисинче, баары эми башталып жаткандай.

Америкалык конгрессмендер жанында "Родченков актысы" суу кечпей кала тургандай жаңы мыйзам долбоорун сунушташты. АКШ конгрессинин Хельсинки комиссиясы токуган "Алтын актыда" допинг боюнча эреже бузууларды акчаны адалдаштыруу жана рэкеттин деңгээлиндеги кылмыштарга теңөө каралган. Кырдаалга баам салган Виктория Никифорованын макаласы РИА Новостиге жарыяланды.

Эгер мыйзам кабыл алынып кала турган болсо дүйнө жүзүнө бүт тиешелүү болот. АКШнын атайын кызматы америкалык атлет катышкан, америкалык фирма демөөрчү болгон же америкалык телекомпаниянын бири эле көрсөткөн бардык эл аралык спорттук мелдештерде "допинг схемасынын уюштуруучуларын" шимшилеп жүрөт.

АКШ спортчулары Токио Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Америкалыктар Олимпиадада таза оюндан четтетилди
Акчаны адалдаштыруу жана рэкетке каршы мыйзамдар АКШда 1970-жылы мафияга каршы күрөшүү үчүн кабыл алынган. Анда аталган кылмышка шектелген адамдарды тыңшоого, аңдууга, ал материалдарды сотто колдонууга уруксат берүү каралган. RICO Нью-Йорктун кылмыш дүйнөсүнүн эки тизгин бир чылбырын колго алып жүргөндөрдү жана Лос-Анжелес менен Ки-Уэсттин саткын полиция кызматкерлерин ооздуктоо үчүн иштеген.

"Алтын акт" — "Родченковдун актысы" сыяктуу эле толугу менен экстерриториалдуу (жайгашкан өлкөсүнүн эмес, келген мамлекеттин мыйзамдарына баш ийүү). Анда америкалык атайын кызматтар бардык жерде башка өлкөлөрдүн жарандарынын изине түшөт. Аңдыйт, тыңшайт, АКШга экстрадициялоо үчүн уруксат сурайт, банктагы эсебин блоктойт. Мындан тышкары, кандайдыр бир табышмактуу "атайын операцияларды" жүргүзүүсүнө жол ачылат. Ал эми америкалыктардын фантазиясына чек жок экени маалым эмеспи.

Бул мыйзамдын кимге багытталганын эч ким деле жашырган жок. "Россия сыяктуу авторитардык өлкөлөр үчүн допинг асимметриялык курал бойдон калууда, аны менен өлкө мыйзамдарды бузуп жатат", — деди "Алтын актынын" авторлошу, Хельсинки комиссиясынын мүчөсү Жо Уилсон.

Ал эми аталган комиссиянын тең төрагасы, конгрессмен Стив Коэн мыйзам долбоордун зарылдыгын Токио Олимпиадасына катышкан америкалык атлеттердин доосу тастыктап турарын түшүндүрүп берген. "Биздин спортчулар допингди пайдалануу улантылып жатат деп шектенүүдө", — деди Коэн.

Бул 200 метрге чалкалап сүзүү боюнча россиялык Евгений Рыловго алтынды мурдунун учунан алдырып жиберген америкалык суучул Райан Мэрфинин сөзүнөн кийинки нерсе экени айгине. Ушул эле кепти көп өтпөй Мэрфинин командалашы Лили Кинг да айта баштады. "Бул жерде (Олимпиадада — ред.) келбеши керек болгон адамдар көп", — деген ал.

Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2020
АКШда өз жарандарына каршы колдонулган супер курал. Аягы эмне болот?
Мындай кырдаал акылга сыйбайт. WADA дагы, ЭОК дагы россиялык чемпиондордон тыюу салынган заттар табылбаганын нечен ирет тастыкташкан. Алар мелдешке чыгып, медалды өз күчү менен алышты. Бирок жеңилүүгө дуушар болгон америкалыктардын жаны жай ала албай, эми минтип жардамга күч түзүмдөрүн чакырып жатышат. Азырынча армиясын эмес дей туралычы.

