F-35 Lightning (Чагылган) истребители. Архив

F-35 эмне үчүн начар беш истребителдин катарына кирип калды?

331
(жаңыланган 22:38 01.10.2021)
F-35 Lightning II истребителинин мүчүлүштүктөрү АКШнын жогорку технологиялык куралдар жаатындагы каатчылыкка кептелгенин даана чагылдырып турат. Аталган куралды америкалык адистер "начар учактардын бештигине" киргизди.

Кошмо Штаттардын аскерий талдоочулары ийгиликсиз авиациялык долбоорлорду тизмектеп, бешинчи муундагы F-35 Lightning (Чагылган) II Пентагондун тарыхындагы начар учактардын катарынан орун алды. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар ушул истребителдин мүнөздөмөлөрүн, учуштарын талдап чыкты.

Бул менен бирге "ийгиликсиз канаттуулардын" беш сабына америкалык Convair F-102 Delta Dagger, Grumman F-11 Tiger, Vought F7U Cutlass жана Bell P-59 Airacomet истребителдери илинген.

Андан мурда эле америкалык Business Insider порталы F-35 стелс-истребителин АКШ армиясынын куралдарынын эң начар үлгүлөр тизмесине киргизген эле. Ал эми Bloomberg басылмасы америкалык "чагылгандар" Россия менен Кытайдын абадан коргонуу тутумдарынын каражаттарынан алда канча артта калып баратканын маалымдайт.

Sputnik агенттиги да F-35тин оңдолбос кемчиликтери жана талуу жерлери, кызмат аткаруу мөөнөтүнүн кыскалыгы (жарыяланган убактысынан төрт эсе аз, болгону – 2100 саат), техникалык тейлөөнүн татаалдыгы тууралуу жазган. Антсе да америкалык "көзгө көрүнбөстөр" таң калтырганын койбой келишет. Пентагондогулар 2025-жылы F-35тен 1700 истребитель алууну пландаган. Бирок быйыл сентябрга карата деле "Чагылгандар" "сериялык өндүрүштүн" расмий башатына бышып жетилбептир. АКШнын Аскер-аба күчтөрү бүгүн F-35 истребителинен 300 бирдик пайдаланат, ал эми жаңы машиналардын өндүрүшүн 2023-жылы 156га чейин деп атайын чектөөдө. Андан ары да азайтыла бермекчи.

Наркы 1,4 триллион долларлык "ийгиликсиз" бул долбоорду америкалык адистер "улуттук кырсык" деп атап келишет. Кошмо Штаттардын армиясы, Аскер-аба жана Аскер-деңиз күчтөрүнүн жогорку технологиялык куралдануусу эмнегедир бузулуп баратканы байкалат.

Согушта пайдаланылчудай эмес…

Пентагон F-35 сериялык өндүрүшүн расмий уруксат берүүнү бир топ жылдан бери улам жылдырып келет. Аталган истребителдин эксплуатациялык чыгымдары болжол менен саатына 35000 долларга чукулдайт. Жалпы жонунан ушундай 700 учакка ээ болгон америкалык жана чет өлкөлүк буюртмачылар бүгүнкү күндө булардан ынанымдуу жана чыгымы азыраак каражаттарды издөөдө.

Келечекте Кошмо Штаттар Аскер-аба күчтөрү F-35A истребителдерине Adaptive Engine Transition Program программасында каралган жаңы, күчтүү жана сарамжалдуу кыймылдаткычтарды орнотууну көздөйт. Анткен менен алар көлөмү боюнча F-35C (Аскер-деңиз күчтөрү) жана F-35B (Деңиз пехотасы) модификацияларына ылайык келбейт. Эгер буга карабастан Аскер-аба күчтөрү аларга жаңы кыймылдаткычты шайкеш келтирүүгө тырышса, анда F-35 паркынын эксплуатациялык чыгымдары дароо өсөт. Себеби адистер ар башка тетиктери жана жабдыктары бар эки түрдөгү кыймылдаткычты тейлөөгө мажбур болушат.

АКШнын Аскер-аба күчтөрү министри Фрэнк Кендалл 2025-жылга чейин F-35тин учуш чыгымдарын 25000 долларга дейре азайтуу пландарына ынана бербейт. Мындай чыгым менен иштей бере турган болсо "чагылгандарды" жай күндө пайдалануу деле кичине согуштан да көп чыгымга тушуктурары ыктымал.

"Көзгө көрүнбөстүн" аскердик майнаптуулугу согуш талаасында Пентагон тарабынан да, АКШнын союздаштары жактан да расмий тастыкталган эмес. Тескерисинче Сирияга 2017-жылы сокку уруу маалында Израиль Аскер-аба күчтөрүнүн F-35 учагы россиялык өндүрүштөгү (1960-жылдагы иштелме) С-200 сириялык зениттик-ракеталык комплекстин "жер – аба" тибиндеги ракетасы менен урулган. Эске салсак, дал ошол күнү РФтин коргоо министри Сергей Шойгу Израилге премьер-министр Биньямин Нетаньяху жана коргоо министри Авигдор Либерман менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө барган.

