Россия президент Владимир Путин менен Турция президенти Реджеп Тайип Эрдоган жолугшуу учурунда

Путин менен Эрдоган бири-бирине эмне үчүн зарыл? Жолугушуунун жыйынтыгы

174
(жаңыланган 21:45 01.10.2021)
Владимир Путин менен Режеп Эрдогандын бир жарым жылдан ашуун убакыттан берки алгачкы жолугушуусу үч саатка созулду. Эки президент андан мурун планета жаңыдан коронавирус дооруна сүңгүй баштаган маалда кезиккен эле.

Албетте, карантин каптаганы деле байланыш үзүлүп калган жок. 18 ай аралыгында Путин Эрдоган менен телефон аркылуу 22 ирет сүйлөшкөн (мынчалык тез-тез бул экөө эч ким менен баарлашпайт). Бул жолугушууга, эки мамлекеттин мамилесине баам салган Петр Акоповдун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Бирок Сочиде Путин белгилегендей, телефондон баарын талкуулай албайсың, ал эми эки тараптуу алакаларда талкуулай турган тема арбын. Анткени жыл өткөн сайын маселелер да арбып, кызматташкан тармактар кеңейип барат. Адатта дароо экономиканы оозанабыз. Атомдук электр станциясы жана туризмден тарта С – 400 же "Түркиялык агымга" дейре, ал эми экинчи сапта Сириядан Ливияга, эми Тоолуу Карабахка чейинки аймактык жаңжалдар турат. Эки тараптуу долбоорлор өз нугунда болгону менен планетадагы тирештер түз жолдон тайдырчудай кооптуу.

Эрдогандын он сегиз жылдык башкаруусунда Түркия пантүркчүлүк, неосманчылык жана панисламчылыкты аралаштыра, башкача айтканда, улуттук, империялык жана диний факторлорду пайдаланып дүйнөдө өз кызыкчылыктарын активдүү түрдө ар кандай өлчөмдө (кырдаалга жана маалга жараша) жайылтып келет.

ШКУ мамлекеттеринин жогорку сот жыйынына даярдык. Архив
© Фото / Фотохост-агентство sco-russia2020.ru/ Евгений Биятов
Азербайжан менен Армения жаатында бул эки үлкөн өлкөнүн алакасы тууралуу эмне гана айтылбады. Россияда Түркиянын бул жаңжалда ыргагы катуу дешсе, Түркияда Россия менен мамиледеги башкы көйгөй катары Сирияны аташат. Себеби Идлиб менен Күрд аймагы түркиялык чек араларга жакын жайгашкан эмеспи, башкача айтканда, улуттук коопсуздук маселесине түздөн-түз байланыштуу.

Россия түркиялык кызыкчылыктарды эске алса да Сириянын толук кандуу мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышын, башкача айтканда, Сириянын бүтүндөй аймагы Башар Асадга баш ийүүгө кайтышын жактайт. Азырынча көйгөйдү, эң оболу Идлиб маселесин чечүүнүн жеңил да, татаал да жолу жок.

Ал эми "күрддөр менен болгон маселе" Сирияда америкалыктардын жайгашуусу менен да өтө чиеленишкен. Бирок көпкө турбайт, алардын чыгышына Москва да, Анкара да кызыкдар. Ал эми Россия менен Түркия Сирияда иштөөнү кандай болсо да улантмакчы. Эрдоган таамай белгилегендей, Сириядагы тынчтык бул эки мамлекеттин мамилесинен көз каранды. Кошумчалай кетсек, тынчтык гана түгүл, согуштан кийинки калыптанышы да Россия-Түркия алакасына жараша жөнгө салынчудай. Ошол себептен бул вазыйпаны эки мамлекет бири-бирине каршы эмес, биргеликте аткарса, жалпы үчүн жемиштүү болору турулуу иш.

Анан калса, россиялык-түркиялык тышкы саясий темалар Сирия жана Карабах менен чектелип калбайт, булардын катарына эми Афганистан кошулду, ошондой эле Ливияда жакында шайлоо өтөт. Бул өлкөдө ар кыл оюнчулар орун алса да, тиреш токтоп, ливиялык мамлекеттүүлүктүн жанданышына эки жак бирдей тилектеш. Себеби Ливиянын калыптанышына Россиянын да, Түркиянын да жардамы зарыл. Негизинен, талаша турган деле нерсе жок. Тек гана тирденген, бириккен Ливия Батыштын таасирине кабылып калышын эки жак тең каалабайт. Тиреш сымал туюлса да Путин менен Эрдоган тил табышып, пикир келишпестиктерди жоё алышат.

Ооба, Түркия НАТО мүчөсү, бирок анын АКШ жана Европа менен карама-каршылыктары курчугандан курчуп барат. Жоюлчудай да түрү жок. Батыш лидерлери менен Эрдогандын бекем ишенимдүү мамилеси деле жок. Буга сыясы кургай элек бир далил бар. Жакында эле Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына барганында аны Байден менен кезиктирүүдөн америкалыктар баш тарткан.

Албетте, англосакстар адатынча түркиялык-орустардын карама-каршылыктар картасын ортого ыргыткысы бар: Түркияны Россияга тукуруп, Путин менен Эрдоганды кызыл чеке кылууга тырышышат. Бирок он сегиз жылдык мамиледе эки президент улуттук кызыкчылыктар менен чоочун манипуляциянын ортосунда тиреш эмне экенин так ажырата аларын тастыкташкан.

Себеби, экөө тең өз калктарынын улуттук кызыкчылыктарына таянуу менен Батышты геосаясий ой жүгүртүүсүнөн жана өз саясатынан сүрүп чыгара алышкан. Тышкы саясий жүрүм-турумдун түркиялык ыкмасы орустардыкынан айырмаланып турат, Эрдогандын Крым тууралуу билдирүүлөрү ушундан улам. Бирок бул эки өлкөнүн стратегиялык мамилесин улантууга эч кандай жолтоо боло албайт. Экөөнү Батышты кыртышы сүйбөгөндүк же анын чабалданышынан пайдаланып калуу каалоосу эмес, өз көйгөйлөрүн (ички да) тышкы кийлигишүүлөрсүз эле өз алдынча чече аларына көзү жеткендиктери бириктирип турат. Эки үлкөн мамлекет өз ара кызматташтыктын эсебинен гана ортосунда жаралган маселелерди чечүүнүн жолун биргеликте таба алат.

174
Белгилер:
Россия, Түркия, Владимир Путин, Режеп Тайип Эрдоган, мамиле, Сирия, сүйлөшүүлөр, жолугушуу, согуш, Геосаясат
Тема боюнча
Путин Эрдоган менен жолугушуусу жемиштүү аяктаганын билдирди
Сом купюраларды кармап турган аял. Иллюстративдик сүрөт

Акчаны кантип топтоп, инвестицияны кандайча жасоо зарыл? Эки жигиттин мисалы