Анда Олимпиаданын медалдарын Мамлекеттик департаменттен америкалыктарга эле берилгидей кылып койбойлубу. Же мелдеш өтүп жаткан өлкөгө болгон ок-дарысын жүктөп аскердик техникасы келсин. Америкалык спортчуларды эч ким таарынткан жокпу, карап турсун.

Акыркы убакта ири допинг чырлары америкалык спортчулар менен байланыштуу экенин Вашингтон эмнегедир эске албай жатат. Жөө күлүк Ша'Карри Ричардсон марихуанадан улам таймаштан четтетилди. Гимнаст Симона Байлз риталинден улам Олимпиадага катыша албай калган. Үч жыл мурун допинг үчүн Олимпиаданын жана дүйнөнүн көп жолку чемпиону, легендарлуу суучул Райан Лохте дисквалификацияланган эле. Өмүр бою кортикостероид пайдаланып келген айтылуу велоспортчу Лэнс Армстронг эсиңиздеби?

Бул көпчүлүккө чыгып кеткен ири чуулгандуу окуялар. Дүйнө коомчулугунун АКШнын профессионалдык спортунда эмне болуп жатканынан таптакыр кабар жок. Бул атагы алыска кеткен Улуттук батскетбол, бейсбол, хоккей лигалары. Миңдеген белгилүү спортчулар, триллиондогон доллар айланган бизнес, ири мелдештер. Бирок мунун баарын АКШнын USADA антидопинг комитети эч көзөмөлдөбөйт.

Ар бир лиганын допингдин колдонулушун текшерет делген уюму бар. Бирок ал жакта укмуштуудай акча айланып жүргөндүктөн эч ким ушул убакка чейин эч кимди кармаган эмес. Өзү жабыркап калышы мүмкүн. 2012-жылы WADA уюмунун башкы директору Дэвид Хауман допинг көзөмөлү боюнча кетирген кемчилиги үчүн Улуттук баскетбол ассоциациясын сынга алган. Керек болсо легендарлуу баскетболчулар боюнун өсүшүнө жооп берген гормонго анализ тапшыруусун сунуштаган. Бирок эч ким анын сөзүн этибар алган эмес.

Жаңы Зеландиялык оор атлетчи, трансгендер Лорел Хаббард - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Трансгендер катышкан алгачкы Олимпиада. Токио-2020нын кызыктары
Допинг мамлекеттен колдоо таап жаткандан кийин америкалык спортчулардын көйгөйү жогорку жактагыларга маалым. Бул системалык процесс, он миңдеген балдарды жабыркатып, муундан муунга улам тереңдеп келе жатат. Жок, муну россиялык пропаганда ойлоп тапкан жок. АКШ президентинин сөзүн карап көрөлү.

"Американын бардык деңгээлдеги спортчулары стероид, тыюу салынган зат колдонуу азгырыгына туруштук бере албайт. Өзгөчө курама командага кирүүгө зарылдык жаралган жерде басым өтө эле чоң. Анткени бир күнү карасаң эле атаандашыңдын бою өсүп, булчуңу чыгып калганын көрөсүң да "токточу, мен дагы ушундай болушум керек, болбосо ордумду алып коёт" деп ойлоно баштайсың. Өтө чоң көйгөй..."

Бул Жо Байдендин 2008-жылы айткан сөзү. Анда ал АКШнын Делавэр штатынан сенатор эле. Байден кесиптештерин Допингге каршы күрөшүү боюнча эл аралык конвенцияны ратификациялоого чакырган.

АКШ бийлиги америкалык спортто эмне болуп жатканын жакшы билери көрүнүп турат. Бирок эмнегедир допингге каршы мыйзам бузгандарды Россиядан издөөгө аракет кылып жатат. Кызык...

Жаңылыктар түрмөгү
0