Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеев. Архивдик сүрөт

"Кыздын сыры" менен багы ачылган Өскөн Даникеев. Жазуучу тууралуу 11 факт

615
(жаңыланган 18:23 03.09.2021)
Колумнист Абдыкерим Муратов бүгүн окурман журтчулугуна Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин бейнесин ачып берди.

"Бакир" аңгемеси менен кыргыз адабиятына баш багып, кийин "Кыздын сыры" повести менен таанылган Өскөн Даникеев 77 жашта. Ал бала пейил, улуу-кичүүгө бирдей мамиле кылган алпейим, камкор киши. Жаш калемгерлерге өзгөчө колдоо көрсөтөт. Бала кезинен бирде архитектор, бирде киночу болгусу келчү. Комуз черткен эрмеги бар. Адистиги боюнча геометриялык-математикалык эсептерди чыгарганга, чийме чийгенге уста.

Сары-Өзөн Чүйдүн кулуну. Өскөн Даникеев 1934-жылдын 1-декабрында Фрунзе шаарына бир аттам жерде – Сокулук районуна караган токбайлар жердеген Чоң-Жар айылында туулган. Балалык кезинде башкалар сыяктуу эле согуштун каарын таткан. Атасы колхоздун малын баккан, алдыңкы аталып, а түгүл согуш жылдарында Кыргыз ССРинин колхозчуларынын биринчи съездине делегат да болгон, Ардак грамота менен сыйланган, 1946-жылы депутаттыкка көрсөтүлүп, бирок мезгилсиз келген өлүм ал даражага жеткирбеди. Атасынан, үч айдан кийин ападан ажыраган. Жетимчилик башына түшкөн 11 жаштагы бала 17деги Бүбүкалича эжеси, 4,5 жаштагы карындашы менен калып, адегенде туулган айылындагы төрт жылдык мектепти бүтүп, анан Шалтада, Белекте бир аздан окуп жүрөт.

Атактуу "номер бешти" бүтүргөн. 1948-1951-жылдары борборубуздагы №5 кыргыз орто мектеп-интернатында окуп, тарбияланган. Улуу орус акыны Александр Пушкиндин ысымын алып жүргөн бул мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы М.А.Рудаков абдан мыкты жетекчи болгондугу айтылып келет. Бул мектепте көркөм сөзгө шыктуу көп балдар окушчу, алардын ичинде Ашым Жакыпбеков, Салижан Жигитов, Теңдик Аскаров, Аскар Какеев, Төлөмүш Океев сыяктуу кийин маданиятыбыздын оор жүгүн тарткан окуучулар билим алган. Балдар бири-бирине атаандашып, кызыгуу менен окушчу. Мектепти Даникеев алтын медаль менен аяктаган. Рудаков кийинки тандоосуна стипендиясы көп (450 сом) деп Москвадагы Тоо-кен институтун сунуш кылат.

Москвада окуу бактысына жетишкен. 1951-жылы алтын медалчы катары Москвадагы Тоо-кен институтуна (азыркы НИТУ "МИСиС" Тоо институту) кабыл алынган. Ушул жерде Кыргызстан Компартиясынын болчоктогу биринчи катчысы Абсамат Масалиев менен тагдыры байланышат. Ал 1953-жылы Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун бүтүрүп, Москвадагы Тоо-кен институтуна окууга кирген экен. Ошол кездеги Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы Исхак Раззаков демилге кылып, медаль менен бүткөн балдарды Россиянын борбордук окуу жайларына жиберип, окутуп турган.

Инженер жана политехте окутуучу. Жогорку окуу жайын бүтүрүп келип, 1956-1962-жылдары өз кесиби боюнча республикабыздын тоо кендеринде, Кыргыз ССР Эл чарба советинде көмүр өнөр жайы боюнча жетектөөчү инженер болуп эмгектенген. 1962-1975-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда алгач катардагы окутуучу, кийин кафедранын доценти болуп иштеген.

Сызма геометрияны кыргызча "сүйлөткөн". Фрунзе политехникалык институтунда иштөө, ал жердеги айылдан келген балдардын орусча жакшы билбегени жаш окутуучуну ойго салды. 1970-жылы билим берүү тармагында биринчи болуп кыргыз тилинде "Сызма геометрия" окуу китебин жазган. Ал китеби үч жолу кайра басылган. 1974-жылы "Инженердик графика боюнча орусча-кыргызча терминологиялык сөздүгүн" түзгөн.

Адабиятка "Бакири" менен аттанган. 1961-жылы ал кездеги өтө популярдуу эсептелген "Ала-Тоо" журналына али эч ким тааныбаган жаш инженер Өскөн Даникеевдин "Бакир" деген аңгемеси жарыяланган. Аңгеме автор өзү билген тоо кенчилердин турмушу тууралуу болгон, ал өзүн, кесибин көркөмдөп жазган.