Израилдиктер ошондо F-35тин кыйрашына ага урунган куш себеп болгонун айтышкан, бирок сүрөт менен тастыкталган эмес.

"Чагылгандар" радарлардын көзүнөн кача албастыгын Россия жана Түркиянын (россиялык С-400 "Триумф" зениттик-ракеталык комплексин сатып алган) абадан коргонуу тутумунун адистери тарабынан бир нече ирет аныкталган. АКШнын Аскер-аба күчтөрү кабылган технологиялык каатчылык муну айгинелеп турат. Эске салсак, америкалыктардын дагы бир дымактуу долбоору, атап айтканда бешинчи муундагы

F-22 Raptor 1981-жылдан бери эле өркүндөтүлүп келгени келген, бирок көп көрсөткүчтөрү боюнча ал аракеттер аяктаганча эскирип бүткөн.

Башта Кошмо Штаттардын Аскер-аба күчтөрү 750 даана F-22 истребителин (бирдиги 35 млн доллар турган) пландаган, ал эми 1997-жылы америкалык администрация буюртмасын 339, 2003-жылы 277ге чейин кыскарткан. Натыйжада аталган үлгүдө 187 гана истребитель чыгарылып, F-22 Raptor өндүрүшү токтотулган. F-35тин тагдыры да дал ошону кайталачудай, анткен менен америкалыктардын буга кылы кыйшайбайт. АКШнын Аскер-аба күчтөрү "абадагы үстөмдүктүн" дымактуу жаңы милдеттеринен тайгысы жок.

Физиканын мыйзамдарына карабай

Өткөндө эле америкалык жогорку даражадагы аскер жетекчи Марк Келли акыркы жыйырма жылда АКШнын Аскер-аба күчтөрү согуштук аракеттерди "жагымдуу чөйрөдө" жүргүзүүгө ылайыкташканын, анткени бул "негизги душман", башкача айтканда, Кытай менен жогорку интенсивдүүлүктөгү жаңжалда утуп чыгуу үчүн революциялык өзгөрүүлөр талап кылынарын айтты. Келлинин пикиринде, Кытайдын куралдуу күчтөрүнүн түзүлүшү жана тутумдары АКШны согуштук аракеттердин алгачкы 30 саатында Жакынкы Чыгышта соңку 30 жылда кетирген чыгымдан да көп жоготууга учуратышы ыктымал. Белгилей кетсек, Кытай АКШга карата тынч маанайда, бирок америкалыктар буга маани да бергиси жок.

Генерал Келли Россия Крымды кошуп алып, ал эми Кытай Түштүк-Кытай деңизиндеги бөлүктөргө укугун жар салганын, анткени Кошмо Штаттар душмандын абадан коргонуу тутумдарынын өнүгүшүнөн улам мындай кырдаалга бөгөт болушу кыйындап калганын белгилейт. Дүйнөдөгү артыкчылыгын кайра кайтаруу үчүн АКШ өз Аскер-аба күчтөрүнүн көмөгү менен "талаштагы суверендүү аба мейкиндигине" кирүүгө тийиш.

Афганистандагы 20 жыл аралыгындагы майнапсыз согуштук аракеттерден америкалыктар эч кандай сабак албаганы айкын, кайрадан жаңы согуштарга камданып тургандай. Генерал Келли америкалык истребителдер жакынкы келечекте душмандын бардык абадан коргонуу тутумдарын жырып өтүп, авиациясын талкалап, маанилүү объектилерин кыйратып, ал түгүл A2/AD (Anti-Access/Area-Denial – НАТО күчтөрү зыян тартпастан кире албаган өтө кооптуу зоналарга) кире аларын ишенет.

Алтынчы муундагы Next Generation Air Dominance истребителин жасоо боюнча америкалык программа учкуч тескеген учактар, учкучсуздар, космостук аппараттар жана киберплатформалар интеграцияланган тутумдардын бүтүндөй тобун түзүүнү көздөйт. Аны да көрө жатарбыз. Бул жогорку технологиялык долбоордо жаңы деле нерсе жок. Көп полярдуу дүйнөнүн азыркы реалдуулугуна моюн сунбастан дүйнөлүк куралдуу үстөмдүккө мурдагыдай умтулган "америкалык өзгөчөлүккө" таянганы гана сезилет. Анткен менен АКШнын керекке жарабаган F-35 истребителдери жана сыноолордо да түзүгүрөөк уча албаган гипер үндүү ракеталары адаттагыдай эле технологиялык жактан артта калганын айгинелеп турат. Кыязы, "арык уйга жоон мүйүздүн кереги жок" көрүнөт...

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

331
Белгилер:
истребитель, АКШ, рейтинг, Россия, Аскер, армия
Тема боюнча
Бүйүр кызыткан "Корд-М". Россиялык снайперлер Тажикстандын тоолорунда машыгууда
Баасы асман чапчыган америкалык ракеталардан майнап чыкпады. Сереп
Х-95 гиперүндүү ракетасы: россиялык жаңы табылганын мүнөздөмөлөрү
Сом купюраларды кармап турган аял. Иллюстративдик сүрөт

Акчаны кантип топтоп, инвестицияны кандайча жасоо зарыл? Эки жигиттин мисалы