Автордун багын ачкан "Кыздын сыры" повести жана ага Чыңгыз Айтматовдун берген баасы. Бул чыгарма да адегенде "Ала-Тоо" журналына басылган. 1963-жылы ноябрь айында Фрунзе шаарында жаш жазуучулардын жыйыны болуп, анда аты жалпы союзга даңаза болуп турган Чыңгыз Айтматов бул чыгарма тууралуу мындай дейт: "Өскөн Даникеевдин "Кыздын сыры" аттуу повести быйылкы жылдын прозасында көрүнүктүү окуя десе болот. Кадимкидей такшалган реалисттик жазуучу, психологиялык сүрөттөө. Бир топ жеринде, өзгөчө баш жагында сөзгө да абдан сараң. Бул да жакшы белги. "Кыздын сыры" жөнүндө дурус пикирлер айтылып жатат. Мен аларды кайталабайын. Айтарым кыскача ушул: повесть чакан болгонуна карабастан, анда адамдын өзүнчө тарыхы берилген. Жетимсиреп, бирөөнүн үйүндө жүргөн кыздын басып өткөн жолу инженер-геолог болуп институтту бүтүрүп чыкканга чейин кызыктуу, мазмундуу турмушка толгон. Кээ бир жолдоштор ушундай эле мезгилди берүү үчүн трилогияларды жазып, ошого батпай, эси ооп жүрүшөт. Демек, чеберчилик деген тегин нерсе эмес экен го. Бул повесттин дагы бир касиети – кыргыз адабиятында биринчи жолу жумушчулардын турмушун билгичтик менен сүрөттөгөн көркөм чыгарма экендигинде". Бул чыгарма тууралуу мактоо сөздөрүн Айтматов менен бирге Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Токтоболот Абдумомунов ж.б. атактуу адамдар айтып чыккан. "Кыздын сыры" ырга окшоп жеңил окулат, лирикалуу жана окурманды чыгарма дароо эле арбап, өзүнө тартып кетет. Башкы каарман Жамал аркылуу сүйүүнү жогору баалаган, туруктуу, маданияттуу, өжөр кыргыз кыздарынын образын көрөбүз.

Адабият дүйнөсү биротоло тартып, жазуучуларды башкарып калды. 1977-жылы Өскөн Даникеев Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы Максим Горький атындагы Адабият институтунун жогорку адабий курсун аяктап, профессионал жазуучулукка биротоло оойт, адегенде "Ала-Тоо" журналынын проза бөлүмүн жетектеп, андан соң жазуучулар уюмунун адабий кеңешчиси катары кызмат өтөйт. 1984-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы болуп шайланып, жазуучулардын ыйкы-тыйкы турмушун жөнгө салып турууга жетишкен жана чынчылдыгы, адилеттүүлүгү, калыстыгы менен жазуучу журтунун алкоосуна татыган.

Котормочу, коомдук ишмер жана көптөгөн наам-сыйлыктардын ээси. Ал Фёдор Достоевский, Николай Лесков, Николай Анкилов, Азиз Несин, Александр Вампилов ж.б. жазуучулардын чыгармаларын которуп, алардын драмалык чыгармалары облустук, республикалык театрларда коюлган. СССР Жазуучулар союзунун адабий фонд башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын шайлоолор боюнча Борбордук комиссиясынын, ошондой эле республикалык, эл аралык бир катар уюмдардын мүчөсү болгон. "Кыргызстан тынчтык фондунун" төрагасы, "Кыргыз совет энциклопедиясынын" техникалык редакциясынын мүчөсү. Элдер ортосундагы ынтымак, бейпилдикти сактоо жаатындагы ишмердиги үчүн Советтик тынчтык фонду менен эл аралык Тынчтык фондулар ассоциациясынын алтын медалдары ыйгарылган. Эл агартуунун жана СССР Куралдуу күчтөрүн маданий жактан тейлөө милдетинин отличниги, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору. III даражадагы Манас, Ардак белгиси ордендери, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, 2003-жылдан бери "Бишкек шаарынын ардактуу атуулу".

Кыргыз прозасынын көрүнүктүү өкүлү жана анын "Көкөй кестиси". "Кыздын сыры", "Сыйкырдуу таш", "Өмүр белестери", "Кызыл аска", "Көз ирмемдеги өмүр", "Көкөй кести", "Арман", "Мурас" ж.б. роман-повесттери, аңгеме-эсселери улуттук адабиятыбыздын төрүнөн орун алды. Кыргыз адабиятындагы бараандуу чыгармалардын бири – "Көкөй кести" романы. Улуу Ата Мекендик согуш башталып кеткенде анын кабарын укпай, тоо арасында метеорологиялык бекетте калып кеткен алты адамдын жашоо үчүн күрөшү, ыймандык тазалыгы, кыйын учурдагы адамдын абийири, мекенчилдиги бул романдын негизин түзөт. Чыгармага 1986-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. 2012-жылы "Турар" басмасынан "Тандалма чыгармалардын үч томдугу" жарык көрдү.

Башка элдер жазуучунун чыгармалары аркылуу кыргыз турмушун тааныды. Орус тилинде Фрунзе шаарынан "Сердце матери" (1968), "Юный Кутуйан" (1988), Москвадан "Жизнь – мгновение. В дни невзгод" (1989), "Вся жизнь впереди" (Р.Чмонин менен авторлош, 1981), Душанбеден тажик тилинде "Рози Нихон" (1983), Киевден украин тилинде "Видчай" (1990) деген китептери чыккан. Жазуучунун "Кыздын сыры" повести Самет Азап менен Эмрах Алтыок тарабынан түрк тилине которулуп, "Бенгү" басма үйү тарабынан 2021-жылы 500 нускада жарык көрдү. Анын негизинде 1982-жылы режиссер Жали Сооданбек "Не ищи объяснения" аттуу көркөм фильмди лирикалык драма жанрында тарткан.

615
Белгилер:
Кыргызстан, жазуучу, факты, чыгарма, Өскөн Даникеев
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (409)
Тема боюнча
Коргол Досу уулу тууралуу 12 факт. Ашыктык ырларын туздап ырдаган торгой
Беш бала менен жесил калган. Орозбек Кутманалиев жөнүндө 6 факты
Төөдө отуруп жолдо бараткан жаш балдар. Архивдик сүрөт

Көч бул фешн, көч бул коммуникация. Жашоо кумарын арттырган улуу сапар